Кыргыз гезиттер архиви

  Баш редактордун бурчу

10-октябрь адилет шайлоонун күнү болсун
Кыргыз элине азыр эң башкысы эмне? - Улут биримдиги. Албетте, ар бир жарандын өз көз карашы бар. Бири бийликти колдойт. Бири оппозицияны колдойт. 29 партиянын 29 түрлүү жактоочулары бар. Бирок, алардын баары көз караштардын, пикирлердин гана кайчы болуп калуусуна ар бирибиз күрөшүшүбүз керек. 29 партиянын лидерлери кыргыздын эле 29 баласы, 29 бир тууган. Ошол бир туугандардын бүгүн бийлик үчүн бири-бирин талкалаганы туура эмес. Өзгөчө ал үчүн карапайым элди көчөгө алып чыгуунун кереги жок. Бакиев бийлигинин учурунда митинг, антимитинг деген балакет башталган. Акаевдин учурунда тигил талапкердин жактоочулары менен бул талапкердин жактоочулары мушташкан учур болгон. Мунун баары бүгүн артта калыш керек. Кыргызстандын 29 баласы тең аламан байгеде өз күчтөрүн сынап көрсүн. Бирөөнү ак, бирөөнү көк деп бөлбөйлү. Утканы утар, утулганы кечээ теледебатта Адахан Мадумаров айткандай уткан партиянын колун кысып жигиттик кылып куттуктап, Кыргызстанга кызмат кылуунун башка жолун тандап элине кызмат кыла берсе болот. Ага чейин "сен Бакиевди алып келген жатыпсың, сен Акаевди алып келгени жатыпсың" деп күнөөлөп, бир кыргызды бир кыргызга каршы койбойлу. Күчкө каршы күч, митинге каршы антимитинг, бакиевчилерге каршы, шейит кеткендердин туугандары деп бир кыргызды бир кыргызга каршы койсок, андан кыргыз эле утулат. Ал эми башкалар ошондон пайдаланып бир элди эмес, эки элди кырылыштырып жиберерин башыбыздан өткөрдүк го. Жалал-Абадда атамекенчилер менен бакиевчилердин ортосунан эки адам окко учканы аз келгенсип, кыргызга каршы кыргыз чыккан ошол урушту өзбек сепаратисттери пайдаланып, элге кыргын салып, өздөрү чет мамлекетке качып кетишти. Ал эми бул жактагы эки кыргыз сен Текебаев, сен Ташиев болуп тирешип кала беришти. Эгер мындан ары партиялар бири-бири менен каршылашса, лидерлери өздөрү чатакты сот менен чечишип алышсын, ал эми жактоочуларын бири-бирине тукуруп, өрт койдуруу айбанчылык. Жактоочулар, шайлоочулар өз сөздөрүн урнага бюллетень салганда гана айтсын. Андан ары алардын добушун коргоп алыш шайлоочулардын иши эмес, лидерлердин иши болсун. Кызуу кандуу лидерлерди ээрчип кыргыз кыргызга каршы кол көтөрбөй жалпы кыргыз ынтымакта турсак, мезгил өзү баарын таразалап, баарын өз ордуна коёт. Андыктан бир боор кыргыздар, түндүк-түштүк дебей, ар кимибиз ар партияны жактаганыбызга карабай, баарыбыз бир боордош, мекендеш, кандаш экенибизди унутпай бир бололу! 10-октябрь ар кандай көз караштагы адамдардын бир максатка - элине кызмат кылуу максатына чогуу аттанган адилет жарышынын күнү болуп калсын.




  Аккан арыктан суу агат

Мамытова Бактыгул Миталиповна:
- Сиз "Акыйкат" Репспубликалык партиясынан Жогорку Кенешинин депутатыгына талапкерлигиңизди коюп жатыпсыз. Сиз үчүн депутаттык кесип жагабы же өзүңүздүн кесибиңиз жакыныраак деп ойлойсузбу?
Мектепти алтын медаль менен бүтүргөн соң, мен атамдын жолун жолдоп, Кыргыз медициналык институтун кызыл диплом менен бүтүрүп, көз микрохирургиялык кесипке ээ болгом. Жалпыга белгилүү болгондой акыркы мезгилде же тагыраак айтканда акыркы 20 жыл ичинде бийлик башындагы адамдар менен карапайым калктын ортосунда ажырым пайда болгон.
Бийлик ээлеринин элет элине кош көңүл караган мамилесинин натыйжасында карапайым калк өтө кыйынчылыкта жашап калган.
Мисалы: мен көз дарыгери катары айтсам жаш улгайган сайын көз чел кабыгы жаап (катаракта) көз көрбөй калат. Аны хирургиялык жол менен гана калыбына келтирсе болот. Андан сырткары тоолуу райондо жашаган адамдардын көздөрүнө өтүшүп кетет. Мындай ооруулар дагы хирургиялык дарыгерлердин жардамы менен бүтөт.
- Сиз буюрса, депутат болуп калдыңыз дейли, Сиз элет элине кандай жардам берээр элеңиз?
Жалпыга белгилүү болгондой, алыскы райондордон борборго келип, медициналык жардам алганга барынын эле мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, мен Ноокаттын кулуну, академик, нейрохирург Миталип Мамытовдун кызы болгондуктан, биринчи жолу атамдын киндик каны тамган Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылына көз микрохирургиялык медициналык борбор ачайын деген максатым бар. Андан кийин алыскы райондорго атайын медициналык борборлорду ачып, жылына бир жолу барып, карапайым калкыма жакындан жардам берем деген максатым бар.
- Сиз алыскы райондорго медициналык борбор ачканыңыз жакшы жышаан. Бирок, алардын медициналык жабдыктарын ким каржылайт?
Мен бул маселе боюнча узак убакыт бою пландаштырып келдим. Каражат табууга менин өзүмдүн андан сырткары, бүгүнкү күндүн талабына жооп бергендей техникалык жабдыктарды алуу үчүн инвесторлорду, спонсорлорду табууга мүмкүнчүлүгүм жетет.
- Сиз эмнеге "Акыйкат" Республикалык партиясын тандап алдыныз?
Мен биринчи жолу өзүмдүн дарылаган адамдарым ушул партия боюнча жакша пикирлерин айтып, партиянын лидери Аликбек Жекшенкулов менин атама окшогон коррупцияга аралашпаган, таза, ыймандуу адам экендигин билгенден кийин, мен өзүм ушул партияга кызмат кылайын деп чечтим.
- Өзүңүз туралуу айтып кетсениз?
- Мен атам жөнүндө жогоруда айтып кетпедимби. Ал эми апам Мамытова Айна Жумадыловна №6 ооруканада ички оорулар боюнча кафедра башчысы.
Жолдошум, сиңдим, күйөө балам дагы медицина илимдеринин кандидаты. Сөздүн кыскасы үй-бүлөөбүз менен элдин саламат сакчылыгында кызмат кылышат.
- Кыргыз мамлекетине калооңуз?
Өлкөбүздө ок атылбаса, жер сатылбаса, кыргыз элибиз, бүткүл Кыргызстанда жашаган улуттардын баары тынчтыкта, ынтымакта, ден-соолукта, бакубат дөөлөткө бөлөнүп жашаса, ошондо өлкөбүз өсүп-өнүгүп, өркүндөп акыйкат конот элибизге, жерибизге деген тилек менен кызмат кылып жатабыз.
Ырыс Жума