Кыргыз гезиттер архиви

МАРАГА кимдер чыгат?
"Эки жээкте туруп алып бирин-бири "акмак" дегендин баары акмак"
Бальтасар ГРАСИАН

Шайлоо үгүтү аяктады. Адаттагыдай бу саам да бири-бирин ашкерелеген саясатчылар шайлоочу алдында өз абийирлерин ачты. Бири калбай мурдагы эки бийлик тушунда жер саткан менен эл ырыскысын тоногондорун; Айдар, Максим, Жаныш менен кимиси дос болгон болбогонун териштиралбай, мансап кумары үчүн тигинисинен мунусу ашып түштү. Айтор, бетинде чиркөөсү жок эчкимиси жоктой... А убагында ажого сыйынган адамдардын көбү ажо үчүн өлүп берүүгө да, анын түбүнө жетүүгө да даяр экенин көрбөдүкпү. Кудум англис адабиятчысы Томас Фуллер: "Арким өз күнөөсүн өз заманына шылтайт" болуп, кимиси болбосун күнөөнүн баарын Акаев, Бакиевдин мойнуна арта салып, "бийликке эми келсем кыйратам" менен чектелди... Кыскасы, чоркок уста иштин жаманын балка-чотуна шылтагандай, иши иришпеген саясатчынын көбү өзүнүн бай тажрыйбасын ишке ашыра албай келгенин өткөн заманга түртө салып, элге аппак көрүнүү амалында. Чачына ак аралап калган саясаттагы аксакал менен көксакал жандимилердин саясый эмес, пендечилик тирештерине салыштырмалуу саясатка эми аралашкан айрым партиялар алардан алда канча салттуу, нарктуу көрүндү. Мисалга, басымдуу бөлүгү мигранттардан куралган "Замандаш" менен "Мекен ынтымагы" партиясы саясый маданияты жагынан башкалардан атчабым алыс болду. Аталган эки партия буга чейин ичара келишпестиктерден улам бөлүнүп кеткенине карабастан, телетаймаш маалында журналисттердин кыйгыл суроолоруна эки тарап тең салабаттуу жооптор менен алдыдагы шайлоодо бири-бирине ийгилик каалап, тилектештигин билдирди. Экөө тең бири-бирин жана башка атаандаштарын каралоодон алыс болуп, жер-жерлердеги эл менен жолугушууда элди ынтымакка, биримдикке үндөгөн оозеки чакырыктары иш жүзүндө да ачакей чыккан жок. Кичинекей бул деталга атайы токтолгон себебим, 7-апрель, дегеле ага чейин бирдиктүү саясатты көздөп келген саясатчылар эмне болуп атат?! Коюн-колтук алышып келген алар бири-бирин көрдөн алып, жерге чабууда. Адатта эски дос эң коркунучтуу душманга айланары ушул. Анан калса ошол эски дос саясатчыларыбыз эл астында сүйлөгөндө элди ынтымакка, биримдикке үндөгөндөрүн кантесиң. Элди коюп, ыркырашкан өздөрүн биримдикке чакыралбаган алардын эки жүздүүлүгү ого бетер кашкайып көрүнүп турса, элде кайдагы ынтымак. Шайлоо үгүтүндө өздөрүнүн саясый программаларын караламан калкка тереңирек түшүндүрүүнүн ордуна, тиги же бул партияны жаманатты көрсөтүү менен чектелген алардын кырчаңгысы кээде "Замандаш" менен "Мекен ынтымагына" да тийип атты. Бирок андан кимиси канча упай топтоду, маранын жыйынтыгы көрсөтөр. Калыбы, алардын түшүнүгүндөгү саясый атаандаштык - өздөрүнөн башкаларга көө жабуу гана болсо керек…
Канткен менен бөтөн эл, бөтөн жерде тарбия көргөн жаңы саясый муундагылар өздөрүнүн саясый маданиятын буюрса, парламентке келсе да көрсөтчүдөй. Себеби башкалардын сынына сабырдуу караган адамдар гана саясаттын салттуу жолуна түшөт. Жеке таарынычтарды шайлоочу алдында даттануу анчалык мааниге ээ эместигин азыртан түшүнгөн "Замандаш" партиясы качан болбосун баары бир саясый ийгиликке жетет. Мухтар Өмүракунов белгилегендей, элге кызмат кылуу үчүн сөзсүз эле бирөөлөрдүн дарегине асылып, депутаттык мандатка жетүү эмес, талыкпай күрөшүү. Андай күрөшкө даярданыш үчүн башка атаандаштарын элге жаманатты кылган заар тилдин кереги жок. Таза, бийик бол, ошол эле.
Белгилей кетчү дагы бир жагдай: партиялардын дээрлик көпчүлүгү элге убада берүү менен чектелди. Алардан кескин айырмаланып, "Замандаш" партиясы жакшы саамалыкка жем таштады. Алардын бири - баардык саясый партияларды эки жыл аралыгында завод-фабрика куруу мелдеши. Мындай мелдешке кайсы партиялар катышат? Албетте, биринчи кезекте элди жумуш орун менен камсыздоого убада бергендер. А убаданы кимиси гана берген жок? Демек, марага кайсы партиялар чыкса, элди жумуш менен камсыздоого милдеттүү. Эгерде куйкум сөздүү улуу жазуучу Марк Твен айтмакчы: "Баардык саясый партиялар акыр аягы өздөрүнүн калпына өздөрү көмүлүп тынат" болбосо эле.
Олжобай ШАКИР




Кубан Таабалдиев:
"Замандаш Press" маалымат
агенттигинин директору:
- "Замандаш" партиясынын мүчөсү катары бул партиянын кандай өзгөчүлүктөрүн айта аласыз?
- "Замандаш Ассоциациясы" ачылгандан баштап, бүгүнкү күнгө чейин эмгектенип келүүдөмүн. Баарыбызга белгилүү болгондой бул партия мигранттардын жардамчысы болгондугу талашсыз. Миңдеген мигранттардан жардамын аябастан эл үчүн кызмат кылууда десем да жарашчудай. Партиянын лидери Мухтар Өмүракунов мурунку бийлик менен алышып-беришип, аралашкан эмес. "Замандаш" партиясы карапайым элдин кызыкчылыгын ойлоп, элдин жашоо-шартын оңдоп бере тургандардан деп айта алам.
- "Замандаш" партиясы берилип жаткан убадаларын кандай деңгээлде аткара алат деп ойлойсуз?
- "Замандаш" партиясынын тарыхын, кандай иш-чара, иш-аракеттер менен төрт жылдан бери алектенип жүргөнү баарыбызга тең маалым. Биздин максат бийлик эмес, биз карапайым элди бутуна тургузуп, миграцияны токтотуу. Биздин максат элибиз, жерибиз үчүн татыктуу жашоону орнотуу.
- Боло турчу шайлоодо "Замандаш" партиясынын мүмкүнчүлүгү кандай?
- Учурда шайлоого 28 партия ат салышууда, алардын бири биздин "Замандаш" партиясы. Мен бул партиянын мүмкүнчүлүгү өтө жогору деген ойдомун. Себеби, "Замандаш" партиясы башкалар менен салыштырмалуу тазалыкты, акыйкаттыкты, ыймандуулукту катуу туткандарданбыз. Эл-журтум туура чечим кабыл алат дегенге толугу менен ишенем.
- Партиянын PR акциялары кандай маанайда өтүүдө?
- Опурталдуу жарнамаларды чыгарып, элдин көзүнүн курчун алып жатабыз дегенден алысмын. Бирок жеткиликтүү жарнамаларды чыгарып, гезиттердин бетине чыгуудабыз. Менимче кеп жарнамада эмес, келаткан партиянын, анын кадрларынын ишмердүүлүгүндө болушу керек.





Майрамбек Жапанов:
"Замандаш" партиясынын
саясий кеңешинин мүчөсү:
- "Замандаш" партиясын тандап, бул партиянын мүчөсү болууга сизди эмне түрткү кылды?
- Мен бул партияга 2007-жылы жаңы түзүлгөндөн бери мүчө болуп келатам. "Замандаш" партиясы түзүлгөнүнө мына 4 жылдан ашык убакыт өтүп баратат. Учурда бул партия саясий коомдук турмушта өз ордун тапты деп айтсам да жаңылышпайм. Ар бир жаран саясатта мамлекеттин түзүлүшүнө өз салымын кошуусу зарыл. Ошондуктан мен бул партияга мүчө болуп аз болсо да өз салымымды кошсомбу деген ниет менен партиянын катарын толуктагам. 2007-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин биздин партиянын өкүлдөрү мүчөлөрү бир туугандай мамиледе. Бул партия ар бирөөнө "самореализация" кылууга чоң мүмкүнчүлүк бере алат. Биздин программабызда айтылган баардык убадаларды аткарууга сөзсүз баардык күч-кубатыбызды жумшайбыз.
- Ар бир шайлоо алдында ар бир партия болоор болбос убадаларын берип элди алдап-соолойт эмеспи, сиздердин убадалар кандай деңгээлде аткарылат деген суроону бере албай койбойм?
- Албетте учурда 28 партия ондогон, жүздөгөн убадаларды берип, элдин көңүлүн тынчытып жаткан кези. Калаабыздагы болуп өткөн акыркы окуялардан бери карапайым эл партия дегенди негативдүү кабыл алып баштады. 2007-жылы субьективдүү негиз менен бизди шайлоодон четтетип коюшкан. Бирок биз өз ишмердүүлүгүбүздү токтотпостон күчөтүлгөн темпте иштей баштадык. 2008-жылы социалдык чоң маселелерди чечүүгө багытталды. 2007-жылдан бери биздин партияга социалдык жардам сурап келгендердин баарына колубуздан келишинче жардамыбызды бердик. Бул суроо учурда эң актуалдуу суроолордун бири, биздин партия өз убадасынан тайбайт деп жооп бермекчимин. Шайлоо кандай жыйынтык берсе да биз өз ишмердүүлүгүбүздү токтотпойбуз. Мына шайлоо бүтөрү менен партиялар кеңселерин жабып, ал жердеги кызматчылары жумушсуз калаары баарыбызга эле белгилүү. Биз антип жаап жүздөгөн кишини жумушсуз калтырбайбыз. Областагы кеңселер болобу же шаар ичиндеги кеңселер болобу баары тең мурдагы эле активдүү режимде иштеп келет.
- Шайлоодо "Замандаш" партиясынын кандай мүмкүнчүлүктөрү бар деп ойлойсуз?
- Шайлоого катышып жаткан партиялардын баары тең өздөрүн жеңебиз деп эсептейт. "Генерал болбойм деген солдат солдат эмес" дегендей биз да шайлоодо өз ордубузду табабыз дегенге ишенем. Мен биздин мүмкүнчүлүгүбүздү өтө жогору баалайм. Эгерде шайлоо таза, административдик ресурстарды колдонбой өткөрүлсө, жана ар түрдүү провокацияларды өткөрбөй, тынч өтсө биз шайлоодон жеңип чыгабыз. Башкалар менен салыштырмалуу биздин партия түз, акыйкаттуу саясатты жүргүзө алат. Жакшы заман, жакшы өзгөрүүлөргө үмүтү барлардын баары тең биздин партияны колдойт деген ойдомун.
Мальвина Уметбекова