Кыргыз гезиттер архиви

Улуттар аралык диалог учурдун талабы
Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад аймактарында июнь айында болуп өткөн каргашалуу окуялардын себептерин жана мындан ары улуттар ортосундагы мамилени чыңдоо тууралуу "Улуттар аралык диалог: ынтымак жана сабырдуулук" конференциясы Чолпон-Ата шаарында болуп өттү. Аталган конференцияга жарандык коомдон, Кыргызстан элдер ассамблеясынан, укук коргоочулар жана аймактардан келген өкүлдөр катышышты. Бул конференцияны өткөрүү демилгесин Түркия мамлекети көтөргөн. Конференцияда мындай жаңжалдуу окуялардын ортого чыкпашы үчүн кандай кадамдар жасалышы керек, улуттар ортосундагы мамилени чыңдоодо кандай жолдор бар жана башка маселелер тууралуу талкуу болду.
_________________________________
Бишкек - Чолпон-Ата
Расул Үсөналиев
_________________________________
Элдин абалы дайым ойлондурат
Жыйындын башында сөз сүйлөгөн президент Роза Отунбаева аталган конференцияга катышып жаткан өкүлдөрдөн болгон маселени ушул жерде жашырбай айтып, өздөрүнүн ойлорун кенен билдирүүгө чакырды. Ал ошондой эле июнь окуяларынын келип чыгышына деструктивдүү күчтөрдүн тиешеси бар экенин айтып: "Алар элдин пайдасын, элдин келечегин ойлобостон өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын коомдун кызыкчылыгынан жогору коюшкандыгын белгиледи. Бул каргашалуу окуяда келтирилген чыгымдын орду толгус болгондугун да айтып, жакындарын жоготуп, турак жайы күйүп жабыр тарткан тургундарга өкмөт тарабынан жардамдар берилип жактандыгын кошумчалады. Муну менен катар кыш түшкөнгө чейин турак-жай маселеси толугу менен чечилерин, Ошту кайра калыбына келтирүү иштери менен азыр түштүк дирекция иш алып барып жатканын белгиледи.
Президент өз сөзүндө июнь айларында орун алган кандуу окуялардын алдын алууда Жаңы Өкмөттүн тажрыйбасыздыгын жашырган жок. "Биз мурда мындай окуяларга туш болуп көрбөптүрбүз. Чоң-чоң шаарларда атайын каражаттарды (спец средство) топтобоптурбуз. Мисалга жаш агызуучу газ, үн чыгаруучу заттар ж.б. Эгер ошондойлор болуп, аларды колдонгондо балким мынча жоготуу, каргашалуу окуя болбойт беле",- дейт президент.
Жыйындын жүрүшүндө Роза Отунбаева буга чейин мурдагы мамлекеттик чиновниктерге карата экономикалык амнистия киргизилгендигин аларга өз ыктыярыңар менен мыйзамсыз алган акча каражаттарыңарды мамлекеттин казынасына өткөрүп бергиле деген кайрылуу болгондугун айтты. Бирок, берилген мөөнөт ичинде эч кимиси андай кадамга барбаганын, ошондуктан алардын бардыгынын иши сотко өттү, дейт президент.
Алыс туугандан, жакын коңшу артык
"Улуттар аралык диалог: ынтымак жана сабырдуулук" конференциясы Түркия мамлекетинин демилгеси алдында өттү. Атайын бул конференцияда сөз сүйлөгөн Түркиянын Тышкы Иштер министри Ахмет Давутоглу Кыргызстанда болгон окуялар Түркияны дагы тынчсыздандырганын айтып, кыргыз эли менен чогуу кайгырганын белгиледи. "Жалал-Абад жана Ошто жашаган боордошторума айтаар элем, сиздер эң оор, эң кайгылуу окуяларды баштан кечирдиңиздер. Андыктан мындан ары бөлүнбөй биригип, маселелерди чогуу чечкенге барууңуздар керек. Биз бийликке кайсыл партия келбесин ар дайым Кыргызстан менен биргебиз. Кыргызстандын топурактарынан биздин чоң аталарыбыз азыркы Түркиянын аймагына барышкан. Кыргызстан биздин ата мекенибиз болсо, Түркия сиздердин эне мекениңиздер, деди Ахмет Давутоглу. Мындан кийинки ушундай жолугушууну Түркияда өткөрүү планы бар экенин дагы кошумчалады.
Ал өз сөзүндө Түркия Кыргызстанга 21 миллион доллар өлчөмүндө каражатты жардам иретинде бөлгөндүгүн, анын 11 миллиону азыркы тапта кыргыз жетекчилигине тапшырылгандыгын, калган 10 миллиону Ош, Жалал-Абадда жабыр тарткан социалдык обьектилерди калыбына келтирүү үчүн жумшала тургандыгын кошумчалады.
Тартыштан тактык жаралат
Конференциянын катышуучулары андан ары үч топко бөлүнүп турак жайдын курулушу, жумуш ордуларын камсыз кылуу, бизнести калыбына келтирүү, жарандык коом менен массалык маалымат каражаттарынын улуттар арасындагы ынтымакты чыңдоодогу ролун талкуулашты. Жыйын соңунда топтун жетекчилери талкууланган маселелер туурасында жыйындын жалпы катышуучуларына маалымат беришти. Жетекчилердин баяндоолоруна караганда чечилбей жаткан бир топ маселелер бар экени маалым болду. Динара Ошуракунованын баяндоосуна караганда жарандардын паспортундагы улуту деген жерге кыргыз, орус деп жазуу жарандарга бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып жаткандыгын айтып, конференцияга катышып жаткан өкүлдөр улуту деген жерге "Кыргызстандык" деп жазуу керектигин сунушташканын билдирди.
Конференцияны жыйынтыктап жатып президент бул конференцияда көтөрүлгөн маселелер ушул жерде эле калбай иш жүзүнө ашышы керектигин белгилеп, аны көзөмөлдөй турган жумушчу топтун уюшулгандыгын маалым кылды.
Конференциянын соңунда Кыргызстан элине кайрылуу кабыл алынды.