Кыргыз гезиттери

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/10/1210_16.htm on line 2

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/10/1210_16.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/10/1210_16.htm on line 2



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/10/1210_16.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/10/1210_16.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/10/1210_16.htm on line 2
п»ї
Генерал
Жээналиев

Кайсы бир жылдары редакциянын тапшырмасы менен Ички Иштер министрлигине барып калдым. "Менин милициям мени коргойт" дегендей, милиция кызматкерлеринин өтө жооптуу жана татаал кызматын элге тааныштыруу максаты бар эле. Министрликтен мага генерал Жээналиев тууралуу сөз кылышып, ушул адам менен маектешип көрүүнү сунуш кылышты. Милициянын генералы дегенинен мен бир аз кысынып атып Ички иштер министрлигинин Согуштун жана эмгектин ардагерлер Кеңешинин төрагасы Жээналиев Токтожуманын иш бөлмөсүнө кирдим. Экөөбүз тез эле мурунку тааныштардай ымалалашып кепке кирдик. Генерал Жээналиев сөзгө чечен жана сөзү менен өзүнө тартып алып турган аксакал экен.

Жээналиев Токтожума 1933-жылы 9-майда Тогуз-Торо районундагы Арал айылында жарык дүйнөгө келиптир. Балалык чагы каардуу согушка туш болот. Согуштун кыйынчылыгына карабай, окуусун таштабай, ошол чөлкөмдө биринчилерден болуп Казарман айылындагы он жылдык мектепти ийгиликтүү аяктап, Жалал-Абад шаарындагы мугалимдер институтун артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Эмгек жолун Казарман орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган, андан соң райондук комсомол комитетинин экинчи секретары болуп которулган. 1955-жылдан 1958-жылга чейин Кызыл Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1959-жылы областтык комсомол комитетинин жолдомосу менен ички иштер органдарында иштей баштаган.

1962-жылы Жээналиев Алма-Ата шаарындагы милициянын атайын орто мектебин аяктаган соң облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн оперуполномочени, 1963-жылы Тогуз-Торо, Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмдөрүндө ага уполномочен, ал эми 1963-1971-жылдары Ак-Талаа РИИБди начальниги жана башка ушундай райондук деңгээлдеги жооптуу кызматтарды аркалап жүргөн Жээналиевке ишеним артып 1975-жылы Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басарлыгына көтөрүшсө, 1981-1987-жылдары начальниги болуп иштеп келген.

Ички иштер органдарында көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн 1984-жылы Жээналиев Токтожума милициянын генерал-майору деген наамга ээ болот. 1987-жылдан 1996-жылга чейин ИИМнин даярдоо борборуна начальник. Генерал Жээналиевдин алган сыйлыктары, орден, медалдары, наамдары санап отурса түгөнбөйт. Милициянын отличниги, билим берүүнүн отличниги, КРнын ардактуу ардагери, Нарын облусунун ардактуу атуулу, КРнын эмгек сиңирген юристи. "Манас", Эмгек кызыл туу жана башка сыйлыктардын ээси. Бир топ айыл кыштактарда анын атынан "Генерал Жээналиев" атындагы көчөлөр бар.

А. Эсенбаев





Кожойкелерге кеңеш
Муздаткычты кантип тазалоого болот?
Муздаткычтагы бир нерсенин тагын ката электе тазалоо керек. Азыктардын сактоо мөөнөтүн кароо зарыл. Эгер убактысынан өтүп кетсе, аларды муздаткычтан алып таштоого туура келет .
Жума сайын эшигин, капталдарын, үстүн жумшак чүпүрөк менен сүртүп туруу керек. Ал эми артындагы чаңдарын чаң соргуч менен сордуруп салсаңыз болот.
Айына 2 жолу муздаткычтын ичи-тышын жууп-тазалоо зарыл. Ал үчүн алгач ичин азыктардан бошотуп, аларды салкын жерге коё туруу керек. Андан соң музу эригенче күтө туруу зарыл. Муздаткычтагы музду эритүүдө катуу буюмдарды колдонбоңуз. Өзү эрүүсү шарт же кайнак суу куюлган грелканы салып эритүүгө болот.

Ал эми ичин 2 аш кашык аш содасын 1 литр ысык сууга аралаштырып жууш керек. Идиш жуучу каражаттарды жана самынды колдонууга болбойт. Анткени алардын жыты калып калат да, азыктар бат эле сиңирип алат. Жуулган муздаткычты шамалдатып, эшиктерин ачык таштоо зарыл. Ал эми ичиндеги контейнерлерин бөлмө температурасында коё туруп, анан жууган зарыл. Антпесеңиз жууп жатканда жарака кетиши мүмкүн.

Жагымсыз жыттардан арылуу
Текчелерге коюлган кара нандын кесимдери жагымсыз жыттарды бат сиңире алат.
1 литр сууга 1 аш кашык нашатырь спиртин кошуп сүртүп жагымсыз жыттан арылтса болот.
Кышкысын колдонулбаган муздаткычтын эшигин бир аз ачык калтырган оң.
Аш содасы же кофе салынган тарелканы муздаткычтын ичине салып эшигин жаап койсо да жагымсыз жыт кетет.
Сууга бир нече лимондун ширесин жана кабыгын кошуп муздаткычтын ичине 1 сутка калтырып койсоңуз да болот.
Активдештирилген көмүр таблеткасын майдалап салып койсо, бир нече сааттан кийин жагымсыз жыт жоголот.
Аарчылган пияз да жагымсыз жытты кетирет.

Эгер муздаткыч жок болсо...
Этти уксус менен суунун аралашмасына нымдалган чүпүрөккө ороп койсо, 2 күнгө чейин бузулбайт. Бирок колдонор алдында жакшылап жууп алуу керек. Ошондой эле эттин үстүнө лимондун ширесин чачып, даки же элек менен жаап салкын жерге коюп койсо да болот. Майга кызарта куурулган эт да бир нече күнгө чейин бузулбайт. Этти чалкандын же хрендин жалбырагына, анын үстүнөн уксуска нымдалган чүпүрөккө ороп да 2-3 күнгө чейин сактаса, сапатын жоготпойт. Чийки жумуртканы тоң май менен майлап, кагазга ороп салкын жерге илип койсо бузулбайт. Ошондой эле жумуртканын агынан сүйкөп, кургатып, кагазга ороп салкын жерге сактоо туура. Каймак майды пергамент кагазына ороп, туздуу сууда сактоого болот. Колбасаны үстүнө туздуу суудан улам-улам чачып турса, көпкө сакталат.




Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/10/1210_16.htm on line 54

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/10/1210_16.htm on line 54

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/10/1210_16.htm on line 54

кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/10/1210_16.htm on line 54

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/10/1210_16.htm on line 54

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/10/1210_16.htm on line 54




а ­е¦Є.НҐй«