Кыргыз гезиттер архиви

  спорт

Ийгиликке жол ачуу
8-декабрь күнү президент Роза Отунбаева Гуанчжоуда өткөн 16-Азия оюндарына барып катышып келген спортчулар жана алардын машыктыруучулары менен жолугуп, аларды жеңиштери менен куттуктады. Ак үйдүн жетинчи кабатына чакырылган спортчуларга өзүнүн жана жалпы элдин атынан куттук айтып, өлкөбүздүн кандай оор кырдаалда турганына карабай элдин демине дем, кубанычына кубаныч кошуп келген спортчуларга ыраазычылыгын билдирди. Америкалыктар баскетболу, африкалыктар жөө күлүктөрү менен таанылган болсо биздин спортчуларыбыз грек-рим күрөшү менен өзгөчө күчүн көрсөткөнүн баса белгилеп кетти. Кытай, Япония сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдүн мыкты спортчулары менен теңтайлаша алган, намысты колдон чыгарбаган спортчуларыбызга терең ыраазычылыгын билдирип өттү. Андан соң спортчуларга акчалай сыйлыктарды өз колу менен тапшырып өттү. Ошол эле учурда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов да спортчуларга куттуктоо сөзүн айтып ,аларды эл-жерди сүйгөн азаматтар деп баалап жылуу сөзүн айтып мэриянын жана депутаттар тарабынан бөлүнгөн акчалай жана алдыңкы орундарга ээ болгондорго үй белек кылды. Ошентип жалпы жыйынтыгында:


Данияр Көбөнов -15 000 S, 200 000 сом жана үч бөлмөлүү үй;
Жолчубеков Каныбек - 10 000 S, 100 000 сом жана бир бөлмөлүү үй;
Евгений Ваккер - 10 000 S, 100 000 сом жана бир бөлмөлүү үй;
Кенжеев Жанарбек -5 000 S, 75 000 сом
Александр Пароль - 5 000 S, 75 000 сом менен сыйланышты. Азия оюндарына спортчуларды даярдап көптөгөн эмгек жумшаган машыктыруучулар жана бешинчи орунга чейинки спортчулар да унутта калган жок. Башкы машыктыруучу Алыкулов Эмил 7 500 S, 95 000 сом жана үч бөлмөлүү үй, Даниярдын машыктыруучусу Мамбетов Раатбек 3 750 S, 50 000 сом, Каныбектин машыктыруучусу А хмедов Мейрамбек 2 500 жана 25 000 сом, Жанарбектин машыктыруучусу Махмудов Хаким 1250 S жана 20 000 сом, Евгенийдин жеке машыктыруучусу Эркин Акрамов 5000 S жана 50 000 сом,башкы машыктыруучу Олег Роганов 1250 S 20 000 сом, Александрдын машыктыруучусу Буханцова Елена 1250 S жана 20 000 сом, Кожошов Акылбек 70 000 сом, Кочалко Виктория -50 000, Гибков Алексей- 50 000, Сакенов Эрмек-50 000, Бондарев Максим -50 000, Азамат Эркинбаев- 50 000 жана башка спортчулар сыйланышты. Кыргыз элинин намысын коргоп, мамлектибиздин желегин бийик көтөрүп, кыргыз гимнин жаңырткан спортчуларыбызга президент жана мэр алдыдагы дүйнөлүк мелдештерге ийгилик каалашты. Баса белгилей кетчү жагдай, Данияр Көбөнов алтын медалды багынткандан эки мүнөт өтпөй өлкө башчысынын куттуктоосу жарык көргөн, демек президенттин да ийгиликти чыдамсыздык менен күткөнүнө ушул куттуктоо далил боло алат. Алтын медалдын ээси Данияр жалпы спортчулардын жана жеке өзүнүн атынан мамлекет башчысына, өкмөт мүчөлөрүнө, Бишкек шаарынын мэрине ыраазычылыгын билдирип, сөз спортчулар ала келген Азия оюндарынын символун Роза Исаковнага тапшырышты.
Спортчуларга жана машыктыруучуларга бул сапар мамлекет жана спорт федерациясы тарабынан колдоо көрсөтүлүп барып келишкендиги да айтылды. Мамлекет тарабынан берилген бул сыйлыктар спортчулардын кийинки жетише турган ийгиликтерине дем берет дем деген ишеним бар. Спортто жеңишке жетишүү оңой эмес экени айкын. Күн-түн күчүн жумшап, өзүнүн карьерасы үчүн гана күрөшпөй жалпы журтка намыс менен жеңишти алып келген эмгектеринин бааланып турганына чын дилинен ыраазы экендери ар бир спортчунун жана машыктыруучулардын жүзүнөн байкалып турду.

Евгений Ваккер: "Таймаш катуу болду"

- Алган сыйлыгыңыз кут болсун. Азия оюндарына беш ирет катышып ар дайым медалдар менен кайтып келген спортчубуз катары сиз менен сыймыктансак болот. Анын үстүнө биздин казанга алгачкы медалды түшүрдүңүз. Бул жолку жарыш сиз үчүн жеңил болбосо керек?
- Чоң өлкөлөр менен таймашка чыгуу албетте оор. Абдан чоң таймаш болду, жаракат да алдым. Эң негизгиси өлкөмдү уятка калтырбай күмүш медаль менен келгениме ыраазымын. Бизде көптөгөн күчтүү спортчулар бар, буйруса алдыда алар да көптөгөн мелдештерде жеңишке жетишет деген ишеничтемин.
- Бүгүнкү мамлекет тарабынан алган сыйлыктарыңызга көңүлүңүз толдубу?
- Албетте. Бул жеке бизге эмес кийинки мелдешке катышкан жана спортчу болсом деген жаштарга абдан чоң түрткү болот. Оюнга 145 оюнчунун барып катышканы да жакшы ийгилик деп эсептейм. Азырынча мен алган акчамды кайда жумшаарымды ойлонуштура элекмин, бирок алдыдагы мелдешке катышууга оңой эмес акча сарпталат, ошондуктан кайра эле спортко жумшасам керек. Бизге мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, колдоо көрсөтүлүп жатканына ыраазычылык билдирем.


Данияр Көбөнов: "Абдан толкундандым"

- Данияр, жеңишиң жана бүгүнкү алган сыйлыктарың кут болсун! Бүгүнкү жолугушуу тууралуу оюң кандай?
- Бул жолугушуу, президентибиздин куттуктоосу бизге дем берет, биз үчүн, жеке мен үчүн да чоң белек болду. Абдан кубанычтамын, буйруса бир жарым жылдан кийинки боло турган Лондондогу мелдешке мыктылап даярдык көрөм.
- Азия оюндарында жеңишке жетишем деп ойлодуң беле?
- Ал жакка аттанып жатканда же биринчи болушум керек, же акыркы деген элем. Ар бир оюнчу биринчи болууга аракет кылат.
- Жеңишке жетүү оор болдубу?
- Азыр Азия оюндары жеңил өттү, жеңишке оңой эле жеттиң деп айткандар бар, бирок жеңиш оңой келе бербейт. Кармаш оор эле болду, кандай чоң өлкөлөрдүн спортчулары менен таймаштык. Финалдагы күрөш мен үчүн оор болду. Биздин машыктыруучуларыбыздын эмгеги, алардын бизди даярдаганы мелдеште утуп чыгуубузга жол ачат, эмгектери абдан зор. Ал эми мелдешке чыгууда жаңылыштыктар, жетишпестиктер болбой койгон жок, буйруса алдыда анын баарын калыбына келтирүүгө аракет жасайбыз.
- Килем үстүнө чыкканда эмне жөнүндө ой келди?
- Биз эч нерсени ойлобой, баарын башыбыздан алып салып бир гана күрөш деп чыгабыз, муну биздин тилде "настрой" деп коет. Машыгуу учурунда бизди ошого даярдайт. Эч убакта жеңилип калам, же бир жеримди оорутуп алам деп коркпош керек, эгер корксоң чыкканча чыкпай койгон туура.
- Кыргыз гимни жаңырып жатканда көзүңө жаш айландыбы?
- Желек көтөрүлүп, гимн жаңырганда ыйлаган адамдар да болот, менде абдан толкундоо болуп,кыргыз болуп жаралып калганыма сыймыктануу жүрөгүмдү уялап турду.
- Жеңишиңди кимге арнадың?
- Жалпы кыргыз элиме, ата-энеме, машыктыруучуларыма жана жалпы спортчуларга арнайм. Мен алтын медалга жеткен учурда жалпы кыргыз эли мени колдоп турганын сезбептирмин ,качан гана эл-жериме келгенде кучак жая тосуп алышып, көчөдөн деле тааныбаган адамдар сени колдоп жаттык дегендерин угуп чын эле кыргыз элим жеңишти күткөн турбайбы деп ишенип калдым. Бул мен үчүн абдан жагымдуу, ары сыймыктуу да болду. Жалпы элиме рахмат айтып, ыраазычылыгымды билдирем.
- Бүгүн үч бөлмөлүү үйдүн ээси болдуң, буга чейин үйүң бар беле?
- Ата-энем, ага-инилерим менен чогуу турам.
- Кыздардын көбү спортчуларга кызыгат эмеспи, жүрөгүңдүн ээси барбы?
- Азырынча мендеги биринчи максат -Лондондо өтчү мелдешке жакшы даярдык менен барып катышып келүү, андан кийин үйлөнөм. Азырынча бошмун, бойдокмун дегендей.


Айзада Көчкөнбаева