Султан Раев:
"Кыргыз Рухунун" барактарында жаныбыз да, каныбыз да, жаштыгыбыз да, сүйүүбүз да калды…"
"Кыргыз Руху" жаңы эле чыга баштаганда өлкөдө ГКЧПы башталды, эски совет системасы биротоло кулады, ал гана эмес биздин гезиттин "Руханий атасы" Абдыганы Эркебаевич жетектеген министрлик жоюлуп кетип, а киши өлкөнүн вице премьер- министри болуп чоңоюп кетти, гезит көчөдө, а биз баягы "президиумда" кала бердик. Багарыбыз да жок, көрөрүбүз да жок. Эмне кылабыз деп олтура бербей, өзүбүз чыгарабыз деген кесиптик намыска келдик".

5-бетте



Турат Акимов:
"Башка тилге статус берип, Москвага, Вашингтонго чуркоо - уят"
"Жерди эч ким кол менен жасап алган жок, бул жерди Манас атабыз бизге арнап таштап кеткен, Манас атабыздын аманаты. Биз да бул жерди миң жылдан кийин келген кыргызга сындырбай, бузбай, жоготпой, кертпей, кеспей, суусун чачпай тапшырып беришибиз керек. А биз эмне кылып атабыз, улам бирине карматып жиберип жатпайбызбы. Минтип отурсак мамлекетибизди жоготуп жиберебиз".

8-бетте




Айзада Ибраимова:
Бир эр азамат 100 000 сом баш байгени чечип берди"
"Өткөн жыл баарыбыз үчүн оор жылдардан болбодубу,биздин телеканалда кан төгүлүүдөгү көрүнүштөр, жоктоолор берилип андан соң комуз күүлөрү кетип жатты. Андан башка маданий кечелерди бергенге мүмкүн болгон жок. Оор мезгил деп кол куушуруп отура бербей маданий сынакты өткөрүүнү токтотуп кое алган жокпус".

13-бетте