, 18.03.11 - 12-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Окумуштуунун төрөлгөнүн 110 жылдыгына

Сөздүккө кандай аралашкам?
Кусеин Карасаев бул даанышман адам, даанышман тилчи менен болгон маегимди окуп отуруп бир, эки ирээт көзүмө жаш тегеренди. Биринчиден, ал кишинин алп, келишимдүү элеси көз алдыма тартылса, экинчиден "мурун күчтүүнүн күнү тууса бул күндөрү эптүүнүн күнү тууган чак" деген ташка тамга баскандай учкул сөзү сезимиме оор түйшүк түшүрдү. Ооба, мындан он тогуз жыл мурда тактап айтканда ал кишинин 90 жашы чоң салтанат менен майрамдалгандан бир жыл өткөн соң бул маегибиз кыргыз радиосунан эфирге чыккан экен. Оо түбү түшкөн дүйнө десеңчи, Кусейин атабыздын, алп окумуштуунун "күчтүүнүн күнү тууган" заманга туш келген окумуштуулук, тилчилик өмүр жолун угуп отуруп "түбү түшкөн дүйнө" деп бир нече ирээт кайталоого аргасыз болдум. Көрсө Кусейин тилчинин бир канча жыл кылган мээнети бааланбаганы, бааланмак эле турсун анын ордуна куугунтук жегени өз оозунан айтылганы угуучуну кейиштүү ойго кептелткени кейиштүү болду. Ооба арай көзү чарай туруп, ак эмгегинен ажыроо кордугунан да өткөн кордук болобу дедик. Бирок "ак ийилет бирок сынбайт" деген да керемет кеп бекеринен айтылбайт тура! Кусейин атанын агы бир эле эмес жүз ийилсе да, окумуштуу бир күнгө да тыным албай иштеди. Иштеди жана да иштей берип токсон жашка толуп, толгондо да каруу-күч, ажайып акыл, адамдык сергектик менен токсон жашты өз жери Токтоянда тойлоп жатпайбы. Демек, ушундан да өткөн сыймык менен бакыт болобу? Бул саптардын ээси улуу адамдын улуу окуяларына аралаша жүрүп, улуу башын кичик кылган кеп сөзүн, көпчүлүктүн назарына тартып жатпайбы? Баардан да аны атын дүң кылган "лугатан" да баалуу залкар эмгектери болуп жатпайбы. Чын-чынына келгенде "Кыргызча-орусча сөздүк" меники эле деп жанталаша талашпаганы эле өзүнчө эрдик эмей эмне? Кээ бир пенделер сыңар бир ишке бир куурай сайып коюп, өмүр бою баарын мен бүтүрдүм эле деп тийиштүү эшиктердин баарын чертпегени, антүүнүн ордуна экинчи, үчүнчү жана төртүнчүсүн иштөөгө отурганы дагы улуулук, экинчи эрдик!! "Байыр" деген кыргыздын эски сөзүн окумуштуу-таланттуу, шыктуу, чыгаан деп төмөндө азыркы тилге өзү которгондой 1991-жылдан бери эле чыгаан окумуштуу анда токсонго толсо үстүбүздөгү жылы 110 жашка толмок экен.


Мына, үстүбүздөгү жылдын үч айы сапарын карытып кетүүдө, ушул убакка чейин бул адам жөнүндө эч жерде эч кандай кеп-сөз жок. Мунун ордуна мамлекеттин башчысынан катардагы атуулдарына чейин саясат жана күнүмдүк жашоо көйгөйлөрү, бийлик жана байлык талашуулар?! Деги кыргыз мамлекети орду түбү менен жок болуп кетпесе эле болду деген тилек. Кыргыз ошол совет доорунда эле бирин-бири көрө алышпагандыктан зор окумуштуунун зор эмгегин үтүр, чекитине чейин К. Юдахинге тартып берилип жатпайбы. Бел да болсо ошондо эле мамлекет башчыларына чейин улуттук ар-намысты сыйлоо, талантты, эмгекти, колдоонун жоктугунан кызылдай эмгек башкача энчиленип келбедиби? Мына ошонун дал өзүн Кусейин атабыз өз башынан кечиргенин бүгүнкү окуучу журт кабардар болсун дедик. Эмесе кезекти маекке узаталы.
-Кусеин аба сиздин 90 жылдык мааракеңиз арта калып, бүткүл кыргыз жумурай журту сиздин мээнетиңизге чоң баа берүү менен өткөрдү десек болот. Эң көп мактоо сөздөргө арзып толгон-токой макалалар, газета-журналдарга жарыяланып, жылуу сөздөр жыйындарда аз айтылбады. Мына ушуга төмөндөгүдөй эки мисал келтирсек эле жетиштүү болоор. Мына алдыбызда "Асаба" менен "Кыргыз Туусу" гезиттеринин сандары жатат. Мисалы, "Асаба" гезити сиздин 90 жаштыгыңызга арнап "Байырлуу журттун бабайы" деген макаласынын аталышын, ошондой эле "Кыргыз туусу" гезитинин да бир санынын толук бир бети сизге арналып "Жаш кезинде мээнеттүү, карыган чакта дөөлөттүү" деген жалпы аталыш алдында берилиптир. Ушундай сөздүн баары 90 жылдык тоюңузда сөз кылынды. Ушул сыяктуу макалалар республикабыздын кайсы тилде чыкпасын бардык гезит-журналдарга жарыяланып миңдеген, замандаштарыңызга, кыргыз окуучуларга тартуу кылынды. Кусейин аба мен жогоруда айтып өткөн "байырлуу журттун бабайы" деген теманы эле өзүңүз чечмелеп берсеңиз. Мисалы "байырлуу" "бабайы" деген сөздөргө түшүнүк бере кетсеңиз? Бул жердеги үч сөздүн бизге түшүнүктүүсү эле "журт" деген.
- Бу "байыр" деген бир нече мааниде, ал арап сөзүнөн киргени да, нукура кыргыз тилинде да бар. Мисалы кылычта:
"Бириң кыздын байыры,
Бириң кыздын шайыры", -Байыр -таланттуу, шыктуу, чыгаан деген мааниде. Ошону үчүн "байырлуу"деген белгилүү болду го?
"бабай" -дегенди азыркы тил менен айтканда патриархы го? Ошентип бул тема шыктуу элдин, патриархы деген мааниде го?
- Сиз азыр өзүңүзгө арналган көптөгөн макалалардын биринин гана темасын чечмеледиңиз. Ушул эле оюмду улап тереңдетейин. Мына сиздин салтанатыңыз башталар алдында университетте 90 жылдыгыңыз биринчи ирет өтпөдүбү?
- Анда көптөгөн замандаштарыңыз, сиздин талантыңызды баалаган адамдар келишти. Ошолордун бири окумуштуу, бул күндөрдө Кыргыз республикасынын вице-премьер -министри Абдыгалы Эркебаев деген иниңиз жана окуучуңуз минтип айтканын эстейли. Кусеин Карасаев мударисибизге, сизге, Константин Юдахиндин "Кыргызча-орусча сөздүгүнүн" автору жалгыз гана ал киши болуп келе жатат. Ошол эмгеги үчүн далай-далай урмат-сыйга, академиктик даражага жеткен киши. Биз анын эмгегин тигиндей мындай деп кемсинткибиз келбейт. Андай ойдон алыспыз. Бардык жакшы нерсеге калыс болгон жакшы. Мына ушул жагдайдан карасак, сиздин эмгек ошол чоң сөздүктө аябагандай зор экен, -деп айткан эле. Бул сөздү жөндөн-жөн эле айтып жатпаган чыгар? Ал изилдесе да, сураштырып териштирсе да керек? Ошондо ал, сөздүктүн эмки чыгышында законду авторлугуңузду калыбына келтирели деп жатабыз деген. Мына ушундан улам Кусеин аба мына мындай суроо менен кайрылууну туура көрүп турам. Деги эле сөздүк түзүү ишине качан киришкен элеңиздер?
Бул суроону жөн эле кургак сөз эмес аны бекемдеген бир катар документтерден да таптакыр кол жууган деле эмес экенсиз.
Бүгүн сакталып колуңуздагы кагаздарга, документтерге таянуу менен маектешүүбүздү улантсак.
(Уландысы кийинки санда)
Тенти ОРОКЧИЕВ




Туулган күнүңүз менен, апа!..
Мен сиз тууралуу жазууга таптакыр батына албайм. Сөздөрүм жетишсиздей, супсактай... Сиздикиндей мээрим менен жылуулук башка кимде бар дейсиз! Көкүрөгүм күйүп от болгондо, жашоонун караңгы тарабына камалып, өзүмдү өзүм жээрип, өзүмдөн өзүм безип качып кетким келген кезде сизди эстеп соороном да, сизди эстеп кайра артка тартам. Эч бир бакыт, эч бир керемет сиз менин жанымдагыдай мага дем - күч болуп бере албайт экен. Алыстасызбы, жанымдасызбы амандыгыңыз, мен жашап аткан жашоодо бардыгыңыз бар кайгымды жууп өчүрүп, эртеңге, эртеңдерге жетелеп тургансыйт.

Ххх

Менин жашоом - сиз. Сизден кийин менин да жашоом өччүдөй андан аркы өмүрүм капкара туңгуюктан башка эч нерсени көрсөтпөйт. Алдастап көңүлүм кертилип турат, апа! Бактым коюнума батпай, айланам жазга айланып турат, апа! Баарында сиз, жүрөгүмдө, ойлорумда сиз! Бакытка жанашсам да, кайгыга алдырсам да оюма биринчи сиз келесиз, биринчи сиз менен бөлүшүүгө шашылам. Мээримиңизге, жылуулугуңузга бөлөнүп баратып, күн сайын амандыгымды тилеп, бактымды Жараткандан суранган, эч убакта сатпай турган, эч убакта менден алыс качпай турган ыйык адамым бар экенин эстейм да, жан бүткөндүн баарына энелик мээрим тилейм. Эч бир адам энелик мээримден өксүбөсө экен дейм. Адам болуп, жокчулукка чөгүп, барга бапырап турганыбыз менен, кээде ич күйдүлүккө, пенделик пастыкка алдырып, көз жетпеген нерсеге көкүрөктү жандырып, колдогуга каниет кылбай, улам алдыга жүткүнгөнүбүз менен апа деген асыл адамдын амандыгы гана жашоо деген түгөнгүс күрөштү жандандырып, тирүүлүккө сүрөтүбүздү түшүрүп, бизди бар кылып тураарын кеч түшүнүп калат экенбиз. Баркыңды өз убагында билбей, баалабай калуудан корком, апа!

Ххх

Жашоонун эпке сыйбаган эрежеси таң калтырат: эненин этегине жашынып, бир мүнөт көрбөсөң көңүлүңдүн музу ээрибей карышкан бала кез алыстаганы апа деген ыйык адамдан да алыстайт экен адам баласы. Бой жеткенден соң өз көйгөйүң, өз жашооң башталат да жарыктыкка алып келип, бар түйшүгүңө чыдаган апаң акырындык менен экинчи планга сүрүлүп кете берет экен. Моюнубузга алгыбыз келбегени менен бул турмуштун карандай чындыгы болуп турбайбы! Кээде өз түйшүгүмө, кайгыма чалынып атып, сизге жарытылуу көңүл бура албай калганым кездешет. Чиеленишкен көйгөйүмдү бирден жибин жандырып өз ордуна койгондон соң кайрымсыз мамилеме бушайман боло, ичтен эзилип кыйнала берем. Уфф, пенделик сапатымды кантейин, убагында ката кетирип, артынан өкүнгөн көңүлүмдү кантейин... Анан ойлойм, "апа" деген атты оозанткан тирүүлүктүн бактысынын шыбагасы буйруптур, анын алдында тоодой көйгөй да теменедей болуп калбайбы, жашоонун жакшы - жаманына көз салып, сыйрыла бергиче, "апа" деген сөздү айттыра турган адамың бардыгына шүгүр келтирбейсиңби?!

Ххх

Мен өзүмдүн туулган күнүмдөн корком. Жашыма жаш кошулганы үчүн эмес, менин алдыга жылышымды сиздин өмүрдүн өрүн көздөй кетип баратканыңыздын белгиси катары карап алып. Мен өзүмдүн өлүмүмдөн коркпойм, сизсиз жарым ыптам кулап, аңгырап, алсырап, эч кимге керегим жок экенинин билсем да тирүүлүктүн жеңинен кармап, жашоо деген жолдо кадамымды арбытуу эңсөө эмес милдет болуп моюнума уюп калыштан корком. Сиз бар кезде мени жалгыз деп ким айта алат?..

Ххх

Бүгүн сиздин туулган күнүңүз. Жетимиш жаш. Жаратканым берем десе, бул жаш жашоонун эми башталышы да болот. Ар дайым "апа" деген сөздү айткан сайын мага бакыттын жаңы эшиги ачылат. Жандүйнөм бейкапар боло түшүп, тирүүчүлүк жалаң эле кейиштен, күрөштөн турбагандай, күрөш менен кейиштин артында эне мээриминдей эч нерсеге тең келгис бир керемет катылып жатканы айкын боло түшөт да, күлкүм көбөйүп, кыймылым жандуу, аалам да так жүрөгүмдө айлана баштайт. Көкүрөгүмдөгү бала кыялдан, балалыктан айырбастан аман болуңузчу, апа!

Ххх

Апам ай,
Карааның тирүү жүргөн,
Бакыттай сезип жүрсөм,
"Бактысыз болуп калдың",-
сыртыңа чыгарбастан
Ичиңден миң толгонуп кыйналдың да...

Жараткан маңдайыма жазып койгон,
Тагдырдын айтканына макулмун мен.
Энелик мээрим менен өскөн жүрөк,
Бактысыз деп ким мени айтат экен?..

Бакытым - карегиңде мээрим толгон,
Бакытым - амандыгың тирек болгон.
Аялдык бакыт дагы алыс эмес,
Адамдык бактым өзүң эсен болсоң.

... Кайрылып коно турчу туурум барда
Кайдагы бакытты айтып ыйлайсың да!..

Гүлмайрам Турусбекова