, 18.03.11 - 4-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Урмат Барыктабасов:
"Мага мүмкүндүк бербей жатышат"
- Таңкы береке кут болсун Урмат агай! Өлкөбүздө эмнелер болубатат кабардар чыгарсыз?
- Элибиздин эзелки төл сөзү менен айталы. Калаба болубатат.
- Саясатчыларыбыз өлкөбүздү кыйсыпыр кырдаалдан алып чыга алабы?
- Алып чыга албайт.
- Эмне үчүн?
- Ушундай учурда эмне кылуу керектигин билишпейт. Жан үрөп жанталашып иштеп аткан сыяктуу болуп далбастоолордон эл күткөн үзүр жаралбайт. 20 жыл бою чиновниктерибиз күйүүчү майлоочу май, кредит, жер семирткич деп күйпөлөктөштү, убада беришти. Элибиз жерин айдап, үрөөнүн сээп, бакытка, бардарчылыкка карк болобуз деп саргара күтүштү. Натыйжа - алданган, жакырланган эл. Баары, баары башынан түшүп, баягы эле басып өткөн жолубуз кайталанууда. Талдоого алганга үйрөнүп, тыянак чыгарып, өз учурунда эсибизге келип, тийешелүү чараларды көрө билишибиз керек. Кызмат адамдарыбыз таңдан кечке куру куржунду ары калчап, бери калчап, эл турмушуна эм болбогон мыйзамдарга, азан-казан жыйындарга, сессияларга жана башка ушул сыяктууларга алек болуп жүрүп атышат. Натыйжа - нөл. Эл алдында милдеткерлердин жасай турчу бирден бир иши - аңгыраган казнаны акчага толтуруу. Түшүнүктүү болсун, мисалдап айтайын. 40 литр сүт берген уй, 40 эмес, 120 литр бергидей болушу үчүн эмне кылуу керек? Эч нерсе кылбай туруп эле 120 литрлеп саап алгылары келип атышат. Мындай болгондо уй өлүп тынат же биротоло байып тынат. Эгерде ошол эле 40 литрден сүт берген эки уйга ээ болсок, маселе чечилет да калат. Ошол сыяктуу болуп акчанын агылып келиши үчүн анын анык булактарын, арбын булактарын табышыбыз керек.
Эл кандайдыр бир сыйкырлуу бир нерсе болчудай курулай үмүткө алагды. Эч нерсе жок жерден өзүнөн өзү жарала калбайт. Эгерим андай болгон эмес жана болбойт. Карызга батып, кен, жер байлыктарды ит бекер сатып, карызга алынган акчаны ичип-жеп жашоо - маңгибаштык, жоопкерсиздик, чыккынчылык. Күчтүн, баалуулуктардын баары адамдардын өзүндө, андайлар өлкөбүздө арбын. Мамлекет кызматындагылар ушул жагынын маанилүү экендигин түшүнүүлөрү керек эле. Тилекке каршы андай болбой жатат, билбей жатышат, интеллект чектелүү.
Казнаны каражатка толтуруунун, эл турмушунда токчулукка, бардарчылыкка жетишүүнүн миңдеген жолдору бар. Мунай кен байлыкка жарды болгонубуз менен бизде Сауд Аравиясындагы мунай кендеринен да баалуу Билим мүмкүндүктөрү бар. Билим (маалымат) XXI кылымда - эң керектүү жана таңсык товар. Билим сата башташыбыз керек. Кайдан алабыз? Билимди билими барлар, токочту токочу барлар сата алышат. Элибизге барынан мурда, биринчи кезекте терең билимге ээ адамдар, акчаны иштеп таба билүү үчүн маселенин ар тарабынан камтый алган ой жүгүртүүлөр керек. Мисал керекпи? Айтайын. Сауд Аравиясында мамлекет казнасына күн сайын 1 миллиардга жакын АКШ доллары агылып кирип турат, мунайзат сатыгынын эсебинен. Суроо туулат: ушунча акчалары туруп, эмне үчүн алар "Мерседес" сыяктуу жеңил машиналарды же айталык "Нокиа" телефонун жасап чыгара алышпады? Анткени акча каражатынын арымы чектелүү. Акча андан ары ишке жараксыз болуп калчу чек бар.
20 жыл аралыгында алынган 3 миллиард доллардын эсебинен бир да завод курулган жок! Алтын кен байлыктарды сатуудан өлкөбүз бай жана бактылуу болуп калган жок! Өлкөбүздө чексиз билимге ээ адамдар жашайт. Алардын ички зор дараметтерин пайдаланышыбыз керек. Алар саналуу болсо да элибизди бай жана бактылуу жашоого алып чыгууга жетиштүү. Барып турган учур деңгээлиндеги Боинг учагы тек гана темир урандысы болуп калат, эгерде аны кесипкөй учкуч башкарбаса.
- Сыйкыр деген сөздү айттыңыз. Сыйкыр деп эмнени айткыңыз келди эле?
- Эл адилеттикти, дасторкондун кенен болушун, иштегенди каалайт. Сыйкырлангандай ийгиликтер жаралышы үчүн маселенин бардык жактарын камтууга алган жана элибизди бириктештирген Идея зарыл. Идея деген эмне? Идея деген - Кыргызстандын эли бактылуу жашоого укуктуу жана ага мүмкүнчүлүгү бар дегендик. Бактылуу жашоо деген эмне? Бактылуу жашоо деген:
1.Миңдеген туура эмес жолдордун туура эместигин билип, туура жол тандоо;
2.Акыйкаттыкты орнотуу;
3.Ток жана денсоолуктары чың эл;
4.Ар бир адам талантын жана мүмкүндүктөрүн ишке ашырууга бирдей шартта болушу;
5.Кең-кенен үйдө жашашы;
6.Учур деңгээлиндеги мектептерде акысыз окуу;
7.Учур деңгээлиндеги ооруканаларда дарылануу;
8.Телегейи тегиз оокаттуу жашай алгыдай пенсия жана жөлөк пул алуу;
9.Мамлекеттик кызматкерлерге (аскер кызматындагыларга, дарыгерлерге, мугалимдерге, милиция, бажы жана башка кызмат адамдарына) татыктуу эмгек акы;
10.Эң жакшы шаарларды, айылдарды куруп, маданияттуу жашоо;
11.Өлкөбүздүн жалпы байлыгынан бирдей мүмкүндүктө пайдалануу;
12.Саналып өткөндөрдүн баарына ээ болуп, эриш-аркак жашап, Кудай Тааламдан бир жолу берилген өмүрдүн өтөлүнө чыга кубанычтуу жашоо. Сыйкырдын сыры ушул.
- Ушул сыйкырлар болушу үчүн эл Сизди президент кылып шайлашы керекпи?
- Жок. Бул кыя өтө алгыз шарт эмес. Суранычым бирөө эле - ошол сыйкырдын болушу үчүн Мүмкүндүк берилсе, программамды ишке ашырсам дейм. Убакытты туя билүү деген түшүнүк бар. Сааты келип турганды колдон чыгарып жибербешибиз керек. Өткөндү кайдан табасың, өкүнөсүң каласың дегендей болбошубуз керек. Учуру өтүп кетсе абалды оңуна келтирүү мүмкүн болбой калат.
- Андай мүмкүндүктү Сизге ким бербей жатат?
- Бийликке келгендер. Кууп чыгышат, камакка алышат, бизнесимди тартып алышат. Атүгүл өлкөгө келтиргиси да келишкен эмес. Анан Бишкекке келүүгө да жол беришпеди.
- Элди кантип иш менен камсыз, оокатка карк кылмакчысыз? Бул деген оңой-олтоң иш эмес, очойгон акча каражат керек да.
- Менде даяр программа бар. Ишке ашыруу жагы гана калган. Миллиондун ичинен бирден бир туурасын тандай билүү үчүн терең Билим керек.
- Аябагандай арбын акчаны кайдан алмакчысыз?
- Адилеттикти орнотуу жана коррупцияны кокодон алуу үчүн акчанын кереги жок. Керектүү, иштегидей, түшүнүктүү мыйзамдар кабыл алынышы керек. Дүйнөдө кандай гана процесстер болбосун алардын ар биринин башталышы бар. Мисалдап айтайынчы. Суу булактан башталат. Билим башаты - китеп. Идеяны - терең билимдүү алыска ой жүгүртө алган адам алып чыгат. Сууга каныгуу үчүн анын чыккан жерин билишиң керек. Билимге каныгуу - китеп жана мугалим, окутуучу аркылуу. Билимди билими барлар бере алат. Акчанын агылып чыкчу жери болот. Ар нерсенин башталышын, башатын билген киши эч качан адашпайт. Акчанын агылып чыкчу башатын биз билебиз. Таанылбагандык таанылбастык эмес. Долбоорлорумдун бирин бир аз чечмелеп айтайынчы. Дүйнө жүзүндө 6,8 миллиард эл жашайт. Ар бири мүнөт сайын билимге, сезимге, артыкчылыкка, өзүн өзү тастыктоого муктаж абалга кабылат. Адамдарга гаухардын өзү эмес, коомдун ошол гаухарга карата ынтызарлыгы керек. Адамдар кымбат баалуу сааттарды, яхталарды, машинелерди убакытты билүү, барар жерине баруу үчүн гана эмес, кандайдыр бир көңүл куунак көтөрүңкү болуу, таанылуу үчүн сатып алышат.
Беш жыл болду сайт түзүү жаатында иштеп жатам. Ал аркылуу Билим, Убакыт, Көңүл кумары, Артыкчылыктар ж.б.д.у.с. сатыкка чыгарылат. "Глобальная Деревня" деп аталат ал Долбоор. Бүгүнкү күндө 2 миллиардга жакын эл Интернетке кире алат. Биздин сайттын өзүнүн спутниктик теле-радиосу болот.
Адам маалыматсыз (билимсиз) жашай албайт. Кандайдыр бир жактарда бир нерселер сатылып аткандыгын, бир нерселер болуп аткандыгын адамдар билип турушу керек. Эгерде биздин сайт мүнөт сайын дебейли, айына эле бир жолудан билим (маалымат), көңүл кумарын, убакыт сатып 1 АКШ долларын алып турган болсо, ай сайын түшкөн кирешесинин өлчөмү 2 миллиард АКШ долларына жакындайт. 2 х 12=жылына 24 миллиард доллар. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө өбөлгө болчудай ушундай Долбоорлор бизде жетишерлик.
Тыянактап айтайын. Өлкөбүздөгү өзүбүзгө, адамдарыбызга тийешелүү мүмкүндүктөргө ылайык, айтылып өткөн жана башка долбоорлор аркылуу келип түшкөн акчалардан улам жумушчу орун түзүп, мектеп жана ооруканаларды, жаңы-жаңы шаарларды куруп, пенсия менен жөлөк пулдарды, мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акыларын көбөйтмөкчүбүз. Ушул максаттарга 300 миллиардга жакын АКШ доллары жумшалмакчы. Бул жерде короо шыпыргыч, шыбакчы, чабан, ар кандай жумуш жасоочулар ж.б.у.с. жөнүндө сөз кылып жаткан жокмун, интеллект талап кылган иштер, мисалы инженер, программачы, нанотехнолог, физик, математик, менеджер, мелиоратор, гидротехник, юрист, финансист, банкир жана башка ушул сыяктуулар жаатында иштей алчулар айтылууда. Биз элибизге чукул арада жаңы адистиктерге ээ болуу жагынан жардам бере алабыз. Ал адистиктер өлкөбүзгө гана эмес, бүт адамзатка керек. Ал үчүн сөзсүз түрдө эле МГУну же Кембриджди окуп бүтүш керек эмес... Сапаты жагынан Гарварддан же Сарбоннадан да ашып түшкөн анык билимдүүлөр өзүбүздө. Бул жаңы билимди алып аткандар бүгүнкү күндө жүздөп саналат, жакында алардын саны миңделет. Булар - жаңыланган эл болот... Өнүгүш үчүн бизде башка жол жок. Болушу мүмкүн эмес. Бирден бир туура жол ушул гана.
- Өлкөбүздүн өнүгүү бир бүтүндүгүнүн социалдык жагын айттыңыз. Саясий жагы кандай болор экен?
- Башка өлкөлөргө карата кайырчы болбошубуз керек. Эртедир кечтир карыздарды төлөшүбүз керек. Кимдер төлөйт? Бизден кеткен жаңылыштыктардын азабын кимдер тартат? Балдарыбызбы? Аларда жашоо ыракаты болбой калсынбы, биздин түркөйлүктөрүбүздүн кесепетин ошолор тартсынбы? Бүгүнкү күндө арабыздагы терең билимдүүлөрдүн күчү менен Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына чыгып, өз ордуна ээ болушу керек. Азыркы ааламдык системада Кыргызстандын өзүнүн ардактуу орду бар. Башка мамлекеттерде жетпей жаткандарды биз бере алабыз жана өзүбүз эмнеге муктаж болсок аларды ала алабыз. Россияга, Казакстанга, Өзбекстанга, АКШга, Сауд Аравиясына, Францияга, Африка өлкөлөрүнө сунуштай алчу оокаттарыбыз бар. Мен бул жерде жер жана кен байлыктарды айтыбаткан жокмун...
Эгер биз тигил же бул процесстин себептерин билген болсок, аларды көзөмөлдөп, тескей алабыз. Ал себептерди биз билебиз.
Мунайзат жагынан чексиз кен байлуулуктан эл бактылуу болбойт экен да. Аны Жакынкы Чыгыш көрсөттү. Жалаң акча менен бактылуу боло албайбыз. Колдо акча туруп биримдиктүү, эриш-аркак, жакшылыктардын жарыгын өчүрбөй жан дүйнө ырахатында жашап, эволюциялык өнүгүү өтө маанилүү. Ырк бузулуп ыдыроодон ашкан кесепет болбос.
P.S. Аргасы табылбас абал жок. Арга бар, аны аңдай албай жатабыз.
Адилет Өмүркулов