Массаны жазалабайт, массаны дарылайт
Мурунку бийлик кулатылып, өлкөдө жаңы бийлик толук орной элек, алсыз абалынан пайдаланып Кыргызстанды алсыратууга аракет кылган сепаратисттердин кесепетнен чыккан Ош окуясына бир жыл толгону турат. Кандуу окуядан көңүлү калып калган түштүк эли бул окуянын бир жылдыгынын алдында бир топ кооптонуп турганы мыйзам ченемдүү. Анан калса, улам бир жылаандын башын чыгарып, элдин тынчын алгысы келген күчтөр тымызын отко май чачып турушары да бар.
Бирок, быйылкы учур менен былтыркы учурду салыштырып болбойт. Былтыр 7-апрелден баштап эле өлкөдөн тынчтык кетип, бир туруп Маевкада жалын тутанып, бир туруп Ош менен Жалал-Абадда улам-улам бийлик талашуу болуп, өлкөдө башаламандык өкүм сүрүп турган. Быйыл баары башкача. Канчалык, өйдө-төмөнүнө карабай учурда бийлик мыйзамдаштырылып, мамлекетте тартип бир топ эле орноп калды.
Антсе да бүгүн ойлоно туруучу көп маселелер алдыда. Келечекте мындай окуялардын кайталануусунун алдын алуу үчүн адегенде элдин психологиясын оңдошубуз керек.
Айталы, Ош окуясына 20 миң адам катышты дейли. Анын 10 миңи окуянын чордонунда кан кечип жүрүштү. Алардын беш миңи түздөн-түз агрессияга барышты. Сабашты, өрттөштү. Анан жок эле дегенде 2 миңи оор кылмышка аралашты. Бир адамды он адам өрттөдү, бир адамды он адам тепкилеп өлтүрдү деген логика менен караганда деле. Бирок, алардын баарын жазалоого мүмкүн эмес болду. Негизи массаны жазалабайт. Аны дарылайт. Согуш деген согуш, сен өлтүрбөсөң, сени өлтүрүшөт. Анан калса, куралчан өзүбектерге каршы, таякчан жаш балдардын чыгышы адам өлтүрүү дегенге караганда элин коргоп калууга көбүрөөк окшойт деп ойлойбуз. Бул 1916-жылы мылтыкчан орустарга, таякчан кыргыздар каршы чыккандай эле болду да. Болгон айырмачылыгы бүгүнкү Кыргызстан өткөн кылымдын башындагы, колунда таягы менен кайтарган коюнан башка куралы жок, беймарал кыргыз өрүшү эмес. Бүгүнкү Кыргызстан жаманбы-жакшыбы, өзүнүн армиясы, чек арасы, милициясы бар өз алдынча мамлекет. Андыктан ал мамлекеттин колунда куралы жок жөнөкөй жаранына каршы курал колдонуп бир күн каршы чыккан менен, эртеси эле күнү ал таякчан карапайым калк, бүтүндөй кыргыз армиясын, милициясын куралсыздандырып болсо да, куралдуу күчкө айланышарын кечээки Ош окуясы көрсөттү. Себеби, тынч жаткан элге капысынан куралдуу кол салып, адамдарды кырып жатса, сен курал алып жүрүүгө укугуң жок деген мыйзамдын сакталышы жөнүндө ойлонууга убакыт болобу? Андыктан таяк көтөрүп, кан кечкен балдарды бүгүн түшүнүшүбүз керек. Алардын баардыгы кылмышка аралаштыбы, кыянатыкка барыштыбы, же коргоочулар болуштубу аларды азыр ажыратуу кыйын. Бирок, кандай иш кылышкан болсо да психикасына доо кеткенин танууга болбойт. Биз алардын баарын камай албайбыз, өтө оор кылмышка түздөн-түз катышканын жана эмне себептен катышканын так аныктаганда гана жазалабасак, көпчүлүгү жазага караганда психикалык коргоого муктаж. Бүгүн Ош окуясына катышкан адамдардын жок дегенде 2 миң кишисин потенциалдуу киши өлтүрүүгө даярлар десек да болот. Эгер булардын психикасы ушул бойдон кала берүүчү болсо, кокусунан өрт тутанып кетүүчү болсо, буларды даяр адам өлтүрүүчүлөр катары чыга келишет. Андыктан өлүк санаганды, өзүбектен кетти, кыргыздан кетти деп акыйлашкандан мурун ушул потенциалдуу киши өлтүрүүгө даярлар менен алдын ала иштөө керекпи деп ойлойбуз. Алар бүгүн моралдык колдоого муктаж. Андыктан Ош окуясына бир жылдыгына жакындары каза болгондордун туугандарына жардам берүү менен бирге эле, өлгөндөрдү эле эмес тирүүлөрдүн да камын көрүп, окуяга катышкан, стресс алган адамдарга да моралдык, материалдык жардам берүү керек болуп жүрбөсүн? Антсек, биз кечээкинин өз баасын эле бербестен келечектин да алдын алган болор элек.
Ош окуясы боюнча Эл Аралык Коммисиянын жыйынтыгынан келип чыккан ойлор боюнча көз караштар газетабыздын 3, 11беттеринде.