, 14.10.11 - 13-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сандан санга

Кагылайын, Ата Журт!
Тарыхый кинороман
Шах Жума
Качкынбек: - Дурус. Менин сиздердин өтүнөөрүм... Биздин бүгүнкү маслет мүлдө жашыруун өтүш керек. Жада калса Аутакун байыңар да мени сыртымдан тааныбасын.
Жумаш: - Ооба, азыр бу кишилер дагы ошону сүйлөшүп олтурушкан. Кам санабаңыз. Баары ойдогудай...
Качкынбек: - Өткөн жылы жолукканыбызга "чек аратактоонуң жүрүшүнө Байзак өтө кедирги болгону турат. Жеке биз эмес өзүнө пайдалуу жагын сунуштасак көнбөй койду. Аны жолдон алып, боз үй Нарын дарыясынын боюна тигилиш керек" дегенсиңер. Мен кандайдыр деңгээлде айткан убадамды аткардым.
Жумаш: - Туура. Ошон үчүн улук төрөм беречи белегин өз колу менен сизге тапшырат. Калган сыйды кийин учурунда көрөөрсүз...
Ордо өкүл андан мурун жер төшөктүн үстүндө чүпөрөктү кылычты эңкейип... эки алаканына салган бойдон даярдап кармап турган Доргодон алып ага сунду.
Качкынбек: - Ырахмат! Кудай буйруса.
Жумаш: - Эми жогору өтүңүз? Ооба ошондой ортого.
Алар-мейман; эки алакан үстүнө коюлган белегин ырымдаган өңдүү эңкейип чеке тийгизип, анан жана чепкендин жанына илип кайра келгенге чейин күтүштү да, андан соң төргө салынган көлдөлөңгө жалпы көчүк басышты.
Ордо өкүл (кытайча): - Үй ээсин чакыргыла. Анын оюн түшүнө койгон Дорго жанындагы китеп окучу үстөлдөгү коңгуроону шыңгыратты. Ошондон Аутакун келгенчекти эч ким үн каткан жок. Дабыш жакындан чыгаар замат Качкынбек төмөн түшкөн чалмасын сол колу менен оозуна кымтый калган болчу.
Жумаш уйчурча: - Таксыр; мейман үчүн дамал жайылып, тамак-аш коюлсун дейт.
Аутакун: - Куп болот.
Ал баятан бери көтөргөн эшик жабуусун түшүрүп кайра артына жөнөдү.
Эми ордо өкүл, Дорго экөөнүн өздөрүнчө сүйлөшө баштагандыгынан улам котормочуну суроолуу тиктеген - конок.
Жумаш: - Улуктар, Сиздин кылган кызматты эң жогору баалаганы ушул. Эгер келечек максатыбыз баары ойдогудай аяктаса императордун кабыл алуусуна чакырылып, дагы агалык чин, тоту куштун учу менен сыйланасыз.
Качкынбек: - Ортодо бир гана таскоолдук бар.
Жумаш: - Кандай?
Качкынбек: - Өткөндө алиги силер айткан Байзак өтө куу, жексур адам. Тээ кыйла жыл мурун анын аталаш агасы дал ушул аймакта болуштук кылган экен... Андан улам бу жердин шартын беш колундай билээри чын. Эгер жөн койсоң тиги белде жаткан ташты да меники деши мүмкүн. Орусча, кытайча так сүйлөйт. Ошон үчүн түлкүдөй жойлоп амал таап кетпесин, байкоо керек.
Тилмеч жогорку кепти кожоюндарына түшүндүрүп которуп, кайра алардын жообун беркиге угузду.
Жумаш: - Улуктар ага кандай чара ылайык дешет.
Качкынбек: - Көзүн тазалап коюудан өтөөрү жок.
Жумаш: - Эгер мындай бир илинчек таап өзүңөр биз тарапка чыгарып бербесеңер аны кантип аткарабыз?
Качкынбек: - Келгиле анда акыл калчайлы.
* * *

Эртең мененки Ташрабат.
Ташрабаттын күн батыш жагында коктуда суу боюнан окчунураак тигилген үч боз үй.
Булардын дал ортоңкусунан чыккан эки киши жай басып өйдө дөңсөөгө жеткенде ар бири окшош чепкендеринин этегин кымтый бетеге үстүнө көчүк басышты.
Эми алардын арт жагы-кербен сарай.
Төмөн кокту.
Жерге урулган туяктардын дабышы: Така -так, така-так.
Бет маңдай кыя жолдон, таңында кеткен боюнча азыр гана жылкыны Ичи-Кен-Суунун калдайган жашыл тоосунан таап айдап түшкөн тестиер бала минген аты кишенеген сайын анын утур токтогонуна каршы тизгин кагып теминип коюп келе жатты.
Желенин тегерегинде бээлердин кулунун кармаган кыз-келин үйрүнөн чет, обу жок качкан кысыр бээни, бери, тигилер отурган дөбөнүн түбүнө чейин кууп келип, эт оорута жал, соорудан тиштегилей кайрып кеткен-Тору айгыр.
Сапар: - Ии баатыр, жол болсун?! Кабагың карыш Мында бекер аттанбаганың көрүнүп турат. Сени эмнеге мынча ой басат?
Байзак: - Ооба байке, сизге катпаган сырды кимге айтам. Менин атым-сыртта жүрсө зор Байзак, өз жеринде кор Байзак.
Сапар:- Мунуңду кечээ күүгүмдө келгениңде түшүнгөм. Ал кандай сөз?
Байзак:- Чындыгы, кыйладан бери мага ордодогулардын көзү түз эмес. Өткөн кеңешмеге атайы чабарман жиберип чакыртышкан жок. Курманжан датка жеңемдин ишенимдүү кишиси болбогондо укпай да калмак экемин. Эртеси кечигип барып оёз менен хандын үстүнө кирсем "чечилди" деп экөө тең сыртын салышат. Ие айланайын Кудай, биздин чек каякта? Боз үй Нарын дарыянын боюна тигилгени кандай? Анда бүттү.
Сапар:- Ооба. Силер тиякта, биз биякта, кыргыз тең бөлүнөт экенбиз...Мунуң кимге кызык?
Байзак: - Орустар кайтарганын, башкарганын карайт окшойт. Себеби тээ Текестен берки биздин жерге чек тосуу - эң оор. Ак кар, көк муз тоо кыркалары сыяктуу дарыянын башына, же мерчемдүү көпүрө, кечмеликтерине сакчы койсо болду. Жеңил да...
Сапар: - Түү, карангүн!
Байзак: - Эсиңизде бар бекен, баягы сиз экөөбүз кербен коштоп жүргөн жаштык жылдар. Торугарт ашуусунун бери жак имерилиши...жүрөгүн мыкчып жер сойлоп келе жаткан чал.
Сапар: - Албетте, кантип унутайын. Аны экөөлөп колтуктан сүйөп белди бери өткөзүп коюп, мен кербенди жолдон кармабай кете бергем. Сен бизге эртеси кууп жеткенсиң. Такай андан өткөндө Кыргыз уулу Календер деп куран окучубуз.
Байзак: - Ошо киши айткан: "Жакшы жүрмөк бар, жакшы өлмөк жок. Силер жолукпасаңар өз жериме беш-алты кадам жетпестен ыйман буйрубай талаада калмак экенмин. Менин чыныгы аты-жөнүмдү сураба. Тирүүлүктө билишпеген... азыр андан дүнүйө өзгөрүп кетпес чыгаар. Кыргыз баласы Кыргызмын. Тээтигиндей топурак казып көмүп кой. Элимди карап жатайын..." деген эле. Кийинки күндөрү анын ушу сөздөрү тынчымды алат.
Сапар: - Алганда... Тиягың тигинтип атса мурдатан Доргонун сунушуна көнгөндө болмок экен.
Байзак: - Кантип? Шабанга кара санасак Баалы эженин кусуру урбайбы!

(Уландысы бар)