, 14.10.11 - 16-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  сахна

Айбек АКМАТОВ:
"ИШИМДИ КЫЛДААТТЫК МЕНЕН АТКАРГЫМ КЕЛЕТ"
Учурда биз ырларын тамшанып угуп, көкөлөтө мактап келген жаш ырчыларды эл сүймөнчүлүгүнө татыган даражага жеткирген башка адамдар да бар экенин көп учурда элес албайт эмеспизби. Продюсер аталган адамдардын арасында да Эрлан Андашев, Саламат өңдүү жаш ырчыларды элге таанытып келе жаткан Айбек аттуу мырза биздин бүгүнкү мейманыбыз.

- Алгач балалыкты эске салып, ата-энең тууралуу уксак... Балалыкта ким болууну самачу элең?
- Теңир-Тоону этектеген, Нарын дайрасы шар аккан, ар тарабы тоо менен курчалган Нарын шаарында абдан кызыктуу, бактылуу балалыгым өттү. Атам жана апам карапайым адамдар болгон. Алардын тарбиясы мен үчүн жашоомдо чоң роль ойноп келе жатат. Мен ойлойм, ата-энемдин тарбиясы аркасында жашоодо өз ордумду таптым деп.
Кичинекей кезимде көбүрөөк адвокат же журналист болууну самачумун. Убакыт өтүп, кесипти тандаганга келгенде журналистикага жакын экенимди байкадым. Кичинемде үйдөгү бардык буюмдарга ат коюп, алардан интервью алып, өзүм менен өзүм сүйлөшүп жүрүп, журналистикага жакындап кеттим окшойт.
- Айбек, сени сындап турган адам барбы?
- Негизинен, өзүмдү өзүм сындайм. Кылган нерселериме анализ кылып жатып, өзүмдү бир сыйра сындап кетем. Бирок, жакын досторум, кесиптештерим туура эмес кылып койсом, дайыма ойлорун билдиришет. Албетте, сынды жакшы кабыл алам. Досторубуздун арасында жакшы оюн уюштуруп алганбыз. Аталышы "ысык отургуч". Оюндун шарты боюнча бардык жакын достор чогулуп, ортодогу "ысык отургучка" бирөөсү отуруп, калгандары аны айлампа түрүндө сындап өтүшөт. Бул абдан эффективдүү, мага дайыма жардам берет. Бул оюнду 3-4 айда бир ойноп турабыз, анткени өзүңдүн кемчиликтериңди жоюуга жакшы натыйжа берет экен.
- Жакшы көргөн кесибиңден баш тартышыңа эмне себеп болушу мүмкүн?
- Андай учур келбей эле койсун. Бирок, адам баласы ата-энеси, тууган-туушкандарынын, жакындарынын жана досторунун аманчылыгы үчүн баарына даяр болсо керек. Бирок, кесибимди мен абдан сүйөм. Ошондуктан, жашоомдо мындай көйгөй жаралышын каалабайт элем.
- Өзүңдүн эң негизги жетишкендигиң кайсы деп эсептейсиң?
- Мен бир нерсеге жетиштим дегенден алысмын. Мен жетише турган нерсенин баары алдыда деп ойлойм. Менин досторум, жакындарым мен үчүн чоң байлык. Алар менен сыймыктанам. Өзүм мектеп жашымдан бери "Парламенттик дебат" интеллектуалдык оюнуна катышып келем. Мен өзүмө бир учурда максат койгом, эгерде турнирлерден жеңсем, дебаттан кетем деп. Айткандай эле, ал жеңиштерге жетип, бир нече ирет Кыргызстандын чемпиону жана Эл аралык турнирлерге катышып, жеңишке жеттим, андан соң дебатты оюнчу катары тыштагам. Азыр ошого байланыштуу, канча жылдан бери ар кандай дебаттарга катышып жүрүп алган билимимди колдонуп, студенттерге сабак берип жатам. Албетте, бул менин дагы бир жетишкендигим деп эсептейм.
- Жашоо-турмушуңда сени шыктандыра турчу эмне?
- Жашоо турмушумда мени "жанданып" жаткан нерселер шыктандырат. Мен кетип бара жатып бир жерде үй же имарат курулуп жатса маанайым көтөрүлөт. Же бир адам ийгиликке жетем деп аракет кылып жатса ага да сүйүнөм. Кандай гана жумуш болбосун уялбастан кылып, үй-бүлөсүн багууга далалаттанып жаткан болсо, андан сүйүнөм. Мындай адамдардын аракетин көрсөм абдан шыктанам, денем кубанычка толот. Айрыкча жаштар мурдагыга салыштырмалуу саясатта болобу, коомдук иштерге катышышып, маданият чөйрөсүн да өнүктүрүп дегендей бир топ эле өлкөбүздүн жашоосуна активдүү катышууда. Бул да болсо мени шыктандырып келет.
- Бош убактыңды кандай өткөрүүнү каалайсың?
- Тилекке каршы, азыр бош убактым өтө эле аз. Убактым болсо жакындарыма көбүрөөк бөлөт элем. Өзүм китепканда отуруп китеп окуганды абдан жактырам, бирок убакыттын тардыгынан көптөн бери китепканага жете албай жүрөм. Андан тышкары убактым болсо адамдар менен баарлашып отууруну каалайт элем. Себеби, адамдар менен баарлашуудан өзүң үчүн көп нерсени үйрөнсөң болот.
- Эмне жөнүндө көп кыялданасың?
- Адам баласы кыялдар менен жашайт эмеспи. Менин да кыялдарым абдан көп, эми аларды ишке ашырыш эле калды. Мен ойлойм, кесибимди тандоодо кыялыма жеттим деп, ал эми жашоодо болсо эмнегедир парашюттан секирүүнү көптөн бери каалап келем. Бул кыялымды орундаткым келет, себеби менин фобиям бул бийиктик. Андыктан, ошол фобиямдан кутулуу максатында, аны тескерисинче хоббиге айлантып алууну каалайм.
- Шоу-бизнестеги "балдарыңдын" ар бирин мүнөздөп бере аласыңбы?
- Макул, аракет кылып көрөйүн. Бирок, бул күнгө чейин мүнөздөп көрбөптүрмүн.
Эрлан Андашев өтө жөнөкөй жана таланттуу жигит. Абдан аракетчил, айтканын кылган сапаттарын баалайм.
Саламат болсо өзүнчө бир таланттын ээси, өзгөчө чыгармачыл инсан.
Адилет Жумабек уулу - ар дайым шайыр жүргөн бала. Буюрса, ырчылыгынан да бийчилик өнөрү менен элди өзүнө тартат.
Бек Исраилов башкалардан сезимталдыгы менен айырмаланат. Баардыгын байкап турат.
- Сен үчүн жашоодо биринчи орунда эмне турат?
- Негизи, бул суроого жооп берүү үчүн бир акылдуу нерселерди айтышым керек болсо керек. Бирок, чынын айтсам азыр эң биринчи орунда ишим болуп жатат. Бир нерсенин башын көрүп калсам ага чукуп жетмейин ыраазы болбойм. Ишимди абдан кылдааттык менен иштегим келип жатат. Ошондуктан азыркы учурда мен үчүн биринчи планда өзүмдүн жеке профессионалдык көз караштарым турат.
- Алдыга койгон пландарың болсо керек...
- Ооба, пландар абдан көп. Бирок, эмнегедир алар ишке ашмайын бирөөгө айткым келбейт. Себеби, алар ишке ашпай калсачы деген коркунуч бар. Ошондуктан, качан гана алдыга койгон пландарды аткарган соң жыйынтыгына өзүңүздөр күбө болосуздар. Негизинен, алдыдагы пландарым да өзүмдүн кесибими байланыштуу.
- Бактылуу болуш үчүн эмне керек деп ойлойсуң?
- Мен да бул суроого жооп издеп келем. Мен өзүмдү бактылуу адаммын деп эсептейм. Мага баары эле жетиштүүдөй сезилет. Бирок, дагы эле бакыт деген эмне деген суроону өзүмө бере берем. Менин оюмча, ар бир адамдын өз ой-пикири, корутундусу бар окшойт. Бирөө үчүн бакытты акча жаратса, башкага үй-бүлө, дагы бирине жумушу болсо керек.
- Маегиңе рахмат.

Гүлжан АБЫЛКАСИЕВА