, 14.10.11 - 8-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

"ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ЖАНА ДООР": МОЛДОБАСАНОВДУН "МАНКУРТ БАЯНЫ"
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк окурмандардын алкоолоруна алынган "Саманчынын жолу", "Кылым карыткан бир күн" аттуу чыгармаларынын негизинде залкар дирижер, айтылуу композитор, СССРдин эл артисти, Социалисттик эмгектин баатыры, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Калый Молдобасанов "Саманчынын жолу" балет-ораториясын, "Манкурт баяны" аттуу балетти жазат. Кабарчыбыз Балбай Алагушов мындан он жыл мурда атактуу композитор менен Айтматовдун чыгармачылыгынын музыкалуулугу, "Манкурт баяны" аттуу балетинин жазылышы жөнүндө баардашкан.

1998-жыл. 19-январь. Жашы, жолу улуу болсо да жандай курдаш болуп жүргөн айтылуу дирижер, атактуу композитор, эл артисти Калый Молдобасановдун Токтогул көчөсүндө жашаган үйүнө атайы барып Калый акенин алдына үн жазгыч аппаратымды коюп, көздөрү өтүп кеткен залкар шайырларды эскерип отурдук. Ан ал өзүнүн сөзүндө чыгармачылык тагдыры, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын өзөгүндө жазган "Саманчынын жолу" балет-ораториясы, "Манкурт баяны" аттуу балетинин жазылышы, өзгөчөлүктөрү, Чынгыз аганын чыгармаларынын музыкалуулугу тууралуу да кеп болгон эле.
- Мен дүйнөнү дүңгүрөткөн алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына кайрылган себебим, улуу жазуучунун чыгармаларына кайрылган себебим, улуу жазуучунун чыгармаларынын баардыгы музыкалуу,-деп айткан эле К. Молдобасанов. - Мен жазуучунун тигил, же бул повестин, романын окуганымда, музыка жазып жатканымда кайсы окуяга кандай музыка, кайсы кейиптерге кандай музыка, кандай бий менен бийлерин көз алдыма элестетип, көрүп, билип турам. Мен "Манкурт баяны" аттуу балетти жазууда жарым кылымча издендим. Ары-бери ойлондум. Акыры Манкурттун тилин таптым. Анан балетти жаза баштадым. Менден жолдош жоролор, көрүүчү-угуучулар: "Кайсы балетиңди жакшы көрөсүң" дешип сурашат. Сөзсүз биринчи баламдай болуп калган элдик музыканын өзөгүндө жазган "Куйручукту" жакшы көрөм. Ал эми "Саманчынын жолу" балет-ораториясы башка стилде, балет өнөрүндө болбогон жанрда жаздым. Манкурттун трагедиясы кылымдын кайгысы. Ошондуктан бул балетимдин музыкасында башка стилде жазууга аракеттендим. Чынын айтсам "Манкурт баяны" аттуу балетимди жакшы көрөм. Эгерде аны жакшылап койсо өтө мыкты балеттердин биринен болмок. Ырас, мүмкүңчүлүктөр бар. Ошондой болсо да "Манкурт баяны" "Саманчынын жолу" балет-ораториядан музыкасы күчтүү. Кыргыз угуучу-көрүүчүлөрү жакшы кабыл алышты.

Ч.АЙТМАТОВ, К.МОЛДОБАСАНОВ ЖАНА "САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ"

Бүткүл адамзаттын түбөлүктүү эң бир орчундуу маселелерине айланган жер, эмгек, махабат, эне, интеллект, гуманизм, адамкерчилик, кан жуткузган кайгылуу согуш жөнүндө жазылган Айтматовдун "Саманчынын жолу" аттуу повесттин негизинде залкар композитор Калый Молдобасанов жаңы жанрдагы "Саманчынын жолу" аттуу үч көрүнүштөгү балет-ораторияны жазат. Ал 1975-жылдын 15-мартында А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрына коюлат.
Ал эми 1976-жылы "Саманчынын жолу" балет-ораториясынын автору жана дирижеру Калый Молдобасанов, балетмейстери Уран Сарбагышев, башкы ролдорду аткарышкан республиканын эл артисттери Рейна Чокоева, Айсулуу Токомбаева СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттарынан болушат. Бул кыргыз музыкасынын тархында биринчи жолу жогорку сыйлыкка татыган балет-оратория кыргыз көрөрмандары менен угуучуларын зор кубанычтын кучагына бөлөйт.
1998-жыл. 19-январь. Молдобасановдун атынан үйүнө барып: - Калый аке, мына сиз кыргыз музыкасынын тарыхында алгачкы жолу өмүрүндө такыр жазылбаган, эч качан сахнага коюлбаган Ч.Айтматовдун "Саманчынын жолу" аттуу повесттин негизинде атташ балет-ораторияны жаздыңыз. Эмне себептен сизди Айтматовдун чыгармасы кызыктырып, каармандарын балет аркылуу берүүгө аракеттендиңиз деген собол узатканда, Калый аке:
- Биринчиден, Чыңгыз чыгармасында терең философиялык ой жүгүрткөн. Мен бул чыгарманы окуп чыгып, кандай жанрда сахнага алып чыксам деп көпкө ойлондум, көпкө издендим. Чыңгыздын сахналаштырылган, экрандаштырылган чыгармаларынан өзгөчө бөтөнчөлөнгөн кыргыз музыкасында болбогон жанрдагы балет-ораторияны жазууну чечтим. Балетке сөз, хор, бийди коштум. Алар музыка менен коштолду. Себеби булар кошулбаса кургак, супсак, жөнөкөй эле симфониялык оюн болуп калмак. Чыңгыздын чыгармалары үчүн музыка жазыш да оңой эмес, жазуучунун каармандарынын образдарынын ажарларын музыканын тилинде сүйлөтүш жана ачып бериш үчүн каның да кайнатып, жүрөгүңө сиңириш керек. Маселен, Майсалбек кандай кейисе, мен да ошондой кейидим. Советтер Союзунун убагындагы кыргыз музыкасынын тарыхында биринчи жолу СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болду, - деген эле маркум Калый аке.

Балбай Алагушев





"Актык" суусундугун ойлоп табуучу Баатырбек Исмаилов:


"Мени бууй беришсе башка өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болом"
- Сиздин колуңуздан жаралган "Актык" суусундугу тууралуу жакшы пикирди айтып жаткандар көп, бул тууралуу өзүңүз дагы жакшы кабардар болсоңуз керек?
- "Актыктын" керемети, касиети ушунда. Маселен бүгүнкү күндө техникага бензин, солярка кандай керек болсо "Актык" да адамга ошондой керек. Анткени бул суусундукту дарыгерлер өздөрү 90%га жакын ооруга пайдалуу экен деп айтып жатышат. "Актыкты" чыгарам дегендер ар жактан бууп айламды кетирип жатышат. Америкалыктар чакырышууда, ноябрь айында барам. Кытайлар чакырып өздөрү эки жолу алып кетишти. Ушинтип отурса мен буулуп отура албайм да, чыгып кетүүгө туура келет. Ал чоң өлкөлөргө чыгып кеткенде кандай болот, мен түшүнө албайм... "Актык" деген бул дүйнөдө да аксың, ич дегенди билдирет, денеңдеги кум-таштарды, зыяндуу нерселерди, жүрөгүңдү тазалайт. Актыкты ишеним менен ичсе 100% кепилдик берем, сөзсүз айыгат. Аттуу-баштуу кыргызга белгилүү 3-4 адам 4-степендеги рак оорусунан айыгышты, алар өздөрү айтпагандан кийин мен алардын атын атай албайм. Жаңы башталган рак ооруларды жөн эле жоюп коет. Кант диабетине, кан басымы жогору-төмөнкүлөргө, өттөгү таштарды, бөйрөк-боор ооруларына, көзгө да пайдасы зор, көз айнек тагынбай калгандар да бар. Көп эле мактай берсең өтпөй атканда реклама кылып жатат дегендей түшүнүк болуп калбасын деп гезиттерге маек бергенден да качып калдым.
- Бирок ден соолукка пайдалуу болгон соң элге жеткириш керек да?
- "Актыкты" эл дары деп түшүнүп калышыптыр. Бул дары эмес, кыргыз сүттү, айранды, кымызды, сууну кантип ичет, ошентип эле иче берсин, анын эч кандай зыяны жок. Каалаган убакта алып иче берсе оорулардын пайда болушунан алдын ала сактайт, жаш балдардын дене-бою тез жетилет, ошон үчүн "Актык" биринчи кезекте рухий азык, рухий суусундук.
- Бул суусундукту өзүңүз, үй-бүлөңүз кандай пайдаланасыздар?
- Мен өзүм эки-үч бөтөлкөнү жөн эле ичип коем. Үйдө бир күндө 3-4 упаковка ичилет, ансыз болбойт.
- Менин оюмча боек кошулган чайга караганда "Актыктын" пайдасы абдан эле зор болсо керек?
- Албетте. Актыкта эмне бар- булак суусу бар. Булак деген эмне, бул өзү ак, бул өзү өмүр дегенди билдирет. Чөп деген Алла Таала адам баласын жаратканда ырыскы насибин чөп аркылуу келтирген, жер-жемиш аркылуу келтирген. Сүт, сүт бул өзү ак. Адам өзү жаралганда биринчи жолу эне сүтү аркылуу азыктанган. Жадакалса азыр жеп аткан алма, картошкабыздан бери химия бар болуп жатпайбы, "Актыкта" анын бири жок.
- Бул суусундук Кыргызстандын булуң-бурчуна тарап жатпайбы, атайын техниканын жардамы менен жасайсызбы?
- Ооба, атайын азык-түлүккө арналган дат баспаган, эч кандай зыяндуулукту чыгарбай турган идиштерде жасалат.
- Жеген тамак-ашыбыз бүтүндөй адамзаттын ден соолугуна зыян алып келип жатат деп айткандар көп...
- Азыр биз чындап эле 70-80% эле чет жактан келген тамак-ашты ичип калдык. Кыргыз баласы камыр оокатты көп пайдаланабыз. Беш бармагыбыз атак-даңктуу кыргыздын улуттук тамак-ашыбыз болуп таанылат, бирок ошол улуттук, эзелтеден келаткан тамагыбызды азыр өтө туура эмес даярдоо жолун тандап алдык. Анткени колго жууруп, жайып жасаган камырлуу беш бармак менен атайын цехтен чыккан камырлардын айырмасы өтө чоң. Жабышкактуулугу, бат бышычуулугу, эзилбеши үчүн ар кандай нерселерди кошо беришет, ал адамдын организмине терс таасирин тийгизет. Тамактын сиңбей калышы, кандын айланышы сыяктуу туура эмес нерселер болот. Кытайдын тамак-ашын көп пайдаланып жатабыз. Өткөндө кытайлыктар эки жолу чакырышты, аларды мөмө-жемиш өстүргөн жерлериңерге алып барбайсыңарбы, көрөлү дегенибизден алып барышты. Жайдын аптаптуу күнүндө теплицасы бар экен, негизи эле чоң шаарлардын тегерегинде 100% адамдын заңын пайдаланышат экен. Киргениңде ал жерге жытынан чыдап тура албайсың. Мисалы помидордун сабагы менин билегимен жоон экен, бийиктиги 3,5-4 метр болуп турат. Ошондон алынган түшүм Орто Азия, Казакстан аркылуу чыгып кетет экен. Түз эле айтса болот, биз кытайлардын жаман нерселердин жеп атабыз. Кыйналып-кысталып, ысык-суукта эмчектеги балабызды таштап коюп бир аз тыйын таап, ага кытайлардан келген сапатсыз азыктарын алып жеп атпайбызбы. Бүгүнкү күндө негизи саясат менен динге каршы жашаган адаммын. Керек болсо ушул саясат менен дин тамак-ашыбыздан бери кирип кеткен. Адамзатты сактап турган нерсе Адам атадан бүгүнкү күнгө чейин эле Көк менен Жерди тиреп турган кудайдын руху бар, ал кыргыз Руху болуп эсептелет. Ошол кыргыз рухунун сыры терең ачыла элек. Ачыла турган мезгил келди. Бир эле мисал айтып берейин, Адам деген сөз. Мечитке, медреселерге, чиркөөлөргө барсаң Адам деген сөздү ылай, топурак деп түшүндүрүшөт, топурактан Адамды жараткан деп. Кыргыз баласын "Адам болчу балам" деп айтат, демек топурак болчу уулум, ылай кызым деп айтабы. Адам деген сөздүн түпкүлүгү тереңде. Кудайдын сөзүнөн келген кудайдын кудуреттүүүлүгүн билдирген, "тигил" жак менен тең кылып адамдын ичине уютуп койгон улуу чындыкты айтат. Биздин "Манасыбызда": "А дегенде аалам жаралган" деп айтат. Эмне деген аалам, а дегенде аалам жаралып, ошол "а" дан болгондо адам дейт. Баардык динде сыйынышат, көктөгү сенин адилеттигиң болсун жерде дешип. Адилеттик деген эмне, анын дилинде болсоң өзүңө ээ болосуң. Ичибиздеги бизди башкарып, акылмандуулук кылып турган, кайдан-жайдан акыл-эстерде жаратып, өзүнөн өзү бизди уйгу-туйгу кылып турган нерсени ээ деп коет.
- Агай, бул теманы алдыда дагы тереңирээк сөз кылып окурмандарга жеткирүүгө аракет жасайлы. Ал эми кайра "Актыкка" кайта турган болсок анын жаңы түрлөрү барбы, ошого токтоло кетсеңиз?
- Актыкты жаңы чыгараганда эле актыктын алты түрү аян болуп берилди деп айткам, азыр анын экинчи түрү-шай актык дегенди чыгара баштадык. Дүкөндөргө чыга баштады. Шай актык деле актык сыяктуу, арасында дан кошулган. Баасы актыкка караганда 20-30 % га арзан. Аткени көп телефон чалуулар, оорулуу адамдардан баасын арзандаса болобу деген сунуштар айтылат. Ойлонуп отуруп арзан чыгарып көрүүнү аракет кылдым. Дүкөндөрдө шай актыктын бир литри 40 сомдон сатылышы керек, 1,5 литри 55 сомдон сатылышы керек. Бирок ал менин эркимде эмес экен, сатуучулар каалаган баасын коюп алышат экен. Бирок гезиттен окуган адамдар болсо сатылып жаткан жерде кымбат сатылып атса телефон чалышса арзан баада беришине мен өзүм буйрук берем. Анткени бул чыгарган мени менен эле дүкөнчүлөрдүн ырыскы-насиби эмес, элдики. Элдин ырыскы-насиби дегенди тереңдеп айта турган болсом элдин жүрөгү, ден соолугу, канын тазаланышы деп айтабыз.
Айзада Көчкөнбаева