Кыргыз гезиттери

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/1014_9.htm on line 2

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/1014_9.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/1014_9.htm on line 2



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/1014_9.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/1014_9.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/1014_9.htm on line 2
п»ї
Табылды Эгембердиев:
"Султан мактай баштаса эле менин жазгым келе баштачу"
Гезитибиздин жарык көргөнүнө туптуура 20 жыл толду. 20 жылдык тарыхы бар гезитте кимдер гана иштебеген, кимдердин калеминен макалалар жаралып жарыкка чыкпаган. "Кыргыз Руху" деген атына кызыктуу тарыхты каткан гезит жөнүндө мурунку иштегендер ар дайым кызыктуу окуяларды эскеришип келишет. Бул гезитке жазгандардын бири "Шоронун" ээси, бизнесмен Табылды Эгембердиев экенин ошол муундагылар унутпаганы менен жаш муундар анчалык тааныш болушпаса керек. Табылды агайдын калем кармаган күндөрүн маек менен да, сүрөт менен тарых кылып чагылдырып берүүнү туура көрдүк.


- Табылды агай, элибиз эгемендүүлүктү алганда жаралган "Кыргыз Руху" гезитибиз дагы жыйырма жылдык өмүр сүрүп коюптур. Бир кезде бул гезитке да сиздин макалаларыңыз жарык көрүп турчу экен, гезит менен кандайча байланышта болуп, кайсы темадагы макалаларга басым жасачу элеңиз?
- Мен негизинен орусча макалаларымды "Республика" гезитине берчүмүн. Ал эми кыргызча макалаларымдын көпчүлүгүн "Кыргыз Рухуна" берип жүрдүм. Султан-палван деген редакторуңар өтө митаам болчу. Жолукканда эле, мени мактай баштачу, анан мен макала жазгым келе баштачу... Көп макаламдан эки макалам көп окурмандын эсинде калыптыр: бирөө эки барака эле жазылган "сакалы жок Сократ жөнүндө" деген кичинекей макала. Экинчиси "Америка сапары" деген гезиттин үч номерине басылган чоң макала. Негизинен маданий анан саясий маселелер тууралуу эч кимдин заказын аткарбай өз пикиримди кээде Султанды сурантып, кээде сурантпай эле жазып жүрдүм.
- Бул гезиттин бир кездеги редакциясы жакшы окуяга, шатыра-шатман күлкү, кызыктуу окуяларга бай болчу деп калышат, ошолорго сиздин да аралашып калган учуруңуз болду беле?
- Редакцияңарга ары өтүп, бери өтүп көп кирчүмүн. Султандын наны жок чайын ичип тамашалашып эле каткырып жатчубуз. Эмнеге күлгөнүбүз азыр эсимде жок.
- Гезиттин барактарына түшпөй, көңүлүңүздө кала берген темалар болсо керек?
- Бул менин жарамды чукуган суроо. Мен Совет заманында эки жолу макала жазып гезиттерге алып келсем "жакшы курч жазылыптыр, бирок муну баса албайбыз" -деп жолго салышкан. Ал заманда, ыза болуп, "Атаңкөрү, басаар гезит табылса күнүнө макала жазат элем"- деп ойлочумун. Анан кийин гезиттин баары макала сурай баштаган заман келгенде манчыркап жалкоолоно баштадым. Далай темалар жазылбай калды. Ошол күнөөм үчүн өзүмө өзүм нааразымын. "Эшектин жүгү жеңил болсо жаталак болот" деген эле кеп.
- Гезиттин 20 жылдык тарыхына кандай ой кошуп, гезит жөнүндө эмне айта аласыз?
- Силердин гезиттин мага жаккан бир өзгөчөлүгү маданият маселесине көбүрөөк көңүл бурат. Анан саясий маселелерге келгенде да жеңил-желпи популисттик ушак-айыңга алданбаган аналитикалык макалаларга көбүрөөк орун берилчү башынан эле, ошон үчүн бир кездеги башкы редакторуңар Султан бийликти да, байлыкты алабыз дегендерди да жана жалпы окурманды да ыраазы кылган кылыгынын аркасынан канча бийлик алмашса да аттан түшпөй келатат.
- Азыр да калем кармап, жазып калган учурларыңыз болобу?
- Кийинки он беш жылда кез- кезде чочугансып жазып калганым болбосо, бизнестен колум бошобой жүрдү. Азыр жаза баштадым окшойт. Жаңы чыгып жаткан "Кыргызстан маданиятынын" ар бир номурунда менин макалаларым чыга баштады. Макала бербей койсом Нуралы Капаров менин он сегиз жыл мурун так ушул силердин гезитке чыккан бир макаламды чубалжытып үч номуруна басты. Мен уялганымдан жаза баштадым окшойт. Эми мен "макала берем качан гезитиң чыгат" деп аны демите баштадым. Эми жалкоом кармап калбаса экен деп чочулап жүрөм. Мен бир да китеп чыгара элекмин. Себеби, менин жазган эмгектериме караганда жазаар нерселерим маанилүүдөй сезилет. Азыр китеп жазсамбы деп үмүт кылып жүрөм...
- Коомдо жашап туруп коомдон алыс кете албайсың дешет, азыркы учурда көкүрөгүңүздү тойгузбай, көйгөйлүү көрүнгөн кайсы маселелерге токтолуп, ой кошкуңуз келет?
- Андай маселе көп. Аябай көп. Кыргызды көкөлөтө мактап, Манастын урпагыбыз деп мактанып анан дүйнөнү кыдырып кайыр сурап жүргөнүбүз качан токтойт деген суроо катуу ойлонтот. Жаш таланттарыбызга бийликтен орун табылбай, парламентке баягы эле байлардын айрым алдым-жуттумдардын барып алганы ойлонтот. Саясий майдандагы ынтымактын жоктугу, саясатчылардын ыплас оюндары ойлонтот. Дайыны жок чыгым тарттырган каада-салттардын көбөйүп баратканы ойлонтот. Иши кылып ойлонтчу нерсе толтура...
- Негизи эле журналистиканы эмне себептен таштап койдуңуз эле?
- Мен жазсам тилимди тартпай жазам. Тилим да бир топ ачуу. Антпесең чабышка түшкөн, тушалган аттай болуп каласың. Ошол өнөрүмдүн азабынан "Шорону" алты ай алтымыш киши төрт кайтарып текшерген. Анан иним Жумадил бир күнү мага келип "Табылды, же сен жазганыңды улант "Шорону" жабалы, же сен жазганыңды токтот бизнести уланталы, антпесең бир күнү бирдеңке таап алышса түрмөгө сени эмес мени камайт, камабаса да жөн иштетпейт" деп маселени кабыргасынан койду. Мен айласыздан аны туура көрдүм. Чыгармачылык дараметимди бизнеске жумшадым. Жыйынтыгы жаман болгон жок.

Айзада Көчкөнбаева






Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/1014_9.htm on line 38

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/1014_9.htm on line 38

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/1014_9.htm on line 38

кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/1014_9.htm on line 38

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/1014_9.htm on line 38

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/11/1014_9.htm on line 38




а ­е¦Є.НҐй«