Изменение пола и уподобление противоположному полу
Аллах создал два пола - мужской и женский, каждый из которых обладает массой достоинств. Ислам запрещает любую дискриминацию, в том числе и по половому признаку; мужчины и женщины равны перед Аллахом. Поэтому не существует причин для смены пола, которые бы Ислам признавал уважительными.
Шейх Мухаммад Икбал Надви, имам мечети в Калгари (Канада), напоминает следующие слова из Корана: "О люди! Бойтесь вашего Господа, который сотворил вас из одной души и сотворил из нее пару ей, а от них распространил много мужчин и женщин" (4:1). Здесь говорится не только о различии между мужчиной и женщиной, но и о том, что они взаимно дополняют друг друга.
"О люди! Мы создали вас мужчиной и женщиной и сделали вас народами и племенами, чтобы вы знали друг друга" (49:13). Далее в этом же аяте следует очень важная фраза, в которой Всевышний Аллах указывает нам единственный критерий превосходства одних людей над другими: "Ведь самый благородный из вас пред Аллахом - самый благочестивый" (49:13). Аллах также напоминает нам: "ведь мужской пол не то, что женский" (3:36), а в другом месте говорит: "стремления ваши различны!" (92:4).
Всевышний создал каждого человека наделенным своей собственной природой (фитрой). Фитра мужчин отличается от фитры женщин. Созданную Аллахом фитру на самом деле изменить невозможно, и у людей, которые утверждают, будто бы способны придерживаться "нетрадиционной" сексуальной ориентации, подобное стремление вызвано скорее социальными, нежели биологическими причинами.
"Нетрадиционная" сексуальная ориентация находит свое выражение не только в гомосексуальных связях, но и в попытках человека изменить пол. Следует заметить, что последние попытки далеко не безвредны для здоровья. Мужчина, "переделанный" в женщину, или женщина, "переделанная" в мужчину, вынуждены всю оставшуюся жизнь принимать гормональные препараты. У них нередко возникают разного рода осложнения после операций по смене пола.
Можно утверждать, что операции по смене пола еще хуже, чем гомосексуализм, так как последний еще оставляет человеку возможность изменить свое поведение и покаяться, в то время как после операции фактически ничего уже сделать нельзя.
Безусловно, подобные операции являются внесением изменений в творение Аллаха, что еще раз заставляет вспомнить коранический аят о шайтане, который сказал: "...и прикажу им, и пусть они будут изменять творение Аллаха!" (4:119). Операции по смене пола могут быть оправданы лишь в случае, если пациентами являются гермафродиты. Однако в данной ситуации речь идет лишь об исправлении (лечении), преследующем совершенно другую цель - дать человеку возможность жить полноценной жизнью.
Напомним также хадис Пророка (да благословит его Аллах и приветствует): "Проклял Аллах мужчин, похожих на женщин, и женщин, похожих на мужчин". Умышленное подражание поведению представителей другого пола в одежде, манере поведения и т. п. считается в Исламе грехом. Известный мусульманский ученый из Саудовской Аравии, шейх М.С. аль-Мунадж-жид приводит в связи с этим следующий аят: "Не желайте того, чем Аллах дал вам одним преимущество перед другими. Мужчинам - доля из того, что они приобрели, а женщинам - доля из того, что они приобрели. Просите, от Аллаха Его блага - поистине, Аллах знает все вещи!" (4:32).
Человек не способен до конца осознавать, что для него зло, а что - благо. Он может стремиться к тому, что принесет ему зло, и избегать того, что ему не нравится, в то время как на самом деле в этом и заключается величайшее благословение от Аллаха. Так, кто-то может жалеть о том, что беден, но ведь бедность уберегает от многих грехов. Точно так же человек, например, родившийся женщиной, не должен жалеть об этом, поскольку женщине открыто многое из того, что не дано мужчине, например радость материнства. При этом надо помнить, что люди равны в главном - способности снискать довольство Аллаха своими действиями.
|
|
Жыныс өзгөртүү жана карама-каршы жыныска окшошуу
Аллах эки жынысты - эркек жана ургаачыны жаратты, булардын ар биринин өздөрүнүн артыкчылыктары толтура. Ислам баардык дискриминацияга, кемсинтүүлөргө - анын ичинде жыныстык кемсинтүүлөргө катуу тыюу салат: эркек менен ургаачы Аллах алдында бирдей укукка ээ. Ошондуктан жыныс алмашууга Ислам орундуу деп тапкыдай эч кандай негиз жок.
Калгари (Канада) шаарындагы мечиттин имамы Шейх Мухаммад Икбал Надви Курандан төмөнкү: "Эй адамдар! Силерди бир жандан жаратып, ага өзүнөн түгөй жаратып берип, алардан болсо көптөгөн эркектерди жана ургаачыларды жайылткан Кудайыңардан корккула" (4:1) деген саптарды мисал келтирет. Биерде эркек менен ургаачынын ортосундагы ажырым жөнүндө гана сөз болбостон, алар өз ара бири-бирин толуктап тураары жөнүндө да айтылат.
"Эй адамдар! Биз силерди эркек жана ургаачы кылып жараттык жана силер бири-бириңерди билип жүрүшүңөр үчүн силерди урууларга жана элдерге бөлүп жараттык" (49:13). Андан ары ушул эле айатта Улуу Аллах Өзү бир адамдардан экинчи бир адамдардын артыкчылыгын кашкайта көрсөткөн жападан жалгыз критерийди келтирген өтө маанилүү сөз бар: "Силердин араңардан Аллахтын алдында эң эле асылыңар - эң такыбаңар эмеспи" (49:13). Аллах ошондой эле бизге: "эркек жыныс дегениң - ургаачы эмес да" (3:36),- деп эскертет, ал эми башка бир жеринде: "силердин умтулууңар ар башка!" (92:4) деп айтылат.
Жараткан ар бир адамды жеке өзүнө таандык табийгат менен (фитра) жараткан. Эркектин фитрасы ургаачынын фитрасынан айырмаланып турат. Аллах жараткан фитраны чынында өзгөртүш кыйын, демек "салттуу эмес" сексуалдык багытты кармана алабыз деген адамдарда андай умтулуу биологиялык себептерден эмес, социалдык себептерден келип чыкса керек.
"Салттуу эмес" сексуалдык багыт жалаң гомосексуалдык байланыштан эмес, адам өз жынысын өзгөртүү аракеттеринен да айкын байкалат. Андай аракеттер ден соолукка да залакасын тийгизбей койбосун айта кетишибиз керек. Ургаачы "кылынып өзгөртүлгөн" эркек, же эркек "кылынган" ургаачы калган өмүрүнүн акырына чейин гормоналдык дарыларды ичип жүргөнгө мажбур. Анан калса жыныс өзгөртүү операциясынан кийин алардын ден соолугунда ар кандай ырбоолор болуп тураарын да айта кетели.
Жыныс өзгөртүү операциясы гомосесуализмден да жаман десек туура болор, себеби бачабаздыкта адам акылга келип, өзүнүн жүрүм-турумун өзгөртүп, тобо келтириши да мүмкүн, ал эми жыныс өзгөртүү операциясынан кийин таптакыр эч нерсе кылууга мүмкүн эмес.
Мындай операциялар сөзсүз түрдө Аллахтын жаратмаларына тикелей өзгөртүү киргизүү болуп саналат жана биерде Курандагы шайтан жөнүндөгү айаттан шайтандын: "...анан аларга Аллахтын жаратмаларын өзгөртүп тургула деп буйрук беремин!" (4:119) - дегендерин айласыз эстейсиң . Жыныс өзгөртүү боюнча операциялар эгер пациенттер гермафродит - кызтеке болсо гана туура болду десек жарашат. Бирок биерде сөз оңдоо (дарылоо) жөнүндө гана барат жана таптакыр башка максатты - адамга толук кандуу жашоо мүмкүнчүлүгүн берүүнү көздөйт.
Биерден Пайгамбардын (сав) хадисинен: "Аллах аялга окшош эркектерди жана эркекке окшош аялдарды каргаган", деген саптарды да эскерте кетели. Башка жыныстагылардын кийимдерин, жүрүм-турумдарын жана башка нерселерин атайылап тууроо Исламда күнөө болуп саналат. Саудия Аравиясынан чыккан белгилүү окумуштуу, шейх М.С. аль-Мунаджид ушуга байланыштуу төмөнкү айатты: "Аллах бириңерге башкаңардан артыгыраак берген, ага бергенди самабагыла. Эркектерге - аларга берилгенден үлүш, ал эми ургаачыларга - аларга берилгенден үлүш. Аллахтан анын жыргалын сурагыла - чынында, Аллах баарын билет!" (4:32) мисал келтирет.
Адам ал үчүн эмне жаман жана эмне жыргал экенин акырына чейин ажыратып билалбайт. Ал ага жамандык алып келчү нерсеге тынымсыз умтулуп, ал эми Аллах атайылап ал үчүн баталап берген залкар нерседен жаа бою качышы мүмкүн. Мисалы, кимдир бирөө кедей экенин армандап айтышы мүмкүн, бирок кедейлик көптөгөн күнөөдөн арылтаарын билбейт. Ошондой эле, мисалы, ургаачы болуп төрөлгөн адам анысын армандабаш керек, себеби ургаачыда эркекке берилбеген жыргал чокулары, мисалы, эне болуу ырахаты бар. Анан адамдар эң башкысында - өздөрүнүн аракеттери Аллахтын ыраазычылыгына татуу жөндөмүндө бипбирдей укукта экендиктерин эч качан унутпоо керек.
|