Есть ли секс в исламе
Секс - дар от Бога
Халал и харам
Интимная информация
Оральный секс
Анальный секс
Мастурбация
Аборт в исламе
Контрацепция и ислам
Изменение пола
Гомосексуализм
Лесбиянство в исламе
Гермафродит и ислам






Разные стороны арабского доисламского общества
После исследования религиозной и политической жизни Аравии, которое мы провели, можно кратко рассказать о социальных, экономических и этических условиях жизни.

Социальная жизнь арабов
Арабское общество представляло социальную смесь, с непохожими и разнородными слоями. Статус женщины среди благородного сословия представлен в источниках как имеющий высокую степень уважения. Женщина пользовалась значительной свободной воли, а ее решение имело зачастую силу предписания. Ее так высоко ценили, что в защиту ее чести зачастую легко проливали кровь. Фактически, женщина была главнейшим ключом к кровавым войнам или дружественным перемириям. Несмотря на такие привилегии, система семьи в Аравии была абсолютно патриархальной. Брачный договор полностью находился в руках законного опекуна женщины, чье слово в отношении ее брачного решения никогда не могло быть подвергнуто сомнению.
С другой стороны, существовали также иные социальные слои, где проституция и непристойность были необузданны, при полной свободе действий. Абу Дауд, со слов Айши (да будет доволен ею Аллах) сообщил о четырех видах брака в доисламской Аравии.
1. Первый был подобен современным процедурам брака, когда человек отдает свою дочь в жены мужчине, после того, как согласовано приданое.
2. При втором виде, муж посылал свою жену, после ее менструационного периода, для сожительства с другим мужчиной, чтобы она зачала. После зачатия ее муж, по желанию, мог иметь интимную связь с нею.
3. Третий вид был таковым, что группа мужчин (менее десяти) вступала в интимные отношения с женщиной. Если она зачала и родила ребенка, то посылала за этими людьми, и никто из них не имел права отказаться. Они приходили все вместе к ней домой. Она говорила: "Вы знаете, что делали. Я родила ребенка, и это - ваш ребенок", указывая на одного из них. Мужчина знал, что должен его принять.
4. Четвертый вид брачных отношений состоял в том, что большое количество мужчин имели интимные отношения с определенной женщиной (блудницей). Она не отказывала никому. Такие женщины обычно вешали определенный флаг на своих воротах, приглашая любого желающего. Если эта блудница становилась беременной и рожала ребенка, то собирала, посещавших ее людей, и провидица сообщала им, чей это ребенок. Выбранный отец брал ребенка и объявлять его (ее) своим собственным.

Когда Пророк Мухаммад (мир ему и благословение Аллаха) провозгласил Ислам в Аравии, то отменил все эти формы сексуальных контактов за исключением ныне существующего исламского брака[1].
Женщины всегда сопровождали мужчин в случае военных действий. Победители беспрепятственно бесчестили женщин побежденных, над детьми, зачатыми таким образом, всю жизнь следовал позор.
Доисламские арабы не имели ограничения в количестве жен. Они могли жениться на двух родных сестрах одновременно, или даже на женах своих отцов, если те были разведены или овдовели. Развод был в большей степени во власти мужа[2].
Бесстыдное прелюбодеяние было распространено почти во всех социальных слоях, кроме немногих мужчин и женщин, чье достоинство удерживало их от совершения подобных действий. Свободные женщины были в гораздо более хороших условиях, чем рабыни, которые пребывали в самом бедственном положении. Похоже, что подавляющее большинство доисламских арабов не чувствовали стыда, совершая эту непристойность. Абу Дауд сообщил: "Мужчина встал перед пророком Мухаммадом (мир ему и благословение Аллаха) и сказал: "О! Пророк Аллаха! Этот мальчик - мой сын. Я имел сексуальное отношение с его матерью в доисламском периоде". Пророк (мир ему и благословение Аллаха) сказал: Нет ответственности в Исламе за дела Джахилии (доисламское невежество). Ребенок должен быть у того, на чьем ложе он был рожден, и побивание камнями - удел прелюбодея[3].
В отношении доисламских арабов к своему потомству, мы видим, что жизнь в Аравии была парадоксальна и представляла мрачную картину контрастов. В то время как некоторые арабы сердечно любили детей и очень их лелеяли, другие хоронили заживо своих дочерей, из-за нелепого, постыдного страха бедности и позора, падшего на них. Практика детоубийства, однако, не может рассматриваться, как необузданность, а имела место из-за великой потребности семей в сыновьях, для защиты от своих врагов.
Из интернет источников

Исламга чейинки араб коомунун
ар кыл жактары

Аравиянын диний жана саясий жактарын изилдеп чыккандан кийин, алардын турмушунун социалдык, экономикалык жана этикалык шарттарын төмөнкүчө кыскача баяндап берсек болот.

Арабдардын социалдык турмушу
Араб коому бири бирине окшобогон жана түрдүү катмарларды камтыган социалдык аралашмадан турган. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, аксөөктөр катмарындагы аялдын абалы абдан жогору бааланып, чексиз кадыр-баркка бөлөнгөн экен. Аял эбегейсиз эркиндикке ээ болуп, атүгүл анын чечимдери демейде буйрук катары да кабылданчу. Аялды барктоо аябай бийик болгондуктан, анын намысын коргоо үчүн демейде болбогон эле жерден кан төгүлүп кетчү. Чынын айтканда, кандуу согуштардын же достук жарашуулардын башкы себепчиси да аял болгон экен. Бирок мындай артыкчылыктарга карабастан, Аравиядагы үйбүлө системасы нукура патриархалдык болчу. Нике келишими толугу менен аялдын мыйзамдуу башкаруучусунда болуп, башкаруучунун нике келишимине карата айткан сөзү эгерим эки болушу мүмкүн эмес эле..
Бирок ошентсе да, коомдун жалапчылык жана бузукулук сайрандаган берки тарабы да бар эле: биерде аракеттердин толук эркиндиги шапар тепкен. Абу Дауд Айшанын (Аллах ыраазы болсун) айтуусу боюнча исламга чейинки Аравияда никенин төмөнкүдөй төрт түрү болгонун маалымдайт:
1. Биринчи түрү никенин бүгүнкү жол-жобосуна окшош болуптур: сеп (калың) тууралуу келишилгенден кийин гана атасы кызын күйөөгө берет экен;
2. Экинчи түрүндө күйөөсү аялынын этек кири келип бүткөндөн кийин боюна бүтүртүш үчүн башка бир эркек менен жупташып жашап турууга жиберет экен. Боюна бүткөн соң гана аялдын күйөөсү кааласа, аялы менен жыныстык катнашка барышы мүмкүн эле дейт.
3. Үчүнчү түрүндө эркектердин тобу (онго жетпеген эркек) аял менен жупташып жүрөт экен. Кокус аялдын боюнча бүтүп, бала төрөп калса, анда ошол аял жупташкан эркектердин баарына кабар айттырат дейт, алардын бири да келбей коюуга акысы жок экен. Алардын баары аялдын үйүнө чогуу келишет экен. Анан аял айтат дейт: "Баарыңар эмне кылып жүргөнүңөрдү билесиңер. Эми мен бала төрөдүм, ал бала - сиздики", - деп топ эркектин бирин көрсөтөт. Ал эркек ошо баланы кабыл алыш керектигин билет...
4. Нике байланышынын төртүнчү түрүндө, толгон-токой эркек кайсы бир белгилүү аял (жалап) менен жупташып жүрүшөт экен. Аял алардын эч кимисине жок дебейт. Мындай аялдар демейде өз дарбазаларына белгилүү бир желекти илип коюшат экен, бу демек, ким каалаганды чакырган белгиси болот турбайбы. Кокус анан бу жалаптын боюна бүтүп, бала төрөп калса, анда ал аны менен жупташып жүргөндөрдүн баарын чакыртат экен да, көзү ачык топтошуп келген эркектерге бала кимисиники экенин кабарлайт. Тандалган ата баланы алып, аны өзүнүн баласы деп жарыялайт экен..

Мухаммад Пайгамбар (САВ) Аравияда Исламды жарыялаганда, азыркы исламий никеден башка жогоруда айтылган жыныстык байланыштардын баардык формаларын жокко чыгарган.
Кайсы бир жерде согуш чыгып кетсе, аялдар дайыма эркектерди коштоп жүрүшчү. Жеңүүчүлөр жеңилгендердин аялдарын өздөрү каалагандай ээн-эркин кордошчу экен. Мындайдан бойго бүтүп төрөлгөн балдар өмүр бою маскарага калышкан.
Исламга чейинки арабдарда катындын саны чектелген эмес. Алар бир эле мезгилде бир тууган эже-сиңдилердин экөөнө тең бирдей үйлөнө беришкен. Атүгүл өз аталарынын ажырашып кеткен аялдарына деле, өз аталарынан жесир калган аялдарга деле үйлөнө беришиптир. Ажырашуу укугу басымдуу учурда күйөөсүнүн эркинде болгон.
Бетсиз ойноштук араб коомунун түгөл баардык катмарын терең камтыган экен. Мындай ыпластыкка жеке намысы жол бербеген азганактай эркектер жана аялдар гана өздөрүн таза карманышкан дейт.
Айласыз ыпластыктын кучагында калган күңдөргө караганда, эркин аялдардын жашоо шарты алда канча бийигирээк болгон экен.
Негизи, исламга чейинки арабдардын басымдуу бөлүгү мындай ыпластыкка белчесинен батып, уят-сыйыт деген түшүнүктөн караманча куржалак калса керек. Абу Дауд минтип жазат: "Бир эркек Мухаммад пайгамбардын (САВ) маңдайына келип: "О! Аллахтын пайгамбары! Бу бала - менин уулум. Мен анын апасы менен исламга чейинки мезгилде жупташтым эле", - деди. Ошондо пайгамбар (САВ): "Исламда Джахилия (исламга чейинки наадандык) тушундагы жасалган иштерге жоопкерлик жок. Бала кимдин төшөгүндө төрөлсө, ошонуку, жана ташбараң - зинакорлордун энчиси", - деп жооп бериптир".
Исламга чейинки арабдардын өз тукумуна жасаган мамилесинен келсек, Аравиядагы турмуш чар тараптуу жана кескин кагылыштардын муңдуу элестерин көз алдыга тартаарын көрөбүз. Айрым арабдар, мисалы, балдарды эзилип сүйсө жана алпештесе, башка бирлери өз кыздарын тирүүлөй көмүшкөн экен, кашайгырдыкы. Бул эми, кедейлик менен маскара болуу коркунучунун кесепети болсо керек. Бирок кыз балдарын минтип өлтүрүү адаты опсуздук катары бааланбашы керек, тек, өз душмандарынан коргонуу үчүн үйбүлөлөрдүн уул балдарга болгон эбегейсиз муктаждыгынан улам орун алган.
Интернет булактарынан
алынды..





Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan