Доисламский секс
Есть ли секс в исламе
Халал и харам
Интимная информация
Оральный секс
Анальный секс
Мастурбация
Аборт в исламе
Контрацепция и ислам
Изменение пола
Гомосексуализм
Лесбиянство в исламе
Гермафродит и ислам






Секс -- это милостыня
Сегодня каждый мужчина знает то, какие вещи способны доставить ему сексуальное удовольствие, однако некоторые из них, в особенности те, которые ни разу не были женаты и не имеют достаточного опыта, плохо представляют себе, как доставить такое же удовольствие женщине. Что еще хуже, некоторые мужья даже не прилагают к этому каких-либо усилий. Вместе с тем умение доставить жене удовольствие жизненно важно для семьи. Оно необходимо, чтобы брак не стал для жены тяжелой ношей, и является выполнением одной из обязанностей мусульманина.

Итак, недопустимо, чтобы мужчина-мусульманин стремился к удовлетворению лишь собственных сексуальных потребностей, забывая о таких же потребностях жены. Эксперты сходятся во мнениях, что главная потребность мужчины -- потребность в уважении, а главная потребность женщины -- потребность в любви. Ни к уважению, ни к любви человека нельзя принудить -- эти чувства можно только заработать постоянными усилиями. Пророк (да благословит его Аллах и приветствует) говорил, что сексуальная близость с супругом или супругой является добровольной милостыней (садака).
Что же превращает занятие сексом в садаку? Почему в одном случае мы будем наказаны, а в другом нас ждет награда от Аллаха? Важно сделать свою сексуальную жизнь чем-то большим, чем просто физическое удовлетворение. Милость Аллаха можно заслужить, проявляя заботу о своем партнере. Муж, который не понимает этого, никогда не будет пользоваться полным уважением своей жены.
Ни один из супругов не должен вести себя так, чтобы это было неприятно другому супругу или вредно для семейной жизни.
Каждый мусульманин сегодня знает, что у него есть право на собственную жену. Однако надо помнить о том, что никях (брак) подразумевает, что как мужчина, так и женщина не будут стремиться искать сексуального удовольствия на стороне. Поэтому муж должен помнить о том, что у его жены тоже есть свои желания и потребности, иначе он совершит грех, поступив с ней несправедливо.
...Муж должен стремиться сделать свою жену счастливой и довольной, в том числе и в плане секса. Точно так же важной обязанностью жены является удовлетворение сексуальных желаний своего мужа. Ни один из супругов не должен отклонять предложение другого супруга без уважительной причины.
Для женщины проще выполнить свою обязанность и доставить мужчине удовольствие: она способна это сделать даже в том случае, если не в настроении. Однако мужчине в аналогичной ситуации довольно трудно доставить удовольствие женщине, и каждый мусульманин должен помнить об этом, поскольку хорошее обращение с женой -- одна из его важнейших обязанностей.
Знатоки фикха (закон) полагают, что женские интимные органы нуждаются в защите (тахсин). Об этом важно помнить мужчине, который хочет доставить удовольствие своей жене и уберечь ее от искушения совершить прелюбодеяние (зина) из-за неудовлетворенности супружеской жизнью.
Жена-мусульманка -- это не кусок плоти без каких-либо чувств и эмоций, пригодный лишь для того, чтобы удовлетворять физиологические потребности мужа. В ее теле обитает душа, которая в глазах Аллаха имеет не меньшее значение, чем душа мужчины. Она обладает нежным и деликатным сердцем. Грубые манеры могут ранить ее чувства и убить ее любовь. Со стороны мужа неразумно и безнравственно не учитывать естественного темперамента жены и проявлять эгоизм, стремясь лишь к собственному удовольствию. Пророк (да благословит его Аллах и приветствует) предупреждает в хадисе: "Три вещи делают человека неполноценным. Первая -- это когда он встречает того, с кем хочет познакомиться, но затем расстается с ним, не узнав ни его имени, ни родословной. Вторая -- это когда отклоняет проявляемую к нему щедрость. А третья -- когда он входит к своей жене и вступает с ней в близость, удовлетворяя свою потребность в ней до того, как она удовлетворит свою потребность в нем".
Вспомним, что Коран называет жен "нивой для вас". Такое сравнение вызывает в сознании образ фермера, который заботится о своей ниве.
Если не принимать в расчет эти соображения и не готовить жену к половой близости или же оставлять ее неудовлетворенной по ее окончании, у нее могут возникнуть психологические и физиологические проблемы, приводящие к фригидности и другим расстройствам. И действительно, мы часто наблюдаем, что муж испытывает недовольство своей женой, считая, что она фригидна и не способна ответить на его ласки (в отличие от тех женщин, которых он каждый день видит по телевизору), а жена не может понять, что с ней не так. Здесь я постараюсь объяснить, в чем может быть дело.
Аллах создал мужчину и женщину из единой души (7:189). Он сделал "из нее супругу, чтобы успокаиваться у нее", то есть испытывать чувство безмятежности, а не страдание и разочарование. Если ваш брак превратился в кошмар, то вспомните, что брак называют "половиной веры", и задумайтесь, можете ли вы сказать это о себе.
Как говорится в хадисе: "Ни один из вас не должен набрасываться на свою жену подобно животному, сначала должен быть посланник между вами", -- сказал Пророк (да благословит его Аллах и приветствует). Его спросили: "Какой посланник?" -- на что он ответил: "Поцелуи и слова".




Секс – Кудайдын берген садагасы
Бүгүнкү күндө эркектер кандай аракеттер ага сексуалдык ырахат апкелерин билет, бирок алардын айрымдары, тактап айтканда али үйлөнбөгөндөрү, ургаачыга да так ошондой ырахатты кантип тартуулаш керектигин жакшы билишпейт. Андан да жаманы - айрым күйөө сөрөйлөр айалын жыргатуу үчүн аракеттенип да коюшпайт. Айта келсек, айалын жанжыргалга жеткирүү - үйбүлөнүн бекем болушунун негизги куралы. Бу жагдай нике дегениң айалга оор жүк болбош үчүн өтө зарыл жана ар бир мусулмандын аткара турган негизги милдеттеринин бири.
Демек, эркек мусулман жеке өзүнүн гана төшөк жыргалын ойлобой, сөзсүз түрдө айалынын да кумарын кандырышы керек экен. Билермандардын эсебинде, эркектин башкы муктаждыгы - урматтоодо, ал эми ургаачынын муктаждыгы - сүйүүдө. Бирок адамды урматтоого да, сүйүүгө да мажбурлоого таптакыр мүмкүн эмес. Бу сезимдерди тынымсыз аракеттин натыйжасында гана жеңип алса болот. Пайгамбарыбыз (саллолаллохувассалам): "Жубайың менен жупташуу садага бергенге барабар", - деген экен.
Сексти садагага айландырган күч кайсы? Эмне үчүн биз бир учурда жазаланып, башка бир учурда бизди Аллахтын сыйлыгы күтөт экен? Сексуалдык турмушту жөн эле ыйкашып түшүрүүдөн артыгыраак нерсеге айлантууга тырышуу керек. Өнөгүңүзгө камкордук көрүү менен, Аллахтын ырайымын аласыз. Муну түшүнбөгөн эркек эч убакта айалынын толук урматтоосуна жете албайт.
Бир да бир жубай өзүнүн түгөйүнө жагымсыз же үйбүлө турмушуна каршы келген аракеттерди жасабаш керек.
Бүгүн ар бир мусулман өз айалына карата укуктарга эгедер экенин билет. Бирок никах мейли эркекти болсун, мейли айалды болсун, үйбүлөдөн тышкары жактан төшөк ырахатын издебешин талап кылаарын дайыма эске тутуп жүрүшкөнү дурус. Ошондуктан күйөөсү айалында да өз каалоолору жана муктаждыктары бар экенин дайыма унутпашы керек, антпесе, ургаачысын канааттандырбаса ал күнөөгө батат.
...Күйөөсү айалын баардык жагынан, төшөк жаатынан да бактылуу жана ыраазы кылууга умтулушу керек. Так ошондой эле күйөөсүнүн төшөк муктаждыктарын кандырып туруу ар бир айалдын маанилүү милдети. Жубайлардын бири да жүйөөлүү себептерсиз түгөйүнүн төшөк мүдөөсүн четке какпашы керек.
Эркекти рахатка бөлөө жагынан өз милдетин аткарып салуу ургаачыга опоңой: ал муну көңүлү чаппаса деле жасай алат. Бирок эркек айрым учурда ургаачыны ырахатка бөлөө жагынан бир топ кыйналып калышы мүмкүн, андыктан ар бир мусулман муну эске ала жүрүшү керек жана айалына жакшы мамиле жасоо анын башкы милдети болорун унутпаганы дурус..
Фикхтерди (мыйзамдарды) жакшы билгендердин айтымында, ургаачылардын купуя органдары дайыма коргоого (тахсин) муктаж экен. Айалын ырахатка бөлөйүн деген эркек бу жагдайды унут калтырбай, айалын жубайлык турмуштан канааттанбай, ойноштук кылып кетүү (зина) азгырыгынан дайыма сактап жүрүү милдетин унутпашы керек.
Мусулман айал сезимталдыктан куржалак калгыдай, эринин гана дене муктаждыгын кандыргыдай "жара тилген керчөө" эмес. Айал денесинде да жан деген болот, анысы Аллахтын алдында эркектин жаны менен бипбирдей деңгээлде. Айалзатында ашкере назик жана сезимтал жүрөк бар. Орой мамиле айалдын назик сезимин жаралап, тунук сүйүүсүн талкалап салышы мүмкүн. Күйөөсү айалынын табигый темпераментин (делебесин) байкамаксанга салып, жеке кумарын гана кандырууга умтулган эгоизмге (өзүмчүлдүккө) басым жасашы бери дегенде адепсиздик жана акылсыздык болор эле. Пайгамбар (САВ) хадисте: "Үч нерсе адамды жарымжан кылат. Биринчиси - таанышайын деген адамына жолугуп, бирок анын аты-жөнүн, тегин сурап калбай коштошкондо. Экинчиси - өзүнө кылган марттыктан баш тартканда. Үчүнчүсү - айалы менен жупташып, бирок айалы ага деген кумарын кандыра электе өз кумарын кандыра салып туруп кеткенде" , - деген экен.
Курандагы "Айалдарыңар силердин эгин талааңар" деген ажайып сөздөрдү эстейличи. Бу салыштыруу өз үлүш жерин бапестеп, камкордук көрүп жаткан баба-дыйканды эске салат.
Жогорудагы сөздөргө кайдыгер карап, айалды жупташуу жыргалына алдын ала даярдабай, же жупташуу соңунда айалдын чаңкоосун кандырбай жарымжан калтыра бергенде, айал бара-бара психологиялык жана физиологиялык олуттуу көйгөйлөргө кабылышы мүмкүн жана бу жагдай аларды кийин мерестикке кириптер кылып, дагы далай башка сыркоолорго чалдыктырат.
Анан эле бир күнү күйөөсү өз айалын мерес деп, анын эркелетүүсүнө жооп бербеген (жанагы сыналгыдан көрүп жүргөн озондогон айалдарга окшобой..) дөңгөч дей баштайт. Айалы болсо алардын ортосун кайсы кара мышык аралап кеткенин түшүнбөй, күйөөсүнүн мамилесине ого бетер кыжаалат боло берет..
Аллах эркек менен айалды бир эле жандан жаратты (7:189). Ал андан "(анын күйөөсү) жоошуй турган жубайды жаратты", тактап айтсак, кайгыга жана иренжүүгө батпай, тескерисинче, ошо түгөйдөн жан жыргаткан бейкуттукту тапсын деди. Эгер никеңер жан кашайткан тозок отуна айланып кетсе, анда никени "ишенимдин жартысы" деген лакапты эстегиле. Анан ойлонуп көргүлө: өзүңөрдү ишенген адам дей аласыңарбы..
Хадисте айтылгандай: "Бир да бириңер өз айалыңарга айбанчасынан секирип кирбегиле. Адегенде ортоңорго элчи түшүш керек", - дептир Пайгамбар (САВ). "Кайсыл элчи?" - деп сурашканда, Пайгамбар (САВ): "Өбүшүүлөр жана сөздөр", - деп жооп кайтарган экен...
Демек, чү деген эле жерден секирип кирбей, адегенде сылап-сыйпап, өбүшүп-жытташып, айалга жан эргиткен сөздөрдөн айтып жибитип, андан соң гана жупташууга өтүш керек экен...




Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan