ДОЗВОЛЕННОЕ И ЗАПРЕТНОЕ
Что такое хорошо и что такое плохо
Как уже отмечалось, в исламском обществе сексуальные отношения регулируются четкими религиозными предписаниями, которые поощряют любовь и секс в законном браке и осуждают всякие отношения людей "нетрадиционной сексуальной ориентации". Ислам допускает и одобряет сексуальную и любовную активность, предоставляя мусульманам право удовлетворять свои физические и социально-психологические потребности путем заключения шариатского брака. Ислам запрещает кровосмесительство, гомосексуализм, лесбиянство, зоофилию, педофилию, некрофилию, садомазохизм, а также анальный секс и налагает за их совершение на мусульман различные наказания.
В вышеназванных рамках, санкционированных Исламом, мужчина и женщина могут реализовывать свои сексуальные потребности без всяких ограничений или стеснения. Об этом сказано в Коране. Смысл этого установления проясняется аятом: "А теперь прикасайтесь к ним и ищите того, что предписал вам Аллах" (2:187). Это подтверждается другим аятом: "Ваши жены - нива для вас, ходите на вашу ниву [как] пожелаете" (2:223).
Академик И. Крачковский перевел слово "как" словом "когда", придав тем самым неверный смысл. По мнению И. Крачковского, в данном аяте речь идет о частоте и времени полового сношения между мужчиной и женщиной. Но во всех комментариях (тафсирах) мусульманских ученых к Корану подчеркивается, что в данном аяте говорится о разновидностях полового акта, то есть "как пожелаете" [овладеть], а не "когда пожелаете".
Этот аят был ниспослан в первые месяцы хиджры, когда Пророк (мир ему и благословение Аллаха) и его сподвижники покинули Мекку и переселились в Медину. Многие их них ушли из Мекки в одиночку, без жен. В Медине они вступали в брак с местными женщинами. Однако вскоре начались разногласия.
Дело в том, что мекканские мужчины издревле были известны тем, что предпочитали в сексуальных отношениях разнообразные позы, а это не было принято в Медине. Мединские жены мухаджиров отказывались от мекканских "новшеств", суеверно боясь, что зачатые непривычным образом дети родятся косоглазыми.
Дело дошло до Пророка Мухаммада (мир ему и благословение Аллаха). Судя по сообщению Абу Дауда, приведенного в тафсире к Корану, составленном Ибн Касиром, именно в связи с этим событием на него снизошло откровение от Аллаха в виде аята: "Ваши жены нивы для вас, ходите на вашу ниву, [как] пожелаете" (2:223). Затем Пророк (мир ему и благословение Аллаха) разъяснил мусульманкам, что в половой жизни дозволены различные позы.
Взгляды мусульманских религиозных авторитетов, которые пытались разработать хотя бы минимум правил сексуальных отношений, хорошо выразил аль-Газали в небольшом произведении "Счастливый мусульманский брак". Он пишет, что мусульманин перед совершением полового акта с женщиной должен произнести: "Бисмиллахир-рахманир-рахим" (Во имя Аллаха, Милостивого ко всем на этом свете и лишь для верующих в День Суда), затем прочитать суру "Аль-Ихлас" ("Очищение") из Корана и дуа-мольбу с просьбой к Всевышнему дать ему хорошее потомство и уберечь от шайтана. Далее следует: "И если приблизится момент эякуляции, то скажи про себя, не размыкая губ: "Слава Аллаху, который создал из воды человека". Не следует находиться головой в сторону киблы (направление на Каабу) во время полового сношения из уважения к Каабе. Мужчина и женщина должны прикрываться чем-либо, так как Пророк Мухаммад (мир ему и благословение Аллаха) укутывался с головой во время сношения с женами и говорил им: "Тебе следует сохранять молчание" (приводится от Абу Мажиха)".
Однако другие ученые несколько иначе рассматривают данный вопрос. По их мнению, недостаточно подтверждено происхождение хадиса от Пророка (да благословит его Аллах и приветствует) о желательности накрываться одеялом и сохранять молчание во время занятий сексом. А значит, он не носит категорического характера.
Например, доктор Мухаммад Усман аль-Хашит, подготовивший вышеупомянутые сочинения аль-Газали к печати, пишет, что совершение сексуального акта в обнаженном виде не противоречит Сунне Пророка (мир ему и благословение Аллаха), ссылаясь на доктора Абдуллу аль-Кадира. Последний утверждал: "Быть ли партнерам обнаженными или нет, это зависит от их вкуса и не противоречит Сунне. Ведь в Коране сказано: "Ваши жены нива для вас". Также есть хадис о Пророке Мухаммаде (да благословит его Аллах и приветствует) и его молодой жене Аише (да будет доволен ею Аллах), которые вместе мылись, то есть находились друг перед другом нагими. Следовательно, нет препятствий и для половых сношений в обнаженном виде".
В любом случае, данный вопрос относится к категории рекомендуемых предписаний, и несоблюдение его верующим не считается грехом.
Ильшат Насыров,
кандидат философских наук,
докторант Института философии РАН
|
|
АДАЛ жана АРАМ
Жакшы деген эмне жана жаман деген эмне
Ислам коомунда сексуалдык мамилелер так жазылган диний жоболор менен тескелет. Алар мыйзамдуу никедеги сүйүү жана сексти кубаттап, бирок "салтка сыйбаган сексуалдык багыттагы" адамдардын баардык байланыштарын кескин айыптайт. Ислам сексуалдык жана ашыглык аракеттерге жол берет жана колдойт. Бирок мусулмандар өздөрүнүн денелик жана социалдык-психологиялык муктаждыктарын кандыруу укуктарын шарият жоболорунун чегиндеги никенин негизинде гана ишке ашыра алышат. Ислам кан бузууга (биртуугандар ортосундагы жупташууларга), гомосексуализмге, лесбийчиликке, зоофилияга, педофилияга, некрофилияга, садомазохизмге, жана да аналдык секске катуу тыюу салып, андайды жасаган мусулмандарга ар кандай жазаларды колдонот.
Ислам уруксат берген жогорудагыдай алкактын ичинде эркек менен ургаачы өздөрүнүн сексуалдык муктаждыктарын эч кандай чектөөлөрсүз жана кысымсыз ишке ашыра алышат. Бу жөнүндө Куранда кашкайта жазылган. Жогорудагы айтканыбыз, мисалы, Курандын: "Айалдарыңар силердин эгин талааңар, эгин талааңарга каалаганыңардай кире бергиле", (2:223) деген айаты менен далилденет.
Академик И. Крачковский " кандай " деген суроону " качан " деген суроо менен алмаштырып, айаттын маанисин теңирден тескери буруп салган. И.Крачковскийдин оюнда бул айатта сөз эркек менен айалдын ортосундагы жупташуунун саны жана мезгили жөнүндө болуп жаткан имиш. Бирок мусулман аалымдарынын Куранга берген баардык түшүндүрмөлөрүндө (тафсирлерде) жогорудагы аятта сөз жупташуу түрлөрү жөнүндө жүрүп жаткандыгы баса белгиленет. Демек, биерде сөз "качан жана канча каалаганыңарда" эмес, "кандай кааласаңар, ошондой жупташа бергиле" деген мааниде айтылып жатат.
Бул айат Пайгамбар (САВ) жана анын шериктештери Меккеден чыгып, Мединага көчкөндүн (хижранын) алгачкы айларында түшүрүлгөн экен. Көпчүлүк шериктештер Меккеден айалдары жок, жалгызбой чыгып кетишиптир. Алар Мединага келгенде жергиликтүү айалдар менен никелешет. Бирок көп өтпөй араздашуулар башталыптыр.
Себеп дегенде меккелик эркектер эзелтеден бери төшөк байланышында ар түрдүү ыкмаларды колдонуп келишкен, бирок андай ыкмалар Мединада жат экен. Мухажирлердин мединалык айалдары меккелик "жаңылыктардан" караманча баш тартышып, мындай ыкмадан бойго бүткөн балдар чалыр төрөлүп калат деп коркушуптур.
Бу жагдай Мухаммед Пайгамбарга (САВ) да жетет. Ибн Касир түзгөн тафсирде келтирилген мисалдагы Абу Дауд билдиргендей, так ушул жагдайга байланыштуу Аллахтын ага жиберилген жаңы айатында: "Айалдарыңар силердин эгин талааңар, эгин талааңарга каалаганыңардай кире бергиле", (2:223) - деп айтылат. Андан соң Пайгамбар (САВ) аердеги мусулман айалдарга жыныстык турмушта ар кандай ыкмаларды (позаларды) колдонсо боло берээрин жакшылап түшүндүрөт.
Кантип жупташуу керек
Аль-Газали өзүнүн "Бактылуу мусулман никеси" деген чакан чыгармасында мусулман диний авторитеттеринин жок дегенде сексуалдык байланыштардын мерчемдүү жоболорун иштеп чыгуу мүдөөсүн чагылдырып кетиптир. Анын жазгандарына карасак, айалы менен жупташаар алдында ар бир мусулман "Бисмиллахир-рахманир-рахим" ( Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен ) деп угуза келме келтирип, андан соң Курандын "Аль-Ихлас" ( "Тазалануу" ) сүрөөсүн окуп, анан Жаратканга "Жакшы тукум берегөр жана шайтандын азгырыгынан сакта" деп дуа келтириши керек экен. Андан ары ал китепчеде мына булар жазылыптыр: "Урук түшөөрүнө жакындап калганда: "Адамды суудан жараткан Аллахка шүгүр" деп ичиңден, эриндериңди кыбыратпай ыраазылык билдир. Жупташып жатканда кыбыланы сыйлап, башыңды Каабага каратпаганың дурус. Эркек менен ургаачы бир нерсе жамынып алышканы жөн, анткени Мухаммед Пайгамбар (САВ) айалдары менен жупташып жатканда башын кошо чүмкөнүп алчу экен да, айалдарына: "Үн чыгарбаганга аракеттен" деп эскертчү экен (Абу Мажиктин айтымында)" .
Бирок башка аалымдар бу маселеге бираз башкача көз карашын билдирет. Алар Пайгамбардын (САВ) жупташып жатканда чүмкөнүп алуу жана жупташуу учурунда үн чыгарбоо жөнүндө айткандарынан күмөн санашат. Демек, бу жагдай сөзсүз ушундай болушу керек дегендикке жатпайт.
Мисалы, аль-Газалинин жогорудагы чыгармасын басмага даярдаган доктор Мухаммад Усман аль-Хашит жупташууну жыпжылаңач жасоо Пайгамбардын (САВ) Суннасына каршы келбейт деп жазат. Биерде ал доктор Абдулла аль-Кадирдин мына бул сөздөрүнө таянат: "Өнөктөштөр жыпжылаңач болушабы же жокпу, алардын табитине жараша болот жана ал Суннага каршы келбейт. Куранда жазылып жатпайбы "Айалдарыңар силердин эгин талааңар", деп. Ошондой эле Пайгамбар Мухаммед (САВ) жана анын жаш айалы Айшанын (Аллах ыраазы болсун) биргелешип жуунуп жатышкандыгы, демек, бири-биринин алдында жылаңач турушкандыгы жөнүндө да хадис бар. Демек, жыпжылаңач жупташууга эч кандай тоскоолдук жок".
Эмнеси болсо да, бу маселе сунушталуучу жоболорго кирет жана аны момундар аткарбай койсо эч кандай күнөөгө батышпайт.
Ильшат Насыров,
философия илимдеринин талапкери,
ОИА (Орусия илимдер Академиясынын) философия институтунун докторанты
|