Оральный секс
По поводу дозволенности оральных ласк в Исламе существуют различные мнения. Одни исходят из принципа "разрешено все, что не запрещено", ссылаясь при этом на смысл аята: "Ваши жены - нива для вас, ходите на вашу ниву, как пожелаете, и уготовывайте для самих себя, и бойтесь Аллаха..." (2:223). Известны лишь два запрета, говорят они. Первый содержится в Коране - это запрет на половое сношение во время месячных: "Отдаляйтесь же от женщин при менструациях и не приближайтесь к ним, пока они не очистятся" (2:222).
О втором запрете говорится в нескольких хадисах Пророка (да благословит его Аллах и приветствует), и он касается анального секса (о чем будет сказано отдельно). Таким образом, прямого запрета на оральный секс в Исламе нет.
Вместе с тем, оральный секс (если он не исчерпывается стимуляцией) может быть связан с попаданием в рот женщины спермы мужчины и его мадхи (выделений желез перед семяизвержением) или же, соответственно, выделений женских половых желез в рот мужчины. В отношении чистоты спермы среди улемов нет единого мнения. Некоторые считают ее чистой, подобно слюне или молоку матери, другие отказывают ей в чистоте, сравнивая с кровью и мочой.
Другая точка зрения сводится к тому, что оральный секс унизителен для человека и является таким актом, "который не совершают даже самые низкие животные" (муфтий Ибрахим Десай из Южной Африки). Она основана на том, что голова человека и его рот - это возвышенные части тела. Рот и язык служат нам для поминания Аллаха, поэтому их использование для того, чтобы доставить сексуальное удовольствие своему супругу или супруге унижает человека. Вместе с тем в таких рассуждениях просматривается отношение к сексу как к чему-то грязному и недостойному. Но ведь человек был создан из семени, и Аллах поместил зародыш в утробу матери для того, чтобы он мог получить полноценное развитие: "Разве не был он каплей из семени источаемого?" (75:37); "Он творит вас в утробах ваших матерей, одним творением после другого в трех мраках" (39:6).
Есть еще один аргумент, встречающийся в трудах некоторых исламских ученых. Они говорят, что есть только одно определенное место, куда должно попадать мужское семя, - это вагина. Аллах именно так создал человека, он предусмотрел это для того, чтобы человеческий род мог продолжаться. В данном случае сравнение с нивой приводится как доказательство следующего утверждения: зерно должно попасть в землю, чтобы из него впоследствии вырос урожай ("уготовывайте для самих себя").
Вот еще примеры мнений исламских ученых, касающихся орального секса: "Оральный секс допустим с согласия обоих супругов при условии, что в рот не попадает никакая жидкость" (Аятолла Али Систани).
"Что касается орального секса, то он допустим только как прелюдия к половому акту и стимуляция" (шейх Ахмад Кутти). Шейх Кутти пишет: "Ученые считают, что оральный секс с намерением добиться извержения семени мужа в рот жены - макрух (нежелательное действие). Это утверждение основано на взглядах мусульманских юристов, считающих нечистыми сперму и мадхи. Если во время занятия оральным сексом все-таки происходит семяизвержение, то супругам необходимо совершить полное омовение - гусль, если же нет, то достаточно малого омовения - вуду.
Среди основателей четырех школ исламской юриспруденции есть расхождение во мнениях о том, является ли семя (мани) чистым или же нет. В то время как имамы Абу Ханифа и Малик считают семя нечистым (наджас), имамы Шафи'и и Ахмад не разделяют этой точки зрения. Однако все они настаивают на том, что семя необходимо смыть, если оно влажное, или же соскрести с тела, одежды или других предметов, на которые оно попало, если оно уже высохло.
Если во время занятия оральным сексом семя попало в рот, то рот необходимо прополоскать. В любом случае нельзя глотать семя".
Доктор Музаммил Сидцики,
президент Исламского общества
Северной Америки - /SNA
|
|
Оралдык секс
Oral - француз тилинен которгондо "ооз көңдөйү, ооз тегереги, оозго байланыштуу аракеттер". Исламдагы оозго байланыштуу эркелетүүлөр боюнча ар кандай пикирлер жашап келет. Кээбири "тыюу салынбагандын баарына - уруксат" деген аныктаманы карманышат. Булардын таянганы - Курандын: "Айалдарыңар силердин эгин талааңар, эгин талааңарга каалаганыңардай кире бергиле", (2:223) деген айаты. Булардын айтымында, болгону эки гана тыюу бар экен. Биринчиси Куранда камтылган - айалдын этек кири келип жатканда кошулууга салынган тыюу: "Этек кири келип жатканда айалдардан оолак болгула жана алар таза болгуча аларга жакындабагыла" (2:222).
Экинчи тыюу жөнүндө Пайгамбардын (САВ) бир нече хадистеринде айтылат, жана ал аналдык ( anal - көтөн көңдөйү, көтөн чучугуна байланыштуу) секске байланыштуу (ал жөнүндө өзүнчө сөз болот). Ошентип, оралдык секске Исламда тикелей тыюу жок экен.
Бирок оралдык секс учурунда (эгер ал дүүлүктүрүү менен эле чектелбесе...) айалдын оозуна эркектин эрендиги же мадхи (урук атылаар алдындагы бөлүнүп чыгуучу суюктук) тамып кетиши мүмкүн. Же эркек айалдын жанжерин соруп жатканда айалдын денесинен бөлүнүп чыккан суюктуктар эркектин оозуна тамып калат. Эрендиктин же айалдын суюктугунун тазалыгы тууралуу аалымдарда бир пикир жок. Айрымдары бу суюктуктарды шилекей же эне сүтү сыяктуу эле таптаза дешсе, башкалары кан менен сийдикке салыштырышып, таза эмес деп аныкташат.
Ал эми түштүк африкалык муфтий Ибрахим Десайдын аныктамасында, оралдык секс адам үчүн жеткен ыплас имиш, себеби атүгүл айбандардын эң төмөнкүлөрү да мындай ишке барышпайт экен. Бул ойду жактагандардын айтымында, адамдын башы жана анын оозу - дененин эң ыйык бөлүктөрүнөн экен. Ооз менен тил бизге Аллахты түшүнүү үчүн берилиптир, андыктан буларды жубайлар бири-биринин төшөк кумарын кандыруу үчүн пайдаланышы бери болгондо адамдын адамдыгын кемсинтет экен..
Жогорудай ой-жүгүртүүлөрдү байкап көрсөк, булар секс дегенди кандайдыр бир ыплас жана жийиркеничтүү нерсе катары берип жаткансыйт. Бирок адам өзү уруктан жаралбады беле, Аллах түйүлдүктү эненин жатынына жайгаштырганда, аерден толук кандуу өсүп-өнүксүн деген эле да: "Атырылган эрендиктин бир тамчысы эмес беле?" (75:37); "Ал силерди энеңердин ичинде, бир жаратыштан кийин экинчисин үч караңгылыкта жаратат" (39:6).
Айрым бир ислам аалымдарынын эмгектеринде учурап калчу дагы бир аргумент бар. Алардын айтымында, эрендик бир гана атайын белгиленген жерге - ургаачынын кынына түшүшү керек. Аллах адамды так ушинтип жараткан, ал мындай кылган себеби - адам тукуму улансын дегени. Бу жагдайдан алганда эгин талаага салыштыруу биерде уруктун (эрендиктин) сөзсүз жер кыртышына (өсүп-өнүгө турган жерге) түшүп, андан кийинчерээк түшүм өсүп чыккыдай болушунун далили катары берилип жатат ( "өзүңөр үчүн даярдагыла" ).
Ислам аалымдарынын оралдык секске байланыштуу мынакей дагы бир нече пикирлери: "Оралдык секске эрди-катын экөөнүн тең макулдугу менен гана уруксат берилет жана оозго эч кандай суюктук түшпөшү керек" (Аятолла Али Систани).
"Оралдык секске келсек, ал тек гана жупташууга даярдык катары колдонулушу керек" (шейх Ахмад Кутти). Шейх Кутти: "Аалымдардын оюнча, оралдык сексти күйөөсү эрендигин айалынын оозуна чүчүтүү максатында пайдаланам десе, анда бу макүрөө (жагымсыз аракет)", - деп жазат. - Бул аныктама эрендик менен махдини арам дешкен мусулман юристтеринин көз караштарына негизделген. Оралдык секс учурунда баары бир эрендик айалдын оозуна атып кетсе, анда жубайлар толук даарат (гусл) алышы керек. Эгер андай мүмкүнчүлүк жок болсо, анда чайканып (вуду) коюшса деле болот.
Ислам юриспруденциясынын төрт мектебин негиздегендердин арасында эрендиктин (мани) адал же арам экендигин аныктоодо ача пикирлер бар. Имамдар Абу Ханифа менен Малик эрендикти таза эмес (нажас) дешсе, имамдар Шафи'и менен Ахмад алардын бу пикирине макул эмес. Бирок булардын баары эрендик суюк кезинде жууп салыш керек, ал эми денеге, кийим-кечеге же башка нерселерге тийип кургап калса, аны кырып тазалаш керек дешет.
Эгерде оралдык секс жасап жатканда эрендик оозго түшүп калса, оозду сөзсүз чайкаш керек. Айтор, эрендикти жутпаш керек".
Доктор Музаммил Сидцики,
Түндүк Американын
Ислам коомунун президенти
|