Мастурбация
Тяга к мастурбации возникает из-за неудовлетворенной сексуальной потребности. Большинство улемов считают мастурбацию харамом. При этом они ссылаются на аят о богобоязненных мусульманах, "которые хранят свои члены, кроме как от жен и того, чем овладела десница их, - ведь они не встретят упрека, а кто устремился на это, те уже нарушители" (23:5-7). Так, имам Малик утверждал, что мастурбация означает именно "устремление на это". С ним был согласен и имам аш-Шафи'и. Также Посланник Аллаха (мир ему и благословение) сказал: "Семь человек, на которых Аллах не смотрит в Судный день… и тот, кто занимается мастурбацией" (Тирмизи).
С другой стороны, были и те, кто, подобно имаму Ахмаду Ибн Ханбалу, рассматривал семя как естественное выделение человеческого тела. По их мнению, оно ничем не отличается от других выделений, и мастурбация разрешена точно так же, как разрешено кровопускание. Той же точки зрения придерживался Ибн Хазм. Однако юристы ханбалийской школы допускали мастурбацию лишь в случае, если соблюдались два условия: во-первых, молодой человек вынужден был прибегнуть к ней из страха совершить прелюбодеяние, и во-вторых, у него не было средств жениться.
В своей книге "Разрешенное и запрещенное в Исламе" шейх Юсуф апь-Кардави пишет следующее: "Мы склоняемся к точке зрения имама Ахмада в той ситуации, когда есть сексуальное возбуждение и опасность совершения запретного. Например, молодой человек уезжает за границу учиться или работать и там сталкивается с искушениями, которым, как он опасается, он будет не в силах сопротивляться. В таком случае он может прибегнуть к этому средству, чтобы снять сексуальное напряжение при том условии, что все будет сделано в виде исключения и не войдет в привычку.
Однако лучше следовать тому совету, который дал юношам, не находящим возможности вступить в брак, Пророк (да благословит его Аллах и приветствует): прибегать к посту, поскольку пост тренирует силу воли, учит держать под контролем свои желания и укрепляет богобоязненность. Передают, что Пророк (да благословит его Аллах и приветствует) сказал: "О юноши, тот из вас, кто может жениться, пусть женится, поскольку это избавляет от стремления смотреть на запретное и от искушения впасть в прелюбодеяние. Если же кто-то не может жениться, пусть соблюдает пост, поскольку пост - щит против зла"".
Исламские ученые дают следующие советы:
- Соблюдайте пост, поскольку он укрепляет веру, помогает хранить целомудрие и защищает от нехороших мыслей.
- Будьте умеренными в еде и питье для того, чтобы лишний раз не стимулировать половое влечение.
- Держитесь подальше от всего, что повышает влечение, например, от порнографических материалов, эротических фильмов и песен о любви.
- Выбирайте хороших и праведных друзей.
- Уделяйте больше времени молитвам и другим актам поклонения.
- Займитесь какой-нибудь общественно-полезной деятельностью, которая будет отвлекать вас от мыслей о сексе.
- Избегайте тех мест, где мужчины и женщины находятся в физическом контакте.
- Избегайте чересчур мягких постелей, которые навевают мысли о сексуальных удовольствиях.
- Старайтесь больше любоваться окружающей вас природой - цветами, облаками, красивыми видами, которые не вызывают сексуального желания, вместо того чтобы смотреть на женщин и девушек.
Если эти советы помогли вам, то вам запрещается прибегать к мастурбации. Однако если вы не можете обрести покоя иначе, как прибегнув к ней, если вы боитесь, что без этого можете поддаться соблазну совершить прелюбодеяние, тогда руководствуйтесь правилом: "меньшее зло допустимо с целью предотвращения большего", поскольку мастурбация все же лучше прелюбодеяния. Однако мы хотим подчеркнуть, что вы можете прибегать к ней лишь из необходимости, в том случае, если испробовали все остальные средства.
Итак, учитывая, что существуют разные точки зрения, касающиеся мастурбации, лучше все-таки считать ее как минимум нежелательной. Например, нежелательны проявления негативных эмоций - гнева, раздражительности, ненависти - на людях. Однако в некоторых случаях, в виде исключения, подобные вещи являются допустимыми.
|
|
Мастурбация - чүчүтүү
Чүчүтүүгө умтулуунун башкы себеби, албетте, сексуалдык канааттанбагандыктан келип чыгат. Көпчүлүк аалымдар чүчүтүүнү арам деп эсептешет. Алар бу чечимдерин "Момундар" сүрөөсүнүн: "5. дене кумарынан карманышат; 6. жубайлары менен күңдөрүнөн гана кумарларын кандырышат - минткенде аларды Биз күнөөлөбөйбүз; 7. ал эми кумарлары ушул чектен ашып түшкөндөр - алар күнөөлүүлөр" (23:5-7) деген айттары менен негиздешет. Алсак, имам Маликтин аныктоосунда "ушул чектен" деген сөзайкашы так ошо чүчүтүүнү билдирет экен. Имам аш-Шафи'и анын оюна кошулат. Аллахтын Расулу да (ага тынчтык жана бата болсун): "Кыямат Кайымда Аллах карабай турган жети кишинин бири - чүчүтүп жаткан адам" деп айткан экен (Тирмизи).
Бирок башка жагынан алып караганда, имам Ахмад Ибн Ханбал жана анын жактоочулары айтышкандай, урук дегениң адам денесинен бөлүнүп чыгуучу табигый бөлүнүүлөрдөй экен. Алардын ою боюнча урук башка бөлүнүп чыгуулардан эч нерсеси менен айрымаланбайт жана чүчүтүү дегенибиз түкүрүк, шилекей, кан чыгаруу сыяктуу эле уруксат берилген нерсе. Ибн Хазм да так ушул пикирди колдойт. Бирок Ханбал мектебинин юристтери чүчүтүүнү эки гана шарттын сакталган кезинде мүмкүн деп эсептешет экен. Ал шарттар мына булар:
• биринчиден, жаш жигит ойноштук кылып коюу күнөөсүнөн коркконунан чүчүтүп кирсе, жана
• экинчиден, анын үйлөнүүгө каражаты жок болгондо чүчүтүп жүрсө.
"Исламдагы адал жана арам нерселер" деген китебинде шейх Юсуф апь-Кардави моминтип жазыптыр: "Биз, мисалы, кокус жыныс кумары ашынып, айласы кетип калганда кандайдыр бир арам иштерди жасап жиберүү коркунучу туулган жагдайларда имам Ахмаддын көз карашын бөлүшүүгө даярбыз. Мисалы, жаш жигит четөлкөгө окууга же иштегени кетсин дейли. Анан ал аерден ар кандай азгырыктарга жолугат да, андайларга каршылык көрсөтө албасын сезет. Ушундай учурларда ал жыныс кумарын жандыруу үчүн бир-эки жолу чүчүтүп койсо боло берет. Бирок анын мындай аракети өнөкөткө айланып кетпеши керек.
Бирок биз Пайгамбардын (сав) никеге турууга мүмкүнчүлүгү жок жаш жигиттерге берген орозо кармоо кеңешин сунуш кылат элек. Себеби орозо эрктин күчүн тарбиялайт жана өз кумарын тизгиндеп турууга жардам берип, такыбалыкты бекемдейт. Пайгамбар (сав): "О бозойлор, кимиңердин үйлөнүүгө мүмкүнчүлүгүңөр болсо, үйлөнүп алгыла, ал силерди арам ишке көз артуудан жана ойноштук азгырыгынан сактайт. Кокус кимдир-бирөөлөр үйлөнө албаса, анда ал муктаждык болгондо орозо карап жүрүшү керек, себеби орозо - жамандыкка каршы калканч" деп айтканын мисал келтирип жүрүшөт".
Ислам аалымдары төмөнкүдөй кеңеш беришет:
– Орозо кармагыла, себеби ал ишенимди бекемдейт, пакизалыкты сактоого жардам берет жана арам ойлордон алаксытат.
– Жыныс кумарын ташкындатып жибербеш үчүн тамакта жана ичимдикте ашкере кетпегиле.
– Кумар отун алоолотуп жиберчү нерселерден: мисалы, порнографиялык материалдардан, эротикалык тасмалардан жана махабат ырларынан алысыраак болгула.
– Жакшы жана такыба досторду тандай билгиле.
– Сыйынууга жана ишенимдин башка да аракеттерине көбүрөөк убактыңарды бөлгүлө.
– Секс тууралуу ойлордон алагды кылгыдай коомдук-пайдалуу ишмердик менен алектенгиле.
– Эркек менен айалдар денелик жакындыкта болуп калчу жайлардан качкыла.
– Кумар кыялдарына бөлөп салчу ашкере жумшак төшөктөрдөн да алысыраак болуш керек.
– Аялдар менен кыздарды жалдырап тиктегенден көрө, сиздерди курчап турган айлана-чөйрөнүн кооздугуна - гүлдөргө, булуттарга, кооз көрүнүштөргө көбүрөөк көңүл бургула, себеби алар кумар кылдарын козгобойт.
Кокус жогорудагы кеңештер сиздерге жардам берсе, анда сизге чүчүтүү амалы караманча тыюу салынат. Бирок эгерде чүчүтмөйүн жаныңыз жай албай турган болсо, ансыз ойноштук кылып жиберем деп чоочуласаңыз, анда: "чоң жамандыктан сактаныш үчүн кичине жамандыкка барып койсоңуз боло берет" дегендей эрежени карманыңыз, себеби кантсе да ойноштук кылуудан көрө чүчүтүп салган алда канча дурус. Бирок биз мындай амалга айласыз гана жагдайларда - башка баардык аракеттерди жасап көргөндөн кийин гана барышыңыз керектигин баса белгилеп кеткибиз керек.
Жыйынтыктай келсек, чүчүтүүгө байланыштуу ар кандай көз караштар бар экен, бирок чүчүтүү аракетин бери дегенде жагымсыз деп эсептешибиз керек окшойт. Мисалы, терс кыялдарды - ачууланууну, кыртышы сүйбөөчүлүктү, жек көрүүчүлүктү көрсөтүү да жагымсыз экени ырас. Бирок айрым учурларда андай терс кыялды да көрсөтүп койо турган жагдайлар болуп калат. Анын сыңары, чүчүтүүнү да биротоло чыгарып салууга болбойт.
|