Аборт с исламской точки зрения
Подход исламских ученых к вопросу об аборте является однозначным: все они считают его запретным (харам), за исключением случая, когда и беременность создает угрозу жизни матери (многие улемы также считают дозволенным аборт в случае изнасилования).
В современном мире многие люди, и не только мусульмане, задаются вопросом, является ли аборт убийством. В Исламе ответ на этот вопрос зависит от той стадии, на которой он совершается.
Внутриутробное развитие человека - одно из знамений Аллаха. Об этом неоднократно говорится в Священном Коране: "О люди! Если вы в сомнении о воскрешении, то ведь мы создали вас из праха, потом из капли, потом из сгустка крови, потом из куска мяса, сформованного или бесформенного, чтобы разъяснить вам [это]. И помещаем в утробах, то, что желаем, до определенного срока" (22:5).
"Он - тот, который сотворил вас из праха, потом из капли, потом из сгустка, потом вывел вас младенцем, потом - чтобы вы достигли крепости, потом - чтобы вы были стариками" (40:67).
"Он творит вас в утробах ваших матерей, одним творением после другого в трех мраках" (39:6).
Отсюда видно, что развитие человека в утробе матери можно разделить на три стадии (это впоследствии подтвердили и результаты научных исследований):
1. Оплодотворение яйцеклетки и ее дальнейшее деление (создание из капли).
2. Формирование различных органов и тканей человека из однородной массы (создание из сгустка).
3. Окончательное развитие зародыша (результат - "вывел вас младенцем").
Существует хадис, по которому можно судить, когда у зародыша появляется душа: "Когда проходит сорок ночей после того, как семя попало в утробу, Аллах посылает ангела, [который] придает [зародышу] форму. Затем он создает его способность слышать, способность видеть, кожу, мясо, кости, а затем говорит: "О мой Господь, будет ли он мужчиной или же женщиной?" И твой Господь решает так, как он пожелает, а ангел осуществляет это, а потом спрашивает: "О мой Господь, а что касается его удела?" Господь снова принимает решение, а ангел записывает его". Таким образом, судьба человека уже предопределена, и ничего нельзя ни убавить, ни прибавить. Моментом, когда происходит определение судьбы человека (и тогда же у зародыша появляется душа), считается 120-й день беременности. После этого аборт фактически приравнивается к убийству.
В случае если беременность угрожает жизни матери, аборт допускается как меньшее зло на любой стадии.
Некоторые ученые отдельно выделяют и срок в 40 дней, после которого аборт считается "более запретным" (насколько вообще можно говорить о степени запретности). Это соображение иногда применяют, например, к прерыванию беременности, наступившей в результате изнасилования. Имам аль-Газали считает преступлением против человеческой жизни аборт на любой стадии беременности.
Что касается того случая, когда благодаря использованию новейших методов становится известным, что ребенок родится с аномалиями, то многие ученые допускают аборт лишь при условии, что срок беременности не превышает сорока дней. Кроме того, важно знать, какие именно врожденные заболевания угрожают ребенку. Так, шейх Юсуф аль-Карда-ви пишет, что если речь идет о слепоте, глухоте или немоте, то об аборте не должно быть и речи - ведь были случаи, когда люди с этими физическими недостатками не только становились полноценными членами общества, но и достигали выдающихся результатов в некоторых областях человеческой деятельности. Кроме того, надо помнить и о том, что Аллах посылает верующим некоторые вещи как испытание. В случае если точно установить состояние здоровья будущего ребенка невозможно (а 100 % вероятности сегодня не дает фактически ни один метод исследования), родителям следует надеяться на Аллаха и быть покорными тому, что Он предначертал.
Что касается аборта в случае изнасилования, то, хотя многие ученые и допускают его (на сроке до 40 дней беременности), он ни в коем случае не является обязательным. Считается, что для женщины в этом случае лучше все-таки выносить ребенка, родить и воспитать его. Кроме того, для любого мусульманина считается добродетелью жениться на такой женщине, чтобы поддержать ее морально и материально, а также помочь вырастить будущего ребенка.
|
|
Бойдон алдырууга Исламдын көз карашы
Ислам аалымдарынын бойдон алдыруу маселесине болгон көз карашы бир жактуу: алардын баары кошбойлуулук эненин денсоолугуна коркунуч келтирүүдөн тышкары башка баардык жагдайларда бойдон алдырууну арам деп эсептейт (айрым аалымдар зордукталып калган учурларда да бойдон алдырса болот дешет).
Бүгүнкү дүйнөдө мусулман эмес деле көпчүлүк адамдар бойдон алдыруу өлтүрүү менен барабар эмеспи дегендей суроого жооп издешүүдө. Исламда бул суроого берилчү жооп бойдон алдыруу кайсы мөөнөттө болуп жатканына жараша болот.
Адамдын жатын ичиндеги өнүгүшү - Аллахтын жышаандарынын бири. Бул тууралуу Ыйык Куранда бир нече жолу сөз болот: "Эй адамдар! Эгер силер кайра тирилүүдөн шектенсеңер, анда биз силерди топурактан, андан соң тамчы уруктан, анан уйуган кандан, анан калыптанган же калыптанбаган биз үзүм эттен силерге (муну) түшүндүрүү үчүн жараттык. Анан жатындарга өзүбүз каалаган нерсени белгилүү бир мөөнөткө чейин жайгаштырып койобуз" (22:5).
"Ал - силерди топурактан, андан соң тамчы (уруктан), анан уйуган (кандан) жараткан, анан ымыркай кылып чыгарган, анан силерди эр жеткирип, анан карытып картайткан зат" (40:67).
"Ал силерди энеңердин курсагындагы жаратуулардын улам биринен кийинкисине өтүп, үч караңгылыкта жаратты" (39:6).
Биерден көрүнүп тургандай, адамдын эненин курсагындагы өсүшүн үч баскычка бөлсө болот экен (муну кийинчерээк илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары да далилдеди):
1. Жумуртка клеткасын уруктандыруу жана анын андан аркы бөлүнүшү (тамчыдан жаратуу).
2. Адамдын бирөңчөй массадан ар түрдүү органдарынын жана терилеринин калыптанышы (уюткудан жаратуу).
3. Түйүлдүктүн биротоло өсүп жетилиши (натыйжасы - "силерди ымыркай кылып чыгарды").
Түйүлдүктө жандын качан пайда болоорун боолголоп билсе болчудай бир хадис бар: "Урук ичке киргенден баштап кырк түн өткөндөн кийин Аллах периштесин жиберип, (ал) (түйүлдүктү) калыптайт. Андан соң ал ага угуу жана көрүү жөндөмүн берип, тери, эт, сөөктөрүн жаратат да, андан соң: "О менин Жаратканым, бул эркек болобу же ургаачы болобу?" деп айтат. Анан сенин Жаратканың өзү каалагандай чечет, ал эми периште болсо аны ишке ашырат да, кайра: "О менин Жаратканым, анын келечеги кандай болот?" деп сурайт. Жараткан кайра дагы чечим кабыл алып, периште аны жазып койот". Ошентип, адамдын тагдыры ошондон эле белгиленип койот да, буга эч нерсени кошууга да, мындан эч нерсени алууга да болбойт. Адам тагдырын аныктап жаткан ошол ирмем деп (так ошондо түйүлдүктө жан пайда болот экен) бойго бүтүүнүн 120-күнү эсептелет. Ушул күндөн кийинки жасалган бойдон алдыруу чындап келгенде киши өлтүрүү менен барабар.
Кокус кошбойлуулук эненин өмүрүнө зыян келтире турган болсо, анда бойдон алдырууга азыраак зыян катары баардык мөөнөттө уруксат берилет.
Айрым аалымдар 40 күндүк мөөнөттү өзгөчө белгилешип, андан кийинки бойдон алдырууну "арамыраак" деп санашат (дегеле бойдон алдыруу арамдыгынын деңгээли жөнүндө айта келсек). Мисалы, зордуктап салуунун натыйжасындагы кошбойлуулукту токтотуп, бойдон алдыруунун демейде ушул мөөнөтүн белгилешет. Имам аль-Газали бойдон алдыруунун кайсы мөөнөтү болбосун, адам өмүрүнө каршы жасалган кылмыш деп эсептейт.
Ал эми эң жаңы ыкмаларды колдонуу менен эненин курсагындагы түйүлдүк мүчүлүштөр менен төрөлө турганын билип алууга келсек, мында да көпчүлүк аалымдар кошбойлуулук мөөнөтү кырк күндөн ашпаса гана бойдон алдырууга болот деген пикирде. Андан тышкары, кандай тубаса оорулар наристеге коркунуч туудураарын де эсепке алыш керек экен. Мисалы, шейх Юсуф аль-Кардави эгер сөз сокурлук, дүлөйлүк же дудуктук жөнүндө болсо, анда бойдон алдыруу жөнүндө ооз ачууга да болбойт деп жазат. Себеп дегенде мындай кемчиликтери менен төрөлгөн адамдар кийин коомдун толук кандуу мүчөсү гана болуп чыкпастан, адам ишмердигинин айрым багыттарында залкар натыйжаларга да жетишкен учурлары толуп жатпайбы. Анан калса, Аллах момундарына айрым заттарды сыноо катары да жибериши мүмкүн экенин эстен чыгарбаш керек. Эгерде болочок баланын ден соолук абалын толук билүүгө мүмкүн болбосо (ал эми 100 % чындыкты бүгүн бир да бир изилдөө ыкмасы айтып бералбайт), ата-эне Аллахтын ырайымына таянышы керек жана Ал жазган тагдырга моюн сунууга тийиш.
Ал эми зордуктап салуудан улам чыккан бойдон алдырууга келсек, көпчүлүк аалымдар бойдон алдырууну мүмкүн дешсе да (кошбойлуулуктун кырк күндүк мөөнөтүнө чейин), аны аткаруу сөзсүз эле милдет эмес. Мындай учурларда эне кантсе да баланы көтөрүп, төрөп жана багып чоңойткону парыз делет. Андан тышкары, андай айалды моралдык жана материалдык жактан колдоп, жана да болочок баланы багып өстүрүүгө жардам берүү максатында ал аялга үйлөнүү колунан келген баардык мусулмандар үчүн адал иш экендиги жалпыга маалым болсо керек.
|