Жаштар гезити
№02, 06.06.08-ж.





  САХНА - ШОУ

Кыргыз эстрадасында жаңы ысым
Мэри Шакулина деген ат менен чыгып жаткан таланттуу ырчы кызыбыз талыкпай эмгектенип жаткан кези. Ырчы болууну максат кылып, учурда ойлогон тилегине жетем деп, чыгармачылык менен алп урушуп келет. Улуттук хит парадда жана радиолордо Мэринин ырлары хитке айланып, жылдызы жанып турган убак. Эмне дейбиз, мындан ары да чыгармачылык менен талыкпай эмгектене бер демекчибиз.

Сапардан жаңы клип
Жаш ырчы Сапар Эркебаев чыгармачылыктын үстүндө кызуу эмгектенип, жаңыдан эле "Бу акшам" деген ырына клип тарттырып бүттү. Бул клип жакынкы арада эле биринчи каналда "Браво" берүүсүндө элге тартууланды. Мындан ары да көптөгөн жаңы ийгиликтерди жарата бермекчи. Ал эми май айынын акырында Сапар баштаган бир топ ырчылар түрмөдө жаткан адамдарга кайрымдуулук концертин тартуулап келишти.

Султан Садыралиев тартуулайт
Көпчүлүк кыздардын жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы жигитибиз Султан Садыралиев жакын арада тактап айтканда 12-13-июнда спорт ордосунда күйөрмандарына жагымдуу концертин тартуулоонун алдында турат. Бул концертиндеги жаңылыктарды, өзгөчөлүктөрдү Султандын кечесине барып гана көрө аласыздар.

Жаш куудулдар Токтогулда
Кыргыз эли таланттарга бай келет эмеспи. Анын ичинен куудулдук өнөргө басым жасагандары саналуу гана. Алар жаңыдан гана сахнага чыгып, чыгармачылык менен кызуу эмгектенип жатышкан "Таш түш" тамаша тобу куудулдукту өркүндөтүү максатында, учурда бул куудул жигиттерибиз Токтогул шаарчасына өнөрлөрүн тартуулагыны аттанышты.

Жаш талант Немо: "Жеке бизнесим бар"
Чыгармачылыкка аралашып калуума апам тараптан түрткү болду десем болот. Анткени таякелерим ырга жакын, чыгармачыл инсандар. Мен башында ыр дүйнөсүнө аралаша баштагандан тарта атам жакшы эле каршы болду. Бир күнү эшиктин алдында гитара чертип олтурсам, атам гитарамды сындырып салган эле. Ошол сынган гитарамды көрүп алып, аябай ичим ачышкан. Ырларымдын көбү өзүмдүн калемиме таандык. Баш-аягы сегиз ырым бар. Ал эми учурда өзүмдүн жеке бизнесим менен алек болуп жатам. Спонсорум жок, өзүмдү-өзүм каржылайм.

Бетти даярдага: Майрам МОЛДОБАЕВА




  Микрофон студенттерде

Эки кесипти бир тандаган студенттер
Кыргыз эли байыртадан ыр жандуу келишет эмеспи. Бирок, ошол ырлары канчалык деңгээлде сапаттуу болуп жатат. Бул жагын караган эч ким жок. Ошентсе да жаш таланттардын көбөйүшү, алардын сапаттуу ыр жаздырышы, кийин тарыхта унутулбай калышы биз үчүн чоң сыймык деп ойлойм. Ушундай жаш таланттардын арасында студент жаштарыбыз да жок эмес.

Аскат Субанбеков Улуттук университетинин филология факультетинин 2-курсунун студенти.
Жаш студент Аскат чыгармачылык иш менен ырчылыкты да чогуу ала кетем деген чоң тилеги бар. Учурда "Энекем", "Адашуу" деген ырларды жаздырып, радиолордон берилип жатат. Аскаттын дагы бир өзгөчөлүгү ырчылыктан башка журналисттик кесиптин да даамын татып, гезиттердин биринде эмгектенип жаткан учуру.

Ашыр Осмоналиев учурда чет тилдерин үйрөнүү максатында курстан окуп жаткан кези.
Айчүрөк Иманалиеванын мектебинде окуп, ийгиликтерге жетишкен. Кесиптеши Аскат менен биргеликте "Адашуу" деген ырды дуэт ырдап жатышат. Алдыда бул таланттуу жигиттерибиздин чыгармачылыгына күбө боло алабыз деген үмүтүбүз бар.

Асель "Ажар" кыздар тобунун ырчы айымы.
Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетинин үчүнчү курсунун студенти. Жан дүйнөсү ырга жакын болгондуктан Асель да окуусу менен катар чыгармачылыгын да таштабастан кызуу эмгектенип келе жатат. Ырчы кызыбыздын аткаруусундагы "Калтырбачы көңүлдү жигит" аттуу ырын угуп жүрсөңүздөр керек.

Гүлназ Бакирова, Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетинин төртүнчү курсунун студенти.
Учурда бал тили менен "Миң кыял FM" радиосунун угармандарын өзүнө арбап келет. Ди-джейлик менен ырчылык кесипти бирдей аркалоодон сырткары, окуусунда да ийгиликтерди жаратып келет.

Танзиля Абазбекова, Кыргыз Улуттук университетинин ИМОП бөлүмүнүн экинчи курсунун студенти.
Белгилүү ырчы Айбек Карымов тарткан "Шайтан араба" тасмасында баш каармандын ролун аткарган. Андан сырткары, Сема, Мырзабек Айдаралиев, Айнура аттуу ырчылардын клиптерине өз кызыкчылыгы менен тартылып, алар менен тыгыз байланышта иштешип келет.

Деңиза Досбаева, Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетинде үчүнчү курстун студенти.
"Миң кыял FM" радиосунун дагы бир жылдыздуу ди-джейи, "Браво" берүүсүнүн алып баруучусу, көп кырдуу талант. Андан сырткары окуусун таштап койбостон, көптөгөн жетишкендиктерге умтулуп келе жатат. Группасынын старостасы.




"Тумар" биринчи чыгыш радиосунун алгачкы ди-джейлеринин бири Джолчиев Улан Алмасбекович:
" Укук коргоо кызматкери болом"
- Өзүң жөнүндө кыскача айта кетсең?
- Мен 1985-жылы, 30-июлда Ош шаарында төрөлгөм. Баардык облустарда чоңойдум десем болот. Анткени атам аскер кызматкери. Ошондуктан көчүп конуп жүрүп чоңойгон чыныгы кыргыз мырзасымын.
- Алгач радиого кантип келип калганың тууралуу токтолсоң?
- 2005-жылы ош шаарында "Алмаз" радиосунда иштеп жүргөндө Ташкентте өткөн "Немец толкуну" деп аталган ди-джейлердин семинарына жөнөтүшкөн. Кийин Ташкенттен Германияга жолдомо алып, ал жактан Алексей Сидоров менен таанышып калдым. Ал учурда "Тумар" радиосунун директору, убактымды бош өткөрбөй ал адамдын чакыруусу менен радиого иштеп калдым.
- Сенин ди-джей болушуңа үйбүлөң каршы болгон жокпу?
- Жок тескерисинче мени ата-энем колдоп турушат. Менин биринчи сынчым таенем.

- Өзүңдүн кесибиң башка экен, окууңду бүткөндө кайсынысын тандайсың?
- Бул аябай жакшы суроо болду. Негизи менин радио тармагында иштеп баштаганыма беш жылдын жүзү болуп калды. Нан таап жеген жумушуңдан кетип калган да туура эмес. Башында радиодо иштөөнү хоббим катары көрчүмүн. Ал эми азыр сүйүктүү жумушума айланып олтурат. А бирок, беш жыл билим алган окуунун да үзүрүн көрүш керек да. Буюрса окуумду аяктап алып укук коргоо кызматында иштесем деген тилегим бар.

- Качан бойдокчулук менен коштошоюн деп жатасың?
- Кудай буюрса, окуумду ийгиликтүү аяктап, кыргыздын чыныгы жигиттериндей болуп үйлөнөм.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan