![]() | ![]() Жаштар гезити №05, 19.08.08-ж. |
Кыргыз балбандары Үмүт акталдыБээжин, Кытай: Бээжин Олимпиядасынан дагы бир кубанычтуу жаңылык келди. Биздин балбаныбыз Канат Бегалиев Финалга чыгып алтын медаль үчүн таймашты. Ага атаандаштыкка Стив Гуно чыкты. Финалга чейин өзүнүн үч мен-мен деген атаандаштарын: 1/8 финалында Америка балбаны Жейк Дейчлерди (3:1 балл), 1/4 финалында Украинанын балбаны Армен Варданянды ( 3:1 балл) ал эми 1/2 финалында Болгария балбаны Николай Герговду ( 3:1 балл) жеңип, Финалдан француз балбаны Стив Гуно менен күрөшүп, тилеке каршы, күмүш медалына ээ болуп калды. Кыргызстандын тарыхында бул биринчи күмүш медаль. Канат Бегалиев (Күрөш грек-рим стилинде 66кг га чеийнки салмакта): 2000ж - 1-орун Азия чемпионатынан жаштар арасында; 2001ж - 2-орун Азия чемпионатынан кадеттер арасында; 2002ж - 2-орун Азия чемпионатынан юниорлор арасында; 2003ж - 3-орун Азия чемпионатында; 2004ж - 11-орун олимпиядалык оюндардан (Афина Греция); 2006ж - 2-орун дүйнөлүк чемпионат оюнда; 2007ж - 1-орун Азия чемпионатында; 2008ж - 2-орун Азия чемпионатында; 2008ж - 2-орун Бээжин Олимпиядасында оюндардан. Руслан Түмөнбаев (Күрөш грек-рим стилинде 60кг га чеийнки салмакта): 2004ж - 4 - орун Азия чемпионатында; 2005ж - 3 - орун СНГ Спартакиядасында; 2005ж - 3 - орун Россиянын ачык чемпионатында; 2006ж - 3 - орун Азия оюндарында Доха шаарында ( Катар); 2007ж - 3 - орун Азия чемпионатында; 2008ж - 1 - орун Азия чемпионатында; 2008ж - 3 - орун Бээжин Олимпиядалык оюндарында; Бээжин,Кытай: Руслан Түмөнбаев коло медалга элден биринчи ээ болду. Анын медаль алып келээрине эч ким күмөн санаган эмес. Руслан Түмөнбаевтин атаандашы Куба атуулу Роберто Монзон болгон. Руслан таймаштын башын ийгиликтуу баштап 8:0 менен алга умтулуп экинчи таймашта ишенимдүү чеберчилигин көрсөтө алды. Жыйынтыгында калыстардын чечими боюнча 3:0 упай менен коло медаль кыргыз балбанына ыйгарылды. Ишенгенбиз "Күмүш медаль" алат деп, Ишеничти актап келдиң Канатбек! Жекшемби күнү эртең менен Бээжинде өткөн XXIX жайкы олимпиадасынан капчыктуу кайткан Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевди Бишкек шаарынын мэри Н.Түлеев баш болгон топ, ага-туугандары жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү "Манас" аэрапортунан тосуп алышты. Салт боюнча спортчуларыбызды нан, туз менен оозандырышты. Мекенине жеңиш менен келген спортчуларды биринчи кезекте президенттин атынан Бишкек шаарынын мэри Н.Түлеев куттуктады. Шаар башчысы өз сөзүндө Пекин олимпиадасынан кайтып келген жеңүүчүлөрдү Мамлекет башчысы К.Бакиевдин тапшырмасы менен ушундай жогорку деңгээлде тосуп алып жаткандыгын билдирди. Олимпиада оюндары жеке эле спортко эмес, мамлекеттер аралык саясат менен да байланыштуу. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында олимпиада оюндарында күмүш жана коло медалдарга ээ болуп жатабыз. Пекинде Кыргызстандын желегинин эки жолу көтөрүлүшүндө силердин эмгегиңер зор. Муну менен биздин өлкөнүн оброю көтөрүлүп, дүйнө жүзүнө таанылаарына ишенсек болот - деди шаар башчысы. Кыргызстандын намысын коргоп, дүйнө жүзүнө атын дүңгүрөткөн спортчуларыбыздын ийгилиги бүтүндөй кыргыз журтчулугунун сыймыгы экендигин айгинелеп, Канат менен Русландын ата-энелери уулдарынын жеңишине кубанып, алардын олимпиадага барып катышып келишине мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн колдоолорго өзүлөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти. Ал эми эки балбандын машыктыруучулары М.Ахметов менен А.Молдобаевдин айтымында күмүш медаль менен коло медаль спортчуларыбызга оңой эле тагылып калган жок. Алар талыкпаган эмгеги жана намыскөйлүктөрү менен жетише алышты. Грек-рим күрөшү боюнча 2-3-орундарды ээлешкен Канат менен Русландын өзгөчө кубануу сезимдерине ортоктош болгон эл эки спортчусун бирде асманга карай көтөрүп, бирде "чемпион" деп ураан чакырып, айтор кызуу куттуктап жатышты. Салтанатуу жолугушуу 2 саатка созулду. Учурдан пайдаланып, жеңүүчүлөргө эки ооз суроо берип, жооп алганга жетиштик. Канат Бегалиев, грек-рим күрөшү боюнча 2-орунду алган, "Күмүш медалдын" ээси. - Канат, жеңишиң менен куттуктайбыз. Пекинде туруп медаль тагынганда алгач жүрөгүңдө кандай сезимдер болду? - Чынын айтсам олимпиададан күмүш медаль алганымда эч кандай сезимдерге жеңилген жокмун. Жаңы гана өз өлкөбүзгө учуп келип, эл ушундай шаан-шөкөт менен тосуп алып жатышканда гана жеңишке жетишкенимди сездим. - Жеңиштен соң атың дүйнөгө таанылды. Дегеним, чет өлкөгө чакыруулар болсо барат белең? - Жок. Мен мекенимдин патриотумун. Өз өлкөмдө гана кызмат өтөп, жеримдин даңкын көтөрүүгө аракет кылсам дейм. - Алдыдагы пландарың? - Азырынча эч кандай план жок. Бир айлык эс алуумдан соң ойлонуштурабыз. Руслан Түмөнбаев, 3-орунду алган, "Коло медалдын" ээси - Руслан, ийгилигиң кут болсун. Жеңишке жетишүүңө кимдер себепкер болду деп ойлойсуң? - Тренерим Амеркул Молдобаевдин эмгеги зор. Өз агайыма ыраазычылыгымды билдирип кетпесем болбойт. Мындан тышкары ата-энемдин да таасири бар. Аларга да ырахматымды айтып кетем. - Азыр өзүңдү кандай сезип жатасың? - Аябай кубанып, толкунданып жатам. Ушундай чоң салтанат менен тосуп алууну уюштурган тарапка да ыраазыбыз. Мындан ары да мамлекет үчүн кызмат кылуудан жазбаймын. - Рахмат. Ошентип, эки спортчубузду тосуп алып, жеңиштери менен куттуктап жатканыбызда эркин күрөш боюнча спортчуларыбыз Пекинге карай сапар тартып жөнөп кетишти. Аларга да ийгилик каалап, жеңиш менен келишинен үмүт артабыз. Динар Турдугулова, |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|