Мейман төр Бактылуу үй-бүлөнүн кожоюну…Атабеков Мирбек Бообекович 1986-жылы 11- августа Талас областына караштуу Жонарык айылында туулган. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин экономика бөлүмүнүн төртүнчү курсунда сырттан окуйт. Учурда жеке ырчы. Репертуарында 30тан ашык ыры бар. Хоббиси бильярд ойноо жана музыка угуу. - Мирбек алгач чоң сахнага чыкканың эсиңдеби жана ошол убакта толкунданып, сүрдөдүң беле? - Албетте эсимде, эң алгач мен 2006-жылы 14-февраль махабат күнүнө арналган "Кардио-хит" аттуу концертке катышкан элем. Көптөн бери кафеде ырдап жүрүп көнүп калсам керек сүрдөө деген эмне экенин деле билген жокмун, бирок аудитория чоң болгондугуна байланыштуу, элдин алдына чыгып ырдаганда толкундануу болбой койгон жок. - Жыл башында продюсериң менен коштошуу концертиңди берген элең эми минтип кайрадан иштешип жатканыңдын себеби эмнеде? - Негизинен ушул жылдын 1-апрелинде продюсерим Канат байке экөөбүз түзгөн келишимдин акыркы күнү болчу, мезгил жетип продюсерим коштошуу концертимди уюштуруп бергени эсиңиздерде болсо керек. Кийин карап көрсөм биз Алихан, Даниель, Канат байке менен ар дайым бирге жүрүп бир команда болуп, бири-бирибизге көнүп калган экенбиз, мен да алардан алыстап кете албай туруп алдым. Кыскасыортодо уруш-талаш жок болгондон кийин, кайрадан чогуу иштешүүнү туура көрүп келишимди дагы эки жылга узарттык.. - Биринчи жолу автограф кимге жана кайсы жерден бердиң эле? - Биринчи автографты мен "Сени гана" аттуу ырым менен "Хит Парадка" катышып жатканда, студияга келген кыздарга берген элем жана бул мен үчүн абдан таң калыштуу болгон эле, себеби ал кезде мен кафеде ырдап жүргөнүм менен чоң сахнага чыга элек болчумун. - Адамдын кайсы сапаттарын баалайсың? - Эң биринчи мага ачык мүнөз, ичинде кири жок, ойлогон оюн бетке айткан жана чечкиндүү сапаттагы адамдарды баалайм. - Элибизде "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" деген сөз бар эмеспи, сенин ырчылыктан сырткары дагы кандай өнөрүң бар? - Ырдап, ыр жазгандан сырткары үйдөгү эркектерге тийешелүү иштердин баарын жасай алам. Эми айылда өскөндөн кийин кой союп, кадимкидей очокко от жагып баш-шыйрак куйкалап дегендей, үй жыйнап. Эгер конок келип калса жардамдашып кээде ашканага чейин аралашып кирип кетем. - Окуучулук кездеги кызыктуу окуялардан айта кетсең? - Мектепте окуп жүргөн кезим анда 2-3-класста болуш керек музыка сабагынан берген эжейибиз жаттап келгени ыр жаздырып, кайырмасына келгенде "эки жолу" деген сөздү мен орусча ыр болгондуктан "два раза" деп жазып алып, кийинки сабаккта жаттап келип ошол жазылган боюнча аябай ырдап берип элдин баарын жыккан элем. Көрсө мен "два раза" деген сөздү да обонго кошуп ырдаган экенмин. - Улак тартканды билесиңби? - Негизи мен 6-класска чейин айылда өскөм, бирок улак тартпасам да башка улуттук оюндарды билем мисалы; ат чабыш, кыз куумай. Мен шаарга караганда айылдын жашоо-турмушун баалайм жана кийин балдарымды да айылда өсүшүн каалайм себеби шаарда өскөн бала менен айылда өскөн баланын айырмасы абдан чоң мисалга алсак; айылда өскөн балдар бышык жана чыйрак болушат, ал эми шаарда чоңойгон балдар эрке, эч нерсеге чыдамы жок жана назик болушат. - Жашооңдо өкүнүнгөн күндөр болду беле? - Кудайга шүгүр андай боло элек, тескерисинче эмнени каалап, эмнени максат кылсам ошого акырындап жетип келе жатам деп айтсам жаңылышпайм. Балким кээ бир нерсе болбой калышы мүмкүн бирок, мен бир ишти баштап алган болсом албетте аракеттенип жатып жетем. Кыскасы бул жашоодо эч нерсеге өкүнбөйм. - Алгачкы сүйүүң эсиңдеби? - Менин алгачкы сүйүүм №67 мектепте 9-класста окуп жүргөндө башталган эле, ошондо чогуу окуган классташ кызымды сүйгөн элем. Бирок мен ойлойм ошол сүйүүм чын жүрөктөн чыккан сүйүү болгон деп. Тилекке каршы ал кыз азыр турмушка чыгып өзүнчө үй-бүлө куруп кеткен. - Сүйлөшкөн кызың барбы, болсо качан үйлөнөсүң? - Албетте бар, экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөнүбүзгө алты ай болду, кудай буюрса кийинки жылы үйлөнсөкпү деп жатабыз. - Көчөдөн кыздар көрүп калып, тийишип, автограф сурап калса эмне кыласың? - Эгерде көчөдөн чыныгы күйөрмандарымды жолуктуруп калсам, албетте жакшы мамиле жасап, автограф берип, сүрөткө түшкөндөн качпайм. Себеби мен аларды да абдан сыйлайм жана урматтайм. Мен үчүн аларга убакыт коротуш эч кандай кыйынчылык алып келбейт. - Дүйнөдөгү эң ыйык адамың? - Бул жашоодогу эң ыйык туткан адамым бул менин апам. Анткени апам ушул жарык дүйнөгө жараткан жана менин эң биринчи "фанаткам" деп айтсам жаңылышпайм. Себеби апам, менин жаңы ырым чыкпасын, кайсы концертке катышпайын же кайсы газетага чыкпайын биринчи ошол адам кызыгып бүт жагынан карап бардыгын архивге топтоп, сактап жүрөт. Ар дайым кеңешин берип, кемчиликтерим болсо айтып, колдоп турат. - Ичкиликке кандай карайсың? - Чындыгында ичкиликке анча жокмун, кээде майрамдарда пиво ичип койбосом, арак деген нерседен алысмын. Ушул кезге чейин ичкиликтен пайда көргөн адамды көрө элекмин. - Үй-бүлөңдө чыгармачылыкка жакын адамдар барбы? - Бар албетте өзүмдүн атам Бообек убагында аябай жакшы ырдап ошол жердеги маданият үйүндө иштеп жүрчү экен, тилекке каршы атам мен үч жашымда кырсыктан каза болуп калган эле. Бирок азыр ошол атамдын талантын сыйлаган адамдар Жонарыктагы маданият үйүнө атын Бообек Атабеков деп койгону жатышат, кудай буюрса жазында ремонту бүтүп калса, өзүмдүн колумдан келген салымымды кошуп, белегимди алып ачылышына барып келсемби деп жатам. - Аскердик кызматыңды өтөдүң беле? - Негизи мекенимдин патриоту катары баргым келет, бирок окуума жана чыгармачылыгыма байланыштуу бара элекмин. - Күйөрмандарыңдан алган эсте калган белек? - Белектер абдан көп, кийинки күндөрү оригиналдуу белектер келе баштады. Жакында бир кыздан таң калычтуу белек алганым эсимде, ал мага бир кутуча берген эле, кийин үйгө барып ачып көрсөм, узундугу отуз метрдей, туурасы отуз смдей кагазга менин алгачкы сахнага чыккандан тартып бүт газетадагы, мен жөнүндө жазылган макалалардан бери алып ыр түрүндө жазып чогултуп анан алып келиптир. Дагы бир күйөрман эже мага ар дайым, кайсы концертке катышпайын, ич кийим белек кылат. Жакында дагы Мирбек Иманбековдун концертинде кызыл түстөгү кооз, ич кийим берди. - Кафеде ырдаганды сагындыңбы? - Албетте кээде сагынып калганда, барып ырдап коем. Көбүнчө той, концерттен жана чыгармачылыктан кол бошобойт. - Беш жылдан кийин өзүңдү кандай элестетесиң? - Бактылуу үй-бүлөнүн кожоюну катары деп элестетем. Назгүл Дүйшөналиева |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|