email • архив • редакция  



Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл акыны Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ:
"Кыргыз Туусу" кыргыз интеллигенциясынын куттуу очогу"
Биздин муун азыр улуу муун деп аталып калбадыбы. Биз ушул "Кыргыз Туусун" окуп жүрүп адабиятка келдик. Анткени ырлар, аңгемелер чыгып калчу эле. Биздин чыгармачылыгыбыз үчүн бул гезит чоң тарбия берди, кызмат кылды. Анда гезиттин аты да башка эле. Кийин өзгөрдү, биз дагы чыгармаларыбызды жарыкка чыгарып жүрүп акын катары жетилдик, элге таанылдык. Бул гезитке жашташ, тагдырлаш болдук десек да болот. Дегеле кыргыз интеллигенциясынын куттуу очогу катары кызмат өтөп келген улутубуздун тунгуч гезити. "Кыргыз Туусун" окуганда мен кээде жаштыгымды элестетем. Анткени биздин жаштык курактагы жалындаган ырлар ушул гезит аркылуу жарык көрүп турчу. Биздин калемдештер бири-бирибиздин чыгармабыз чыкканда кубанып, эргүү алчубуз. Ошон үчүн бизге кымбат, кыйбас сезилип, жүрөгүбүзгө жакын, көзүбүзгө жакшы көрүнөт.
Заман бир ордунда турбай, эл менен жер да өзгөрөт эмеспи. Базар экономикасынын тушунда да "Кыргыз Туусу" гезити өзүнүн калыбын жоготпой жарык көрүп келатканы бизди кубандырат. Заманга жараша көптөгөн менчик басылмалар чыгып жатпайбы. Мен ушу "Кыргыз Туусу" менен "Адабий Ала-Тоо" гезитин гана алып окуйм. Макала жазсам да, ыр жазсам да ушул гезиттерге гана берем. Анткени ошого татыктуу деп ойлойм. Мен жогоруда айтканымдай кайсы муундун окурманы болбосун бул гезиттин тарбия берүүчү чоң таасири бар деп айтаар элем. Мындан тарыхты, маданиятты, адабиятты ж.б. өсө турган салттуулукту үйрөнүүгө болот.















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan