Кыргыз Республикасынын Улуттук расмий төл гезити
№37, 23.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Өлкөбүздө 150 миңдей адамдын эмгек сиңирген деген наамы бар. Ал жыл сайын 27 номинацияда миңге жакын жаранга берилүүдө

Ардактуу наамдуулар көп, бирок чыныгы ардактуулар неге аз?
(Башталышы 1-бетте)
2. Оң канаттан сол канаттын айырмасы эмнеде эле?
Бизде эгиздей ээрчишкен эски досторго, ысыктыктары ашкан курбуларга колдонулчу ботонун эки көзүндөй, төөнүн эки өркөчүндөй, куштун кош канатындай деген сыяктуу жакшынакай салыштыруулар бар. Жекече мамилелери кандай болгон, алар жөнүндө аралашып жүргөндөр айтса жарашат бирок, Эстебес Турсуналиев менен Токтосун Тыныбековдун чейрек кылымдай чогуу ырдашып, куштун кош канатындай бир милдетти аткарып,
дайыма алым сабак ырдашып келишкени коомчулукка маалым. Э.Турсуналиев "Сайраса мен да сайрайын, эмгектин эчен балбанын" деп баштаса, аны Т.Тыныбеков: "Эзелтен бери лениндик, ээси эң көп пахтанын", - деп улап, ырдап жүрдү.
Төкмөлүк жактан негизинен экөөнүн таланты бирдей эле. Ага экөөнүн алым сабак ырларын салыштырган жетиштүү болот. Бирок, Токтосун Тыныбековдун артыкчылыгы - ал төкмө гана эмес, баш аягы тогуз жыйнакты жарыялаган жазма акын, ооз комузда мыкты ойногондугу аркылуу союздун лауреаты да болгон, күүлөрдү, айрым обондуу ырларды ийине жеткире аткаргандыгы, өзү да "Мөлмөлүмдөй" ырдуу обондорду чыгаргандыгы менен айырмаланган, элдик оозеки чыгармаларды жыйнап, айтканга да ынтааланып жүргөн ("Кан Шырдактын боз жоргосу") инсан болчу. Экөө чейрек кылымдай чогуу ырдашып, барбаган жерлери, мактабаган эмгек алдыңкылары да калбады.
Ал убакта Эстебес Турсуна-лиев десе Токтосун Тыныбеков, Токтосун Тыныбеков десе Эстебес Турсуналиев эске түшчү. Мындай эмгеги үчүн Э.Турсуналиев Кыргыз ССРинин, СССРдин эл артисти, Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, көптөгөн орден, медалдардын ээси болду. Бирок, арабага чегилген кош аттын, төөнүн эки өркөчүнүн бириндей болгон Т.Тыныбековго Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти дегенден башка наам берилген жок. Анткени, анын айрым кыялдары маданият тармагын жетектегендерге жакпачу экен. Эгерде жакпаса, анда эмнеге даңазалуу салтанат, жыйындардын биринен калтырышпай ырдатышкан? Эшектин күчү адал, сүтү арам дегендей анын таланты жакшы, өзү жаман болгонбу?
Тилекке каршы, мурдагы советтик мезгилде адабий, маданий ишмерлердин таланттары эмес, алардын саясый жактан ишенимдүүлүктөрү бааланып келсе, эгемендүүлүктөн кийинки мезгилде наамдарды ыйгарууда тааныш билиштик, коррупциялык көрүнүштөр негизги роль ойной баштагандыгы эч кимге жашыруун эмес. Алсак, Т.Тыныбеков гана эмес, Асанкул Шаршенов, Рыспай Абдыкадыров, Таттыбүбү Турсунбаева, Жапар Чабалдаев, Мукан Рыскулбеков, Экия Мукамбетов, Асанбек Кыдырназаров сыяктуу чыгаандар да өздөрүнө ылайыктуу наамдарды албай өтүп кетишти.
Башкалар кандай ойлошот билбейм, бирок менимче Р.Абдыкадыров менен М.Рыскулбековго ыйгарылбаган наамды башка обончу, аткаруучуларга берүү жөн эле күнөө болот. Кеңешбек Асаналиев шайланбаган академиянын ада-бият боюнча бөлүмүнүн кимге кереги бар экендиги түшүнүксүз. Чыгаан адабиятчы, акын жана котормочу Салижан Жигитов да эч кандай наам, сыйлыктары жок өтүп кетти. Жолон Мамытов, Аман Токтогулов, Ашым Жакыпбеков, Тургунбай Эргешов кайсыл эл акындарынан, жазуучуларынан кем эле? Көзү барлардан 300дөн ашык обонду чыгарган Атайбек Бөдөшов алигиче эч кандай наамга арзыбаса, анын жубайы Каныкей Эралиева эмгек сиңирген деген наам менен өтүп баратат.
Мындай мисалдарды келтире берсе, ондоп саналат. Бирок, ошол мезгилде өмүр бою оозго аларлык бир-эки ырды аткарып, же бийликтегилердин тойлорунда тамада болуп жүрүп эле эл артисти, лауреат деген наамдарды алып жаткандар да бар. Элдик революциядан кийин сахнага чыкпай калганына он беш жыл болгон бир адамга да эл артисти деген наам берилди. Эгерде, ал чындап эле андай наамга татыктуу болсо, эмне үчүн ал наам 15-20 жыл мурда берилген эмес. Тилекке каршы, мында да искусствого карата колдонулчу сын ченемдин эмес, саясый коньюнктуранын үстөмдүк кылып кеткендиги ачык эле көрүнүп турат.
Азыр айыл чарба кызматкерлеринин, медиктердин, мугалимдердин, курулушчулардын жана башка кесип ээлеринин күндөрүнүн алдында эң кеминде беш-алтыдан, айрым учурларда андан да көптөгөн адамдарга ардак наамдардын, сыйлыктардын берилип туруусу адатка айланып калды. Мурдагы бийликтин тушунда айрымдардын жазгандарына караганда "эмгек сиңирген" деген наамдар бир шубанын жарым баасына да сатылчу экен. Муну мен оюмдан чыгарганым жок. Мезгилдик басылмаларга чыккан материалдарга таянып айтып жатам. Бир ичикче насил-наркы жок андай
наамдардын кимге кереги бар? Эгерде чындап эле Кыргызстанда эмгек сиңирген деген наамга татыктуу 150 миңдей адам болсо, экономикабыз, маданий социалдык чөйрөлөрү менен кошо аршиндеп алга жылмак.
3. Кандай наамдар калтырылуусу керек?
Жогорку Кеңештин төрагасы А.Мадумаров жадабай кайталап келаткандай бизде 5 категория боюнча (эл акыны, эл артисти ж.б.) деген, ал эми 22 категория боюнча "эмгек сиңирген" деген наамдардын берилүүсү чындыгында эле ашыкча. Цивилдүү өлкөлөрдүн тажрыйбасында мындай наамдар жок. Нобелдик сыйлыкка арзышкандар деле Германия Федеративдүү Республикасынын эл жазуучусу же маданиятына эмгек сиңирген ишмер, АКШнын эл артисти же илимине эмгек сиңирген кызматкер деп аталышпайт.
Алардын дүйнөгө белгилүү ысымдары, өздөрү эмгектенген чөйрөлөрдө абройлору гана бар. Бизде да Жогорку Кеңештин депутаттарынын наамдарды, сыйлыктарды кайра карап чыгып, алардын сандарын азайтууну көздөп жатышкандары эң туура. Бул боюнча спикер А.Мадумаров тармактык наамдардын баарын жоюп, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ишмер дегенди, Манас орденинин үч даражасын жоюп, Манас ордени деген бир гана аталышты гана калтырууну сунуш кылууда. Биз мында жаңыдан велосипедди ойлоп чыгарып кыйналбастан, же сокуга сууну жанчкандай куру убаракерчилик тартпастан өнүккөн цивилдүү өлкөлөрдүн тажрыйбаларына таянып иш кылуубуз керек. Алсак, Улуу Британияда жарандардын мамлекеттин алдында сиңирген эмгектерин баалоо үчүн граф, лорд, барон, герцог деген титулдар колдонулса (акыркы 150 жылда герцог деген наам эч кимге берилген эмес, королева аны У.Черчиллге сунуш кылса, ал андан баш тарткан) Францияда Ардактуу легион ордени деген сыйлык бар. Ал орден кайсыл жумушта иштеп жаткандыгына карабастан элдин, мамлекеттин алдында чоң кызмат өтөгөн жарандарга гана берилет. Ал сыйлыкты алган адам өлкөнүн ардактуу легионунун катарына кирди деп эсептелет. Бизде деле тармактык наамдардын бардыгын алып салып, Кыргызстандын ардактуу легионуна кошулду дегендей статустагы бир наамды калтырса эле жетиштүү болот. Болбосо бизде коммуналдык кызматтагылардан баштап бардыгынын ардак наамдары бар. "Чегарачылар да өздөрүнө андай наамды киргиздирүүгө аракеттеништи эле, бирок анысы ишке ашпай калды. Адилеттүүлүк үчүн айтуу керек, эгерде архитекторлордун, айыл чарба, медицина, курулуш ж.б. чөйрөлөрдөгүлөр үчүн ардак наамдары болгондон кийин башка бардык тармактардагылардыкы да болушу керек. Антпесе, акыйкаттык болбой калат. Андан көрө күн санап кадыры кетип, интригалар, коррупциялык көрүнүштөр менен чырмалышып бараткан тармактык наамдарды жоюп, ардактуу легионердин катарына кошо турган бир наам гана киргизилүүсү керек. Ал Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ишмер деп аталабы, же ардактуу жаран деп айтылабы, ал өзгөчө мааниге ээ эмес.
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan