, 29.07.08 - 12-бет: Сулайман тоо касиеттџџ, ыйык тоо...№56, 29.07.08-ж.
  Миң уккандан бир көргөн…

Сулайман тоо касиеттүү, ыйык тоо
Сулайман тоосу байыртадан айланасындагы, жалпы эле чөлкөмдө жашаган элдер үчүн ыйык туткан, касиеттүү жай катары бапестелип, кызмат кылып келген. Анын таржымалы тээ байыркы доорго барып такалат. Ал алгач заростризм динин тутунгандардын, андан кийин мусулмандардын ыйык жери катары маалым.
XV кылымда жашап өткөн Өзгөн ээлигинин вазири Султан Мази тоонун түштүк чыгыш чокусуна өзүнө жайкы резиденция салдырган.Сулайман тоо ошол мезгилде эле мусулмандардын эң көрүнүктүү жайларынан болгон. Кыргызстандын эң баалуу 6 эстеликтеринин бири болуп саналган Сулайман тоонун касиеттүүлүгү жана тарыхый-маданий эстеликтерин уникалдуулугу эске алынып, ал жакында ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине расмий түрдө киргени турат.

Тоо боорундагы ыйык жайлар
Атагы ааламга, даңазасы далайга кеткен Сулайман тоо тууралуу көп эле айтылып, көп эле жазылса да анын ыйыктыгы, жашыруун купуя сыры ушул мезгилге чейин адамдарды таң калтырып келет. "Миң уккандан бир көргөн артык" дегендей тоого чыккан, аны көргөн адам анын касиеттүү жай экендигине ынанып, Азия чөлкөмүндө бекеринен "экинчи Мекке" деп аталып жүргөндүгүнө таң берери турган нерсе.
Сулайман тоодо бир нече ыйык жайлар бар. Алсак, "Бел ташка" бели, бөйрөгү ооруган адамдар жети (элибиз үчүн бул сандын да магиялык сыры бар эмеспи) жолу сыйгаланып түшүшөт. Ден соолугу начар, жашы өтүп калган адамдар да үч же бир ирет сыйгаланууга тийиш. Бул жерде так сандагы сыйгаланууга абдан чоң маани берилет. Абалтадан эле андан шыпаа тапкандар көп болгон. Ал эми "Кол таш" деп аталган жайга сыйынганы келгендер ага ооруган колун салып, ичинен купуя тилегин айтышат. Жакшылап назарын койгон, көңүлүн берген адам манжаларынын учу чымырап, бир кызык абалда калганын сезет. Ак эмгеги менен табылган акчасына чын дилден береке тилеп сыйынса, үйүнө киреше кирет.
"Бешик эне" деп аталган жайга балалуу болбой жүргөн келиндер, анын жакындары көп келишет. Андагы бешиктин терметкичин элестеткен көзөнөк ташты эки колу менен кармап, майдайын ага тийгизип, тилегин ичинен айтат. Бул дүйнө-өмүрдө көп жылдар наристе жытына зар болуп келген аялдардын "Бешик энеге" келип сыйынгангандан кийин тилеги кабыл болгон мисалдар көп. Кыз-келиндер, жалпы эле аялзаты үчүн сыйынчу жайлар - Умай эне жана кыз үңкүрлөрү. Бул жерге келгендер аялзатына тиешелүү болгон өзүлөрүнүн аруу тилектерин айтып, жараткандан анын ишке ашыруусун суранышат.
Ал эми эркек адамдар сыйынчу жай "Кырк чилтен" деп аталат. Элдин түшүнүгүндө бул үңкүр жигит пири - Шаймерден түнөп кеткен ыйык жай. Жоокерчилик заманда жигиттер жортуулга аттанар алдында сөз жок сыйынчу деп аталат. Непада, ага маани бербей, же катуу шашып бул жайга кайрылбай кеткендердин жортуулдан жолу болбой калган мисалдар көп айтылат эл арасында.
"Тамчы тамаар" үңкүрү жаңы барган адам үчүн абдан таң калыштуу, сүрдүү да, табышмактуу да. Аерге кирчү жол өтө кууш. Бир адам араң батчу тар жол менен анын төрүнө сойлоп барасың. Ала барган шамды жакканыңда, анын ичинен ачылып турган китеп сыяктуу ташты көрөсүң. Арап тилин билген аалымдар аны ыйык куран китебиндеги "Аятолл курси" аятынан үзүндү бар экендигин чечмелеп беришкен. Дагы бир таң калыштуусу, сыртта күн чакчайып, мээ кайнаткан ысык болуп турса да бул жердеги температура +14, +15 градустан ашпайт. Жазында үңкүрдүн төбөсүнөн тамчы
таамп турат. Жай мезгилинде анын боорун сыйпасаң, кол нымдалышып чыгат.
ХVI кылымга таандык архитектуралык эстеликтин үлгүсү болгон Улуу моңолдор династиясынын негиз салуучусу, акын жана философ Захриддин Мухаммат Бабурдун үйүн жергиликтүү эл "Сулайман тоо мечити" деп айтышат. Ага барган сыйынуучулардын суранычы менен мечиттин ичинде олтурган молдолор рухтарга арнап куран түшүрөт.
Сулайман тоого сыйынганы келгендердин саны көп экендигин ыйык деп саналган жайлардын адамдын басканынан улам жылтырап, сыйгалак болуп калгандыгынан сезүүгө болот. Качан көрсөң, бул жерден адамдын аягы үзүлбөйт. Биз Бабурдун үйүнүн жанында турган адамдардын ичинен орто жаштан өтүп калган аксакалды сөзгө тарттык. Өзүн Мамасыдык Талипов деп тааныштырган адам Ош шаарынын тургуну экен.
Бабур суктанган Ош шаары, кооздукка бөлөгөн Сулайман тоосу
- Убагында Захриддин Бабур өзүнүн "Бабур-наме" деген китебинде Ош шаары жана Сулайман тоосу тууралуу жылуу пикирлерин жазып калтырган. Оштун абасы таза, аккан суусу көп экендигин, тоонун кырына сөрүлүү имарат курдурганын айткан экен. Мезгил өткөн
сайын доор алмашып, заман өзгөрүп турат экен. Компартиянын тушунда башкалар "Экинчи Мекке" деп суктанган Сулайман тоо өзүнүн ыйык жайлары үчүн чолок этек атеисттердин каарына калган. Биз Ош шаарынын тургундары коркок билиш чоңдордун 1963-жылы бир нече кылымдардан бери сакталып келген Бабур ата салдырган үйүн буздурганын кантип эстен чыгарабыз. Бирок… ыйык жайдын тынчтыгын бузган адамдардын этеги эки болбоду. Садагасы кетейин көпчүлүктөн айланса болот. Кийин кайра калыбына келтиргенбиз Бабурдун мечитин. Ош байыркы Рум менен жашташ байыркы шаар экендигин билип турсак деле коркок билиш чоңдорубуз аны айта албай келишкен.
Сыйынуучулардын арасында республикабыздын чар тарабынан келген мекендештерибизди гана эмес, башка өлкөлөрдөн келгендерди да көп учуратууга болот. Өзбекстандын Наманган облусунан келген Мамажан Камалдинов аттуу орто жашап калган адамды да кепке тартып көрдүк.
- Иншалла, кудай таала бизди дагы бир жолу "экинчи Мекке" деп аталган Сулайман тоого сыйынып кетүүнү насип кылган экен, дагы келип калдык. Мурдагыга салыштырмалуу бир топ жакшы жагына өзгөрүптүр. Бийик жерге чыкканда демигип калам го деп ойлодум эле, ишенсеңиздер, ыйык жайдын шарапатыбы, же касиеттүү тоодон кубат алдымбы, негедир Бабурдун үйүнө чейин кыйналбай эле чыгып кеттим. Билген, түшүнгөн адамга кыргыз жеринде ыйык жерлер абдан көп. Мындай карасаңыздар, сиздерде аягы "Ата" менен аяктаган жерлер көп учурайт. Мен билгенден Баба-Ата, Падыша-Ата, Кочкор-Ата, Бозбу-Ата, Чолпон-Ата деген жерлер бар. Сиздерден сураныч, кудай таала насип эткен ушундай ыйык, кооз жерди таза, пакиза сактап алсаңыздар.
Балтика боюнан келген литвалык изилдөөчү Арунас Каулинис Сулайман тоонун касиетине таң калгандыгын жашырган жок.
- Ар бир адам башка өлкөгө чыгаар алдын барчу жер тууралуу маалыматтарды топтоп, ошол мамлекеттин эли, жери жана тарыхы менен таанышып чыгат эмеспи. Мен дагы Кыргызстандын, анын ичинде Оштун таржымалын окуп чыгып, анын чынында эле байыркы шаар экендигине ынандым. Орто кылымдагы араб-перс тарыхчы географтарынын жазгандарына караганда Сулайман тоонун айланасында көптөгөн мечиттер жана медреселер болгон.
Сулайман тоонун башка жерден өзгөчөлүү жер экендиги четтен келген адамга дароо сезилет. Эл сыйынган жердин баарын, ал тургай аялдарга гана тиешелүү сыйынуучу жайларды да көрүп чыктым. Дагы кайталап айтам, ушунча адамды өзүнө тартып турган бул тоонун өзүнө таандык касиети бар…

Келген элди өзүнө тарткан эстеликтер
Байыркы доордогу сүрөтчүлөрдүн колу менен жазылган петроглифтер жана аскага тартылган сүрөттөр карт тарыхтын күбөсү эмеспи. Музейдин кызматкерлеринин белгилөөсүнө караганда бул жерде 400дөн ашык ушундай сүрөттөр бар дешти. Андан сырткары, тоого чыгуучу жолдорго курулган символикалуу тоо, суу, от дарбазалары таасир калтырды.

Маалымат үчүн:
l Сулайман тоосу ( парсыча "Бара-Кух") Ош шаарынын так ортосунда, Ак-Буура суусунун сол жээгинен орун алган. Узундугу 3 км, туурасы 1,5-2 км, деңиз деңгээлинен бийиктиги 1176 м. шаарга салыштырмалуу бийиктиги 300-350м. Капталдары тик, аскалуу этегинде жана курчап турган түздүктөрүндө антропегендик борпоң тектери жатат.
l "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый - археологиялык музей комплексинин жалпы аянты 2956 кв.м. Анда 33 миңден ашуун музей фондунун негизги экспонаттары топтолгон. Алар 6694 археологиялык, 3702 этнографиялык, 19852 документтер жана сүрөттөр, 1196 кол өнөрчүлүк буюмдары, живопись, скульптура, графикаларды ж. б. камтыйт.
l "Сулайман-Тоо" үңкүр музей комплекси Сулайман тоосунун түштүк батышында үчүнчү чокусуна Рушан тоодо жайгашкан. Археологдордун изилдөөсү менен бул жерден байыркы адамдардын эмгек куралдары табылып, табигый үңкүрдүн тарыхый мааниси белгиленген. Бул музейдин архитектурасынын долбоорунун архитектор К.Назаров түзгөн.
l Сулайман тоосунда жайгашкан Ош өрүшү 1970-жылы Ош облустук край таануу музейинин илимий кызматкери Е.В. Дружинина тарабынан ачылган. 1978 - 84 жылдары Россия илимдер академиясынын Ферганадагы экспедициясы жана Ош музейинин кызматкерлери (жетекчиси Ю.А.Заднепровский) археологиялык казууларды жүргүзүшкөн. Археологдордун табылгалары Сулайман тоосундагы Ош өрүшү жөнөкөй эле адам жашоочу - тиричилик комплекси эмес, үрп адаттарды колдонуу үчүн диний мааниси болгон деп айтууга негиз берген. Окумуштуулардын божомолдоолору боюнча Ош өрүшү тоону касиеттүү деп эсептеген көз карашы менен байланышкан үрп-адат курамына кирген жай, диний ырым-жырымдарды өткөрүүчү, дин кызматкерлер жашоочу турак болуп келгендигин божомолдошот. Радиоуглероддук изилдөөлөргө караганда бул тургун жай б.з.ч экинчи миң жылдыктын аягы -биринчи миң жылдыктын башында жашаган адамдарга таандык.
l Бир уламышта Сулайман пайгамбар тоодо эс алгандыгы жөнүндө төмөндөгүдөй айтылат: "Сулайман пайгамбар аалам кезип саякаттаганды жакшы көргөн. Бир жолу ал жан-жөөкөрлөрү менен Фергана чөлкөмүнө учуп келип, азыркы Сулайман тоодо эс алат. Бул жерде ага баары жагат, бирок суунун жок экенин көрүп, жараткандан суу тилейт. Ошентип, Ак-Буура б.а. ыйык Жанат арык менен Жупас арык пайда болот.
l Тоонун конфигурациясын ар тарабынан карап ар түрдүүчө чагылдырышат. Жакшылап назар салып караган адамга тоонун чокулары алп адамдын дене түзүлүшүн элестетет. Тоо түндүк жагынан караганда тизесин бүгүп чалкалап жаткан ак сакал карыяга, түштүк жагынан караганда суйкалып жаткан ажайып сулуу кызга окшоп кетет. Ал эми кай бирөөлөрү чөгүп жаткан төөгө окшоштурушат.
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,
"Кыргыз Туусу"
Сүрөттөрдө: Сулайман тоонун саякат маршрутунун картасы; үңкүр музейинин тышкы көрүнүшү; петроглифтер, аскага тартылган сүрөттөр.