Кыргыз Республикасынын Улуттук расмий төл гезити
№60, 12.08.08-ж.





 "Кыргыз Туусунун" тегерек үстөлү

Үркүндүн тарыхында ак тактар али да бар
Падышалык Россиянын колониялык саясатына нааразы болгон кыргыздар 1916-жылы июль айынан баштап улуттук боштондук көтөрүлүшүнө чыгышкан. Ага Чүй, Кемин өрөөнүндөгү кыргыздар да тартылып, 1916-жылы 6-августта Атаке болушунун эли чыгышкан. Көтөрүлүштүн чыгышынын себептери, андагы жергиликтүү элге карата колдонулган оторчулук саясат жөнүндө эгемендүүлүктөн берки мезгилдин ичинде көптөгөн изилдөөлөр, илимий-популярдуу макалалар жарыяланды. Бирок, элибиздин тарыхындагы эң трагедиялуу учурдун изилденбеген жактары, актай барактары али да болсо жетиштүү.
"Асаба" улуттук кайра жаралуу партиясынын штабында мына ошол көтөрүлүштүн тарыхынын актай барактарын талкуулоого арналган "тегерек үстөлдөгү" маекке партиянын төрагасы Советбек Жамалдинов, Махмуд Кашкари Барскани атындагы чыгыш университетинин ректору, профессор, "Асаба" партиясынын Ордо кеңешинин мүчөсү Асан Ормушев, Жусуп Баласагын атындагы КУУнин тарых факультетинин профессору Жаныбек Жакыпбеков, тарыхчы профессор Нурдин Исаев, улуттук боштондук көтөрүлүшү боюнча көрүнүктүү адис, доцент Турдубек Шейшеканов, Улуттук илимдер академиянын коомдук илимдер бөлүмүнүн окумуштуу катчысы, тарых илиминин кандидаты, мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Аскар Беделбаев жана бир катар журналисттер катышышты.

С.ЖАМАЛДИНОВ: - Биздин партия 1991-жылы жайында "Ашар" элдик кыймылы менен бирдикте 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшү жөнүндө маселени көтөрүп, анда курман болгондордун арбактарын эскерүү үчүн атайын жөө жүрүш уюштурганбыз. Боом капчыгайына эстеликтин тургузулуусуна, айрым тарыхый документтердин, эскерүүлөрдүн жарыялануусуна, 2006-жылы Үркүндүн 90 жылдыгына карата эң оор трагедиялар болуп өткөн жерлерге, Барскоон, Беделге атайын экспедицияларды уюштуруп, кыргынга учурагандардын сөөктөрүн чогултуп, жерге жашырууга демилгечи болгонбуз.
Биз өзүбүздүн ордо кеңешибизде 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштү тереңирээк изилдеп, ал жөнүндө атайын эмгектерди жарыялап, системалуу түрдө саясый, маданий жана илимий иш чараларды өткөрүп турууну программабызга киргизгенбиз, же бул биздин күндөлүк партиялык ишибиздин бир бөлүгү болуп саналат. Биздин эң чоң жеңиштерибиздин бири - Жогорку Кеңеш тарабынан ар жылы августтун алгачкы жума күнүндө улуттук боштондук күрөшүндө курман болгондорду расмий түрдө эскерип туруу жөнүндө атайын чечим кабыл алынгандыгында болду. Сунушубузду колдоп, парламенттин кароосуна алып чыгып, атайын токтом кабыл алдырууга жетишкен депутат Бейшеналы Абдрасаковго ырахмат.
А.ОРМУШЕВ: - Биз партиянын Ордо кеңеши "Байыркы кыргыз элинин басып өткөн жолундагы трагедиялар бүгүнкү күнү жана эртеңи" деген программаны иштеп чыкканбыз. Бүгүнкү "тегерек үстөл" анын алкагындагы иш чаралардын бири болуп саналат. Программа бир нече жылга эсептелген. Биз атайын илимий чыгармачыл топ түзүп, үркүндү ар тараптан иликтеп, изилдеп, алардын жыйынтыктарын жана А.Токомбаевдин "Кандуу жылдар", К.Баялиновдун "Ажар", А.Токтомушевдин "Какшаалдан кат" деген сыяктуу көркөм чыгармаларын бастырып чыгарсак, бул багытта жаңыдан жазыла, тартыла, коюла тургандарга сүрөөнчү болуп, элибиздин көңүлүн кайгылуу окуяларга буруп, өсүп келе жаткан жаштар арасында тарыхка урматтоо, мекенчилдик сезимин
калыптандырсак дейбиз. Үркүн боюнча сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүн уюштуруу да планыбызда бар.
Ж.ЖАКЫПБЕКОВ: - 1916-жылы 25-июнда Орус падышасы жергиликтүү элдерден ооруктагы жумуштарга адам алуу жөнүндө жарлык чыгарып, аны аткарууга келгенде Борбордук Азиянын башка жерлериндей эле кыргыздардын арасында көтөрүлүш келип чыккан. Көтөрүлүштү сыртынан караганда стихиялуу түрдө пайда болгондой көрүнөт, анткени, биринчиден эл ооруктагы иштерди согуш менен чаташтырып алышып, балдарыбызды түптүз эле согушка алып кетет турбайбы деп ойлошкон. Экинчиден, бирдиктүү жетекчилик болгон эмес. Бирок, тереңден, окуяларды ошол убактагы падышалык Россиянын аймактарында жүргүзгөн саясатынын, кыргыз жергесиндеги тарыхый объективдүү жагдайдын тутумунан алып карасак, көтөрүлүштүн мыйзам ченемдүү жактары бар экендигин да көрөбүз. Улуттук боштондук күрөшүнө айрымдар айтып келишкендей, кедей-кембагалдар гана аралашкан эмес, аны биринчи кезекте эл башкарган бийлер, байлар, манаптар жетектеп чыгышкан. Алсак, Чүйдөгү көтөрүлүштү кадимки Шабдан баатырдын уулдары, Нарын тараптагы козголоңду Канат хан, сарбагыштардын мыкчыгерлери, Ысык-Көлдөгү көтөрүлүштү Батыркан Ногой уулу, Батыркан Райымбек уулу деген адамдар жетектешкен. Көтөрүлүш илимий негизде 1924-жылдан изилдене баштаган. Бройдо деген автор 1924-жылы "Новый восток" журналына 1916-жылдагы көтөрүлүш жөнүндө макаласын жарыялаган. Андан кийин Турар Рыскулов өз макаласында "Падыша өкмөтү Түркстанды Кытайга чабуул коюучу плацдарм катарында эсептеп, аскерлерин топтоштурган. Көтөрүлүштүн шылтоосу менен жергиликтүү элди кырып-жоюп, анча-мынча калгандарын башка жактарга көчүрүүнү максат кылып койгон" десе, Бройдо болсо падыша өкмөтү көтөрүлүштү өзү провокация жасап чыгарып, ошонун шылтоосу менен элди кырган, падышанын саясаты - колониялык гана саясат болгон деп жазат. Анын ырастоосунда, падыша өкмөтү провокациянын, арактын жардамы менен жакшы жерлерди жергиликтүү элдерден тазалоону чечкен. Мен басылмалардын 1924-жылдагы сандарын изилдеп көрсөм, ошол жылда 1916-жылдагы көтөрүлүш жөнүндө бардыгы болуп 33 макала жана брошюра жарыяланган экен. Негизинен аларда деле Бройдо менен Турар Рыскуловдун макалаларында айтылгандар ырасталат.
А.ОРМУШЕВ: - Профессор Жакыпбеков мында көтөрүлүштүн алгачкы изилденүү абалынан да кабар берип кетти. Профессор Турдубек Шейшеканов көтөрүлүштүн Ысык-Көл аймагында өтүшү жөнүндө чоң адис.
Т.ШЕЙШЕКАНОВ: - XIX кылымдын аягында ХХ кылымдын башында кыргыз эли эркиндикти эңсеп, үч жолу чоң көтөрүлүшкө чыккан. Биринчиси, 1873-1876-жылдардагы Кокон хандыгына каршы чыккан көтөрүлүш, экинчиси, 1898-жылдагы Анжыян көтөрүлүшү. Үчүнчүсү, биз сөз кылып жаткан 1916-жылдагы улуттук боштондук кыймылы. 1916-жылдагы көтөрүлүштө шейит кеткендерди эскерүү үчүн атайын күндү белгилөө жөнүндө токтом кабыл алып, Жогорку Кеңеш жакшы иш кылды. Бирок, ал токтомдун коомчулугубузда, сырт жактарда ар кандай кабыл алынгандыгы да эч кимге жашыруун эмес. Өзгөчө Россиянын айрым саясатчылары, мамдумасынын кээ бир депутаттары андан саясат жасагылары келишип, нааразычылык нотасын жиберүүгө да үлгүрүштү. Мен ал нотаны биздин ички ишибизге одоно кийлигишүү деп эсептеймин. Кандай майрамдарды белгилейт, эмнелерди эскерет, ал ар кандай эгемендүү мамлекеттин ички иши. Эгерде, мамдумада отургандар өздөрүнүн тарыхын же мамдуманын төртүнчү чакырылышында козголгон маселелерди жакшы билишсе, алар бизге нота жиберишмек эмес. Анткени, 1916-жылы ав-густта кыргыз жергесинде болгон кыргын, ошол жылдын декабрында Россиянын мамдумасынын жыйынында каралып, чыныгы геноцид деп бааланган. Маселенин думада каралашына Убайдуллаев деген окумуштуу депутат себепкер болгон. Анын демилгеси менен ошол убактагы депутат, кийинки убактылуу өкмөттүн башчысы А.Ф.Керенскийдин жетекчилигинде комиссия түзүлүп, ал Түркстанга келип 15-августтан 2-сентябрга чейин иликтөөлөрүн жүргүзүп, Ташкентте, Кокондо, Жизакта, Наманганда ж.б. жерлерде болуп, анын жыйынтыгы боюнча А.Ф.Керенский 1916-жылдын декабрынын башталышында Мамдуманын жыйынында маалымат берген. Анда ал "бардык күнөө адам чыдагыс мыйзамсыздыкка жол берген россиялык бийликтегилерде" деп ачык эле айткан.
Асан Сулайманович айткандай, мен Көлдөгү көтөрүлүш боюнча кандидаттык диссертациямды жактагам. Мен Көлдөгү көтөрүлүштү 1916-жылдагы улуттук боштондук кыймылынын туу чокусу деп айтамын. Кыймылдын эң трагедиялуу, эң кандуу окуялары Көл аймагында болгон. Мен 2003-жылы жарыяланган "Көлдөгү көтөрүлүш" деген монографиямда анын келип чыгуу себептерин, кыймылдаткыч күчтөрүн, жетекчилерин, кесепеттерин мүмкүн болушунча кеңирирээк анализдеп ачып берүүгө аракет жасагам. Көтөрүлүш басылгандан кийин падыша өкмөтүнүн өкүлдөрү анын жетекчилеринин бардыгынын аты-жөндөрүн такташып, аларды кайдан болбосун таап, кармап жазалоого аракеттенишкен. Мына ушул максатта 54 адамдын тизмесин түзүшкөн. Мен ал тизменин көчүрмөсүн алып, монографиямда жарыяладым. Эми биз, тарыхчылар ошол кара тизмеге кирген жетекчилердин өмүр-баяндарын, ким болгондуктарын жана кандай иштерди аткарышкандарын такташыбыз керек.
Н.ИСАЕВ: - Биз эгемендүүлүккө чейин саясый диктаттын кысымында А.Ф.Керенскийди колдон келишинче жамандап, атүгүл кызмат ордунан аялдын кийимин кийип алып качкан деп да жүргөнбүз. Жакшылап изилдесе мүмкүн ал Түркстан элдерине азаттык берүүнү жактаган инсан болуп чыгаар?
Т.ШЕЙШЕКАНОВ: - Жок, андай эмес, ал Түркстан элдерине өзгөчө симпатия менен мамиле жасабаган, бирок парламенттик иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча объективдүү, калыс сөзүн айткан. Ал "Эмгекчил" деген саясый партиядан шайланган депутат, көрүнүктүү саясатчылардын бири болгон.
А.ОРМУШЕВ: - Россиянын 1912-жылы шайланган мамдумасынын 1916-жылдын декабрындагы жыйынында талкууланган маселелер, андагы А.Ф.Керенскийдин баяндамасы биздин парламенттин 2008-жылдын 18-апрелинде туура чечим кабыл алгандыгын ырастайт.
А.БЕДЕЛБАЕВ: - Менин чоң атам мына ошол үркүн убагында Бедел ашуусунда төрөлгөн, ошондой шартта аман калып чоңоюп, биздей тукумдарын улаганына дайыма шүгүрчүлүк кыламын. Менден мурда сүйлөгөндөрдүн сөздөрүн угуп олтуруп, 1916-жылдагы окуялар ар тараптан изилденсе да актай жерлери көп экендигине ишендим. Бирок, биз үркүндү изилдегенде Ак-Суу, Барскоон, Бедел, Каракол сыяктуу жерлердеги трагедияларга, жоготууларга эле басым жасай бербестен кыргыз элинин, анын мыкты уулдарынын баатырдыктарын, каармандыктарын ачып берүүнү да көңүлдөн чыгарбообуз керек. Эми мен учурдан пайдаланып, үркүндүн 90 жылдыгына карата 2006-жылы уюштурулган экспедиция жөнүндө да айта кетким келет. Ал мындан эки жыл мурда 28-июлдан 5-ав-густка чейин болгон. Ага "Асаба" партиясы баштаган коомдук уюмдар демилгечи болуп, Президентибиз Курманбек Салиевич өзү колдогон, жарлыгын жарыялаган.
Экспедиция мүчөлөрү Карасайга баргандан кийин экиге бөлүнүп, жармыбыз Бедел ашуусуна бет алдык, экинчи бөлүктөгүлөрүбүз Ак-Шыйракты көздөй жөнөдүк. Алардын баары убагында жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылган. Мен Ч.Абыкеев, А.Бекназаров ж.б. бирге Беделге кеткен топко кошулдум.
Беделге чыккыча эки тектир бар экен. Алардын баары эле аппак шагыраган сөөктөр. Кырга чыккандан кийин кайра артка кайрылып, кыркалай туруп алып, ала барган мүшөктөрүбүзгө адамдардын сөөктөрүн терип кирдик. Биз терген адамдардын сөөктөрү жети кап болду. Аларды куран окуп көөмп, бир кой союп куран окутуп, анан кайрылып келе жатып, Барскоонго токтоп,
ашууда кырылгандардын арбактарына арнап аш бердик.
Көтөрүлүш августтун алгачкы жарымында башталса, Кытайга карап качкандардын алды ашууга 9-10-октябрларда жетишкен. Ал мезгилде ашууларга кар жаап, кыш белгиси келе баштагандыктан, көпчүлүк боордошторубуз ачкалыктан, сууктан кырылышкан.
П.ДҮЙШӨНБАЕВ: - Бул жерде А.Ф.Керенскийдин парламенттик иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 1916-жылы декабрда Мамдумада жасаган баяндамасы жөнүндө айтылды. Ал жөнүндө жөнөкөй калк түгүл, адистердин көпчүлүгү билишпейт. Ошондуктан аны кыргызчага которуп, басып чыгаруу керек деп ойлоймун. Анан бул жерде көтөрүлүштү жетектеген кол башчылар, алардын өмүр баяндарын, аткарган иштерин изилдеп, тактоо жөнүндө айтылбадыбы. Муну да аткарыш керек, бирок ошол эле учурда кыргынга кимдер демилгечи болгондугу да такталып, аты жөндөрү так аталышы керек. Айрым жерлерде, маселен Ак-Сууда жүздөгөн жөнөкөй адамдарды сарайга камап алып, токмоктоп, көгөнгө тизип алып, баштарын жанчып өлтүргөн учурлар да болгон. Аларды ким дегендер уюштургандыгы да аныкталып, такталуусу зарыл. Анан кыргынга күбө болгондордун көздөрү өтүп кетти. Бирок, алар менен жолугушуп, айткандарын жазып алгандар бар. Жазып алгандары жыйнак болуп чыккан. Бирок, айтылгандардын баары кагазга туура түшүрүлгөнбү же саясый, идеологиялык максатта бурмалоолор болгонбу? Болсо кайсыл багыттарда? Булар да кылдат изилдөөлөрдү талап кылчу өзүнчө маселе. Тилекке каршы, биз 1916-жылда Жизакта, Борбордук Азиянын башка жерлеринде болгон көтөрүлүштөрдүн кандай изилденип, иликтенип жаткандыгын билбейбиз, ал эми расмий маалыматтарда 1916-жылкы козголоңго Орто Азиядан он миллиондой адам катышкан делинип жүрүлөт. Улуттук боштондук күрөшү жалпы Борбордук Азиядагы кыймылдын тутумунан алынып каралып, салыштырмалуу анализдер жүргүзүлсө, актай барактардын көпчүлүгү толукталып, ак тактар азаят го деп ойлоймун.
Ж.ЖАКЫПБЕКОВ: - А.Ф.Керенскийдин 1916-жылдын 13-декабрында Мамдумада жасаган баяндамасы, башка депутаттардын сүйлөгөн сөздөрүнүн стенографиялык отчеттору 1932-жылы жарыяланган "Восстание 1916 года в Средней Азии" деген китепте толук басылган. Ошол китепти кыргызчага которуп, массалык нускада басып чыгарса туура болмок. Анда А.Ф.Керенский "Орто Азиядагы элдер дүйнөлүк согушта бизге материалдык жактан чоң жардам көрсөткөндүгүнө карабастан аларга карата биз жырткычтай мамиле жасадык, алар күнөөлүү эмес, биз күнөөлүүбүз" деп айткан.
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan