![]() | ![]() Кыргыз Республикасынын Улуттук расмий төл гезити №61, 15.08.08-ж. |
Август айынын аягында муниципалдык базар ишке берилип, азык-түлүктүн баасы кыйла арзан болот Көгүлтүр көл жээгинде Кавказдагы кырдаал талкууланды Чечилбеген эч кандай маселе жок 13-августта түштөн кийин Ысык-Көлдүн жээгиндеги "Чолпон-Ата" резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен бейформал жолугушуусу болду. Жогорку даражалуу мейман менен амандашып, Президент Курманбек Бакиев Кыргызстанга келүүгө макул болгону үчүн Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевге ыраазычылык билдирди. "Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн маселелерин талкуулап, ошондой эле эл аралык саясаттын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышыбыз зарыл болуп турат",- деди К.Бакиев. Президент Нурсултан Назарбаев чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-казак бир туугандык мамилелери жогорку даражада өнүгүп жатканын белгиледи. "Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы товар алмашуу биринчи жарым жылдыкта 26%га өстү. Мамлекеттер аралык кеңештин отурумунда Сиз тараптан көтөрүлүп, кыргыз жарандарынын Казакстандын аймагында каттоосуз жүрүүсүн 90 күнгө чейин узартуу өтүнүчүнө байланышкан маселе оң чечилгенин белгилегим келет. Жаңы жобо ушул жылдын 1-июлунан тарта иштей баштады. Ал эки тараптуу байланыштарды мындан ары да чыңдоого көмөк берээрине ишенем",- деди Н.Назарбаев. Казакстандын Президенти жолугушуунун жүрүшүндө Кавказдагы кырдаал боюнча да пикир алмашуу болоорун кошумчалады. Жолугушуу бүткөн соң мамлекет башчылары басма сөз үчүн билдирүү жасашты. Өз билдирүүсүндө Президент Курманбек Бакиев жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча кенен пикир алмашуу болгонун, буга чейин Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жетишилген макулдашуулар ийгиликтүү аткарылып жатканын, алар боюнча чечилбеген эч кандай маселе жок экенин белгиледи. Андан сырткары, КМШга мүчө өлкөлөрдүн өз ара кызматташтыгынын маселелери, ошондой эле эл аралык саясый турмуштун кээ бир актуалдуу проблемалары талкууланды. "Биз Нурсултан Абишевич экөөбүз Түштүк Осетияда болгон окуяларга аябай кабатыр болгонубузду белгиледик. Ал мени Кыргызстандын Президенти катары гана эмес, КМШга төрагалык кылган өлкөнүн башчысы катары да тынчсыздандырат. Биз мындай чыр-чатактар жалаң эл аралык укуктун негизинде жана саясый-дипломатиялык жол менен чечилиши керек деп эсептейбиз", - деп белгиледи К.Бакиев. Президент ошондой эле бир нече күн мурда Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине КМШга мүчө өлкөлөрдүн ТИМдери менен Түштүк Осетияда түзүлгөн кырдаал, атап айтканда, түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн зарыл аракеттер, ошондой эле келечекте мындай конфликттердин алдын алуу боюнча консультацияларды жүргүзүү тапшырылган. Кыргызстандын бул демилгеси КМШ өлкөлөрү тарабынан толугу менен колдоого алынды, азыркы учурда мындай конфликттерди чечүү үчүн механизмдерди иштеп чыгуу боюнча консультациялар жүргүзүлүүдө. "Биз БУУнун Коопсуздук Кеңеши бир нече отурумдан кийин да Кавказдагы кырдаал боюнча бирдиктүү пикирге келе албагандыгына күбө болдук. Бул маселе ушунчалык татаал болгондуктан, ага шашылыш баа берүү кыйын. Өкүнүчтүү жери, биздин Шериктештиктин алкагында мындай кырдаалдардын алдын алуучу механизмдери иштелип чыга элек. Адамдар курмандыкка дуушар болуусуна жол бербөө максатында КМШ өлкө башчылары Кеңешинин деңгээлинде мындай кырдаалдарды чечүүнүн конкреттүү механизмдерин жана жолдорун иштеп чыгуу зарыл", - деди К.Бакиев. Президент Нурсултан Назарбаев өз билдирүүсүндө мамлекеттер аралык Кеңештин ишмердүүлүгүнүн алкагында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташтыктын программасы иштеп жатканын белгиледи.Эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуу жыл ичинде миллиард доллардык чекке жакындап баратат. Кыргызстандын мамлекеттик материалдык резервин толуктоо жөнүндө жетишилген макулдашууга ылайык, сентябрдын акырына чейин 40 миң тонна дан жиберилет. Кавказдагы абал жөнүндөгү маселеге токтолуп, Президент Н.Назарбаев бул маселе КМШга мүчө өлкөлөрдүн баарын тынчсыздандыргандыгын билдирди. "Биз бири-бирине дал келбеген маалыматтарды алып жаттык. Грузин аскерлери Цхинвалиге басып киргенде Батыштын басма сөзү конфликт жөнүндө үн каткан жок. Бүгүн Россияда аза күтүү жарыяланды. Биз Түштүк Осетиянын борбору масштабдуу кыйроого учураганын көрдүк. Россиянын ЖМКлары кырдаалды гуманитардык катастрофа жана осетин элинин геноциди катары баалашты. Чындык кайсыл тарапта экени кийинчерээк билинет го. Биз Кыргызстандын Президенти экөөбүз Цхинвалиде курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтабыз", - деди Н.Назарбаев. Президент Н.Назарбаев Грузиянын Түштүк Осетияга өтө тездик менен аскердик чабуул коюу боюнча чечими шашылыш жана эрте болгонун белгиледи. "Аймактык бүтүндүк принциби бүткүл дүйнөлүк шериктештик тарабынан таанылат. КМШнын бардык өлкөлөрү сепаратизмге каршы. Улуттук конфликттер сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечилиши керек. Мындай конфликттерди аскердик жол менен чечүүгө жол жок", - деди Н.Назарбаев. Президент Н.Назарбаев ошондой эле Кыргызстан менен Казакстан ок атууну токтотуу жана сүйлөшүүлөрдү баштоо боюнча Россия менен Грузиянын ортосунда жетишилген макулдашууну колдоорун белгиледи. "Биз сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктайт деп үмүттөнөбүз. КМШнын тышкы иштер министрликтери кырдаалга баа берүү, мындай конфликттердин алдын алуу боюнча механизмдерди жана чараларды иштеп чыгуу үчүн жыйналышы керек деп ойлойм", - деди Н.Назарбаев. Анан, Цхинвалини калыбына келтирүү жана жабыр тарткандарга көмөк көрсөтүү үчүн Казакстан Түштүк Осетияга гуманитардык жардам көрсөтөөрүн кошумчалады. Андан соң Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев мамлекеттик резиденциянын аймагына Тянь-Шань карагайын отургузду. Д.ИЛБИРСОВ, Э.БОЛЖУРОВ (фото) Азиядагы тынчтык жана туруктуулук үчүн 25-августта Алматы шаарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары кеңешмесине (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин үчүнчү жолугушуусу болот. Анда 2006-жылдын 17-июнунда өткөн министрлердин экинчи саммитинен кийин уюмдун аткарган иштери жыйынтыкталып, келечектеги иштердин багыттары аныкталмакчы. Уюмду куруу демилгесин Президент Н.Назарбаев 1992-жылы БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында көтөрүп, идеяны Казакстан 2002-жылы 4-июнда ишке ашырган. АӨИЧКынын максаты - Азиядагы тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо. Уюмга мүчө 18 мамлекеттин катарында Кыргызстан да бар. Быйыл эки өлкө - Иордания Хашимит королдугу жана Бириккен Араб Эмираттары мүчөлүккө кирүүгө ниеттерин билдирүүдө. С.Орозобеков Окуу жылынын башталышына он беш күн калды 1 млн. 132 603 окуучу мектепке барат Жаңы окуу жылында 2111 жалпы билим берүүчү мектептин жана республикалык маанидеги 22 мектептин эшиктерин 1 млн. 124 883 окуучу атташат. Булардан тышкары 38 жеке менчик жана жеке менчик-мамлекеттик жалпы билим берүү мекемелерине (14ү 3727 окуучусу бар жеке менчик-мамлекеттик "Себат" кыргыз-түрк лицейлери) 7720 окуучу барышат. Республикада 54 миң 716 баланы тарбиялаган 546 мектепке чейинки мекеме бар. Быйыл 1-класска республика боюнча 96397 бала кабыл алынмакчы. Аймактар боюнча: Бишкекте - 9300, Ошто - 4994, Ош облусунда - 22415, Нарын облусунда - 5406, Ысык-Көлдө - 7725, Жалал-Абад облусунда - 20538, Баткенде - 9449, Чүйдө - 12205, Талас облусунда - 4365. Мектептер 3619 мугалимге муктаж Окуу жылынын башталышында өлкөбүз 3619 мугалимге муктаж, негизинен чет тилдердин, математиканын, физиканын, химиянын жана информатиканын окутуучулары жетишпейт. Мектептерде жашы улгайган мугалимдердин саны артууда. 72 миңден ашуун педагогдордун жаш курагы - 65,1%ы 45тен, 11,2%ы 60тан ашкан. 21-августта бардык облусттарда мугалимдердин август конференциясы өткөрүлүп, 2007-2008-окуу жылынын жыйынтыктары чыгарылат жана педагогикалык жамааттардын алдындагы аткарылуучу иштери тастыкталат. КРнын Өкмөтү билим берүү уюмдарынын күзгү-кышкы сезонго даярдыгын, электр жана жылытуу энергияларын белгиленген тартипте пайдалануусун, мекемелерге отундун өз убагында жеткирилишин катуу көзөмөлгө алып, ай сайын жыйынтыгын чыгарып турушмакчы. Кышкы суукка даярдык кандай? Республикадагы 2111 жалпы билим берүүчү мектептин 1117си электр менен, анын ичинде 440ы электрдик буу казандын жабдуулары, 677си электр жылыткычтары аркылуу жылытылат. Билим берүү жана илим министрлиги билим берүүнүн аймактык бөлүмдөрү жана башкармалыктары менен биргеликте мектептерди жылытуунун альтернативдик түрүнө өтүүнүн этаптык программасын иштеп чыгуунун үстүндө. 2011-жылга чейин 809 мектеп көмүр менен жылытууга өтөт. Быйылкы жылытуу сезонуна чейин 308 окуу жайы көмүр менен жылытуу системасына өтүшү керек. Ал үчүн 15 миң тонна көмүр керектелет. 5-августка чейин 1685 буу казанынын 1446сы оңдоодон өттү, калганын жылытуу сезонуна чейин бүтүрүү көздөлүүдө. Жергиликтүү бюджеттерден каржыланган мектептерге 68,4 миң тонна көмүр жеткирилиши зарыл. 5-августка чейин бул 11%га аткарылды. Назарбек БАЙЖИГИТОВ, "Кыргыз Туусу" Базар ачылса баа арзандайт Президент Курманбек Бакиевдин азык-түлүккө болгон баалардын өсүшүн токтотуу жана айыл чарба продуктыларына бааларды көтөргөн алып сатарларсыз шаардыктарга арзан жеткирүү тапшырмасына Бишкек шаардык мэриясы Кыргыз темир жолу ишканасы менен бирдикте мунуципиалдык базар куруп, 25-августта пайдаланууга тапшыруу аракети менен жооп бермекчи. 12-августта тиешелүү жетекчилер журналисттерди атайын автобуска салып, Ош, Баткен базарларындагы тейлөөлөр менен тааныштырып, Фучик паркынын түштүк тарабында курулуп жаткан муниципалдык базардын ортолоп калган курулушун көрсөтүшүп, шаардыктарга кандайча кызмат көрсөтөөрү тууралуу айтып беришти. Алгач Ош базарын кыдырганыбызда мурдагыдай басаарга жер жок башаламандык тартипке салынганына күбө болдук. "Бейшеналиева көчөсүнөн Кулуев көчөсүнө чейин, Киев көчөсүнөн эле 102 соода жасаган чатырларды алдык. Өзүңөр көрүп турган Ош жашылча базарында кийими, идиш-аяк жана башкалары аралашып кетиптир. Өз-өзүнчө бөлүп, санитардык тазалыктын сакталышын талап кылуудабыз. Меймандар эле эмес, Бишкектин тургундары Ош базарына келгенден, түртүшүп соода жасоодон заарканып турушчу. Өзүңөр көрүп тургандай тартип жолго коюлду. Машиналар эркин жүрүп, кааласа токтоочу жайга коюшат, маршруттар тоскоолсуз жүрүшүүдө", - деди Ленин райондук акиминин орун басары Тагайбек Казакбаев. Ал эми Баткен базарына келгенибизде дүң базардын чынында эле тардыгы машиналардын кирип-чыга албай жаткандыгынан байкалып турду. Дыйкан өстүргөнүн жүктөгөн машинасын түнкү же таңкы маалда базарга киргизип калбаса, орун жок сыртта калышы да күтүлөт экен. Жаңы ачыла турган муниципалдык базарга келгенибизде курулуш жумуштары кызуу жүрүп жатыптыр. Базар болчу 2,7 гектардын теңи мурда бетондолсо, калганын бүткөрүү үстүндө иштеп жатышыптыр. Коюла турган контейнерлер ташылып келишиптир. - Узундугу 300 метр, туурасы 72 метр бул аянтка 444 контейнер коюлат. Айланасын кыдырата 360 чоң машиналарда соода жасоого болот. Бул жер Кыргыз темир жолуна карачу. Базарды толук бүткөрүп беребиз деп турушат. Мурдагы административдик эки кабат имарат, мейманкана, душтук бөлмөлөр базардын карамагына өткөрүлүп берилет. Радиорубка, телефон, электр жарыгы менен камсыз кылуу көрүп турганыңардай даяр. 138 жеңил машина токтоочу жайдын, базарга келчү жолдун бүткөрүлүп жатканын көрдүңүздөр. Эл кыйналбай базарга келиши үчүн маршруттардын каттоосу такталууда. Буюрса 25-августта ачылыш болот, - деди муниципалдык базардын дирекциясынын директору Канат Токтомушев. Москва көчөсүнүн Фучик паркына такалган жерине журналисттерди ташыган автобус токтоду. Мэрия менен акимиаттын кызматкерлери ордо калаанын генпланы боюнча эки айдын ичинде Москва көчөсү түз Фучик паркы аркылуу Интергельпо көчөсүнө чейин уланаарын, кеңдиги 14 метр болору, эки жагына тротуар курулуп, жол белгилери коюлуп, жарыктандырылары тууралуу айтып беришти. Чүй, Фучик көчөлөрүндөгү жүрүүгө кыйын болгон жол кыймылынын жеңилдээрин, жаңы ачылган базарга оңой келүүгө шарт түзүүлөрүн баса белгилешти. Марип ТАЙЧАБАРОВ, "Кыргыз Туусу" |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|