Бүгүн каза болгондорго аза күтүү күнү
24-августта саат 20.35те Бишкек-Тегеран багыты боюнча учкан учак техникалык себептерден улам кайра коноордо кулап түшкөн. Учак өрттөнгөнгө чейин 25 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү секирип түшүп аман калган. 65 жүргүнчү каза болду. Президенттин Жарлыгы менен бүгүн бүткүл өлкөдө 26-август каза болгондорго аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Кечээ, 25-августта КРнын Премьер-министри И.Чудинов 24-август күнү авиакырсыкка учураган "Боинг-737" учагындагы каза болгон жана аман калган жүргүнчүлөр тууралуу КРнын Президенти К.Бакиевге маалымат берди.
КРнын Президенти жабыр тарткандарга жана алардын жакындарына жардам көрсөтүү керек экендигин айтты. "Биз, бардыгыбыз үчүн бул кабар өтө оор болду жана курман болгондордун туугандарына, жакын адамдарына жан кейүү менен кайрат айтабыз. Учурда Өкмөттүк комиссия ыкчамдык жана профессионалдуулук менен жакынкы аралыкта ишти жыйынтыктап, кырсыктын себебин аныкташы керек. Өкмөттүн чечими менен 26-август Аза күтүү күнү деп белгиленүүгө тийиш!" - деди К.Бакиев. Ошондой эле мамлекет башчысы Премьер-министрге комиссиянын иштери тууралуу бат-бат маалымат берип туруусун тапшырды.

Ушул эле күнү саат 10.00дөТранспорт жана коммуникациялар министри Н.Сулайманов, Өзгөчө кырдаалдар министри К.Ташиев, Саламаттыкты сактоо министри Марат Мамбетов, Эл аралык "Манас" аэропортунун президенти Бактыбек Сыдыков, ошондой эле "Итэк-Эйр" авиакомпаниясы ЖМК өкүлдөрүнө кырсыктын болгондугу тууралуу маалымат беришти.
Бирок, авиакатастрофанын себеби, ошондой эле кабарчылардын бир катар суроолору азырынча жоопсуз калды. Анткени министрлер алардын бардыгына анык жооп учактын кара жащиги ачылгандан кийин жана Башкы прокуратуранын, атайын комиссиянын иликтөөсү жыйынтыкталгандан кийин айтылат деп билдиришти. Атүгүл курман болгон 65 кишинин эсебин да жыйын өткөрүүчүлөр азырынча болжолдуу деп эсептешти.
(Уландысы 2-бетте)




Жеңиш даңазасы элибизге жаркын маанай жаратты
(Патриотизмдин башаты кайдан?)
Жеңиш дегенибиз улуу да, ыйык да, сыймык да. Ал адамда эң аялуу сезимди козгойт. Жеңиш - элибиздин тарыхында көп жолу болгон. Кыйчалыш кезеңдерде ишеним жарат-
кан шамы болгон. Кыл чайнашкан эрөөлдөрдө
ураан-шаңы болгон.
Доорлор кыйырларында эркиндик үчүн күрөштүн, баатырдык патриотизмдин туусу болуп келген ушул жеңиш.
Ошол жеңиштердин башаты менен уюткусу - айкөл Манастан бери келаткан улуттук ар-намыста. Ошол ар-намыс кыргыздын жанына айланган, өзөк-тамырларында аккан каны болуп урпактан урпакка мурасталып келген. Ошол ар-намыс үчүн токсондогу Кошой балбан "Чоңдугу тоонун теңиндей" пендеде жок зор Жолой менен күрөшүп, жеңишке жеткен. Карыя бабабыздын бул жеңиши жеке адамдын эле эмес, айкөл Манас түптөгөн жаш Кыргыз мамлекетинин жеңиши, улуттук ар-намысты алдырбоонун, аны бийик тутуунун, туу кылып көтөрүүнүн даңазасы болгон.
Манастан келаткан ошол
атуулдук даңазаны айкөл бабабыздын бүгүнкү урпактары Канатбек БЕГАЛИЕВ менен Руслан ТҮМӨНБАЕВ Бээжинде өткөн XXIX жайкы олимпиадалык оюндарда татыктуу туруп, бул дүйнөлүк мелдештин күмүш жана коло медалын жеңип алышты, элдин, мамлекеттин ишенимин ар-намыстуулук менен акташты.
(Уландысы 6-бетте)





в








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan