Кыргыз Республикасынын Улуттук расмий төл гезити
№66, 05.09.08-ж.





  Кытайдагы кыргыз тарыхчысын курсташы эскерет

Андан бери жарым кылымдан көбүрөөк убакыт өттү. Азыр ойлоп көрсөм өткөн күндөр өзүмө көргөн түштөй сезилсе, башкалар үчүн жомоктой туюлар. Эмнеси болсо да өткөн күндөрдүн бир үзүмү ошол доордун күбөсү болуп калар.

Анвар Байтурдун бейнеси
Шинжаң институту кезегинде Шинжаңдагы эң жогорку окуу жайларынын бири болчу. Ошол кездеги көптөгөн
жооптуу кызматтарды ээлеген жетекчи адамдар ушул окуу жайынан билим алып чыгышкан. Ошондуктан институттун эки кабаттуу имаратынын сырткы көрүнүшү кызыл кирпич болгондуктан, элдер аны "кызыл бина" деп аташчу. Ушул сапаты менен аталышынын өзү эле уккандарды суктандыруучу. Мына ушул Шинжаңга белгилүү болгон "Кызыл бинанын" тарых жана геофагында төрт кыргыз студент бар элек. Жакып Ысмаил, Анвар Байтур, Асанакун Бектур жана мен. Жакып Ысмаил бизге картаңдай көрүнчү. Чындыгында ал киши мугалим болуп жүрүп келген экен. Ошондуктан ал киши менен учураша калганда саламдашканыбыз болбосо, анча деле ымалабыз жок эле. Анвар Байтур, Асанакун Бектур, мен үчөөбүздүн мамилебиз бар болчу.
Ал кездеги эң мыкты эс алуу дем алыш күндөрү киного баруу, кечкисин танцага барып бий бийлөө эле. Күндүзү төрт чөнтөктүү жөнөкөй кездемеден тигилген жуңсанфу формасындагы чапан, шым менен чүпүрөк шапке кийсек да кечкисин күн мурда суу бүркүп керебетибиздин астына төшөп кыр чыгарган шымыбызды, көйнөгүбүздү кийип танцага барып, бий бийлечүүбүз. Маркум Анвар танцадан куру калчу эмес. Өңү ак жуумал, кызыл жүздүү дайыма жайдары ачык мүнөздүү Анвардын бою пас болчу. Ал бийге түшкөндө башы бийлеген кыздардын ийнинен ашчу эмес.
Үрүмчүдөгү бардык эле окуу жайларынын студент жана окуучулары эртең мененки саат алтыда турушуп, радио гимнастикасын ойношчу. Бул жалпыга мүнөздүү гимнастикадан себепсиз бир да студент калчу эмес. Ар бир курстун студенттери өз өздөрүнчө сап болуп тизилип гимнастикага катышчу. Мына ошол кезде Анвар өз курсундагы студенттердин эң аяк жагында турчу. Анан жалпы институт боюнча тизилип, спорттук машыгуу жасаганда тизилген саптын эң баш жагында Анвардын курсташы Кадыр турса, эң аяк жагында Анвар турар эле.
Эң кызык жери окуу жайы боюнча эң бийик студент менен эң жапыс студент тарых жана геофактан эле да. Бирок, анын спортко анча деле шыгы жок болчу. Бул кездеги спорттун эң мыкты түрлөрү жана студенттер кызыгып көбүрөөк катышканы футбол, волейбол, баскетбол болор эле. Спорттун бул түрлөрүнө чындыгында бойлуу студенттер катышчу. Кийин ойлосом өзүнүн боюнун пастыгынан улам катышпай жүргөн өңдүү.
Тарых жана геофакты бүткөн төртөөбүз тең Үрүмчүдө калдык. Жакып Ысмаил ошол эле факультетте калды. Анвар Байтур Илимдер академиясына чектелди. А мени окуумду бүтөргө жарым жыл калганда "Майда улуттардын тарыхый материалдарын чогултуу жана изилдөө "группасына кошуп түндүк Шинжаңга жиберди. Негизинен Артуш, Ак-Суу, Үч-Турпан жана Акчийде болдум. Ал жактан кайтып келген соң окуу-агартуу министрлиги Шинжаң пединститутуна чектеди. Ошол жерде иштеп жүргөнүмдө дагы "Майда улуттардын тарыхын изилдөө боюнча" менин дагы катышышым үчүн жолдомо келди.
Бир айлык тарых изилдөө ошол кездеги Үрүмчүдөгү эң мыкты имарат эсептелген сегиз кабаттуу чет элдиктер үчүн курулган мейманкананын төртүнчү кабатында өттү. Бул жолу чогулгандар ошол кездеги кыргыздардан чыккан жогорку даражадагы жетекчилик кызматтарды ээлеген кыргыз дөө-шаалары менен эки кытай аалымы экен. Илгерки студент кезден ымалашып жүргөн Анвар Байтур, Асанакун Бектур, мен үчөөбүз дагы бул жерде бирге болуп калдык.
Чындыгында аксакалдар жооптуу кызмат ээлери болгону менен тарых жагынан билимге ээ деп айтуу кыйын эле. Ошондуктан эң оболу Бейжинден келген эки тарыхчы илимпоз эң оболу кыргыз тарыхы жөнүндө кытай булактарында эмнелер жазылгандыгы, алар кайсы
доорлордо кандай аталарын, азыркыга дейре канча аталгандыгы жөнүндө түшүнүк берүү менен негизинен тарых эмне, аны кандай жазуу керек экендиги жөнүндө кыскача багыт көрсөттү. Кытай аалымдарынын айткандарын котормочу Кален менен Анвар экөө алмак-салмак которуп жатты.
Бир жумадан кийин чогулгандар кыргыз деген эмне, ал качан, кантип пайда болгон деген темада ар кимиси өздөрү билген жана элден уккандарын айтып жатты. Бир гана Сабит деген аксакал орус тилдүү болгондуктан кыргыздар жөнүндөгү орус окумуштуулары эмне деп айткан, Мухтар Ауэзов эмне деп жазган ушул жөнүндө туюнтуп жатты. Шаршебек Сыдык, Амантур Байзак, Мамат Асан жана Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунан бир-эки күнгө келип катышкан жетекчилер өз ойлорун айтышты. Эмнеси болсо да бул кыргыз кытайлык кыргыз тарыхын жазууга багыт алган эң алгачкы кадам эле. Мына ушул бир айлык тарых изилдөө чогулушунун дем алуу күндөрү мыкчыгерлер үй-үйлөрүнө кетип, баягы үчөөбүз чогуу жүрдүк.
Айта кетүүчү нерсе, бул кезде кытай тилин көпчүлүк эл билчү эмес. Карапайым эл быякта турсун, жетекчи кызматкерлер да тилмеч аркылуу кызмат иштечү. Ошондуктан арт-артынан бир-эки жылдык кыска мөөнөттүк котормочу курстарын ачып, ар кайсы мекеме-ишканаларга котормочуларды даярдап жатышты. Ал тургай студенттерге лекция окуганда аны атайы тилмеч которуп берчү. Миңдеген студенттери бар Шинжаң институтунун студенттери да кытай тилин билишчү эмес. Ал тургай Миркамил деген бир казак студент "Шинжаң шойен" дегенге тили келбей окуусун бүткөнгө дейре "Чинжаң чоян" деп окууну бүттү.
Бул жерде айтайын дегеним, Анвардын бою бардык студенттерден пас болсо да, бирок анын ою бардык студенттерден бийик болчу. Себеби, ал тарыхый материалдарды кытайча окуп да, сүйлөп да, түшүнүп да, түшүндүрө билген. Анын ушул сапаты тарыхчы болуусуна бирден-бир өбөлгө түзүп берди. Себеби илимпоз болушу үчүн булактардан өзү пайдаланып, өзү акыл чуркатып, анализдеп калем терметүүгө туура келет.
Анвардын бир канча тарыхчы болууга умтулган курсташтары бар болчу. Бирок, алар кытай тили жагынан келгенде Анварга чендей алчу эмес.
Тагдырдын буйругу менен 1963-жылы өз Ата Мекеним Кыргызстанга кайтып келген соң, алар менен болгон байланышым үзүлүп калган болчу. Кайсы жылы так эсимде жок, Амантур Байзактын кызы Жылдыз Амантур Макелек Өмүрбайдан мага бир канча китептер менен бирге белек-бечкектерди жиберген экен. Ошол китептердин арасында маркум Анвардын 1986-жылы "Шинжаң Кызыл-Суу" басмасынан жарык көргөн "Кыргыз тарыхы лекциялары" деген китеп да бар болчу.
Кийинчерээк 1991-жылы Бейжинден "Улуттар басмасынан" жарык көргөн "Шинжаңдагы улуттардын тарыхы" деген жубайы Хайриниса Сыдык менен биргелешип жазган 1316 беттен турган чоң көлөмдүү эмгегин окууга жетиштим.

(Уландысы бар)
Абдылда КАРАСАРТОВ




Жолборс кармаган баатыр
(Поэмадан үзүндү)
Карт тарыхты, изилдесең жакшылап,
Калкка караан болгон ысым - ат турат.
Шер адамдар Төрөкелди баатырдай
Орто-Азия чөлкөмүнөн аз чыгат.

Калайыкка канын жанын арнаган,
Качырганын кан чыгара кармаган.
Көктүк, ыкчам, балбандыгы келишип,
Көк жолборсту уй сыяктуу байлаган...

Эсиңдеби, Кавказдагы бир дастан,
Ал бир эпос, тарых эмес чаң баскан.
Сиз билесиз Тариелин Шотанын,
Чер токойдо жолборс менен кармашкан.
Кармашкан да... кеткен эки тарапка,
Бири жеңип, же жеңилип калбастан.

А биз деги... таң каласыз бир туруп,
Окуядан өзгөчө бир сыр туюп.
Төрөкелди кармап алган жолборсу
Шер колунан чыга албаган жулкунуп...

Ошол тарых... эл эсинде ал мына,
Айдагандай малды салып алдына.
Төрөкелди торпок мисал жетелеп,
Жолборсту апкелиптир айылына!..

Үй жанына чогулбайбы баарысы,
Таңкалышып жашы дагы карысы.
Сүйүнчүлөйт Абайылда атага,
Күрүлдөгөн кабыландын дабышы.

Бир айланта кармап алып элдерди,
"Абайылда" - көз тийбесин" - дегенби?!
- "Кармап алса, алган чыгар бир итти,
Тарайлы" - деп, тек кайдыгер өңдөндү.

Жайлоодогу ак боз үйдүн жанына,
Жаныбарлар шерин байлап мамыга.
"Күр-күр" - эткен добуш уюп көк өрөөн,
Коштолгондой Сөөк дайранын шарына...

Түн коюлуп... уйку самап куш дагы,
Акырындап айыл өрөөн уктады,
Үй сыртында жолборс жатат кармалган...
Үй ичинде адамзаттын сырттаны...

Бул ооматпы? Касиетпи?.. Эмине?
Ала-Тоонун кара Кочкор жерине.
Мында жатат жаныбарлар сырттаны,
Дат-дей албай адамзаттын шерине.

Бул окуя жолукпайт эч элден бир
Кудай жалгап тагдыр өзү бергендир.
Атайылап Абайылда уулуна,
Кел-кел болуп, аян кошо келгендир.

Эртесинде таңдан туруп атасы,
Тобо кылып сылай кармап жакасын,
Алып келип ай туягын чалдырган,
Алалы - деп калың элдин батасын!..

Элдер келип жакындан да алыстан.
Түлөө артып чоң той кылып салышкан.
Ак тилегин ак батасын айтышып,
Аксакалдар алаканын жайышкан.

"Ала-Тоодон ашып түшсүн атагың.
Азияны мекен кылып жашагын.
Кызмат кылып адамзатка кыргызга,
Урмат кылып, узак болсун сапарың!.."
- Деп карылар бата берди жабылып,
Жер үстүнө желдей тарап жаңылык.
Баш көтөрдү Төрөгелди кыргыздан,
Баатырдыктын зооту киймин жамынып.

Не болсо да бак караган күн болуп,
Сыймык болуп, аңыз болуп, сүр болуп,
Калмактарга, орустарга угулуп,
Кашкар... Кокон... казактарга дүң болуп.

Төрөкелди төрт тарабы төп келип,
Төрт түлүгү, төл түшүмүн көп берип.
Абайылда анда турду уулуна
Акыл берип, бийлик берип, тес берип.

Баатырдыгы, балбандыгы бир аңыз,
Шер кармаган окуясы уламыш.
Калыс момун касиеттүү кыргыздын,
Бай тарыхын карылардан угабыз.

Касиеттүү Калыгулга кеңештеш,
Ормон ханга, Шамен бийге өнөктөш.
Бу чөлкөмдө Төрөгелди баатырдай,
Ашып түшкөн адам болгон эмес - дейт.

Канча айтсак да, турмуш деген турмуш да,
Ошондо да чындап күйгөн кыргызга.
Жүрөк менен, акыл менен түшүнүп,
Жүрө жүрө туш келебиз чындыкка.

Ошол кезде, куру
намыс куйтулук,
Кыргыз элин бөлгөн окшойт
бир туруп.
Канча жолу кеңеш жыйын курушту,
Калыгулдар ынтымакка умтулуп.

Биримдиктин жолун канча издеген,
Биригишип акыл издеп жүздөгөн.
Кылымдарда изин келген жоготпой,
Кыргыз деген түпкү улутту түптөгөн.

Мыйзамы бар чоң кичине өлкөнүн,
Саясатын, жердин шартын, өлчөмүн.
Бир кезекте, таякелер келген - дейт,
Басуу үчүн Орто Азия чөлкөмүн.

Ала-Тоого, Ысык-Көлгө жарашып,
Калмагы да, кытайы да ага ашык.
Ошондой бир жылдардын бир жылында,
Орустар да келген дешет талашып.

Түз жерлерге мужуктарын көчүргөн,
Алар анда бир топ эле эсирген.
Мылтык менен, "Мыйзам" менен демитип,
Аскалардын бер жагына кетирген.
Андан улам Төрөкелди баатырдай
Эр уулдардын ой-сезими жетилген...

Калмактар да кеткен анда тим болуп,
Казактардын ой тилеги бир болуп.
...Кытай кыргыз чек арасы бөлүнгөн,
Эки өлкөнүн мамилеси сый болуп.

Бир топ жылдар кокондуктар башкарган,
Бирок элдин улуттугу сакталган.
Өлкөсүнө кошуу үчүн элдерди,
Николайдын саясаты башталган.

Эл болгон соң эл ичинен эр өсөт,
Төрөкелди баатыр жайын не десек.
Баатырларын мокотууга кыргыздын,
Баскынчынын жасоолдору кеңешет.
(Уландысы бар)
Барчынбек БУГУБАЕВ,
Кыргыз мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, "Алтын калем" жана эл аралык "Хельветас"
сыйлыгынын ээси













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan