Кыргыз Республикасынын Улуттук расмий төл гезити
№71, 23.09.08-ж.





  Өзбек акыны аталып жүргөн
Молдо Калбек Муса уулу кыргыз экени такталды

Молдо Калбек Муса уулу
(ХIХ кылымда жашап өткөн жазгыч акын тууралуу жаңы табылга)
Кыргыз адабиятын барактап көрсөк, ХIХ кылымда жашап өткөн кыргыз акындардын арасынан жазгыч акындар деп Молдо Нияз, Нурмолдо, Тоголок Молдо, Молдо Кылыч сыяктуу саналуу гана акындардын ысымдары аталып келгени белгилүү. Бирок карт тарыхка, бай маданиятка ээ кыргыз элинде саналуу гана жазгыч акындар жашап өткөнүнө ишенүү кыйын. Соңку жылдары ХIХ кылымдагы кол жазмаларга, архивдик маалыматтарга, ар кандай тарыхый булактарга талдоо жасап отуруп, Кокон ордосунда кара сөз жана ыр түрүндө Кокон хандыгынын тарыхын жазган Зиябиддин Максым (Магзуни) менен катар эле Молдо Калбек Муса уулу аттуу жаңы бир жазгыч акындын жашап өткөнүн тактоого алганда дагы бир жолу ынандым. Молдо Калбектин жазган мурастары Ташкенттеги Чыгыш таануу жана Кол жазмалар институтунда сакталып келгени менен, ага анчалык көңүл бурулбаган. Анын ысмы өзбек акыны катары Өзбекстандан чыккан бир катар илимий эмгектерде, окуу китептеринде жазылып, окутулуп келген. Анын бейити Ноокен районунун Чоң-Багыш айылында экени, урпактары да ошол айылда жашап келгенин эч ким элес албаган.

Кыргыздын дагы бир чыгаан жазгыч акыны Молдо Калбек Муса уулу тууралуу маалыматты эч жерден кезиктире албадык. Ал тууралуу Улуттук Илимдер Академиясынын Кол жазмалар бөлүмүндө да, башка эмгектерде да эч кандай маалымат жок экен. Анын кол жазмасы Ташкенттеги Чыгыш таануу жана Кол жазмалар институнда гана сакталып калган. Кол жазмада анын ысмы Мулла Халбек ибн Муса Андижоний деп көргөзүлгөн. Ал өзүнүн кол жазмасын Кадамжайлык замандашы Молдо Нияз сыяктуу чагатай тилинде жазып калтырып, кол жазманын Алымкул аталыкка тиешелүү бөлүгү "Алымкул салгылашуулар баяны" деген аталышта 1997-жылы Ташкентте өзбек тилинде, 1999-жылы Ошто профессор Ташын Кененсариев тарабынан даярдалган "Алымкул аталык" аттуу китепте кыргыз тилинде басылган. Мындан башка Ташкентте басылган бир катар эмгектерде анын ысмы аталып, эмгеги пайдаланып, бирок, бардык эмгектерде ал улуту жагынан өзбек акыны катары эсептелип келген. Мына ошондон уламбы кыргыз окумуштуулары менен адабиятчылары анын кимдигине анчалык кызыккан эмес. Бирок, анын чыгармаларына, ал тууралуу колдо болгон архивдик маалыматтарга таянсак, анын кыргыз экени такталып отурат.
Молдо Калбек Муса уулунун жазганына көңүл бурсак, ал Кокон хандыгы учурунда көптөгөн окуяларга күбө болуптур. Ал айтылуу Алымкул аталыктын жанында жүргөнүн сыймыктануу менен эскерип, анын эрдиктерин даңазалап, анын өлгөнүнө кайгырып, жаназасына катышканын өз ырында жазып калтырган:
"Аскер башчы Алымкулга тийди.
Киндик астына ок жаңылды, о шумдук!
Жыгылбай турду Алымкул айкырып.
Ал: "Менден оомат кетти",-деди,
Жан чыкты курман болгон денеден...
Көмүү учурунда жөн карап турбадым
Аза күтүп, мактоо ырын ырдадым.",
- деп жазганы окуяга түздөн-түз аралашып жүргөнүн бышыктайт. Молдо Калбек Алымкул аталык менен улутташ гана эмес, жакын тууган да болгонун ал менен коштошуп жатып ырдаган төмөнкү ыр саптары далилдейт:
"Берген тузуңа раазы бол,
жакын тууганым, кош бол!
Айрылып калды сенден Мулла Калбектей пенде,
Перзенттериң, мал - мүлкүң калды, кош бол!" - деп, жакын тууганын акыркы сапарга узатканын ырга кошкон. Молдо Калбектин ырлары айтып тургандай, ал өз элинин, өз Мекенинин эркиндиги үчүн күрөшкөн, өз заманынын чыгаан уулу болгонун көрөбүз. Ал 1873-74-жылдары Базаркоргондо Мамыр Мерген уулу жетектеген боштондук күрөшкө да катышып, ал тууралуу өз ырында:
"Хан, бектердин залимдиги ашып,
Адилет жолунан чыгышты адашып,
Беш жүз кою кай биринин,
Катталбады барагына зекет дептеринин.
Зекетчилер уруп-согуп тартып алышат
Даттанып келсе бирөө, эч ким укпайт.
Кыскасы, Мамыр аттуу Мерген уулу
Мурда он зекет казынага берген", - деп, андан ары хандыктагы боштондук кыймылды, күрөшкө чыккандардын жазаланышын баяндаган. Мына ушул жерден эскерте кетүүчү жагдай, буга чейин окумуштуулар, мейли ал өзбекстандык окумуштуу болобу, же кыргызстандык окумуштуу болобу Молдо Калбектин кол жазмасындагы ушул саптарга таянып, ал 1873-74-жылы Мамыр Мерген уулу менен кошо орус бийлиги тарабынан туткунга алынып, Сибирге 10 жылга сүргүнгө айдалган деп жазып келишкен болчу. Бирок, Молдо Калбек сүргүнгө качан айдалганы тууралуу ырында так маалыматты өзү берген. Ал эми 1873-74-жылдары Мамыр Мерген уулу менен бирге хандыкка каршы күрөшкө чыккан кыргыздардын ысымдары жазылган архивдик маалыматтарга кайрылсак, анда Кудаяр хандын жазасынан кооптонуп, Чүй тарапка качып өткөн кыргыз бийлеринин арасында Молдо Халиф деген ысым учурайт. Учурда бул ысым такталып жатат.
Ал эми Молдо Калбектин 10 жылга сүргүнгө айдалганы тууралуу маалыматка келсек, ал өз ырында:
"Абакта, шордуу, солдат колунда
Туткунмун Оруссия каапыр элинде
Бул ташпиш өткөн жылан жылдын
кышында,
Сана миң эки жүз токсон бешинде
Сүргүнгө айдалдым Ислам жеримден,
Болуп аким бизге Орусия каапыр.
Жазып калдым кеңири мен бир баян,
Максатым - көпчүлүккө болсун аян
Билдирейин деп баарын койдум
максат,
Орус журтунда он жыл саар-кеч.
Түрмөгө отургузду орус шаасы,
Ашык-кеми жок он жыл кайтпастан эч.
Сүргүнгө айдашты жалаа менен
Шылтоосу - Мамурга кошулду деген
Кайгы менен өткөрдүм тиричилик,
Карап көр ал жазылган көк
дептерден..",
- деп, Сибирге сүргүнгө айдалганынын себебин жана мезгилин өзү ачык жазып калтырган. Болгону буга чейин жарык көргөн эмгектерде, ал Мамыр Мерген менен бирге 1874-жылы сүргүнгө айдалган деп, мусулман жыл эсептөөсү менен көргөзгөн акындын жазганына анча маани берилген эмес. Бул Өзбекстандан чыккан бардык эмгектерге мүнөздүү көрүнүш. Молдо Калбек жазган "Санаа миң эки жүз токсон бешинде, Жылан жылында" дегени 1878-1879-жылдын кыш айларына туш келет. Ал эми окуянын өзүнө кайрылсак, Базаркоргондук Мамыр Мерген уулу 1874-жылдан 1877-жылга чейин орус бийлиги тарабынан Лепсинск үйөзүндө сүргүндө жүрүп, 1877-жылы карыган апасынын өтүнүчү менен бошонуп келген. Ал кийинки 1878-жылы май-июнь айындагы Жетим хандын козголоңу учурунда Анжыяндын жака белиндеги элди падышалык бийликке каршы үндөп, жигит курап кайрадан боштондук кыймылга жетекчилик кылган. Мамыр Мерген май айынан сентябрга чейин падышалык жазалоочу аскерге каршы күрөшүп, акыры теңсиз таймашта туткунга алынган. Ал 1878-жылы сентябрда Базаркоргондо туткунга алынып, 1879-жылы 18-январда Анжыян шаарында падышалык бийликтин өкүмү менен даргага асылган. Ал эми Мамыр Мерген уулу менен бирге боштондук күрөшкө тартылган деген күнөө менен анын айланасындагы адамдар ошол жылы кармалып, Сибирге сүргүнгө айдалган.

(Уландысы бар)
Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ,
Тарых илиминин кандидаты





  Сандан-санга

Айтыштын алпы Ашыке
(Башталышы №70 санда)
Башкы врачтын орунбасары аны көндүрө албасына көзү жетип, кабатырланып дагы сүйлөнүп жатып бир эмес, эки кайырмак таап келип калат. Анан сумкени өзү көтөрүшүп, бир орундуу палатага жайгаштырып, эртелеп машинеси менен, курорттун жогору жагында жакшы жер бар экен, ошол жерге жеткирип коет. Аны өзүлөрү гана билишет экен. Ыргытса эле балык түшөт. Ашыке кечке балык кармап (тамакты да тиги баланын шоопуру ошол жерге алып барып берет), баарын жипке тизип, келип калган машинеге олтуруп ылдыйласа корпустун жанынан алиги жигит күтүп туруптур, унчукпай колундагыларын алып: "Бул форель күчтүүлүк кылат, сизге жешке болбойт", деп балыкка жолотпойт.
Ашыке эми не дейт? "Ой, бала, балыктын чоңдорунан үч-төртөөнү коңшу палатадагыларга алып барып берейин" деп четке койдуртат. Барса, өзү айткандай бирөө жүрөт жалжактап. "Бышыр, барып", деп башка эч нерсе айтпай ага карматат да бөлмөсүнө сүңгүйт. Эртеси таң атпай алиги жигит машинесин дагы жибериптир. Дагы жөнөйт балыкка. Көнүп алат мындай эс алууга оорумак түгүл. Жөө көп басат. Анан бир жолу врачка:
- Ай, айланайын, мына эми атаңа окшоп келатасың, мага жагып калды бул жериң, мени кароолчу кылып алсаңчы, дайыма балык кармап, өзүм жебей сага алып келип турайын, - дейт.
- Калгыңыз келсе жөн эле калтырып коеюн, балык карматпай эле өзүңүз жебегенден кийин. Өзүнчө бөлмөгө тура бересиз, - дейт тигил калбааттыгынан жазбай.
- Ал жердеги кишилердин көбү Кант районунан экен, - деп сөзүн улайт Ашыраалы Айталиев.
- Далай эле жерде эс алдым. Мыскал Өмүрканованы сурап атпайсыңбы, билип калдым. Ал бир башкача талант эле го. Ал өзү айтып калчу эле: "Биз күйөө экөөбүз колхоздун эле жумушун кылып оокат кылып жүрчү элек", деп. Анан буудайды оро албай калганда, обологон үнүн уккусу келгендер аны ырдатып коюшуп, өзүлөрү чогулуп оруп беришчү экен. Кийин бу киши эл артисти, депутат болду. Чынында, менин билишимче, аны көралбагандар арак берип коюшуп бузушту, балдары да ичип кетти кийинче-рээк. Анан бир кызыгы: ал күчөп кеткен сарык оорусунан так мына ошол арак менен айыгып кетпедиби. Организми күчтүү болчу. Ал жөнүндө да жазам деп жүрчүмүн, кыскасы, жазылбай калган ырлар аз эмес. Жазылгандарын эптеп чогултуп койсомбу дейм. "Өнөрүң күчтүү болсо, ал өзүңдү өлтүрөт" дегендей. Кээде ичим бук болуп, ойго чөмүлүп кетем башка эч нерсени элес албай, башка бир дүйнөгө тушугуп. Мындайдын жакшы жагы да, жаман жагы да бар ден соолукка таасир этчү. Бала-бакыра көбүнчө айылда болушту. Эч кимисинин азабын тарткан жокмун, өз оокаттарын өзүлөрү кылып жатышат. Ал эми кемпирим менен 32 жыл болуптур жашаганыма.
Өз ырлары Казакстанда калганына, анан күчүгүнүн өлгөнүнө өзгөчө кайгырган карыя акын
Ашыралы Айталиев басып
өткөн өмүр жолуна ушинтип бир серпим болсо да кайрылганда жеңилдей түшкөндөй көрүнгөнү менен башка да далай нерселер тууралуу ойго батып турду…
- Адамды бузган да, түз жолдон адаштырган да ошол адамдар, көбүнчө жаман жетекчилер экен, - дейт ал. - Баштан далай нерселер өттү го. Мен мына ушуга көбүрөөк кабатырланам. Аткарылбай калган иштер да улам көбөйө берет экен маанай ачык болбосо. Казакстанда канча айтыштарда жүрдүм. Ушулардын бардыгы өзүбүздө жазылып калганда жакшы болбойт беле. Азыр деле конкурстарга жюри мүчөсү болосуң деп алып кетишет алар. Айтышты уюштурган ошол эле мурдагы кишилер. Алардын арасында бир профессор бар. Бир жолу ага: "Эй, Жуке, өлөң айтчу элем, алардын бардыгы силерде гана жазылып турат, ошондон мага алдыртып бербейсиңби элиме алпарайын", десем, ал: "Ашыке,- дейт, - сиз билесизби, биздин бир атактуу обончубузду 1914-жылы орустун бир чоң композитору Францияга алып барып ырдатыптыр, үнү бир укмуш экен, "нечеловеческий голос" деп таң калышыптыр уккандар. Ошонун записи бар экен ал өлкөдө, мына ошону ушул кезде миллиондогон акча менен алалбай жүрөбүз. Бул эми чындыгына келгенде биздин улуттук байлыгыбыз, улуттук намысыбыз да. Сиздикинин баары бизде сакталуу. Керек болгондо же уккубуз келген кезде алып турабыз. Алар силердин элдин эмес, биздин байлыгыбыз болуп калды. Бир тууган эл эмеспизби эми. Кыргызда да намыстуу адамдар бар гой. Сиз азыр көзүңүздүн тирүүсүндө алалбайсыз, кийин патриоттор чыкканда ойлоно башташат. Чоң акча төлөп алышат ошондо". Казактар мени эч качан унутушпайт, жаңы китептер чыкса андан, ал эми майрамдарда болсо белектеринен берип жиберишет.
Ашыраалы Айталиев дагы көп маселелер туурасында ойлорун ортого салып атты… Мен аныкына бараарда коңшуларынын: "Бир аз барбай турсаң болот эле, ал кайгырып турат жакшы көргөн күчүгү өлүп калып", дешкенин уккам. Бирок барып ошол эле күнү жолугуп атпаймынбы. Туура кылдымбы билбейм, маегибиздин аягында ал окуя тууралуу да сурап жибердим.
- Менин сексен жылдыгым өтүп атты, - деди ал. - Коноктор көп келишти. Күчүк сопсоо эле болчу. Мен каерге олтурсам, ошол жерге барчу. Үйгө кандай кишилер келип жатканынан бери баамдап турчу. Кичинекейинде асырап алганбыз. Бүлө мүчөсү сыяктуу болуп калган. Кийинки күндөрдө бизге жакындабай кача баштады. Жакшы ит ушундай болот дешет го...
Ал бала кезинен эле жан-жаныбарларга жакын, боорукер болуп өсүптүр. Ак көңүл, айкөл, ачык-айрым кишилер өзү ушундай болот. Анын өзүнүн айтымында, кичине кезинде алардын короосунда канча таранчы бар, ошолорду да билчү экен. Бир бээ кулун туугандан баштап үйрөтө баштайт. Ал Ашыке кайда барса, ээрчип жүрөт токтоп калса эркелеп тумшугу менен түрткүлөп. Өлүп калган чымчыкты көрсө ыйлап алчу. Ал эми тоок соё башташканда үйгө жолобой качып кетет. Кой сойгонду өзү билбейт да, ал эми бирөө союп атканда жанына тургусу келбей нары басат. Сыртынан караганда кээ бир кишилерге Ашыке каардуудай көрүнгөнү менен анын жандүйнөсү элибиздин үнү, жашоосу, үмүт-тилек, сүйүү-арманы менен бекем жуурулушкан чыгармаларындай, лирикалык ырларындай жөнөкөйлүгү, мезгилине үндөштүгү менен күчтүү тура…

Жумакан САРИЕВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan