, 23.09.08 - 12-бет: №71, 23.09.08-ж.
  Дени сак - дары издебейт

Бардыгы ВИЧ/СПИД жөнүндө
Облооруканаларга медбуюмдар жеткирилди
СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү Глобалдык фондунун грантын ишке ашыруу алкагында республикалык "СПИД" бирикмеси тарабынан август айында облустук мекемелерге гуманитардык жардам катарында медициналык буюмдар жеткирилди. Айталы, Нарын облустук ооруканасына бир жолу колдонулуучу 72 миң даана шприцтер , шприцтер үчүн 1200 даана контейнерлер жана катетрлер үчүн 100 даана шаймандар, облустук СПИД борборунун керектөөсү үчүн ушундай эле шприцтер жана шприцтер үчүн контейнерлер берилди. Буга жумшалган каражат 858 миң сомдон ашык. Ал эми Баткен облусунун ооруканалары жалпы суммасы 871 миң сомдон ашык турган шрицтерди жана алар үчүн контейнерлерди алышты. Ошондой эле Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас, Чүй жана Ош облустарынын ооруканалары да эң зарыл керектүү болгон ушундай медициналык буюмдарга ээ болушту. Бир эле Ош облусунун ооруканалары жалпы суммасы 1 005 504 сомго турган шприцтерди, шприцтер үчүн контейнерлерди алышканы гуманитардык жардамдын көлөмүн көрсөтүп турат.

Врачтар үчүн тренинг
16-20-сентябрда Ысык-Көлдө Кыргызстандын бардык региондорунун "СПИД" кызматынын кызматкерлери үчүн "Менеджмент, божомолдоо жана антиретровирустук дары-дармектерди сатып алуу" деген темада окутуу тренинги өткөрүлдү. Окутуу дарылоо-алдын алуу мекемелеринде ВИЧтин чыгуу коркунучун азайтууну көздөгөн саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси аркылуу ишке ашып отурат. Ошондуктан, беш күн бою Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эл аралык эксперттери жана Украинадан тренерлер биздин врачтарга ВИЧ/СПИДдин алдын-алуу жаатында жаңы ыкмаларды үйрөтүштү.


ВИЧке чалдыккан адамдын арманы
Оорулуу адам менен болгон маегим толук жашыруун болоорун жана анын аты-жөнү, жашаган, иштеген жери эч жерде аталбай тургандыгы тууралуу убада берип, аны менен баарлаштым.
Жашым 50дө, иш болбогондуктан соода менен алектенип, базарда иштеп жүрдүм. 6 балам бар.
Келинчегим балдар менен үйдө. Балдар чоңоюп, бой тартып калды. Эми уулумду үйлөндүрө турган мезгил келгендиктен, Россияга барып иштеп, каражат таап келип балдарымды үйлөндүрсөмбү деп Россияга кетүүгө даярданып жаткам." СПИД менен оорубайт деген справка алуу керек, аны СПИД борбордон аласың дешкенинен барып анализ тапшырдым. Анан эле анализдин жыйынтыгы чыгаарда барсам медсестра: "Сиз врачка жолугушуңуз керек",-деп калды. Врач орто жаштарга барып калган киши экен, тилекке каршы сиздин каныңыздан ВИЧ чыкты десе болобу. Асман үстүмө урап түшкөндөй дендароо болуп канча олтурганымды билбейм.
Врач тажрыйбалуу, эстүү киши экен, мени жубатып, текшерүүдө анализинен ВИЧ чыккандардын көбү узак жашагандыгын, бул оорунун жөнөкөй алакадан, турмуш- тиричиликтен жукпай тургандыгын, кээ бирөөлөрдүн оору экендигин туугандары, тааныштары тургай үй бүлөсү да билбей турганын айтып, эң негизгиси мындан ары өзүңүздү абайлап, бул ооруну башкаларга жугузбаганга аракет кылышыңыз керек деп түшүндүрдү. Мен көптөн бери ооруканада жатпаганымды, баңги затын сайынбай турганымды, кээде эркектик кылып өңдүү-түстүү келиндерге бара койгонумду, жукса ошондой байланыштардан жукту болсо керек, деген божомолумду айттым. Врач аялымды да текшерүү зарылдыгын айтты. Мен заманам куурулуп, эмне кылаарымды билбей турдум. Кантип айтам, 30 жыл чогуу жашаган жубайыма, 6 баламды багып өстүргөн асыл жарыма ушул сөздү айта аламбы, билбейм. Мына ошол күндөн бери эки ай өттү, мен ошол бойдон Россияга да кетпедим, жубайыма да айта элекмин. Врачка да кайрылып бара элекмин. Эмне кылаарымды өзүм да билбейм. Бир гана айтаарым: "Өзүңдү бул оорудан сактайын десең эркекпи, аялбы, ким болсо да өзүң мурун- кийин билбеген бирөө менен байланыш түзүп кереги жок экен, өмүрүңдү, ден соолугуңду сактайын, десең, балдарыңдын, тууган, достун алдында уят болбоюн десең, алдыңда периште турса да напсиңди тыя бил!" дегенден башка аргам жок турам азыр.
Маектешкен
Жыпара Акунова





ВИЧтин таралышына өбөлгө түзгөн факторлор же стигма жана дискриминациянын кесепеттери
Россияны, Украинаны, Кавказды, Борбордук Азия регионун кошо алганда постсоветтик мамлекеттерде ВИЧ/СПИДдин пандемиясынын таралышы кескин өсүүдө. Көбүнчө бул нарко-трафик жана баңгизаттарды ийне аркылуу колдонуунун өтө олуттуу көбөйүшү, чегаралардын ачылышы жана миграциялык кубулуштар, калктын турмуш дең-гээлин төмөндөтүүчү экономикалык жана социалдык көйгөйлөр менен түшүндүрүлөт.
Ошондой эле дарылоо жана оору жугузууну алдын-алуу өңүтүндө проблемалуу болуп саналышкан дал ушул төмөнкү контингент: баңгизаттарын ийне аркылуу керектөөчүлөр; секс-кызматкерлер; эркектер менен жыныстык катнаштарга барган эркектер ВИЧ/СПИДдин негизги жайылтуучулары болуп саналышат. Мындай адамдарга карата коомдо алар эч кандай жардамга жана коргоого татыктуу эместиги жөнүндө туруктуу пикир түзүлүп калды. Андыктан мындай адамдар стигматизацияга (коом ВИЧке чалдыккан адамдарга текебердик менен мамиле кылса, ал стигма болуп саналат) жана кийин дискриминацияга же өздөрүнүн укуктарынын кемсинтилишине туш келиши мүмкүн.
Дал ушул ооруп калуунун статусунун ачылышынан коркуудан улам, кандайдыр бир алдын-алуу жөнүндө айтууну мындай кой, жада калса реалдуу каттоого да баш ийбей, илдет контролдон чыгып бара жаткандыгынын себеби болуп саналат. Ошол эле секс-кызматкерлер, баңгизаттарын керектөөчүлөр мисалы милициянын өзүм билемдигине жана коомдук жектөөгө туш болушат жана зарыл профилактикалык чаралардан четтөө менен "чабуулдан качууга" аракеттенишет.
Алдын ала ынангандык жана стигматизация көпчүлүк учурда адамдардын бир нерселерди жасашына же бир нерселерди жасабоону туура көрүшүнө алып келет, бул өз кезегинде башка адамдын укуктарын кемсинтет же танат. Же алар тарабынан кандайдыр бир кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Мисалы мындай мамиле ВИЧ/СПИД менен жашаган адам үчүн саламаттыкты сактоо системасынын кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышы мүмкүн же бул адамдын ВИЧке чалдыккандыгынын негизинде жумуштан бошотулушуна алып келиши мүмкүн. Бул дискриминация адам менен башка адамдардын ортосундагы айырмачылык келтирилгенде орун алат, ал белгилүү бир топко таандык экени же таандык деп эсептелгендигинин негизинде ага карата адилетсиз мамилеге алып келет. ВИЧ/СПИД менен байланышкан стигманын жана дискриминациянын кесепетинен ВИЧ/СПИД менен жашаган адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктары көп бузулат, себеби аларда ВИЧтин же СПИДдин бар экендиги же ушундай деп болжолдонулгандыгы жөнүндө белгилүү болуп калат. Укуктардын мындай бузулушу жооп чараларды кабыл алууну кыйындатат жана эпидемиянын терс кесепеттерин күчөтөт.
Дискриминациядан эркиндик бул жалпы жана түбөлүк болуп саналышкан табигый адилеттүүлүк принциптерине негизделген адамдын негизги укугу болуп саналат.
Адам укуктарынын негизги мүнөздөмөлөрү алар адамдарга төрөлгөндөн таандык жана дүйнөдөгү бардык адамдарга тиешелүү экендигинде турат. Дискриминациялабоо принциби ой жүгүртүүнүн жана адам укуктарынын практикасынын негизинде жатат. Адам укуктары боюнча бардык эл аралык документтер расасынын, терисинин түсүнүн, жыныстык таандуулугунун, тилинин, дининин, саясый же башка ынанымынын, улуттук, этникалык же социалдык абалынын, менчигинин, майыптуулугунун, финансылык абалынын, төрөлүшүнүн же башка статусунун негизинде дискриминациялоого тыюу салышат. БУУнун Адам укуктары боюнча комиссиясы тарабынан акыркы мезгилде кабыл алынган резолюцияларда адам укуктары боюнча эл аралык документтерде камтылган дискриминациялабоо жөнүндө жоболордо пайдаланылуучу "терминди" же "башка статустуу" адамдын саламаттыгынын абалын, анын ичинде ВИЧ/СПИДге карата абалды камтыган термин катары түшүнүү керектиги жөнүндө ачык айтылат; комиссия иш жүзүндөгү же болжолдонулган "ВИЧ/СПИД статусунун негизинде дискриминация адам укуктары тармагындагы учурдагы нормалар тарабынан тыюу салынарын" тастыктады.
Демек, ВИЧ/СПИД менен жашаган адамдарга, же ошондойлор экендиги болжолдонулган адамдарга карата дискриминация алардын укуктарынын айкын бузулушу болуп саналат.
ВИЧ/СПИД менен байланышкан стигмага жана дискриминацияга каршы күрөшүү жа-мааттык деңгээлде жана жалпы улуттук деңгээлде көбүрөөк таасирдүү натыйжаларды берет. Жамааттар жана алардын лидерлери ВИЧ-статуска карабастан жалпылык жана теңдикти жакташы керек.