, 23.09.08 - 16-бет: №71, 23.09.08-ж.
  И.Ахунбаев 1959-жылы майда Борбордук
Азияда 1-жолу жүрөккө операция жасаган

Мен Иса Ахунбаев дин колунан дарылангам
Бүткүл өмүрүн жана эмгегин өзүнүн сүйүктүү элине арнаган кыргыздын чыгаан уулу Иса Ахунбаевдин туулганына быйыл 100 жыл толуп жатат.
1930-жылдары кыргыз медицинасынын башатында туруп, аны бийик сереге көтөргөн окумуштуу дарыгерлердин бирден-бири, алтын скальпель хирург уулу менен эли сыймыктанат да, шум ажал мезгилсиз алып кеткени үчүн күнү бүгүнкүгө өкүттө келет.
Дал ушул эки сезим менде да бар. Мүмкүн, мендеги сезим башкалардыкынан өзгөчөрөөктүр, cебеби, Иса Ахунбаев мен үчүн ата-энемден эле кийинки эле орундагы адам болуп калган.
Менин кызыл жүгүрүктөн жабыркаган жүрөгүмдү айыктырган профессор Иса Ахунбаев эле.

Дартка кабылуу, тарткан азаптар
Кызыл жүгүрүккө чалдыккан сыркоо өзү абдан этият болуп, суукка урунбай, сасык тумоого кабылбай, ар дайым ден соолугун чыңдап жүрбөсө, тез эле жүрөккө чаап кетет экен.
Бирок бала чакта денсоолук маанисин түшүнмөк кайда!
Жүрөгүм ооруп турганын туйган эмесмин, ал чакта мен оорулуу жүрөк оорубасын билбейт элем. Көрсө, жүрөк жабыркаса, оорубастан эле тездеп согуп, боорго күч келип чоңоюп, кыймыл-аракет чектелип, энтигүү пайда болот экен. Ошентип, жүрөк порогу чырмап алганын бала түгүл, даттанбаган соң ата-энелер да байкабай калат тура.
70-жылдардын башында менин абалым начарлап, оорукана, санаторияда үч-төрт айлап жата баштадым.
Республика боюнча жүрөгү оорулуу балдар бири-бирибизди жакшы таанып, ал-акыбылыбызды, таржымалыбызды, атүгүл келечек ойлорубузду жакшы билип калдык. Оорубуз катаалыраак балдар достугубуз да бекемирээк болуп, бир туугандай жүрөбүз.
Канттагы балдар ревматологиялык санаториясынын башкы врачтары Аманова Вера Ахмедовна, жана Исаков Аспек Исакович бизге өз балдарындай мамиле жасап, дарылоого бүт амалын жумшап, келечекке үмүттөндүрүшөөр эле.
А биз болсо болбой эле келечекти ишенимдүү карай албай калыппыз, тунжуроо боло калса эле тирүүлүктү эмес, аркы дүйнөгө кеткен кезибиз ойду ээлейт. "Мен өлгөндө" деген темада түркүн тасмалар чубай берет...

Үмүттүн жаралышы
Ошол кезде жүрөктү хирургиялык жол менен айыктырып жатышыптыр, оорулуу какыс сакайып кетет экен деген кептер улам көбүрөөк айтыла баштады жана биз да ынтызарлана угуп калдык.
Москвалык хирургдар жылыга келип, Фрунзеде Ахунбаевдин клиникасында операция күтүп жаткан оорулууларга операция жасап кетишет экен деп угабыз.
Көрсө, профессор Иса Ахунбаевдин демилгеси жана мамилеси менен Mocквадагы Александр Николаевич Бакулев клиникасынан ысымдары дүйнөгө белгилүү профессорлор Владимир Иванович Бураковский, Виталий Алексеевич Бухарин, Георгий Иосифович Цукермандар баш болгон топтор жылыга келип, өз тажрыйбаларын бөлүшүп, көрсөтмө операцияларды жасап, биздин адистерди дасыктырып жүрүшчү турбайбы.
Ал эми 50-жылдары, СССРде жүрөккө биринчи болуп операция жасаган А.Н.Бакулевдин ийгиликтерине шыктанган хирург Иса Ахунбаев Кыргызстанда да ошондой бөлүм ачып, жашоодон үмүтү өчүп бараткан оорулууларды сактап калсак деп аракет кыла баштаган экен. Кесиптештери анын долбоорун колдобогон соң, Ахунбаев СССР медициналык ИАнын алдындагы жүрөк-кан тамырлар хирургиясы институтуна барып, алардын иштери менен таанышып, иликтеп, операцияларга катышып көрөт да, А.Н. Бакулев менен кеңешет.
Туура кеңешке шыктанган Иса Ахунбаев максатын ишке ашыруу үчүн шакирттери менен Москвага аттанат. Ал жерден оорулууга туура диагноз коюудан тартып, операциядан кийинки эң жооптуу учурда кантип багуу керектигине чейин дыкаттап үйрөнүшөт.
Жүрөк операциясына профессор Иса Ахунбаев адегенде жардамчы катары катышса, кийин өз алдынча да ийгиликтер жаратат. Ошентип алар Кыргызстанга жеңиштүү жана ишенимдүү кайтат, колдон келишинче хирургиялык аспаптарды, жабдыктарды ала келишет.
Төрт ай бою жалындап окуп-үйрөнүп, шымалана ишке киришкен адистер 1959-жылы май айында Орто-Азия жана Казакстан аймагында биринчи жолу жүрөккө операция жасап, оорулууну айыктырышат.
Кыргыз медицинасындагы бул зор ийгилик учурунда бүткүл өлкөгө дүңк эткен чоң сенсация болот, клиника дарыгерлерине дем берсе, сандаган оорулууларга үмүт жагат.
Мурда оорусу татаалыраактар Москвага жөнөтүлүп, Бишкекте жеңилирээктери операция жасалса, 1973-жылдын май айынын тартып жергиликтүү хирургдар дээрлик бардык операцияларды Бишкекте эле жасоого толук жетишкен.
Оорулуулар арасында биздин Вороновская Галя деген курбубуз да болуп, көз көрүнөө айыгып кетти. Биротоло оңоло албай жүргөн биз үчүн бул жакшылыктын чоң жышаанасы болду, үмүттөр тутанды.

Келечекке ишеним
Ошол жаздын аяк күндөрү мени агаларым кудабыз Асан Жайлообаевге көрсөтүштү. Ал киши терапевт, анда нефрология бөлүмүн жетектейт эле.
Менин абалымды көрүп, Асан Жайлообаевге операция жолун сунуштады жана өзү келип, Иса Коноевичке көрсөтүп кетти.
Мени күзүндө Охмадеттен Ахунбаевдин клиникасына которушту. Мен Маралов Аскен Нисеновичтин палатасына түштүм.
Ал жерден мен дароо эле хирургдардын чечкиндүү дарылаганын көрдүм.
Адегенде оорулууну туш тарабынан карап, башы-көзүн, кулак-мурдун, ичин-тишин, өпкө-боорун бүт текшерип, дарылап, операциядан кийинки опурталдуу мезгилде кабылдап кетпесин деп бардык коркунучтун алдын алышаар эле.
Врачыбыз Аскен Маралов: "Чыпалагыңардын учу ооруса да айткыла, биз билишибиз керек, операция алдында эч бир кынтык калбашы керек",- деп айтчу.

Ахунбаевдин аурасы башкача эле
Клиникада дүйшөмбү, жума күндөрү профессордук кыдыруу болот. Ошол күндөрү таңдан тарта бүткүл клиникада кымгуут, палаталык врачтар оорулууларынын таржымалын, акыркы күндөрдөгү өзгөрүүлөрдү профессорго толук баяндоого даяр турушат.
Медсестралар оорулууларды көрсөтүүгө даярдап, ар биринин тумбочкасын текшерип, үстүнө рентген сүрөттөрүн коюп чыгышат, "баарың тең, сөзсүз койкаңарда болгула" деп эскертип кетишет.
Иса Коноевичтин кыдыруу маалындагы элеси менин эсимде артыкча калды. Демейде профессор коридордон көрүнө калса, апкаарый түшүп, четтей берет элек. Жаныбыздан өткөндө сүрдөп, учурашканга араң жарап калчубуз.
Ал киши басып келатса, алп келаткандай, бүтүн коридор солкулдап тургандай туюлат эле.
Мага операция жасаган ошол алтымыш беш жаш курагындагы профессор Иса Ахунбаев элүүдөгүдөй тың, күч-кубаты толукшуп турганы бүткүл турпатынан, үнүнөн сезилип турган экен.
Операциядан кийин мени жүдөткөн жанагы кара ой өзү эле кетти, турмуш жаңыдан башталды.
Мына, эшик ачылып, Иса Коноевич Ахунбаев баштаган жана экинчи профессор Б. К. Шубладзе, доценттер Ү.Байзаков, М.Мухаммедзиев, анастезиологдор М.Г.Фингер, Мунькин, Г.Е.Зольманн, врачтар А.Маралов, С.Жошубаев, Э.Станбеков, М.Намазбеков, Ү.Калиев, Ш.Жумадылов, А.Романов Л.Янковская дагы башкалар жана сестралар коштогон жоон топ кирип келет. Топтун аягы сыртта калат, бирок мында ар бир маалымат олуттуу, ичкери карай моюн созуп, ар бир оорулуу тууралуу элестүү кабар алышат. Алдыга, профессордун жанына палата врачы чыгат да, ар ким жөнүндө тез-тез баяндап берет.
Иса Коноевич ар баянды кунт коё угат да, оорулуунун колун кармап, тамырын угат. Бардык маалыматты билип тургандыктан, кээ бирине гана "Акыбалың кандай?" деп, суроосу дайым кыска.
Ал жерде оорулууга байланыштуу суроону профессор гана берет жана суроо кимисине тиешелүү болсо, ал өзү чыга калып, так жооп айтат.
Кудурети жеткен оорулуулар профессордун өзүнө каткан суроосун берип, же ыраазычылыгын айтып калышаар эле. Ал кишиден жооп алгандар дароо айыкканга тете көңүлдүү болуп, далайга кеп кылып жүрөөр эле. Анын аурасы башкача эле.

Адамгерчилиги да өзгөчө адам эле
Бир жолу мурда Иса Ахунбаев айыктырган торуайгырлык бир эжеке менен палаталаш болуп калдым. Ал Иса Ахунбаевдин келини экен. Ал эжеке кайнагасы тууралуу туугандары, айылдаштары эң жылуу пикирде экенин айтып, "Атпай журтубуз менен сыйлаарыбыз ошол акем эле" деп, анын боорукерлиги тууралуу муну айткан эле.
1970-жылы май айында болсо керек, Улуу Жеңишти белгилөө алдында Тору-Айгырдын борборуна Ата Мекендик согушка кетип, кайтпай калгандарга эстелик орнотуп, митинг өткөрүшөт.
Сөз Иса Ахунбаевге тийгенде ал киши жаштыгында курман болгон курбуларын эстеп, көзүнөн мөлтүрөп жашы чууруп, такыр сүйлөй албай коюптур.
Дагы бир жолу, 75-жылдын күзү болсо керек, Валентина Писарева деген кырктар чамалуу куруучу-прораб аял менен чогуу болдук. Анын жүрөгүнүн митрал клапаны стеноз болгон экен, операцияны Сейтхан Жошубаев жасап, айыгып чыкты.
Бир күнү Валя Писарева жаш чагы тууралуу кызык кеп айтты.
Ал он алты жашында ооруканада санитар болуп иштеген экен да, иште эле түнөп калчу болот.
Таң ата ишке келип калган Иса Ахунбаевдин доошунан көзүн ушалап тура калчу экен.
Аны байкаган дарыгер бир күнү кабинетине чакырып, иштин жайын сурайт.
Валя:
- Иса Коноевич, мен үйгө баргым келбейт. Өгөй атам мени жек көрөт, тилдейт. Ал мен үчүн апамды сабай берет.Уруксат берсеңиз, мен ушул жерде эле түнөп жүрөйүн, -дейт.
Ахунбаев саам ойлонот да, айтат:
- Сен мен турган жерди билесиңби?
- Жок.
- Анда, мына менин дарегим, жумуштан соң биздикине бар. Мындан ары меникинде турасың, - деп, бир баракка дарегин жазып карматат.
Кечинде Валя профессор Ахунбаевдикине барат да, анда туруп калат.
"Мен ал үйгө барганда, Ахунбаевдин балдары жаш болчу, улуусу - Неля 7-класста окуса керек эле, кичинекей Медери төрт жашта болчу. Мен кыштакта өскөм, карап турбай, тартынбай билген ишимди жасап койчумун.
Иса Коноевич Москвага командировкага барганда, үй-бүлөсүнө кошуп мага да белек апкелиптир. Жакшынакай жарашыктуу пальто жана бир чоң коробка боёк карандаш алганымда сүйүнгөнүмдү айтпагыла.

Уюштургучтугу да укмуш болчу
Профессор И.К.Ахунбаевдин кардиохирургияны өз алдынча чоң институт кылуудан башка да бир чоң тилеги бар эле. Ал максатын Иса Коноевич 74-жылы күзүндө КТРде уюштурулган жүрөк тууралуу программада элге айткан.
Иса Ахунбаев өз сөзүндө жүрөктүн порогунун түрү жүздөн ашык экенин, эл арасында операцияга муктаж адамдар көп экенин, жардам сурап кайрылгандардын баарынан эмгегин аябасын айтып, иш өндүрүмдүү болушу үчүн сегиз жылдан бери жүрүп жаткан клиниканын жаңы бөлүгү бүтсө болот эле деди да, бир далайдан бери борбор четинде Москвадагыдай кардиологиялык санатория ачтыруу үчүн аракеттенип жатабыз. Буюрса санатория да болот. Ошондо операциядан кийин оорулуулар хирургияда көп кармалбай, ал жакка жөнөтүлүп, тыңып чыгып турушат. Себеби оор операциядан кийин оорулуу дарыгердин көзөмөлүнө узагыраак муктаж, өзгөчө алыскы райондордон келгендер үйүнө барганда кыйналып калышат, -деп айткан.
Кийин, 80-жылдары Воронцовканын үстүндөгү Малиновкадагы Кыргызстандын ХХ жылдыгы атындагы эс алуу үйү кардиологиялык санатория болуп кайра түзүлдү.
Мен аны көргөндө дароо И.К.Ахунбаевдин тилеги ишке ашкан экен дедим.
1975-ж. январдын башында бүткүл кыргыз эли үчүн гана эмес совет медицинасы үчүн оор жоготуу болгон. Бирок даанышман Иса Ахунбаев татыктуу мектеп түзүүгө үлгүргөн экен, анын баштагаган ишин шакирттери улап жүрүп кетишти.
Ушул маалда биз, күйөөмдүн ("Азаттык" радиосунун кыргыз редакциясынын жетекчиси Тынчтыкбек Чоротегин) ишине байланыштуу Прага шаарында жашап жатабыз. Былтыр ден соолугум начарлап, айтылуу Мотол ооруканасынын кардиология бөлүмүнө түшүп калдым.
Ал жерден врачтар көрүп эле менин жүрөгүмө салынган клапанды алмаштыруу керек деп айтышты. Мындай клапандарды бул жерде 15-20 жыл мурун бүт жаңы түрүнө алмаштырышкан экен.
Көптөгөн текшерүүлөрдөн кийин мендеги клапан жакшы эле иштеп жатканын ырасташты да, "Муну биз күткөн эмеспиз" деп айтышты.
Мен аларга "Бизде Ахунбаев деген хирург болгон. Ал дүйнөлүк дарыгер эле" дедим.
Мен ал кишини орустун улуу окумуштуусу Ломоносов менен салыштырам. Экөө тең сабатка, илимге умтулуп, аралыктарды тоскоолдук көрбөй, билим чордонуна жөө жетишкен жана аны багындырышкан.
Ошондуктан, кыргыз медицина академиясына академик Иса Ахунбаевдин ысымын ыйгарышса, кыргыз эли атактуу уулун барктап алган болот эле.

Нургүл Дыйканалиева,
Прага шаары.
22.9.2008