, 23.09.08 - 5-бет: №71, 23.09.08-ж.
  Күндарек

Ала-Тоо аймагында
Кытайдан автобустар келди
Алгач Кытайдагы заводдон жөнөтүлгөн 30 автобустун 29 келди. Бирөөсү жолдо аварияга учураган. Аны кытайлык тарап оңдоп, кайра жөнөтүүнү убада кылган. Автобустун баасы 31,5 миң АКШ доллары, бирок Россиянын ушундай эле автобусунун баасы 80 миң АКШ долларына барабар. Иштөө мөөнөтү 8 жылга эсептелген. Анткен менен Германия технологиясы менен Кытайдагы заводдон чыгарылган. 10-октябрга чейин Бишкекке жалпысы болуп 180 автобус алынып келет. 1-октябрдан тартып 100 автобус 8 каттам боюнча жүргүнчүлөрдү тейлей баштайт. Жол кире жаңы жылга чейин 5 сом болуп, Бишкек шаарынын пенсионерлери бекер жүрүшөт. Мектеп окуучулары жол киренин жарым баасын төлөшөт.

"Ак жол" алдыда
Бул шайлоого жалпысынан 18 партиядан 835 талапкер чыгарылган. Алардын арасынан "Ак жол" партиясынан 324, СДПдан 201, Кыргызстандын Коммунисттик партиясынан 94, "Ата Мекенден" 55, "Жаңы Кыргызстандан" 41 талапкер бар. Бул шайлоону өткөрүү боюнча өлкө аймагында 2119 шайлоо участкалары түзүлгөн. Учурда БШК шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууну аяктоодо.

Изабелль Аджани кыргыз киносуна тартылат
Белгилүү француз актрисасы Изабелль Аджани кыргыз киносуна тартылууга макулдугун берди. Бул туурасында Кыргызстандын кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Бапанов билдирди. Анын сөзү боюнча, Астана шаарында өткөн "Евразия" эл аралык кинофестивалында Кыргызстандын кинематографисттери Франция, Улуу Британия, Казакстан жана Тажикстандан келген кесиптештери меен бир катар жолугушууларды өткөргөн. Ушундай жолугушууларда француз кинематографисттери менен биргеликте көркөм жана документалдуу фильмдерди тартуу жөнүндө сүйлөшүлгөн.

Буудайдын баасы арзандады
Ун салуучу "Акун" фирмасынын президенти Чыныбай Турсунбековдун "Азаттыкка" маалымдаганы боюнча буудайдын баасы дүйнөлүк базарда ылдыйлоо менен бирге эле биздин базарда да төмөндөдү. "Казакстанда жаңы түшүмдүн жыйналышы менен баа эң төмөнкү чегине жетти. Казак өкмөтү өздөрүнүн базары үчүн 1 тонна буудайдын сатылуу баасын 250 доллар деп чек койду. Ал эми Кыргызстанга келүү баасы тоннасына 300 доллардан айланат," дейт ал. Ушул тапта ошондой эле ундун баасы да арзандады. Азыр 1-сорттогу ундун 1 кг 19-20 сомдон базарларга чыгарылууда, бул бир ай мурдагы баага караганда 5-6 сомго арзан. Бирок ошол эле учурда нан жана нан азыктарынын баасы өзгөрүүсүз бойдон калууда. 250 граммдык бөлкө нандын баасы 13-14 сом турат. Акыркы үч жумада дүйнөлүк базарда буудайдын тоннасы 40-50 долларга арзандады.

Күйүүчү-майлоочу майлардын баасы дагы арзандайт
Кечээги күндөн тартып "Газпром нефть Азия" соңку айда бешинчи жолу күйүүчү майлоочу материалдардын негизги түрлөрүнө дүң жана чекене бааларды төмөндөттү. Баалардын кезектеги төмөндөшү Омскидеги нефтини кайра иштетип чыгуучу заводдон отун арзан баада келип жаткандыгына байланышкан.

Контрабандалык товар кармалды
Түндүк региону боюнча оперативдик бажыкананын кызматкерлери 19-сентябрда эртең менен контрабандалык товар - 7 тонна трикальций фосфатын жана 76 миң 680 тоок жумурткалары менен "КамАЗды" кармашкан. Мамлекеттик бажы комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Х.Шисыр деген казакстандык адам айдап бара жаткан жүк ташуучу автомобиль кыргыз-казак чегарасынын "Токмок" бажы постунун районунда оперативдик-иликтөө иш чараларын жүргүзүү учурунда кармалган. Бул факты боюнча кылмыш жаза иши козголду.

Дан азыктарынын тартыштыгы болбойт
Материалдык резерв боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Пайзуллабек Рахмановдун билдиришинче, быйыл мамлекеттик кампада былтыркыга салыштырмалуу дан эки эсе көп топтолгон. Азык-түлүк коопсуздугу тууралуу жакында кабыл алынган мыйзам данды былтыркыдан үч эсе көп толтурууга милдеттендирди. П.Рахмановдун айтымында, ал милдеттемени аткарууга агенттиктин кудурети жетет. Андыктан буудай тартыштыгы орун албайт.

Эскертүүсүз өчүрүлгөн электр
Облуста жана шаарда өткөн аптанын соңунан бери эскертилүүсүз өчүрүлгөн электр жарыгынан улам айрым заводдордун иштери үзгүлтүккө учурай баштады. Мындай көрүнүш Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунда да адатка айланып, көпчүлүктүн тынчын ала баштады. -Мамлекет башчысынын энергетикалык кризистен чыгуу үчүн жасалып жаткан иши экендигин укканбыз. Бирок, электр энергиясынын эскертүүсүз өчүрүлүп жаткандыгы бизди тынчсыздандырууда. Тагыраак айтканда, айыл жеринде негизинен тегирмен, тигүүчү цехтер, асфальт заводу, ун комбинаты, пахта тазалоочу заводдордун иши үзгүлтүкө учуроодо - дейт Кара-Кулжа районунун тургуну Алымжан Тагаев.

Кулдукта калган кыргызстандык 74 жаран
Кулдукта калып калган кыргызстандык 74 жаран мекенине кайтарылган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик миграция жана жумуш орду менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Айгүл Рыскулова билдирди. Анын сөзү боюнча, 2008-жылдын сегиз ай аралыгында "сыртка чыгып дайынсыз жоголду" деген арыз доолордон 167 келип түшкөн. Ал эми 250 атуулга юридикалык жардам көрсөтүлгөн. Эл аралык уюмдардын жардамы менен 67 атуул кулдуктан алынып чыккан. 2008-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан адамдарды сатуу, кулдукка кармап калуу менен күрөшүү боюнча план бекитилген.

Көчө балдарынын көйгөйү
ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Кыргызстанда көчө жана жумуш кылган жаш балдардын саны 6 миңге жакын. Ал эми башка маалымат булактары боюнча, алардын саны жалпы республика боюнча 15-20 миңге жакын, анын ичинде Бишкек шаарында 2 миң бала бар. Балдарды коргоо борборунун (ЦЗД) эсеби боюнча, 15-20 пайыз кароосуз балдар үй-жайсыз жана үй-бүлөсүз балдар, калган 80-85 пайызы үй-бүлөсү бар, бирок "жумуш кылган балдар" категориясына кирет. Көчө балдарынын көпчүлүгү эркек балдар, ал эми жумуш кылгандардын арасында кыздар дагы кездешет. Кароосуз калган балдардын жашы 12ден 18ге чейин, кээде 2-3 жаштагы балдар да кездешет.

Жугуштуу дарт Өкмөттө талкууланат
Бүгүн Өкмөт жыйынында өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаалдын курчушу талкууланат. Өкмөттүн маалыматы боюнча күйдүргү, же сибирь жарасы акыркы кезде адамдарга көп жуга баштады. Өткөн жумада Кадамжай районунда алты кишиге күйдүргү жукканы аныкталды. Жыл башынан бери 42 кишиге бул коркунучтуу илдет жуккан.




Аалам алкагында
Пакистандагы террордук акты айыпталды
Пакистан борбору Исламабаддагы Мэрриот мейманканасын жардыруудан 40тан 60ка чейин киши набыт болуп, жүздөн көбү жарадар болду. Түркия президенти Абдулла Гүл "бул жексур чабуулдун максаты тынчтыкты бузуу" деп атады. Британия террордук чабуулду иликтөөгө жардамдашууга даярдыгын билдирди. Андан сырткары АКШ, Германия, Кытай жана башка өлкөлөр террордук актыны айыпташты. Пакистан бийлиги ишемби күнү кечинде болгон жардырууга Ал-Каида жана талиптердин тиешеси бардыгын билдирүүдө.

Такырбаштарды тазалоо жүрүүдөбү?
Москвалык такырбаштарга (скинхед) сот өкүмү угузулат. Бул тууралуу билдирген "Эхо Москвы" үналгысынын маалыматына караганда, кечээ Москва шаардык соту улуттук жиктөөнүн негизинде адам өлтүргөн делип айыпталып жаткан өспүрүмдөрдүн тобуна өкүмүн угузат. Соттолуп жатышкан 13 адамдын көпчүлүгү өспүрүмдөр. Алар акыркы сөзүндө эки адамды өлтүрүшүп, он чакты адамга кол салууга барышканын айтышып, жабыркагандардан кечирим сурашкан. Алардын колунан мерт болгондордун бири Москвада көчө шыпыргыч болуп иштеген Кыргызстандын жараны экен. Үстүбүздөгү жылы Орусияда улуттук жиктөөнүн негизинде кол салуудан Кыргызстандык он жаран каза болгон.

Беларусь оппозициясы баш көтөрдү
21-сентябрда Минскиде Бириккен демократиялык күчтөрдүн Саясый кеңешинин жыйыны болуп, анда 28-сентябрда боло турган парламенттик шайлоого оппозициялык талапкерлердин катышуусун улантуу маселеси каралды. Бирикмеге кирген Беларусь элдик майдан өзүнүн талапкерлерин шайлоодон чыгаруу чечимин кабыл алган эле. Бирок Бириккен демократиялык күчтөрдүн талапкерлери шайлоого катышуу чечимин жакташты. Оппозициядан 75 талапкер ат салышууда.

АКШ кризис баткагында
Американын каржы министри Генри Полсон Конгресске кайрылып, кризистен чыгуу үчүн бөлүнгөн 700 миллиард долларды тезирээк мыйзамдаштырууга, ошондой эле чет өлкөлөргө да кайрылып, тийиштүү чараларды көрүүгө чакырды. Анткени АКШ өкмөтү көргөн чаралар аларга да таасири болот. АКШ төлөнбөй калуу коркунучу бар баалуу кагаздарды сатып алуу менен финансылык кризистен чыгууну пландаштырууда.

Баш министр багынгысы келбейт
Израилдин премьер-министри кызматтан кетип жаткандыгы тууралуу жарыялады. Паракорчулукка белчесинен баткан деп айыпталып жаткан Эхуд Олмерт өзүнө карата айтылган доолорду төгүнгө чыгарып, өзү аткарып келген иш туура нукта болгонун баса белгиледи. Ал эми Олмерт президент Шимон Переске кызматынан кетүү тууралуу арызын качан жолдоору азырынча так эмес. Бирок өз арызын жолдогондон кийин да жаңы коалициялык өкмөт түзүлмөйүнчө же жаңы парламенттик шайлоо өткөрүлмөйүнчө Эхуд Олмерт премьер-министрдин милдетин убактылуу аткарып кала бермекчи.

Кинопрокатта ким лидер?
Бир туугандар Коэндердин "Окугандан кийин өрттөлсүн" жаңы фильми АКШ менен Канадада 18-21-сентябрдагы уикенддин жыйынтыгы боюнча экинчи орунга түштү, деп берет Рейтер агенттиги. Биринчи орунду "Көлдү караган терраса" драмасы ээледи, анын режиссеру Нилдин Ла-Бута, башкы ролду Л.Сэмюэл, Н. Джексон ойногон.

Россияда каржы кризиси
РФ каржы министрлигинин маалыматы боюнча дүйнөлүк каржы кризисине байланыштуу Россиядан капиталдын кетиши 10 млрд доллардан 15 млрдга жакын долларга түшкөн. Министрликтин башчысынын, вице-премьер Алексей Кудриндин баса белгилегенине караганда бул көрсөткүч 2008-жылдын биринчи кварталына караганда төмөн болгон. Жалпысынан, деп эсептейт министр, дүйнөлүк каржы кризисинин учурунда Россиянын каржы рыногу капиталынын 52 пайызын жоготкон.

Авиакырсыктын видеожазмасы
Бейшембиде Испаниянын Ель Пайз гезити өзүнүн сайтында Мадриддеги авиакырсыктын видеожазмасын жарыялады. Аэропортту байкоочу камеранын бири тарабынан жасалган жазууда жерден жаңы эле көтөрүлгөн самолет тилкенин оң тарабына кандай кулагандыгы жана бир нече метрге жылмышып барып өрттөнүп жана жарылгандыгы көрүнөт.