Кыргыз Республикасынын Улуттук расмий төл гезити
№71, 23.09.08-ж.





  Баатырдын нускалуу сөзү

Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры, Таштанбек Акматов:
"Утурумдук нерселерден оолак болгум келет"
Союз учурунда Кыргызстанда Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры наамын алгандардан төртөө гана болсо, бүгүнкү күндө алардын арабызда бары, болгондо да өзү кесип кылган мал чарбасын аликүнчө аркалап келатканы Таштанбек Акматов. Баатыр чабан быйыл 70 жашка чыгып отурат. Анын юбилейин мамлекеттик деңгээлде өткөрүү үчүн КРнын Премьер-министри Игорь Чудинов 2008-жылдын 2-июлунда №265 токтомун чыгарган. Т.Акматов СССР Жогорку Советинин үч жолку чакырылышынын депутаты, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, 1987-жылы ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин президиумунун председатели болуп иштеп, андан кийинки жылдарынын баарын кайра мал чарбачылыгына арнаган инсан. Заман алмашып, доор өзгөрүп жаткан учурда аксакалдык нускалуу сөзүн, окурмандарга айтчу кебин сурайлы деп Таштанбек аганы кепке тарттык.

Мени капалантып, кабатыр кылып жаткан өзгөчө нерсе түштүк жергемдин, түндүгүмдүн чегара аймактарындагы
айылдардын бош калып, чектердин бери жылып келатышы.

сыргызда ысыкчан, суукчан деген эки дартка өзгөчө маани беришкен. Топоздун эти экөөнө тең бирдей жагымдуу. Азыркы учурда муну билип, татып көнгөндөр октябрдын аягынан баштап, топоздун этин атайын алып кетип жүрүшөт.

- Таштанбек ага, акыркы жылдары саясаттан алыстап, журналисттерге да карматпай кеттиңиз. Сизге берчү суроолор арбыды.
- Сырт жайлоосунда жайдыр кыштыр негизинен топоз багып, мал туягын көбөйтүп, борбордон алыс жашап жатам. Бирок ошондой болсо да мамлекеттеги жаңылануулар, Кыргызстандын эл аралык аренадагы кадыр-баркынын өсүшү кубандырбай койбойт. Президент Курманбек Бакиев бийликке келер замат алгач Россия менен алака катышты жогорку деңгээлге көтөрүү аракетине кубандым. Бул ирет кыргыз бийлиги алака кылган мамлекеттер менен теңата катары кызматташтыкты, өнөктөштүктү жаңы баскычка көтөрүп бараткансыйт. Мамлекет башчыбыз эң алды менен саясый стабилдүүлүктү орнотууга бардык тажрыйбасын, күчүн жумшаганына тарых өзү күбө болуп кала берет. Бүгүнкү Грузия менен Түштүк Осетия жаңжалын көрүп жатасыңар. Осетин жергесинде көптөгөн жарандардын өмүрү кыйылып, түбөлүк мунжу болушту. Ал эми саясаттын кумар оюндары бир жараныбыздын тал чачы жерге түшүүсүнө татыбайт. Андыктан аталык айтар сөзүм, эң ириде элибизде бейпилдик өкүм сүргөнү чоң олжо. Саясаттан алыстап, тоо таяп, баштапкы кесибиме кеткенимдин себеби, пайгамбар жашынан небак өтүп калганымда өзгөрүлмөлүү утурумдук окуялардан таза туруп, материалдык байлыкты жаратуу ишине биротоло кеттим дегеним. Токчулук өкүм сүргөн жерде адамдын көңүлү жай, келечегине ишенимдүү карайт. Дегеле ар бир инсанда жаңы идеялар чыгып, чыгармачылык жаатында да жаратмандык иштер коштойт. Атүгүл коомдогу биримдик менен ынтымактын башаты да токчулукка байланыштуу экенин ким тана алат?.
- Учурда чет мамлекеттерге жумуш издеп кеткендер али суюла элек. Сиз жетимишке чыгып калганыңызга карабай, ушундай кырдаалда Ата-Журтубузда деле бай, бакубат жашаса боло тургандыгын балдарыңыз менен иш жүзүндө далилдеп, коомго дамамат пайда келтирип жатасыз. Аксакал катары ушул жаатында айта турганыңыз барбы?
- Киндик кан тамган жерден алыска кетип, каражат таап, бүлөсүн баккан эр азаматтарыбыз, кыздарыбыз Ала Тоосун сүйгөн мекенчилдер экенинде шегим жок. Эмне дейли, рынок заманы өз талабын кийрип, өткөөл доордогу баса турган жолубуздун бири ушул экен. Мигранттардын жиберген каражаты республиканын экономикасына омоктуу колдоо болуп келатат. Мени капалантып, кабатыр кылып жаткан өзгөчө нерсе түштүк жергемдин, түндүгүмдүн чегара аймактарындагы айылдардын бош калып, чектердин бери жылып келатышы. Коңшу мамлекеттердин атуулдары күнүгө бир метрден кирип келип отурукташып, бир нече жыл өткөндөн кийин ал эки тараптын чырлуу окуяларына айланбасына ким кепил боло алат? Бизде чегара аймактарын тактоо ансыз деле улам бир бийликке "мурасталып" келаткан көйгөй маселе. Мен Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин председатели болуп иштеп турганда чегара аймактарын кыдырып барчубуз. Ошондо эки республиканын ортосундагы айыл болсо, тигил тарап ортодогу арыктын жээгин биз жакты кемитип чаап коюшчу. Сантиметрден болсо да жылып келатканын жетекчилер байкап, эскертүү берилчү... Албетте бул байкабаган нерседей сезилет. Ата-бабаларыбыз карыш жер үчүн күрөшүп келишпеди беле. Бир үй бүлөдөн бир-экөө кетсе да мейли, иштеп же окуп кайра келсин дейли. Учурда бир атанын беш алты уул кызы болсо, баары убактылуу же биротоло иштеп кетип калып жатышканы кабыргамды кайыштырат. Өлкө экономикасы аздан болсо да турукташып келатат. Биз Алыкулдун айтылуу ырындагыдай "Сен ооруба мен ооруюн Ата-Журт" деген принципте жашай турган учурубуз ушул жылдар...
- Алыскы Сырттагы жашоо шарт кандай?
- Биздин жайлоодо Россия баштаган көп өлкөлөрдүн телеканалдары жакшы көрсөтүлүп, бирок Кыргызстандын улуттук каналын тартпаганына өкүнүп калабыз. Өкмөттө, парламентте эмне кеп болуп жатканын, кыргыз композиторлорунун ырларын, концерттерди уккуң келет экен. Байбичем экөөбүз жайлоодо жатып "орусташып" кетебиз го деп тамашалайм. Каттагандардан "Кыргыз Туусун", дагы бир топ басылмаларды чогултуп бир алдыртып окуйбуз. Булактын көккашка тунук жеңдей эле суусу ичкенибизге да, мончобузга да колдонгонго жетип берет. Элде быйыл кургакчылык басканына кейидик. Бир түк чөптүн баасы сексен сомдон, кээ бир аймактарда 160 сомго чейин жетип турат. Ал эми бизде жайыт жакшы болду. Жүздөн ашык топоздон тышкары уй, жылкы бар. Сентябрда окуу, жумуш башталаар менен жайлоого келген балдардын, неберелердин баары шаарга кайтышат. Ал эми байбиче экөөбүз алардын аман эсендигин тилеп, акын ырга кошчудай көркөм табияттын сулуулугуна, сүрөтчүнүн фантазиясы жеткиз ажайып кооз тоолордун кучагында узатып кала беребиз. Эр жигиттин артында Мекен үчүн өтөгөн эмгеги менен ата кесибин улаган балдары болсо карыган жанга каниет тура...Сырт жайлоосу деңиз деңгээлинен 3380 метр бийиктикте турат. Кышы толук алты ай. Сентябрь айынын башында эле муздак шамал жүрүп, 2-3 градус суук болуп, суунун үстүнө кадимкидей "жаак" тура баштайт. Кыштын күнү кырк градус суукка жетип, ошол учурда аяз түшпөй туруп алса, үйүбүздүн ичиндеги от жагылган жагынан башка үч бурчуна кадимкидей кыроо туруп калат. Кээ жылдары кар калың түшсө, кээ жылдары анчалык оор болбойт. Топоз өтө бийик тоонун калың карында жашай албай калат экен. Аркайган бийик тоолор, кар калың түшкөн беттер бар. Көчкү түшүрүп, карды кетирип мал жайабыз, жиреп жол салабыз. Оор жактары ушул. Мурутуна муз тоңуптур деген сөздүн түз маанисин ошондо көрөсүң. Климаттын татаалдыгынан отузга чыккан жигиттин оозунан тиш түшөт. Союз мезгилинде, мен агезде парламент төрагасы болуп турганда, малчыларды кыдырып, көчмө топ дарыгерлерди ээрчите барып, тиштерин бекер оңдоттуруп, салдыртып берчүбүз. Азыр малдын баары жеке колго өткөндөн бери малчылардын тишин ким карап жатыптыр? Сырт жайлоосунда айыл жергесиндей да шарттын жоктугу баарыга дайын эмеспи. Кокус ооруп калсаң телефон, чөнтөк телефон дегендер ал жактан тартпайт. Көмүр, отун, тезекти эрте жыйнайбыз. Көп малга чөптү жеткирүү оңой эмес. Айдап, кайра киргизип тойгузууга аракет кылабыз. Ал азаптан тышкары карышкыр деген балээ бар. Жалгыздап жүрбөйт, тогуз-ондоп үйүрү менен жүрүшөт. Кандай чоң малың болсо да жеп кетишет. Бөрү баласы адамдан да амалдуубу деп коем. Сүйлөбөгөнү эле болбосо… Ушул каапырларды "сүйлөйт" десе деле болчудай… Мал көрсө бирин-бири улуп "чакырып" алышат. Түнкүсүн жолдо калган кишини карышкыр жара тартып кетээри бышык. Алиги кытайдын тарсылдак оюнчуктарынан үч-төртөөнү бириктирип,тарсылдагын күчөтүп аттырып коёбуз. Кашабаң ага деле калыптанып, коркпой калат экен. Бизде ошентип эки "душман" бар десек жарашчудай. Биринчиси - жаратылыштын адам чыдагысыз суугу, экинчиси - кадам сайын мал аңдыган карышкырлар.
- Эми сиз жайы-кышы алыскы Сырт жайлоосунда жашоо кечирип жатыпсыз. Жайлоонун абалы кандай азыр?
- Өлкөбүзгө демократия заманы келгенден бери алыскы жайыттарды пайдалануудан мамлекетке каражат түшүүсү солгундаган. Жайыттар казынага киреше алып келе турган мүлк. Мындан бир нече жыл мурда журтубузга кеңири белгилүү бир акылман карыя менен сүйлөшүп отуруп калгандагы окуяны айтып берейин. Экөөбүз отурсак эшиктен бир жаш жигит ичип алган көрүнөт, кирип келип эле: "Абаке, атам мага сенден көрө короомдо өсүп турган чөп өйдө деди. Кантип эле өз баласынан чөп кымбат болсун?" - деди эле тиги, акылман аны кийин түшүнөсүң дегендей жооп бербей кетирип жиберди. Бир аз убакыттан кийин тиги жигит дагы кирип келип, бизге ошол суроосун кайталады. Ошондо тиги аксакал: "Короодогу чөп малын багып, малы атаңдын жанын багып жатат. Азыркы жаштар айылдагы кары ата-энесине пайдасы тийбей шаарга кетип калышууда. Атаң ошону айткан" - деди аксакал. Жайыттын чөбү малды, мал элди багып жатпайбы. Мунун философиялык мааниси зор. Эгер калк дасторконунда эт, сүт азыктары болбосо оокатыңдын, токчулуктун бир ыптасы кемий бербейби. Беш жүз гектар жайытты бөлдүрүп алып иштетип жатабыз. Мамлекетке андан салыктардын түрүн төгүп беребиз. Сапаттуу өндүрүлгөн таза эт калк дасторконуна барып жатат. Малдын саны өскөн сайын, жайы-кышы оттой берип жайыт тардык кылат. Эң алгач жайлоого көчүп барганымда ээн жаткан жерлер арбын эле. Бир тарабы такырайса, бош жаткан кыштоого кыштай беребиз деп пендечилик кылган экенбиз. Анан мен телевизордон сүйлөп, чет мамлекеттерге агылып жаткан жаштардын бир-экөөнү болсо да бабалардан келаткан малчылык өнөргө кайра тартсам ошол да олжо эмеспи деген ойдо аракеттендим. Чынында элге ыракмат, эч ким мурда барып коно элек жайлоого кошуна болуп келе башташты. Малчылар арбый берди. Азыр алыскы бизде да жайыт тарып, атүгүл талаш-тартышка
чейин барып жатабыз. Дегеле жайытты пайдалануу тууралуу жаңы мыйзам кабыл алуу кажет.
- Азыр Сырт жайлоосунда канча түтүн малчы бар?
- Мындан беш жыл мурда эки түтүн малчылар барган болсок, азыр кыштаганыбыз эле он түтүндөн ашып кетти. Атүгүл жайлообуздун жака-белинен бош жер калган жок. Маселен 1000 сомуңду банкка салып койсоң ага он пайыздай кошулуп, 100 табасың. Ал эми бир жылкыны багып, андан жыл айлана кулун алсаң көп өтпөй он беш миң сомдун тегерегиндеги киреше аласың. Мал - өсүп турган тирүү касса. Тирүүчүлүк болгон жерде жакшылык-жамандык бирдей жүрөт. Кыргызда андайда мал сойбой койгонун көрө элекпиз. Ошондой кысталыш учурда кызылдай пулга базардан сатып келип соёт же бирөөгө барып малыңдын баасын түшүр деп жалооруп турат. Сатарманды манчыркатып, моралдык жактан басынып тургандан өтөр кордук жок. Ал эми мал өзүңдүкү болсо четинен ал да соё бер.
- Азыр адамдар азык-түлүктүн тазасын тандап тамактанууга көп көңүл бурууда. Бул тууралуу сиз кандай пикирдесиз?
- Тоолордун, аска зоолордун түркүн чөптөрү адамдын ден-соолугуна керектүү, пайдалуу заттарды камтыйт. Ошол экологиясы таза аймактын чөбүн оттоп, булактын суусун ичкен топоздун этинин дарылыгы бар эмеспи. Кыргызда ысыкчан, суукчан деген эки дартка өзгөчө маани беришкен. Топоздун эти экөөнө тең бирдей жагымдуу. Азыркы учурда муну билип, татып көнгөндөр октябрдын аягынан баштап, топоздун этин атайын алып кетип жүрүшөт. Кыргыздар бээнин сүтү менен кымызын адегенде баалачу эмес. Бүгүнкү күндө бээнин сүтүнүн касиетин изилдеген илимдин докторлору чыгып, атайын бригада болуп эл аралап дарылап жатышат. Болгондо да боз бээнин сүтү ашыкча дарылык сапаты көп экенин илимий далилдеп жатышпайбы. Себеби, күндүн нурун боз бээнин өңү чагылдырып, ультра нурду өзүнө албайт. Маселен, көлгө түшкөнүңдө күнгө катуу күйбөгүн деген кеңешти дарыгерлер бекеринен берип жаткан жери жок. Ультурафиолетивдүү нурду катуу кабыл алган адамда рак дартынын алгачкы белгилерине жол ачылышы мүмкүндүгүн айтып келишет.
- Өлкөдө былтыр мал ылаңы кара тумандай каптады. Сиз ошончо малды дарттан сактап кантип багып жатасыз?
- Уйга шарп илдети абдан тез жугат. Жолдон малды айдап баратканда эле бири бирине илешип жугат.

(Уландысы бар)
Нарынкүл Назаралиева,
"Кыргыз Туусу"













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan