Кыргыз Республикасынын Улуттук расмий төл гезити
№75, 07.10.08-ж.





  Пленумда улутчул катары К.Үсөнбаев менен
бирге жазуучу Т.Касымбеков да сынга алынган

Профессор Кушбек ҮСӨНБАЕВ:
"Мени Исхак Раззаков сактап калган"
Мына ошолор жөнүндө ооз ачтырбай, бизди коркутуп, үркүтүп, басып келди эле, Кудайга шүгүр, эгемен мамлекет болдук, эки тизгин бир чылбыр колубузга тийди, биз азыр ушулар жөнүндө жазып жатабыз. Жазуу оңой эмес, өзгөчө мына бул архивде иштөө татаал болуп калды. Бирок биз элдин, коомчулуктун алдында жооптуубуз, изилдөөгө милдеттүүбүз. Аны аткарууга аракет жасайбыз.
- Ал убакта сиз сыяктуу кысымга туш болгондор кыргыз тарыхчылары эле болгонбу же башка улуттун өкүлдөрүнөн да болгонбу? Аны сураганым Бернштам, Абрамзондор деле куугунтукка алынгандыгы тууралуу сөздөр айтылып келет. Алар тууралуу сиздин пикириңиз биз үчүн ары кызыктуу, ары тарых эмеспи.
- Эми сөз болуп кеткен жанагы көрүнүктүү, асман тиреген окумуштуулар жөнүндө дагы сөз кыла кетпесем болбос. Алардын бири - Бернштам (археолог - Бернштам Александр Натанович - К. М.). Бул өзү абдан терең окумуштуу, таамай археолог. Ал кыргыздар жөнүндө бир топ эмгектерди берип кетти. Айтмакчы, жанагы Чоң Чүй каналынан жыйналган материалдардан бир китеп кылып чыгарган. Ошону жаштар окуду бекен, окубады бекен? Ошондо ушу тарыхчылардын ичинен биринчи жолу Курманжан датка жөнүндө бир-эки абзац болсо да жылуу сөзүн айтып кеткен. Ошо кишинин улуту кыргыз болсо, көрбөгөндү көрөт эле, улуту башка экен, айтып-айтып тим болушту. Ал киши жанагы "Гунндардын батышка болгон жортуулу" деген чоң монографияны чыгарды. Гунндар (хуннулар) - бул бир убакта абдан көп сандагы көчмөн калк болгон, тээтиги Чыгыштан Батышка чейин дүңгүрөтүп барган белдүү калк. Булардын арасынан Атилла дегени чыккан. Ал ири жолбашчы болгон. Окумуштуулардын айтымында булар түрк тилинде сүйлөгөн калктардан экен. Жогорудагы аты аталган монографиясы үчүн, эгер биздин улуттан болсо, көрбөгөнү көр болот эле, ошондо да ишинен кыймылдатып, бир топ жүдөтүп салышты.
Андан кийин ошол сыяктуу эле Ленин-граддан (тиги киши да Ленинградда жашачу) Абрамзон (этнограф - Абрамзон Саул Матвеевич - К.М.) деген болоор эле. Өзү этнограф, кыргыз тарыхый музейин негиздеген киши. 27 жыл Кыргызстанда, биринчи илимий комитетте иштеп, көп эмгек сиңирген. Ушул 40 жылдык эмгеги - "Кыргыздардын башка элдер менен болгон этникалык катнашы" деген эмгеги. Ал Ленинградда жогору баа алган. Болгону бир жеринде: "Тянь-Шанда ушу убакка чейин чийнени өгүзгө коштоп алып, тоолуу жерлерде чөп ташыйт, түштүктө ушу кезге чейин эшек мингендер бар", деп жазып койгону үчүн кордоп, сүрүп, "ошондой да болобу, бул күндө биз жетишкенбиз, гүлдөп атабыз, "эшек минет" деген эмне?, "чийне тартат" деген эмне?",-деп, ж.б. ушундай майда-чүйдө жерден кодулап, китебин жаратпай, кордошту. Ошондон кор болуп, оңоло албай жүрүп, көз жумуп кетти.
Эми Кудайга шүгүр, ушулардын баары өттү, кетти, бул тарыхта гана эскерилип калды, иш жүзүндө азыр калемибиз колубузда, оюбуздагыны жазабыз, эркинбиз, чындыкты жазалы деп аракет кылып жатабыз. Акырында менин айтып кетээрим: мына бул илимдин өнүгүшүндө академиктерди, мүчө-корреспонденттерди шайлоонун мааниси чоң. Мунун өзүнүн негизги максаты - илимде белсемдүү иштеп жаткан таамай окумуштууларды моралдык, материалдык жактан колдоп, андан ары ийгиликтүү иштешине сүйөнүч, таяныч болуп, шарт түзүп берүү дегенге жатат. Илим деген ыйык нерсе, андыктан мында кара кылды как жарган калыстык, камырдан кыл сууруган адилеттик керек. Мына, шайлоонун алдында турабыз ачыгын айтышыбыз керек, мурунку шайлоолордо мөртөй-шөртөй болуп өткөн учурлар көп эле болду, эми ушул шайлоодо жердештигибизге, жакын-алыстыгыбызга карабай, ага-тууган, илик-чатыш, жээк-жааттыгыбызга карабай, адилеттик менен эле ошолордун эмгегин таразага салып, ким татыктуу болсо, ошону шайлап кетүү абдан зарыл болуп турат. Бул академиктердин иши, академик деген илимде чоң ролдогу, адилет адамдар деп эсептейбиз, бул орчундуу иште да академиктер илимдин кызыкчылыгына адилеттигин көрсөтөт деп жалпы коомчулук, мына биз окумуштуулар, үмүт кылабыз. (Бул маек 1998-жылы Илимдер академиясына болуучу шайлоонун алдында алынган. Кушбек агай да Академик болуу үчүн документтерин тапшырып, ушул жолу адилеттик болуп шайланып каламбы деп үмүттөнүп жаткан. Анткени буга чейин агайды илимдеги "кежирлиги" үчүн шайлоолордон четтетип, кодулап келишкени жогоруда айтылбадыбы. Бирок, тилекке каршы, бул жолу да агайдын үмүтү ишке ашпады. Катуу стресске кабылып, мурдагылары да кошул-ташыл болуп, балким ошондон улам ашказанынан айыккыс рак илдетине чалдыкканбы деп ойлойм. - К.М.)
"Жарыялана элек кол жазмам үчүн
КП БКнын плену-мунда мени улутчул деп айыпташкан"
- Кушбек Үсөнбаевич, Сиз окумуштуу катары тоталитардык доордун запкысын тарттыңыз, тарыхтагы адилет фактыларды элге ачык айтам деп бир топ кодулоолорго учурадыңыз, пленумда каралдык дедиңиз, ушул боюнча да кеңири сөз салып бербейсизби?
- Пленум 1983-жылдын май айынын аяк ченинде болду. Мен ошол пленумда атым аталаарын түк күткөн жок элем. Бирок, тилекке каршы, гезитти ала койсом эле бадырайып өзүмдүн аты-жөнүм жүрөт. Айтылганда да абдан терс айтылыптыр. Бул пленум идеологиялык маселеге арналган болучу, анда жалаң гана Үсөнбаев эмес, бирин-экин кишилер да, өңгөчө Т.Касымбеков "Сынган кылыч" боюнча катуу сынга алынды. Мен өзүм жөнүндө айтайын: ошол убакта менин бир кол жазмам "Илим" басмасында жаткан эле. Ал орус тилинде "Народные движения в Средней Азии в ХIХ веке (по материалам Кыргызстана)" деп аталчу. Анда ошол Анжиян көтөрүлүшүнө, Кокон көтөрүлүшүнө, ж.б. көтөрүлүштөргө кеңири токтолууга аракет кылгамын. Колуман келишинче архивдик материалдарга ширетейин деген аракетим болду эле. Айтмакчы, ал колжазма чийкирээк эле, себеби ал кезде, "план издания" деп койчу, ошого жазылып калгандан кийин кол жазмаң турбаса тизмеден алып салчу, кайра киргизчү эмес, ошондуктан чийки эле машинкеге басып, биринчи вариантын алып барып берип койдум эле. Кайдан-жайдан болуп, Борбордук Комитетке кимиси алып барып суна салганын билбейм, айтор жанагинтип пленумга сүйрөп чыгып айтып калды. Айтканда мага кандай күнөө койду: биринчиден, "Түштүк Кыргызстанды "завоевание", "каратып алуу" деп айтканмын, "каратып алуу эмес, өз эрки менен кошулуу деп жазбайсың", -деди. Дагы ошого байланыштуу күнөө: Скобелев деген генерал болгон, ал киши жалпы Орто Азияны тизесине чейин кан кечип жүрүп караткан адам эле, айтмакчы, ал Николай Iнин киндик баласы экен (христиандарда эркек баланын киндигин эркектер кесет), падыша өкмөтүнүн тушунда анын киндигин ак падыша өзү кескен экен. Атасы "Зимний Дворецтин" маңдайындагы "генералдык штатта" иштептир. Кыскасы, анын атасы падышанын оң колу болуп турган. Ал эми бул падышанын өз баласы катары болуп калган. Ошондуктан падышанын "каратып алуучулук" саясатын толук жүргүзгөн киши. Ушу кишини "баскынчы" деп койгонсуң деп күнөөлөдү. Дагы мага күнөө койгону: Кокон көтөрүлүшүнүн жетекчиси "Полот хан" эмеспи, ошону сен көтөрүлүштүн "накта жетекчиси" деп мактагансың дейт. Анан ага кошумча Курманжан датканын улуу баласы, өзгөчө Абдылдабек дегени башынан аягына чейин көтөрүлүшкө катышып, аягында Ооганстанда тонолуп өлгөн, анын сөөгүн алып келип Мадыга койду. Сен ошону улуттук баатыр деп мүнөздөп койгонсуң деди. Мына ушуга окшогон күнөөлөр коюлду. Менин кол жазмамын ошол пленумда катуу сынга кабылганына ушул убакка чейин мен таң калам. Алгач андан 30 жыл мурда москвалык окумуштуулардын таландысында калып, андан Исхак Раззаков аман сактап калган эле. Бул жолу өзүбүздүн эле партиялык мыкчыгерлер кайра ур токмокко алып жатпайбы. Жакшы жери - мен ошол убакта кандай жазсам, эми так ошондой болуп, жазылган окуялар, Кокон көтөрүлүшү, Полот хан, Абдылдабек дал ошондой болуп жарык көрүп жатат. (Китеп 1999-жылы басылган- К.М.).
- Мына ошол 83-жылы каралгандан кийин, ал убакта академиянын чогулушуна салынып, партиялык жазага кириптер болчу эле. Мына ошол пленум болгондон кийин эле эч кандай сөз болбостон, ың-жыңсыз токтоп калды. Ушунун да эл билбеген бир сыры бардыр. Ушул жөнүндө билгениңиз болсо айтып берсеңиз?
- Эми муну атайын айтайын дегеним жок, өткөн өттү, бирок суроо берилгенден кийин айтып коеюн. Жанагыдай күтүлбөгөн жерден сынга алынганда, таң атканча көз ирмебей, уктай алганым жок. "Улутчулдук" деген ал убакта адамдын тагдырын чечип турган учур. Анан эртеси эле барып, Борбордук Комитеттеги катчылардын бирөөнө (атын айтпай эле
коеюн, идеология маселелери боюнча катчы эле) телефон чалдым: "Ушундай окуя болду, таң атканча көзүмдү ирмегеним жок, өзүмдүн тагдырым эмне болуп кетээрин билбейм, өзүмдү кармай албай калдым, менин өтүнүчүм ушул - өмүр бою Борбордук Комитеттин эшигин ачып, катчылардын бирөөнө киргеним жок эле бул жолу кирүүгө туура келип турат. Пленумда айтылгандан кийин шарт ушундай болуп турат, биринчи катчы кабыл алса", - дедим. Анан ошо күнү кабыл алды. Кабыл алууда мен жанагыларга жооп бердим, сүйлөштүк, мен аны терип-тепчип айтып отурбайын, эми пленумда каралгандан кийин аны өзгөртчү эмес эле, алардын ою ошол бойдон калды. Акырында мен мындай деп суроо бердим а кишиге: "Бизде ушу бөрк ал десе, баш алгандар көп, мен мына кечээ пленумда айтылып калдым, айтылганда да оор, мен жөнүндө катуу айтылып калды, шымаланып тиги жакта партком деген бар, ошолор даярданып жатышат, бул жагы кандай болоор экен", - десем, тиги киши берки кишиге айтты: "Азыр ошол жакка кабарлап кой, бул киши жөнүндө Борбордук Комитетте сүйлөштүк, макулдаштык, эч кандай сөз кылбасын, бул жерде чечтик", - деп койду. Ошону менен менин жаным аман калды, болбосо мени парткомдо кароо үчүн, (катчынын атын айтпай эле коеюн) бычактарын колго алып кайрап, эми ошентсе, жогору жакка жакшы көрүнөт да чара көрүп жатыптыр делинип. Андай болгон жок, менин бактыма дым-дым гана басылып калды. Мен ишимди иштей бердим.

- Эң кызык жери, ушундай партиялык чогулуштарда сиздин кол жазмаңыздын каралганы, сизди ушунчалык сынга алып айыптаганы негедир шайлоо (академияга шайлоо - К.М.) мезгилине туш келип калгандыгы, пленумда каралганыңыз, а балким, булардын мүмкүн байланышы бардыр?
- Айтпай жүрдүм эле, эми суроо болуп калды, жооп бериш керек. Ошол убакта чын эле академияга корреспондент-мүчөлөрдү, Академиктерди шайлайбыз деп аткан учур эле. Анан ошондо мен жөнүндө да сөз болуп калган экен. Ал убакта мына А. Токомбаев, А. Алтымышбаев жана башка кадыр-барктуу адамдар мени шайлоо жөнүндө маселе коюп жиберишиптир. Анан тиги асман тиреген кишилердин ою башкача окшойт. Өздөрүнүн кишилери бар окшойт ошого ылайыктаган, анан ошондо мен катышып калсам опурталдуураак болот эле да алар үчүн. Бир топ таасирдүү кишилер мени колдоп кетүүдөн коркушту. Бул мына ошого да байланыштуу болуп кеткенсиди, мен аны кийин байкап калдым. Менин кол жазмамды ким, кайсы максат менен алып барган, баягы "кыңыр иш кырк жылдан кийин билинет" деп бекер айтпаса керек, кийин баары эле белгилүү болду, мени жанагыдай иштерге (шайлоого -
К. М.) катыштырбай коюу үчүн жасалган иш окшойт. Кийин ошол кол жазманы канчалык издесем да таппай койдум, изи, ким алып барганы да белгилүү, биздин басмаканага да кайтып бербептир, Борбордук Комитеттен да нечен издеттим, каякка койгонун билбейм, таппай калдык. Бактыма, башка нускасы бар эле, ошолорду пайдаланып, чыгарып жатам.
Академик
Муса Адышев экөөбүздүн ымалабыз абдан жакшы болчу
- Кушбек Үсөнбаевич, Сиз жогоруда сөз кылдыңыз, тарыхый инсандар үстүндө иштеп, алар жөнүндө өз убагында эле: "Кыргыз элинин башында чыныгы инсандар болбосо эл кантип өз алдынча жашай алсын, алардын кызыкчылыгын колдогон, коргогон, калыс башкарган инсандар турган эле" - деп жазып келдиңиз. Мына ошолордун арасында Курманжан датка жөнүндө да көп жаздыңыз. Ошол Курманжан датканын чөбөрөсү академик Муса Адышев менен чогуу иштешип калыпсыз, эми Муса Адышев жөнүндө, анын Сизге жасаган мамилеси жөнүндө дагы айтып берсеңиз.
- Жана мен Муса Мырзапаязовичке токтолоюн дедим эле, убакыт чукул болуп токтоло албай кеттим, ырас суроо бердиң, айтып берейин. Муса экөөбүз абдан жакын элек, ал менден 3-4 жаш улуу болсо керек эле, өзү КирФАНга ишке менден мурунураак 1945-жылы, согуштан кийин эле кирген экен, мен 1947-жылы кирдим. Ымалабыз абдан жакшы болчу.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan