Тил тагдыры - эл тагдыры

"МОЛДОСУ" БУЗУКТУН ТИЛИ БУЗУК БОЛОТ
Чыгаан журналист, кыргыздын чыныгы патриот уулу Эсенбай Нурушев менен жайкы эс алуу учурунда "Кыргыз Туусуна" интервью уюштуруп жатып, баштаган ишти интернет аркылуу да уланта бермекчи болгонбуз. Арадан бир топ убакыт өтсө да биздин маектешүүбүз аягына чыкпай, айлап туруп калды. Акыры чымырканып отуруп тандап алган темабызды тамамдап, окурмандарга сунуштайлы деп чечтик. Талашып-тартышам дегендер болсо аны көрөлүк дедик. Айтор айтылгандар боюнча окурмандарды талкууга чакырганыбыз ушул болсун.

Калктын калың катмары пиджин тилинде сүйлөп калышты
- Адистер арасында тил бузулуп баратат деген пикирлер бар. Сиздин оюңуз кандай?
- Мен буга кошулат элем, атургай кыргыздар арасында пиджин тили, ушу тилде сүйлөгөн калың катмар бар деп айтар элем. Болгону буга эч ким маани бербейт, берсе да аны пиджин деп эч ким айтпайт.
- Пиджин тили деген эмне?
- Пиджин деп бузулган тилди (англисче - pidgin language) айтат. Анын өнүккөн түрүн креол же креолдошкон тил деп коюшат. Креол (латынча criare ) - түзүү, жаратуу дегенди билдирет. Бу тилдердин баары соңку беш кылым ичинде тарыхый түрдүү жагдайларда, негизинен империя лык оторчулук кезеңдерде, эртеги соода-сатык доорунда плантацияларда, кул-кутандар арасында, базарларда жаралган. Алардын бирин-серини мурдагы колониялык айрым өлкөлөрдө ырасмий статуска ээ болду, көбү жок болуп кетти.
- Азыркы заманда пиджин тили кайра жаралышы мүмкүнбү?
- Андай мүмкүнчүлүктөр азайган жок, кайра көбөйдү. Глобализациянын шартында өзгөчө майда улут тилдерин ыкчамдатып пиджинге айланта турган саясый,социалдык,маданий- гуманитардык факторлор, ар түрдүү эбеп-себептер күч алды. Ал эмес дүйнөлүк айрым тилдердин, айрыкча англис тилинин бир нече бузулган диалекттери пайда болду, лингвисттер аларды франглис, немглис, рунглис деп жүрүшөт. Кийинки кездерде болсо алып сатарлар - челноктор - арасында кадимки пиджин-инглиш (pidgin english) кеңири таралып баратат дешет. Кечээ жакында эле эски совет республикаларынан, алардын ичинде ушу биздин Кыргызстандан Германияга көчүп кеткендер да орусча-немисчени аралаштырып, өзгөчө бир тил жасаганга үлгүрүшүптүр.
Бирок мындай көрүнүштөрдү, өйдөдө айткандай, азыр классикалык пиджинге кошушпайт. Негизинен кош тилдүүлүк (билингвизм), көп тилдүүлүк (мультилингвизм) процесси катары көрсөтүшөт. 90-жылдардан тартып, өзгөчө П. Баккердин (Peter Bakker) эмгектеринен кийин илимге кошунду тил, аралаш тил (mixed language) деген түшүнүктөр кирди. Адистердин мындай ыспат-ырастамаларында жүйөө бар экенин танышка болбойт. Деген менен алар деле түбү барып пиджин принцибинде түзүлөт.
-Биздеги бузулган тилдин мүнөздүү мисалдарын айта аласызбы?
-Менимче, мындай мисалдарды ар ким айтып бере алат. Айталы, "зарабатка кылганы кетишкен", "стройматериалдар менен таргават этебиз", "доллар чейнж кылабыз", "жасте мүнөт", "трипке баратабыз", "гринкарт выйграт эткибиз келет" деген өңдүү айтылмаларды конкреттүү кайсы бир тилге кошуу кыйын. Болбосо укук коргоочулар, жаранчыл коом үчүн күрөшүп жаткандарды алалы, алар азыр "выборлорго маниторинг кылабыз", "гендер боюнча трейнинг өткөрөбүз", "пилоттук проекттерди сынап жатабыз" дегендей нерселерди ооздон түшүрбөй калышты. Мен тек эске келгендерин гана айтып жатам. Мындай мисалдар каалаганча табылат. Депутаттар менен саясатчыларга, атка минерлерге келсек, алар эки сөз айтса, бири - сөзсүз орусча, оозунан он сөз чыкса - анын да теңи же теңинен көбү орусча. Эгер ким бирөө булардын идиолекттерин, социолекттерин жыйнагысы же түзгүсү келсе, менимче, өтө көп материал табылат.
-Иши кылып, кыргыздын агарган-көгөргөн катмарын,жалпы элитасын пиджин тилдүүлөр десек болот экен да?!
- Болот. Бузук тил адатта эки же үч тилдин кошундусунан куралат. Бу жерде ошонун классикалык үлгүсү, өнөгөсү кашкайып эле көрүнүп турбайбы.
-Ал эми жазма,адабий тилдеги абал кандай?
-Адабий тил пиджин абалына жете элек,бирок анын белгилери кадимкидей байкалып калды. Буга далил кылып адабий тилде бузулган сөздөр (pidgin words),бузулган сүйлөмдөр өтө көбөйүп кеткенин көрсөтсөк болот.

Жармач патриоттор менен кокуй
котормочулардын
кесепет-кесирлиги
- А буга кимдер себепчи болуп жатат деп ойлойсуз?
- Мунун,менимче, үч себеби бар. Биринчиси - ошол эле пиджин тилдин,аралаш тилдин азары. Не дегенде оозеки тил абдан жандуу келет, ал жазма тилге турсун ой менен тил катышкан бүткүл чөйрөгө (logosfera), адамдын кулк-мүнөзүнө, жосун-жолоюна тикеден-тике таасир тийгизет. Экинчи себеп катары өз доорунда Френсис Бэкон байкаган "акылдын азыткыларын" атаса болор эле. Сөз маанилерин туура түшүнө албагандарды Бэкон "акылы натуура жайгашып калгандар" деп аныктаган. Алар, кыргыздар айткандай, "бээ" десең дамамат "төөгө" кетет, оозун сурасаң мурдун көрсөтүп турат. Азыр муну адистер экинчи (функционалдык) сабатсыздык деп коюшат. Акырында буга жармач патриоттордун, кокуй котормочулардын кесепет-кесири тийип жатат.
- Бузулган сөз деп кайсыларды айт- са болот, айрымдарын атай аласызбы?
- Алардын баарын санап чыгыштын өзү эле бир топ убакытты алат. Бирок кеңири таралгандарын айтсак болот. Мисалы, "бутка туруу" дегенди алалы. Муну орусча "встать на ноги", "подняться на ноги" дегенден сөзмө-сөз которуп жасашты. Азыр аны көп айтып, ар нерсеге ылгайбай колдонуп жатышат: өлкө да, мамлекет да, эл да, экономика да, демократия да, оппозиция да, иши кылып, кыргызда кыбыр эткендин баары эле "бутуна тура албай" калды. Жада калса каз-каз туруп келаткан бөбөктү деле "бутуна тура баштады" деп калышты. Кыргыз болсо эки дүйнөдө эзели минтип сүйлөгөн эмес: "бутуна тура албай калыптыр" деп бир гана ылжып мас болуп калган адамды айткан. Калган бардык учурларда телчигүү,торолуу,баралына жетүү,кемелине келүү, ирденүү, тирденүү,тикеленүү, өйдөлөнүү, боорун жерден алуу дегендей сөздөрдү колдонушкан. Булардан тышкары да далай айтымдар бар, аларды азыр түк урунбай калышты.
- Маселен?
- Маселен, "экономика кордолду" десек, муну көбү ыдыкталды, мазакталды маанисинде түшүнүшөт. А чындыгында уюткуланды,өсө баштады деген кеп. Өзүнө кенен-кесир жеткидей оокаты бар кишини кыргыздар "кордолуу бай" деп коюшкан, ошол оролго салып, мисалы,кордолуу өлкө, кордолуу экономика, кордолуу чарба деп айтып-жазса сопсонун эле болмок. Мындан тышкары "борбуюн көтөрүү" деген да бар, ал деле эсейип, эр жетүү дегенди билдирет. Эр жеткен калкты (орусча: взрослое население) көбү "чоңойгон калк", "улуу жаштагы калк" деп айтып жүрүшпөйбү, кыргыздар муну "борбуйлуу калк" дешкен.
- Дагы кандай бузулган сөздөрдү айта аласыз?
- Алсак, "толук баалуу", "толук кандуу" деген айтымдар улуттук ойломдун (эйдостун) бир капшытын жыдытканга жетишти десе болот. Алардын жардамы менен толгон-токой кумалак түшүнүктөр жаралды: толук кандуу адам,толук кандуу мамлекет,толук баалуу тамак, толук баалуу тил,толук баалуу билим, толук кандуу демократия... айтор,түгөнбөйт, каалаганча узартканга болот. Же башка бир мисал. Демейде кыргыз "түкүндөй окуя болду" же "болуп өттү" деп эле айтат эмеспи, басма сөздө болсо окуялар сөзсүз бир жерге байырлап,отуруп калат, "орун алат": өткөн аптада орун алган окуялар, Алайда орун алган жер титирөө, дүйнөдө орун алган кризис ж.б.у.с. "Бир тууган" деген түшүнүк да бир кезде ушундай болгон: бир тууган партиябыз,бир тууган өлкөбүз, бир тууган мекенибиз... Бу түшүнүктү азыр кай бирөөлөр айылына, мектебине, атүгүл кокту-колотуна да колдонуп калышты.
Чорт-чорт сөздөр айтылып, чолок кайрыган дунгул сүйлөмдөр көбөйдү
- Булардын баарын кыргызча эмес деп эсептейсизби?!
- Эмнеси кыргызча?! Баары орусчадан - полнокровный,полноценный,иметь место, родной дегендерден - жасалган бузук айтымдар.
- Аларды алмаштыра турган кыргызча сөздөр жоктугунан болуп жүрбөсүн?
- Толтура. "Толук кандуу адам" дегенге эле канча сөз табылат. Кыргыз мындай адамды "боору жетик", "боору бүтүн" деп сыпаттаган. Каймана мааниде муну азыр мамлекетке, өлкөгө, дегеле көп чөйрөгө колдонсо болот. Мисалы, кемели (боору) жетик, кемели(боору) бүтүн, кемели кең, же тескерисинче, кемели(боору) кемтик, кемели(боору) жарты, кемели өксүк өлкө, мамлекет, демократия,экономика ж.б.деп айтса кудай алмак беле. Ал эми "бир тууган" дегенге келсек, минтип кыргыздар бир ата,бир энеден төрөлгөн балдарды гана айтышат. Эл-жерге калганда болсо убар журт,убар жер,убарлуу мекен дешкен. Бу жанагы орусча "родной" дегендин эле дал өзү. Ата-теги бир жакынын да кыргыз убарым-кубарым же убарлашым-кубарлашым деген. Эсил акын Токтогул сүргүндөн келгенде: "Бир тууган кыргыз, аманбы!"-деп ырдаган эмес. "Убарым кыргыз, аманбы!" - деп ырдаган.
- Демек, бузулган сөздөр негизинен орусча түшүнүктөрдү сөзмө-сөз которуудан пайда болуп жатат, ушундайбы?
- Негизинен ушундай. Маселен, оозеки чыгармалардан (эпостордон, дастандардан, жомоктордон, элдик ырлардан ж.б.) бузулган сөздөрдү табыш кыйын, анткени алар котормо туундулар эмес. Ал эми жазма адабияттарда, басма сөздө, илимий жана ырасмий документтерде бузук сөздөр жайнап жүрөт, анткени алардын баары орус тилинин таасири менен,тигил же бу сөздү, түшүнүктү туура эмес которуудан жаралган. Бузук сөздөр азыр акырындап адабий тилдин эн белгиси болуп баратат. Жадесе кыргызча кынтыксыз делинген сүйлөмдүн деле бузук дээри оркоюп көрүнүп турат. Өткөндө мамлекет башчы парламентте кезектеги кайрылуу сөзүн сүйлөдү эле, айрым басылмалар: "Президент К.Бакиев Жогорку Кеңешке жана элге кайрылуу менен чыкты", - деп кабарлашты. Мындайды уккан же окуган нака кыргыз элге президент не кайрылуу менен кошо чыкканын, не аны колуна кармап чыкканын биле албай, башы катмак.
Мындан тышкары сөздөрдү чорт-чорт айтып, чолок кайрыган дунгул сүйлөмдөр көбөйдү. Пара алгандыкта шектелди, коррупциялангандыкта айыпталды, кылмыш кылгандыкта кармалды ж. б. Бу деле орусча "обвиняется в коррупции", "подозревается во взятничестве", "задержан в совершении преступлении" дегендердин тикелей котормосу.
Бирок сөздөрдү башка тилдердин таасирисиз деле каалагандай бузуп жатышат. Мунун зыяны, салакасы тууралуу ойлогон эч ким жок, тескерисинче, көбү эне тилди өнүктүрүп, байытып жатабыз деп ойлошот.

Бузулган сөздөр тил
билбегендин туундусу
- Бузулган сөздөр эмнеси менен зыяндуу деп ойлойсуз?
- Зыяны көп эле. Эң жаманы - бир эле түшүнүк эки башка мааниде кабылдана баштайт, бу болсо билинбей отуруп улуттук ойломду жиктейт, ага жарака салат. Мисалы, "оппозиция президенттик шайлоого тыкыр даярдана баштады" дегенде жамандыр-жакшыдыр тил билген кыргыз сөзсүз жакын арада шайлоо болот окшойт деп ойломок. Анткени "тыкыр" деген өтө шашылыш, күйүп турган,кийинкиге калтырылбас иш, маселе дегенди билдирет. Азыр болсо бу сөздү таптакыр башка мааниде колдонуп калышты, атүгүл андан "тыкырлануу" деген жаңы сөз да жасап алышты. "Акжолчулар электр каатчылыгын иликтегенге тыкырланып калышты", "Кадырбековдун тагдырына жарандык коом өкүлдөрү тыкыр көз салып турушат", "Кытайдан келген унду тыкыр текшерип жатышат" дегендей сүйлөмдөрдөн улам кеп "кылдаттык", "кыйкымчылдык" тууралуу болуп жатканын боолголосо болот.
Же "баарлашуу" дегенди алалы. Журналисттер бирөө менен маектешсе, интервью алса, "баланча менен баарлашкан бастанча" деп жазганды же айтканды жакшы көрүшөт. "Баарлашуу" деп кыргыз адатта ичтеги сырын бөлүшүп,чечилип сүйлөшүүнү, аңгемелешүүнү (орусча - интимный разговор) айтат. Ашмалтайы чыккан бир-эки собол берип, ошондой эле ашмалтай жооп алгандын эмнеси баарлашуу?!
Мындан да кызыктар бар. Азыр, мисалы, "жар салуу" дегенди да көп айтып,көп колдонушат. Бу сөз кыргызда мактоо,даңазалоо дегенди билдирет. Бирок азыр карап турсаң сот өкүм чыгарса да "жар салат", прокурор же милиция бирөөнү айыптаса да "жар салат", атүгүл оппозиция бийликтен ыдык көрсө деле "жар салат". Мүнөздүү бир-эки мисал: "Т.Тургуналиев бийлик аны жок кылганга тапшырма бергенин жар салды"; "А.Жекшенкулов уулуна кылмыш иши козголгонун жар салды". Эгер алардын жар салганы чын болсо,анда бийликке өктөө кылбай эле, тескерисинче, кубанып, мактаныч кылып айтып жатышкан турбайбы?!
( Бузулган сөздөр барып-келип эле тил билбегенден келип чыгат. Непадам азыр,айталы, "опуз кылды", "опуздады" деп жазсаң аны айрым ойондор "опузалады" деп оңдошот. Опуз кылуу деп кыргыз тинтүүнү, опуздоо деп конфискацияны айтат. Бул ошол эле орустун опись,обыск деген сөздөрү, кыргыз аны көмөкөйүнө салып, ушинтип жасап алган. Ал эмес арап,иран, кытай, монгол, атүгүл бизге тектеш тилдерден келген сөздөр деле ушундай ыкмада өздөштүрүлгөн,натыйжада алардын тыбыштык түзүлүштөрү өзгөргөн, бөтөн сөз төл сөзгө айланып чыга келген.)

"Каржы" деп караманча түшүнүгү жоктор
которушат
- Сөздөрдүн бузулушуна терминдер да таасирин тийгизип жатканы калетсиз. Аларды кантүү керек деп ойлойсуз? Которгон оңбу же тим койгон жөнбү?
- Мунун эки эле жолу бар: ылайыгы келгенин которушат,ылайыгы келбегенин ошо бойдон калтырышат. Азыр дүйнөдө бир айда эле илимде,технологияда 1500дөй жаңы сөз, жаңы түшүнүк жаралып турат дешет. Алардын айрымдары тигил же бул тилге баары бир кирет,мындан азыр жети катар темир коргон курсаң да коргоно албайсың, анткендин кажети деле жок. Мисалы, ушу тапта арааны жүрүп турган "энергия" дегенди алалы, бу сөздү биринчи ирет Аристотель колдонгон экен, ошол түрүндө ал көп тилдерге кирди. Аны жөнөкөй сөз катары которсо болот, айталы, "истратить свою энергию", "проявить энергию", "полон энергии" дегендерди күч-кубатын сарп кылуу, чечкиндүүлүк, жигердүүлүк кылуу, каркыны карк болуу деп алса,айтса болот. Ал эми термин катары аны которгондо тилди тантык кылгандан башка пайда-бата табыш кыйын. Азыр журналисттердин көбү "отун-кубат министрлиги", "электр кубатынын каатчылыгы" "электр кубатын өчүрүү" деп жатышпайбы. Анда "мощность электрической энергии", "энергетическая безопасность", "энергетическая политика" дегендерди кантебиз? Электр кубатынын кубаты, кубат коопсуздугу, кубат саясаты деп айтабызбы?!
- Ал эми "каржы" дегенге кандай карайсыз? Бу сөз "финансы" деген түшүнүктүн маанисин толук туюнта алабы?
- Бу сөз арапча - "карж" - чыгым дегенден чыккан экен. Ал бизге караж, кыраж, каржы деген түрдө кирип, адегенде салык, "алым" маанисинде колдонулган. Хрестоматиялык мисалдар: "Элден зордоп каржы алган, Букардан барып таажы алган" (Барпы), "Кыраж деп алган ак теңге, кызыл алтын, күмүштөн" (Т.Молдо). Кем-карч, каржалуу (кыйналуу,чалыгуу),карыжда,карышта дегендер да ушу "карж" сөзүнөн куралганы кадиксиз.
Бирок бу сөздүн кеңири жайылган башка да мааниси бар. Сөздүктөрдө, мисалы: "Анча-мынча малын каржылап,Зыядаханга үйлөнгөн",-делинет. Же кордоо ырларын эстесек, аларда: "Кара эчкисин каржылап,катын алган томаяк",-деген саптар бар. Анча-мынча малын,кара эчкисин каржылады дегенде бу жерде аларды финансылады деп жаткан жок да, малын,эчкисин сатты, чыгымдады деп жатат. Кыскасы, "каржы" деген мүлктүн,акчанын, каражаттын баарын эмес,анын керектеле, сарптала, чыгымдала турган бөлүгүн билдирет. Ал эми "финансы" деп мамлекеттин, ишкананын карамагындагы бүткүл акчаны,анын жыйындысын, аны түзүү, пайдалануу жана бөлүштүрүү системасын айтат.
Дегинкисинде, терминдер, алардын колдонулушу, которулушу туурасында обо-добо сөз айтса болор эле. Термин менен сөздү мындай кой,эң жөнөкөй эрежелер деле караманча этибар алынбай калды, кала берсе байламтаны киринди сөздөн айрымалай албай калышты. Кайсы гезитти алба,алардын ичинде силерде деле байламтадан кийин сөзсүз үтүр коюп жазышат.

Улуттун өңчөй мыктылары өөдүк-сөөдүк сүйлөп калышты
- Муну туура эмес деп эсептейсизби?
- Байламта - сөздү сөзгө,ойду ойго,сүйлөмдү сүйлөмгө кошот,үтүр болсо,тескерисинче,аларды ажыратат. Байламтадан кийин үтүр коюп жазган эл дегеле дүйнөдө жок, а бизде болсо ушул жөпжөнөкөй эрежени деле өздөштүрө албай кыргыздын бүтүндөй бир мууну карып кетти. Азыркыларды айтпай ак коёлу,бу жагынан өзүн өзү билип,өтүгүн төргө илип алган кемчонтойлор иттин кара капталындай келет.
- Байламта сөздөр кайсылар, бир-экөөнү атай кетсеңиз.
- Кыргызда беш-алты эле байламта сөз бар,аларды жаттап алса деле болот: анткени,бирок, себеби, андыктан,ошондуктан,жана, менен. Калгандары: айтор,албетте,арийне,айтмакчы, балким, баса,болжолу,демек,калыбы,көрсө,сыягы,сыйкы,чамасы -дагы башкалары киринди сөз катары колдонулат.Муну анча-мынча тилге туюму бар адам кыргызча сүйлөмдүн ыргагынан эле сезсе болот. Булардын баарынан кийин үтүр коюлат.
Мунун баарын, Кыяс, орто мектепте окутат эмеспи,аларды эми минтип чоң проблема кылып сенин гезитиңде -улуттук басылманын бетинде кеп кылып отурабыз. Андан да өкүнүчтүүсү - уюткулуу бүтүндөй бир улуттун өңчөй мыктылары өз эне тилинде сабаттуу текст жаза албай, сабаттуу сүйлөм түзө албай баратпайбы. Жазма сүйлөмдү - текстти - психолингвисттер адамдын дени-кардын, өзгөчө акыл-эсин текшере турган сынамык дешет. Кокус бизде кыргыз тили боюнча ушундай сынамык өткөрүлсө,атка минерлердин, саясатчылардын текши баары, жазмакерлер журтунун деле көп бөлүгү"кулап" калмак.
- Мындай абалга кантип келдик деп ойлойсуз?
- Буга эми барып-келип эле башы жок бакага,көзү жок көгөнгө окшогон азыркы заман себепкер. Илимпоздор эбактан бери эле айтып жүрүшпөйбү: коомдук,социалдык жана саясый турмуштагы кыбыр эткен өзгөрүштүн баары адамдын аң-сезимине, ой-санаасына, ал аркылуу тилге чыгат. Өөдүк-сөөдүк замандын тили да өөдүк-сөөдүк болот. Кыргыздын накыл кептери бу жагдайды мындан да таасын түшүндүргөн. Илгерки акылман бабаларыбыз заман чалды-куйду түшүп, чапыраштысы чыгып турганда элге бучуктар молдо болуп алат деп айтышкан тура. Азыр ошондой учур. Бучуктар көбөйгөн жерде болсо эл да ошолордун бузулган тилинде сүйлөй баштайт.

Аңгемелешкен
Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan