Камбар-Атадагы жардыруу жакшылыктын жарчысы болду "Биз алдыбызга региондун энергетика рыногунда алдыңкы орунда болууну көздөгөн зор максатты коюп жатабыз", - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев 22-декабрда КРнын Өкмөт үйүндө өткөн Камбар-Ата - 2 ГЭСиндеги ири масштабдагы жардырууга байланышкан иш-чара учурунда сүйлөгөн сөзүндө.
Өкмөт Үйүнүн батыш залында бардык бийлик бутактарынын жетекчилеринин, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн демейдегиден көп чогулганынан өтө олуттуу маселе чечилери байкалып турду. Албетте, бул - күн мурунтан белгиленген, кылым курулушу болгон Камбар-Ата - 2 ГЭСиндеги ири масштабдагы тоону жардыруу менен сууну тоскон плотинаны куруу элибизге маалым эле. Саат 12ге чукулдап калганда Премьер-
министр Данияр Үсөнов Президент Курманбек Бакиевге чоң жардырууга даярдык толук бүткөндүгү, маалыматты саат 11.00дө штабдын башчысы, биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров билдиргендиги тууралуу билдирүү жасады. Видеобайланыш аркылуу байланышка чыккан Акылбек Жапаров:
- Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Салиевич! Ата-бабалардын салтына ылайык Кара-Жыгач айылынын аксакалдары менен бата кылдык. Чоң жардырууга даярдыктын баары бүттү. Сиздин тапшырмаңызды өз учурунда бүтүрүүгө аракет кылдык. Сизден жардырууга уруксат сурайм. Курманбек Бакиев: - Урматтуу Акылбек Үсөнбекович, Сиздин докладыңызды кабыл алдык. Рахмат. Жардырууга уруксат берем. Баштаңыздар. 12.00дө Акылбек Жапаров "Кудай колдосун!" деп кнопканы басты.
Жардыруу...
Кол чабуулар...
ИМЖ ийгиликтүү бүткөндөн кийин жардыруунун компьютердик версиясы көрсөтүлдү.
Иш-чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Президент Курманбек Бакиев алдыга коюлган милдеттин ийгиликтүү аякташы менен куттуктады. "Биз сиздер менен накта тарыхый окуянын күбөсү болдук. Мен биздин энергетиктер өздөрүнүн кесиптик майрамында - 22-декабрда Камбар-Ата - 2 ГЭСинин биринчи агрегатын ишке киргизүү үчүн Нарын дарыясынын нугун тосуу боюнча милдетти аткара тургандыгына ишенгем", - деди
К.Бакиев.
Президент мамлекет аталган масштабдуу долбоорду каржылоо боюнча бардык милдеттенмелерин толугу менен аткарып жаткандыгын белгиледи. Камбар-Ата - 2 ГЭСинин курулушу өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Өз кезегинде СССР сындуу ири державанын да бул ГЭСти курууга чамасы чак болуп калган. Азыр болсо Камбар-Ата - 1,2 ГЭСтеринин сөзсүз курула тургандыгына эч ким шек санабай деле калды деп ойлойм", - деп баса белгиледи К.Бакиев.
Мамлекет башчысы акыркы 17 жылда өлкөдө электр энергиясын иштеп чыгуу боюнча бир дагы жаңы кубаттуулук ишке киргизилбегендигине басым жасады. Ал эми электрэнергиясына болгон керектөө жылына 3-5 пайызга өсүүдө. Камбар-Ата - 2 ГЭСинин курулушуна Өнүгүү фондусунан быйыл 100 млн.доллар өлчөмүндө насыя бөлүп берүү каралган, анын 33 млн. доллары ушул жылдын сентябрь-октябрь айларында берилген, ал эми 30-ноябрда ушул эле максатта дагы 27 млн. доллар каражат которулган.
Бул курулушту "Нарынгидроэнергострой" ААКсы башка субподрядчиктер менен биргелешип жүргүзүүдө. Мында бардыгы болуп 2500 адам иш менен камсыз кылынган. 2007-жылдын ноябрынан тартып 2009-жылдын 1-декабрына чейин 5,5 млрд. сомдон ашык каражат иштетилген.
Президент ошондой эле аталган ГЭСтин курулушунан келип түшө турган кирешелерге көңүл бурду. Анын ичинде - Токтогул суу сактагычында жылына 1,4 млрд. кубометр өлчөмүндө сууну үнөмдөөгө; жылына 1 млрд.кВт. сааттан ашык өлчөмүндө кошумча электрэнергиясын иштеп чыгууга; объектинин курулушунда жана аны иштетүүдө жүздөгөн адамдардын иш менен камсыз болуусуна; энергетикалык коопсуздукту камсыздоого жана республиканын энергосистемасынын туруктуу иштешин камсыздоого; экспорттук потенциалды арттырууга мүмкүнчүлүк бере тургандыгын белгиледи. "Азыр жай алып жата турган убак эмес. Алдыбызда чарбалык комплекс менен турак-жай коммуналдык секторун электрэнергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо милдети турат", - деди К.Бакиев.
gb •
Меймансаптагы соңку кабарлар:
10.03.2010 12:27
Бакайдан
Жанызак-эскертүү: жалпы темалар боюнча жалаң Меймансапка жазгыла, сураныч. Мына биерде айтылуу Бакай мырзадан кат келген экен: От кого: Бакай Садыров ........... Кому: <janyzak@mail.ru> Дата: 09 Мар 2010 17:56:20 Саламатсызбы Жаке? Иштериниз ийгиликтуу болуп жатабы: Жаке, жанагы котормочу тууралуу кошумча ушул дарекке жазып жиберсениз. Кызыккандар бар. Урматым менен Таластан Бакай Менин жообум: Салам, Бакай. Анын кошумчасы деле жок. Мыкты котормочу, орусчадан кыргызча которсо, азыр жанагы Орусияда дүңгүрөп жаткан Дарья Донцова сыяктуулардын жазгандарын 160 бетке тууралап кыргыз чындыгына келиштирип чакан китептерди чыгарыш керек эле. 160 беттүү китеп Ворд менен 10 өлчөм тамга менен 75-80 бет болот. Кайсы бир ишке киришем дегендер табылса, алды менен беш-он бетти которуп Меймансапка салыш керек. Биз окуп көрөлү. Жараса “жарайт!“ дейли да, алиги котормочуга уруксат берели. Бирок баары бир текшерип туруш керек. Кокус китептен кыргызча жатпаган келегей айкаштар табылып калса, андай китепке акча төлөнбөйт. Мен Меймансапка бирөөнүн которгонун илип койдум, байгандырсың. Саламым менен Жанызак. ____________________________________________________ Деп кат жазып жиберсем Бакайдан дагы бир кат келиптир: _____________________________________ Бакай Садыров ..................... Кому: ”janyzak” <janyzak@mail.ru> Дата: 10 Мар 2010 09:23:20 Тема: Re: Саламматсызбы Жаке! Сурайын дегеним сиздин бир китебинизди толук которгондо 7000 сом алабы? Бакай __________________________________________________ Анда бу катына да ушул жерден эле жооп жазайын: Бакай, ушунун баарын Меймансаптан эле сурасаң болот эле, себеби башкалар да билишет болчу да. Ооба, бир китепти толук которгондо 7000 сом алат. Бирок... 160 беттүү китепти которгондо ошончо болот. Кокус китеп 320 беттүү болуп калса, анда 14000 сом алат. Муну да жакшылап билип алышса жаман болбос эле. Бирок эскертүү: кокус эле которулган китептин кайсы бир жеринен кыргызча тантырак же түпнускадагы мааниси өзгөртүлгөн сүйлөм болуп калса, китептин котормосу сатылып алынбайт. Аны автор кайрадан иштеп чыгышы керек. Дагы бир бирок: китепти которо баштоого уруксат алыш үчүн алды менен ошол китептен кеминде 10 бет которуп, Меймансапка жайгаштыруу керек. Мен окуп көрөм, сүйлөмдөр жатык болсо жана туура которулса, макулдук берем жана тийиштүү келишим түзөбүз. Саламым менен Жанызак....
10.03.2010 11:46
Бакай
Сулуу жана атак-даңтуу жазуучу айым Кейт Харперге ашык болгон режиссер Ник Уотерман башы бош аялдын жүрөгүн багындырууга аракет жазап жатам деп ойлочу. Бирок Кейт Никтин сүйүүсүнө чын дили менен жооп берүүгө аракет кылганы менен анын аялы боло албайт эле. Анткени ал турмушта болчу. Анын турмушу адам чыдагыс катаал болгону менен ачырашып кетүүгө мүнкүн эмес эле. Биринчи бөлүм Туура таңкы алты болгондо саатын коңгуроосу шыңгырады. Ал сел эте ойгонуп , анан төшөктөн колун чыгарып аны өчүрдү. -Каап шайтан алгырдыкы десе деп Кейтлин Харптер төшөгүндө отурду. Анын кечээ кечинде түйүп койгон узун күрөң чачтары ийинине жазыла түштү. Телефон дале шыңырап, ал оор үшкүрүп алып телефонду көтөрдү. Ал өзүн бактылуу сезген күндөрү, анын эрди өтө назик болуп , күлкүсү жылуулук тартуулап тураар эле. Бирок бүгүн анын жашыл көздөрү күнгө күйгөн жүзүнө жарашпай, маанайы суз эле. Мына эми ал ойгонду. Түш көрүп жатып , баарын унуткан кандай сонун! - Салам, Кейт. Ал өзүнө тааныш үндү угар замат күлүмсүрөй түштү. Фелиция экендигин илгиртпей тааныды. Ал каякта экендигин башка эч бир жан билчү эмес. -Бүгүн сени ким мынчалык эртек ойготту? -Жөн эле, маанилүү эч нерсе эмес. Кейт чын жүрөктөн жылмайды. _ Таңкы саат алты?А сен эч маанилүү нерсе жок дейсиң: Ал өзүнүн курбусун эң жакшы биле турган. Феликция Норманн көзүн саат сегиздерде араң ача турган. Ал эми катчы кыз саат ондорго чейин анын тынчын алууга жол берчү эмес. Таң атпай ойгонуу ал үчүн көнүмүш эмес болчу. Демек Кейт үчүн ал ушул кадамга барды. -Сен эмне мага зээрикениңден чалып жатасыңбы Литция? - Ошондой окшойт. Менде эч кандай жаңылык жок. Жаке , Байкап көрсөңүз!...
10.03.2010 09:37
Мурат
Жанызак байке саламатсызбы? Мага Наргозуев менен Ниязалиеванын Служебный романы жазылган макаланы окуюн дедим эле. Кантип тапсам болот? Жардам бере аласызбы?
... Жанызактын жообу: Мен анысын окуган жокмун, билбейт экенмин. Бирок сайттын биринчи бетине жогорудагы эки фамилияны жазып, издєє салыш керек......
10.03.2010 01:35
Таштанай Ибираимова
Ыр жандуу кыргыздын уул кыздары окуп коюнуздар деп Таштанай Ибираимова Буудайчиевна еженерден Ыйык бешигим Кыдырып далай элди жерди Кайра эле өзүңө келем байыр алып Касиеттүү кыргыз элим жерим Кымбатсын өзгөчө маган калдайып. Кубат алат өзүндөн уул кыздарың Көлүбүз да тоолорубуз берекелүү Кубанычта дайыма көркүңдөн Келечекте урпактарга кызмат кылуу. Касиеттүү, берекелүү кыргыз жерим Кубанам дайыма кубат алып Кыргыз жерим, ыйык бешигим Келебиз өнүп, өсүп жыргап жашап. Кыргыз жерим бейиш төрүндөй Кереметтүү тоолоруң аскаларың Көлдөрүбүз коңшуларды суктандыра Келишет эс алууга алыстардан. Кыргыз жерим арча бешигим Кайталасам жарашат миң ирет күндө Кичинемден сыймыктанам дайым Келгениме бул дүйнөдө өзүндө. Чогулталы элимди Балдарды, эне-атаны, үй-бүлөсүн Багайын деп жүрүшөт жарандар Башка өлкөлөргө азап көрүп, жалданып Баш калкалап иштеп акча табар. Ата-журтту унутпайлы эч качан Акчасы, иши көп өлкөдө жүрөсүңөр Ананкысын ойлонолу келечегин Азгырылып акчага калып калбасаңар. Балдардын келечегин унутпаңар Башка жерде, элде иштеп жүрүп Бирок кыргыз тилин унутпа туугандар Бийик тут эртеңин урпактын, улуттун. Ата-энени, ата-журтту таштабаңар Асыл жерди келип гүлдөткүлө Айланып кайра келер үйүн да бар Азыркыдай кут түшкөн жеримде. Ат айланып казыгын табар Акылдуу бала ата-энени багат Ата бабалардан калган сөз бар Ардактуу элимди чогулталы!...
09.03.2010 18:47
кымбат
Айымдар ж-а мырзаларды орифлейм кыргыз компаниясына жумушка чакырабыз.2-3 саат убактынызды жумшап 5минден 10минге чейин,толук алектенуу менен 25минден жогору акча тапсаныз болот.ага кошумча ар кандай белектерди да ала аласыздар.толук маалымат учун телефондор;8903-577-55-74;8926-943-36-48;E-mail;telibaeva2009@rambler.ru...
Меймансаптын материалдарын толугу менен биерден окуйсуз...
Сайт жөнүндө: ► Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат. ►Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген. ► Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте: ► На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты
в виде электронных подшивок данных газет. ► Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции указаны на главной странице конкретной газеты. ►Принимаются заказы на публикацию частных статей.