, 21.04.09 - 11-бет:
  Жаңы табылгалар,тактоолор

Унутта калган инсандар
Учурда Кокон хандыгынын тарыхы, андагы кыргыздардын ролу жөнүндө жетиштүү чыгармалар жана илимий эмгектер болсо да, көп маалыматтар дагы да болсо тарых барактарынын бүктөмдөрүндө чагылдырылбай келе жатат. Бул макалада тарыхый документтерге таянып ушул убакытка чейин унутта калган, Кокон хандыгына түздөн-түз тиешеси бар Арзымат бий, Сартбай датка жана Шатман болуш жөнүндө айтылат.

Арзымат бий
Арзымат бийдин атасы Адылбек датка болгон. Ал Кокон хандыгынын доорунда XIX-кылымдын биринчи жарымында Багыш уруусунун башында турган. Адылбек датканын төрт аялынан жети баласы болгон. Биринчи аялынан Баймырза деген жалгыз уулу. Экинчи аялынан Арзымат бий, Маматкул жана бир кызы. Үчүнчү аялынан Болот. Төртүнчү аялынан Койгелди, Ырыскүл, Шамат.
С.Аттокуровдун санжыра китебинде Багыш уруусунун генеалогиялык таблицасында Адылбек датканын жана анын уулу Арзымат бийдин аттары келтирилген. Адылбектин Арзыматтын атасы экендиги тууралуу документтин түп нускасынын көчүрмөсү 1-сүрөттө келтирилген. Анда Арзымат Адылбек уулунун кызы Бекбүбүгө атасынан калган мүлктөрдү тапшыруу жөнүндөгү юридикалык документ келтирилген. Документ Кара-Буура болуштугунун сотунун мөөрү менен бекитилген. Адылбек датканын Кокон хандыгынын даткасы болгондогу тууралуу маалыматты Ала-Бука районунун Актам кыштагында жашап өткөн санжырачылар Мамбетов Курбанбай жана Бекмамбетов Низамиддиндин маалыматтары боюнча жазылды. Бирок тарыхый булактардан бул фактыны тастыктаган маалыматтарды кезиктире албадым. Аны тактоо али алдыда деп ойлоймун.
Арзымат бий XIX- кылымдын орто ченинде Багыш уруусунан чыккан атактуу бийлерден болгон. Тарыхый маалыматтарга караганда ал Кокон хандыгында миң башы даражасына чейин жеткен.
Арзымат бий жөнүндөгү маалыматтар Зиябидин Максымдын "Фергана хандарынын тарыхы" деген китебинде да келтирилген. Бул китепте айтылгандай Шерали ханды Кокон хандыгынын тактысына отургузар алдында башка даткалар жана бийлер менен кошо биринчилерден болуп Шерали ханды колдогондордун бири жана өзүнүн бир канча кишилери менен ага кошулгандыгы тууралуу маалымат жогоруда аталган китептин 97-бетинде айтылат. Ушул китептин 158, 161, 162-беттеринде Арзымат бийдин (Баатырдын) Кожент жана Ташкент шаарларын алуудагы эрдиктери жазылган. Кожент шаарын алганда Шерали хандын уулу Кудаяр (Шахзада Саид Кудаяркан) менен кошо өз жигиттери менен барып, согуштун биринчи күнү Арзымат бийдин (Баатырдын) жекеме жеке салгылашууга чыккандыгы төмөндөгүчө жазылат: "Шахзада Саид Кудаяркандын лашкарларинан бир баатыр ат ойнотуп: "Мен Арзымат баатыр, Шахзаданын кызматчысы, кара сакалымды кызыл канга боёш үчүн урушка келдим. Мен силердей баатырлардын канын чар тарапка чачсам дейм". Бул сөздөрдү айткандан кийин Кожент акими Кудаярбек тараптан бир баатыр майданга чыкты. Атын чаап келип, Арзымат бийдин бетмаңдайына туруп: "Сен кандай адамсың менин майданыма кирген?" - деп туруп кылыч урду. Арзымат бий кайтарып, нөбөтү келгенде урду эле, ал баатыр да кайтарды. Алар кылычтарын бир нече жолу кайтарышты. Кылычтары сынып кетти. Арзымат бий ал баатырдын белинен кармап жерге урду эле, майда-майда болуп кетти.
Кожент лашкарлари намыстанып, ичинен бир баатырын чыгарышты. Ал: "Эми менден кантип кутулаар экенсиң?" - деп турганда, Арзымат бий: "Туура айтасың, кел! Капа болбо, сени да ошол баатырдын артынан жиберем" - дегенде, берки баатыр Арзымат бийге кылыч урду. Арзымат бий аны кайтарып туруп кылыч урганда, ал баатырдын башы жарылып өлдү. Кудаярбек айтты: "Жалгыздабай чогуу ат койгула!" - деди. Кожент лашкарлари чогуу ат коюшту. Арзымат бийди ортого алганда, ал ач бөрүдөй алышты. Көп жеринен жараланып, денесинен кан кетти. Муну көргөн Шахзада Кудаяркан жанын караса, Мухаммат Назарбек туруптур, "Тага бул жерде турбай лашкарлариңиз менен Арзымат бийге жардамдашыңыз!" - деди. Рахманча даткага карап: "Сиз да жардамдашың!" - деди. Булар да лашкарлари менен майданга киришти. Бул күнү уруш өтө катуу болуп, адам баштары сайдын ташындай тоголонуп жатты. Кеч киргенин да билбей калышты. Акырында кожентиктер Шахзада Кудаяркандын лашкарларине "Согушту токтотолу?" - деп жалбарышты. Мухаммат Назарбек добул урду. Кожент лашкарлари да добул урушту. Согуш токтоп, Арзымат бий, Мухаммат Назарбек, Рахманча Шахзаданын алдына киришти. Шахзада: "Бул баатырларга тамак бергиле" - деп буйруп, өзү аларга кызмат кылды. Ага баатырлар ыраазы болуп, өткөн согушту баяндап беришти. Чайдан кийин баатырлар өз жайларына кетишти".
Өз мезгилинде Кокон ордосунда жазылып 100 жылдан ашуун Стамбул университетинин китепканасында сакталган кыргыз тарыхчысы Зиябидин Максымдын эмгегинде Арзымат бийдин эрдиги ушундайча даңазаланган.
Арзымат бийдин миң башы деген наамы болгондугу жөнүндө маалымат Ала-Бука районунун Кош-Терек кыштагында жашап өткөн Жайлообаев Назармат аксакалдын үйүндө сакталган 1842-жылдагы Кокон ордосунун чиймесинде (картасында) жазылган. Кокон ордосунун бул чиймеси жөнүндөгү маалыматты Ала-Бука районундагы белгилүү санжырачы, жазуучу Калмурат Рыскуловдун макаласынан тапса болот. Ал мезгилде Кокон ордосун он алты миң башы биригип башкарган. Назармат Жайлообаевдин "1842-жылдагы Кокон ордосунун чиймесинде" (картасында) Кокон хандыгынын 18 дарбазасын кайсыл уруулар, ким деген миң башы, паңсаттар тоскону, бийлик жүргүзгөнү көрсөтүлгөн. Алар төмөнкүлөр:
1. Аксыкент дарбазасын багыш урусунан Шердатка миң башы;
2. Түндүк дарбазасын төмөнчекти багыш уруусунан Арзымат миң башы;
3. Балыкчы дарбазасын кыпчак уруусунан Мусулманкул миң башы;
4. Курама дарбазасын таластык Ажыбай датканын паңсаты Сыйдалы бий менен саруу уруусунан Нүсүп бий;
5. Канибадам дарбазасын сарт уруусунан Касым миң башы;
6. Маргалан дарбазасын сарт уруусунан Нияз миң башы;
7. Карадайра дарбазасын кыпчак уруусунан Нарманбет датка;
8. Кожент дарбазасын ичкилик уруусунан Алымкул аталык;
9. Батыш дарбазасын могол-кытай уруусунан Камбар миң башы;
10. Самарканд дарбазасын чоң багыш уруусунан Артыш миң башы;
11. Түштүк дарбазасын кыпчак уруусунан Өтөнбай миң башы;
12. Чыгыш дарбазасын кыпчак торук багыш уруусунан Саранчы паңсат;
13. Анжиян дарбазасын баргы уруусунан Алымбек датка миң башы;
14. Сырдайра дарбазасын сарт уруусунан Найман паңсат;
15. Нарбото бий дарбазасын саяк уруусунан (бешкаман) Рыскулбек миң башы;
16. Алай дарбазасын ичкилик уруусунан Кедейбай датка миң башы;
17. Алимхан дарбазасын сарбагыш уруусунан Сарбай миң башы;
18. Ташкент дарбазасын бозалабостон (курама) уруусунан Абдымомун миң башылар тосушкан.
Экинчи Мекке-Мадина деп аталган Сафедбулан мазарында (азыркы Ала-Бука районунун Сафедбулан кыштагында) он алты миң башы (анын ичинде Арзымат миң башы да бар), үч паңсат Шералини ак кийизге салып, 18и четинен кармашып, ортосуна отургузуп хан көтөрүп, 18и дарбазаны тосуп, Кокон ордосунун хан тагына отургузуп, хан көтөргөн. Тарыхый булактар тастыктагандай, Шералихан жана Полотхан экөө тең ошол Сафедбуландагы Шах Жалил жана Шах Фазилдин күмбөздөрүнүн жанында хандыкка көтөрүлгөн.
Бул жерде дагы бир айтып кетүүчү нерсе, Кыргыздын тарыхы жазылган "Мадмжу ат - Таварих" китеби да жогорудагы "Кокон ордосунун чиймесин" сактап жүргөн Ала-Бука районунун Кош-Терек айылында жашап өткөн Жайлообаев Назарматтын үйүнөн алынган.
(Уландысы бар)





  Көз караш

Илимий тактык болбосо тарых тантыган жомокко айланат
(Башталышы гезиттин №28 санында)
Мына ушулар менен тааныш кандан кийин кимде болбосун Шабдан кыргыз элинин эмей эле орус колонизаторлорунун баатыры болгон окшойт дегендей күмөндүү ойлор пайда болбой койбойт. Демек, Шабдан Жантаевдин орус колонизаторлоруна жол көрсөткүч болуп, алардын кыргыздарды өздөрүнө каратып алуу боюнча аскердик экспедицияларына активдүү катышып, толгон-токой сыйлыктарды алгандыгы чын. Бирөөлөргө жагабы же жакпайбы, каалайбызбы же жокпу, маңдайыбызда турган андай фактылардан эч кайда качып кутула да, аларды бурмалай да албайбыз.
Мына ушундай тарыхый фактыларды көрүп, билип туруп, Жапаркул Токтоналиев агабыздын өзүнүн "Шабдан баатырды каралаган окумуштуулар сот алдында жооп беришсин" ("Кыргыз Туусу", 2009-жыл, 17-февраль) деген макаласында Омор Сооронов менен Кусеин Исаевди сотко беремин деп опурулгандыгы орунсуз жорук. Биринчиден, алар эч кимди каралашкан эмес, алар тарыхый маалыматтарды гана келтиришкен. Тийиштүү мыйзамдарга ылайык, окумуштуу болобу, же журналистпи, кимиси болбосун тарыхый фактылардан жана жазма булактардан, расмий маалыматтардан шилтемелерди келтиришкендиктери үчүн сот алдында жооп беришпейт. Кокус Ж.Токтоналиев агабыз чындап эле (ага ишенүү кыйын) К.Исаев менен О.Соороновду сотко берсе, илимпоздук беделдерин коргоо үчүн алардын да сотко тийиштүү доо арыз менен кайрылуулары мүмкүн.
Логикага ылайык, анда А.Н.Бернштамды, Б.Солтоноевди, "Кыргыздар" деген жыйнактын (Байас Турал шилтеме жасаган) түзүүчүлөрүн, А.Кызаевди ж.б. ушул убакка чейин А.Н.Бернштамга шилтеме жасагандардын бардыгын, атүгүл айрым тарыхый романдардын авторлорун, маселен "Алай закымдары" (2005-жыл) деген романдын автору Раимбек Абдиевди да сотко берүү керек. Көрүнүктүү окумуштуу Абдылдажан Акматалиевдин аныктамасы боюнча: "Шабдандын түштүктөгү миссиясы романда эки планда чагылдырылган.
Биринчиден, ал Колпаковский менен Скобелевдин чакыруусу менен көтөрүшчүлөрдү басуу, орус бийлигин орнотуу үчүн келсе, экинчиден, дипломатиялык жол менен элди кыргындан сактап калууга аракет кылгандыгын көрүүгө болот. Бирок, аны Курманжан датка да, Абдылдабек да орус бийлигинин өкүлү катары ынтымакка келүү шартында жакшы кабылдашпайт. Чыгармада Шабдандын орус аскерлери менен бирге айыл-кыштактарды талап-тоногондугу, жазыксыз адамдарды окко учуратканы, башкача айтканда каармандын биз көнүп калган оң сапаттары жөнүндө баяндалып эле калбастан, өтө тескери иштерди жасагандыгы да айтылат". (А.Акматалиев, Азыркы адабият: тарых жана мезгил, Б. 2007-ж., 122-б.).
Экинчиден, азыркы цивилдүү демократиялык мезгилде окумуштуулар өз ара кайчы пикирлерин, илимий көз караштардагы карама-каршылыктарын укук коргоо органдарынын жардамдары аркылуу эмес, илимий аргументтерге, тарыхый фактыларга таянуу аркылуу чечүүлөрү зарыл деп ойлойбуз.
Тарыхыбыз идеологиялаштыруудан чыгып, мифологиялаштырууга кирди
Мен кесипкөй тарыхчы эмесмин, тигил же бул тарыхый мезгил же тарыхый инсан боюнча алдын-ала тутунган позициям да, көз карашым да жок, бирок, кыргыздын, Кыргызстандын тарыхы, өзгөчө тарыхый инсандар жөнүндөгү колума илинген материалдарды калтырбай окуп, ошолордун негизинде өз алдымча жыйынтык чыгарып келаткан калыс гана инсанмын. Бирок, тарыхый деп аталган материалдар жана анын белгисиндеги көркөм чыгармалар менен канчалык көбүрөөк таанышкан сайын жөнөкөй окурман катарында менде "совет мезгилинде тарыхыбыз идеологиялаштырылып келсе, азыр илимден алыстап, жөн эле примитивдүү мифологиялаштыруунун жолуна түшүп бараткан жокпу?" дегендей шектенүү көңүлүмдү өйүй баштады.
Чындыгында эле илимпоз деп аталган бир агабыз "тарыхый фактыларыңарды да, аргументтериңерди да уккум да, көргүм да келбейт. Аларыңарды кайдан чукулап тапсаңар, ошол жагыңарга алып баргыла, бирок мага жаккан инсанга сөз тийгизбегиле" деп жер сабап, эч кандай тарыхый фактылар менен эсептешкиси келбей жатса, ал эми экинчилери айрым өздөрүнө жаккан уруулардын башчыларынын көбүн баатырларга айландырып, омоктуу илимий, тарыхый негиздери жоктугуна карабастан, окуу куралдарына чейин киргизип, дагы бирөөлөр бир да тарыхый же жазма булактарга негизденишпестен "баланча айылдагы түкүнчө абышка минтип айтып берди" деп эле урдуруп, айрымдарын "Эр Төштүктүн" көлөмүнөн чоң баяндарга айландырып, китеп кылып чыгарып жатышса, башкача ойлоо да кыйын болот экен.
Албетте, өтмүшкө кызыккандар өздөрүнүн тектерин териштирип, каалашса кырма аяк бозону дем албай жутуп жиберип, ошонун кызуусу менен алдынан чыккандарды аттарынан жыга тартып жүргөндөрдү, же кошуна урууларга тынчтык бербей жылкыларын тие качып уурдап, атүгүл жылкычылардын биринен токмоктолуп, найзаланып өлтүрүлгөндөрүн деле баатыр деп жарыялай беришсин.
(Уландысы бар)