, 21.04.09 - 2-бет:
  Элдин үнү

Базар-Коргондо эл турмушу оңолууда
Биздин Базар-Коргон районунун эгин талаалары, пахта тамеки сыяктуу баалуу өсүмдүктөрү Арстанбап, Кызыл-Үңкүр токой тилкелери жана өзгөчө баалуу жаңгак токойлору менен Мекенибизди толуктап турат. Райондогу тогуз айыл округунда 12 ж.б. улуттун өкүлдөрү, бирин-бири терең урматташып, ынтымак-ырашкерликте, достукта жашашып, кыз алып-кыз беришип, куда-сөөк болуп турмуш тиричиликтерин өткөрүшүүдө.

Райондун аймагында 138908 адам жашап жатышат. Элдердин жашоо турмушу акыркы жылдарда жакшы жылыштарга ээ болуп, көзгө көрүнөөрлүк оңолууда. Элдин жеке менчигинде 856 жеңил автотранспорт бардыгы, элдин жакшы турмушта жашоого өтө баштаганынын белгиси болуп эсептелет. Айылдарда акыркы жылдарда көптөгөн жаңы типтеги жеке менчик үйлөр курулууда. Райондо социалдык маданий курулуштар, көптөгөн мектептер, ФАПтар жана башкалар курулууда. Ички чарбалык жолдор реабилитация болуп, калыбына келтирилүүдө.
Кыргыз Республикасынын Президенти урматтуу Курманбек Бакиевдин кыргыз элине кайрылуусу терең маанилүү болуп, бардык тармактарды камтыганы менен өзгөчө болду. Коомдук палатанын түзүлүшү, Президенттик администрациянын башчылыгына башка адамдын келиши, бийликтин жогорку бутактарындагы чечүүчү кадрлардын алмаштырылышы элдин көптөн бери күткөн мүдөөсүн канааттандырууга багытталды.
Кайрылууда белгиленгендей, ким экендигине карабастан, Кыргызстандын келечекте гүлдөп өсүп-өнүгүүсү үчүн өзүнүн баалуу сунуштарын, пландарын партия болобу, бейөкмөт уюмдар болобу, жеке ишкерлер, жеке адамдар катышуусун жана алар менен иш алып баруусун ачык көрсөтүп айтып жатат. Мындан башка дагы кандай ой-пикирлер болушу мүмкүн. Кайрылууда аткаруу бийликтерине коюлган талаптар ар бир облустун, райондун, шаардын жетекчилери, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары өзү жетектеген аймакка толугу менен жооп беришине талапты катуу коюуда.
Элдин бийликке болгон ишеними, көз карашы түп-тамырынан бери оң жагына өзгөрүлүүдө. Кыргыз мамлекетинин акыркы жылдарда социалдык-экономикалык өсүшү, өзгөрүүлөрү буга далил болууда. Тактап айтканда, Президентибиз Бакиевдин жарлыгы менен 75 жаштан ашкан карыялар, 5 жашка чейинки наристелер акысыз дарыланууда, төрөт кабыл алуу акысыз болууда. Башталгыч мектептин балдарына бир маал ысык тамак берилүүдө. Жакшы иштердин жүргүзүлүп жаткандыгына райондун жалпы эли ыраазычылык билдирип жатат. Мугалимдердин, врачтардын, медициналык персоналдардын айлык акылары жогорулап, бюджеттик мекеме-ишканаларда иштегендердин айлык маяналары көтөрүлдү. Өзгөчө белгилеп кетүүчү нерсе, пенсионерлер, жөлөкпул алуучулар өз убагында акчалай түрдө алышууда. Аздан болсо дагы пенсионерлердин пенсиясы жогорулоодо.
Колхоз, совхоздорду таратып, завод-фабрикаларды талкалап тоноп, кыргыздын жигит, кыздарын ишсиз калтырып, Россияга, Казакстанга жумуш издеп кетүүгө жеткирген мурунку бийликтин азабын жаңы бийлик тартууда. Ошондуктан, биздин Базар-Коргон районунун аксакалдары, жаштары Президентибиз Курманбек Бакиевдин жүргүзүп жаткан ишмердигин толугу менен колдоодо жана андан жакында боло турган президенттик шайлоого өз кандидатурасын коюусун суранабыз.
А.КАСЫМБАЕВ,
Базар-Коргон жана
Баткен райондорунун
"Ардактуу атуулу" персоналдык пенсионер, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы




  Демилге

Элчини эли эстесе
ХVI-XVIII кылымдарда кыргыз эли башынан не бир укмуш окуяларды өткөрүп, тарыхтын тар көпүрөсүнөн өтөр өтпөсү, улутту кой, уруулук деңгээлде сакталар сакталбасы - жазгы сур булуттай Ала-Тоо башын каптап турганы санжыра кепте айтылып, көптөгөн эмгектерде жазылып калганына калайык кабардар.
Монгол, ойрот, кытай, казак жапырыгы, 1916-жылдагы үркүн окуялары, Совет мезгилиндеги кандуу кагылыштар, куугун-сүргүндөр менен барабар эле окуялар эмеспи.
Ал эми ушундай азап-тозоктор менен колго тийген азыркы азаттыгыбызды өз деңгээлинде өнүктүрө албай, баарыбыз тең түтөй албай быкшып жатканыбызга жол болсун.
Совет маалында саясат үчүн кабыл алынган, "Мамлекеттик тил жөнүндөгү" мыйзамды туу туткандыктанбы, кыргыз мамлекети коштонду жүрүшүнөн чыгалбай, жок дегенде дилинен, тилинен башка өлкөлөргө теңата боло албай жатканы жалганбы? Экономиканы коё туралы! "Атанын кашыктап жыйганын жаман уулу чөмүчтөп чачат" дегендей кийинки муун ата-бабалардын каны, жаны менен калыптанган аймагыбызды, улуттук улуу мурастарыбызды көздүн карегиндей сактап урпактарга кемитпей өткөрүп бералабызбы?
Мына ошол Ала-Тоо аймагынын бүтүндүгү деп акбилектин күчү менен сыртнайзанын учу менен далай душманга жалтанбай чыккан жана кыргыз элчилигинин чыйырын кадимки Бээжинге чейин салган Кудайменде уулу Нышаа баатыр-элчинин 300 жылдыгына карата камылга Нооруздун келиши менен Сокулуктун Асылбаш айылында башталды. Негизи, "Нышаа-300" демилге тобу бул аракетти мурда эле колго алуу менен даярдыктын пайдубалын түптөп коюшкан. Бирок, Кыргыз академиясынын тарыхчыларына, Тышкы иштер министрлигине кайрылуудан кандайдыр ылаажы болбогону таңдантты.
Аталган элчи тууралуу баалуу материалдар, ал турмак сүрөтү да бар экендиги, санжырада да көп айтыларына карабастан илимий-изилдөөлөрдө, окуу китептеринде учкай гана жазылгандай, балким атайлап эле унутта калтырылгандай таасир да жок эмес... Кытайга барган алгачкы элчилер жөнүндө деле ушул кеп.
Демилге топ мүчөлөрү Асылбаш айыл өкмөтүнүн жетекчилигине, айылдык кеңештин депутаттарына кайрылууда үч деңгээлде аткарылчу иш-чаралар тутумун сунуштаган. Негизгилери, айылда "Ташбаян" тарыхка таазим талаасын түзүү, "Нышаа баатыр-элчи жана анын мезгили" жыйнагын чыгаруу, Бишкекке же Сокулукка эстелигин коюш, төрөлгөн жана сөөгү коюлган Темене-Суудагы жерине эскергич ташбалбалын орнотуу.
Мындан тышкары 2010-жылы өткөрүлчү мааракеге карата Асылбаш айылын даярдоодо айылдын чарба катары отурукташканынын 85 жылдыгын, Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына, иш-чараларды кошо жүргүзүү да четте калбайт.
Баатыр жана элчи Нышаанын Төлөн аксакал башында турган кыбыра - тыбыралары маараке көчтү баштап, жакын арада китепти басмадан чыгарууга колдоолорун көрсөтүүдө. Ошентип, элчинин өз атынан башталган көчү эмдиги жылы эл аралык мааниге айланарына ынануу менен ага Ала-Тоо атынан акбата айтып, тилектештерди ушул улуу максатта бирге болууга чакырабыз.
Памирбек КАЗЫБАЕВ,
"Нышаа-300" (1710-2010)
демилге тобунун атынан




  Менин милициям мени кордоду

"Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору-башкы редакторуна
Урматтуу Кыяс Сатарович, мен өткөн жылдын 1-декабрында деги эле ойго келбес кырдаалга кабылып, андан бери төрт ай мезгил өтсө да издеген чындыгым табылбай чыркырап жүрөм. Дегеним, мени эч кандай себеби жок эле төрт милиция кызматкери сабап, денеме ар кандай деңгээлде жараат келтиришип, документтерим менен кошо 2000 сом акчамды тартып алышып, түрдүүчө жол менен мазакташа, акырында мен кайрылган инстанциялардын бардыгын жаап, "Карга карганын көзүн чукубай", жолугушкан сайын "билгениңди кылып ал" дешип басынтышканы жанымдан өтүп кетти.
Бул иш боюнча Аламүдүн районунун прокуратурасына 2008-жылдын 5-декабрында мен тараптан жазылган арыз убагында каралбай, ошол жылдын 23-декабрында гана прокурордун улук жардамчысы А.Абдрахманов тарабынан сот.мед.эксперттен дене жаракатым канчалык деңгээлде экендигин билүү максатындагы чыгарыла турган чечим үчүн буюртмасын берген. Ага чейин Бишкек шаарындагы улуттук госпиталда он күн дарыланып, ага канчалаган каражат кеткенин алар эсептеше турган эмес.
Жылдын акыркы күнү, же 31-декабрда КРнын Жазык-процесстик
кодексинин 28-беренесинин 1- бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде Аламүдүн РИИБнун кызматкерлери У.Жаныбек уулу, Р.Карипов, Б.Бекмурат уулу жана ИДНдин кызматкери И.Абдылдаевдин кыймыл-аракеттеринде кылмыштуулуктун курамы болбогондуктан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндөгү токтомун ошол эле Абдрахманов чыгарып, ушул эле күнү Аламүдүн районунун прокурору А.Бакачиев да ишти кароодон баш тартты.
2009-жылдын 3-февралында Чүй облусунун прокуратурасына кайрылганымда прокурордун орун басары А.Алиев да 7-февралда Абдрахмановдун токтому мыйзамдуу жана негиздүү деген чечимин чыгарып, бул ишке чекит коюп койду. Ал эми, 2-декабрдан 12-декабрга чейин Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда жатып дарыланган мезгилдеги абалым алардын "мээси чайкалып, денесинен бир нече жеринен жаракат алган" деген медициналык картанын көчүрмөсүндө ачык эле жазылып турат.
Урматтуу редакция, жабырлануучу да карапайым элдин бир уулу экенин, жогорудагы мени сабаган милиция кызматкерлериндей эле укуктук негизим бар экендигин коомчулукка жана укук коргоо органдарына "кулак кагыш" кылып коёсуңарбы деген ишеничте сиздердин гезиттин чыныгы окурманы катары кайрылып жатам.
Талантбек ОМОРОВ,
Кант шаары




Балдар рэкетчилиги башталбайбы?
Жаз келээри менен токойдо окуучулардын "разборкасы" башталат. Кулактары "айрылып", мурундары "сынганча" керек болсо бычакташканга чейин барган фактылар болуп келген. Катталган уруш талаштардын аягында ата энелер бири-бири менен сүйлөшүп, бас-бас кылып койгон кыргызчылыгы дагы деле кала элек. Ошонун азабынан бүгүнкү күнгө чейин рэкетчилик жаз менен кошо "жаңырып", уланып келгени жашыруун эмес.
Бул боюнча мектептерде же мектептерди көзөмөлдүккө алган мекеме уюмдарда маселеге олуттуу карап, тиешелүү, жооптуу адамдардын, ата энелердин катышуусунда алдын алуу иш-чараларын өткөрүү таптакыр унутта калды. Же эмне, жаатташып мушташып, бычакташканга чейин күтүп отура бериш керекпи?..
Ал эми эл арасында балдардын рэкетчилик, салык деген балекетин тыя албай жатса, мугалимдердин "рэкетчилиги" күчөдү деген нааразычылыктар канча? Алды ата энелерден мыйзамсыз 200 миңдеп акча чогултканы үчүн айыпталып жатса да, кой дешпейт. Бала бакчаларда ата энелерден кошумча 544 сомдон акча жыйнап жаткандыгы бүгүнкү күндө шаар ичинде резонанска айланды. Буга чекит коюлушу керек. Бүгүнкү күндө шаардык билим берүү тармагына жалпы жергиликтүү бюджеттин 58 пайызы сарпталат же болбосо 34 млн. сом жалаң билим берүүгө жумшалууда.
Мурдагы жылдарда бала бакчалар бюджеттен бөлүнгөн 200 миң сом менен "тобо" деп жашап келген. Азыр балдардын тамак ашы үчүн жергиликтүү бюджеттен 2 млн.сом бөлүнөт. Ата энелерден түшкөн
атайын эсеп-кысапка 1 млн.54 миң, баш аягы 3 млн. сомдон ашык акча каражаты чогула турганын эске алсак, 900 -1000 баланы багуу эч кандай
кыйынчылыкка турбайт. Биздин максат бүгүнкү күндө жүздөп кезек күтүп жүргөн балдар үчүн жаңы бала бакчаларды ачып, ишке берүү жана алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо.
Айгүл САРИЕВА,
Талас шаары