, 21.04.09 - 3-бет:
  Кыргызстандын калкынын ассамблеясынын VI курултайы

Курманбек БАКИЕВ:
"Ассамблея күчтүү, адилет, көз карандысыз өлкө
курууга бүт күч-аракетин жумшай тургандыгына ишенемин"
Кыргызстан калкынын ассамблеясынын VI Курултайынын катышуучуларынын өлкө коомчулугуна кайрылуусу
Урматтуу мекендештер!
Биз, Кыргызстан калкынын ассамблеясынын алтынчы Курултайынын делегаттары, Президент жарыялаган Жаңылануу багытын өз маалында кабыл алынган жана Ата Мекенибиздин келечегин айкын көргөзгөн жаратман кадам катары баалайбыз.
Биз дүйнөлүк экономикалык жана финансылык кризистен улам ички жана тышкы карама-каршылыктар күч алган шартта мамлекетибизди өз алдынча бүтүндүк катары сактап калуу абдан орчундуу жана оор милдетке айланганы тууралуу өлкө жетекчилигинин кабатырлануусун тең бөлүшөбүз.
Биз өзүн Кыргызстандын нукура атуулумун деп эсептегендердин баарын тышкы жагымсыз таасирлерден жана ички бөлүнүп-жарылуучулуктан өлкөнү сактап калуу зарылдыгын аңдоого, учурдагы тескери тенденцияларга - коомду жана өлкөнү ичинен ыдыратуу өңдүү аракеттерине бөгөт коюуга чакырабыз.
Биз өлкө жетекчилигинин ак ниет коом курууга багытталган кадамдарын колдойбуз.
Биз бийлик үчүн элдешкис күрөш идеологиясынан бийлик менен коом ортосунда ар тараптуу шериктештик идеологиясына, бийликтин демократиялык институттары менен конструктивдүү оппозициянын өз ара алака-катышынын алкагында идеялардын жана жол-жоболордун атаандаштыгына өтүүнү жактайбыз.
Биз оппозицияны ультиматум саясатынан баш тартып, күрөштү конструктивдүү диалог нугуна бурууга чакырабыз. Митингдер ызы-чуусунун маалы өттү, мындан ары коомдук турмушка бүлүк салуунун арты болжоп болгус кесепеттерге, атүгүл мамлекетибиздин жок болушуна алып келиши ыктымал.
Биримдик аркылуу гана дүйнөлүк финансы жана экономикалык кризистин оор сыноолорун жеңе алабыз, өз ара ырашкер күч-аракетибиздин аркасынан гана бирдиктүү улутту уюткулантып, күчтүү мамлекет кура алабыз.
Биз, Кыргызстан калкынын ассамблеясынын VI Курултайынын катышуучулары, өңү-башына, эне тилине жана динине карабастан, баарыбыз үчүн бир Атажурт деген принципти ыйык тутууга мекендештерибизди чакырабыз.
Кыргызстан калкынын ассамблеясы жалпы келечегибизди түптөөгө жигердүү катышып, өлкөнү чыңдоого жана бардык кыргызстандыктардын мекенчил сезимин арттырууга бүт күч-аракетин жумшай берерин билдирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев 17-апрелде А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өткөрүлгөн Кыргызстан калкынын ассамблеясынын VI Курултайынын ишине катышты.
Мамлекет башчысы чыгып
сүйлөгөн сөзүнүн башында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда болуп өткөн жер көчкүдөн каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтты. Президент азыркы тапта табият кырсыгынын кесепеттерин жоюу боюнча толук кандуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгын айтып, жапа чеккендерге мамлекет тарабынан ар тараптуу жардам көрсөтүлөөрүн белгиледи.
Андан соң Президент 1994-жылы уюшулган Кыргызстандын калкынын ассамблеясы өлкө биримдигин жана анын көп улуттуу маданиятын сактоо үчүн көп иш жасагандыгына токтолду. "Ассамблея аткарган иштер
коомдун кубаттоосуна арзыйт жана ассамблея мындан ары да жигердүү ишин улантат деп ойлойм", - деди К.Бакиев.
Өлкө башаламан абалдан туруктуу мамлекетти түзүүгө карай узак жол баскандыгын белгилеп, Президент Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү айрым учурларды баса көрсөттү.
Биринчи. Акыркы мезгилде республика кабыл алган эки чечим глобалдык саясый оюнчуларды Кыргызстанга башкача өңүттөн кароого мажбур кылды. Бул - суу-энергетикалык долбоор менен "Манас" аэропортундагы аскерий авиабазаны жабуу жөнүндөгү чечимдер. Экөөсү тең Кыргызстанды дүйнөлүк процесстердин тикелей катышуучусунун позициясына чыгарды.
Экинчи. Дүйнөлүк финансылык жана экономикалык кризис өлкөнү башкаруу системасын токтоосуз реформалоону талап кылууда. Бул үчүн жалаң гана администрациялык чечимдер жетишсиздик кылат. "Чечимдерди кабыл алуунун жана жүзөгө ашыруунун жаңы стандарттарын жана форматтарын иштеп чыгып жана ишке киргизүүдөн тарта кадрларды даярдоонун натыйжалуу системасына чейин ырааттуу кадамдардын системасы зарыл. Оппозиция өкүлдөрү бийликтеги адамдарды алмаштыруу зарылдыгын талап кылып келатат. Алардын оюна караганда, өлкөбүз авторитаризмге ооп бараткан экен. Бирок, мен адамдардын ордун алмаштыруудан абал өзгөрбөй тургандыгына, коомдук системанын көптөгөн механизмдерин жана багыттарын өзгөртүү керектигине ишенем", - деди К.Бакиев.
Президент системалык өзгөрүүлөр үчүн саясый туруктуулук жана реформаларга карата коомдук ынтымак-ырашкерлик зарыл экендигин баса белгиледи. Бийлик үчүн тынымсыз күрөш жана коом ичин ыдыратуу ишке кедергисин гана тийгизет. Жеке адамдардын эмес, реформалар программалары менен дол-боорлорунун атаандаштыгы болгон кезде гана саясый атаандаштык мааниге ээ болот.
Үчүнчү. Үч миңинчи жылдыктагы согуштар шартында, адамдардын кулк-мүнөзүн жана маданий өз алдынчалыгын, маданий жана этникалык топторду, бүтүндөй коомдорду кыйратууга багытталган согуштар шартында өлкөнүн идеологиясынын жана маданий саясатынын ролу кескин жогорулады. "Кыргызстан калкынын ассамблеясы учурдагы негизги тескери тенденцияларга, анын ичинде - коомду жана өлкөнү ичинен ыдыратуу аракеттерине бөгөт коюуга жөндөмдүү деп ойлойм", - деди К.Бакиев.
Мамлекет башчысы Өлкөнүн жаңылануу курсунун негизги жоболору узак мөөнөттүү өнүгүү үчүн багыт болуп, ал эми Курс өзү коомчулуктун сын-пикири, сунуштарынын таасири алдында өзгөрүп тура тургандыгын айтты. "Биз Кыргызстанда ак ниет коом түзгүбүз келет. Бизде адам, улуттун руху, ата-бабалардын эстутуму кадырланарын баары билүүгө тийиш. Кыргыз коому биздин жерди мекендегендер үчүн өз ара урматташуу жана колдошуу коому болуп каларына ишенгибиз келет", - деди К.Бакиев.
Этностор ортосундагы пикир келишпестик өлкөнүн бүтүндүгүнө өтө коркунучтуу экендигине басым жасап, Президент мындай араздашуулар маданий эмес, экономикалык жана социалдык себептерге байланыштуу экендигин, демек, мындай себептерди жоюу - коомдун биримдигинин саясатынын өзөгү экендигин белгиледи. "Биринчи кезекте жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүү зарыл. Биз айыл чарбасында, курулушта, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө жана өнөр жайында жаңы иш орундарын ачууга белсенип жатабыз. Ишканалардын кайра жандануусуна жана интеллектуалдык эмгек менен жогорку технологиялар чөйрөсүндө иш орундарын түзүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтөбүз. Жаңы иш орундарын ачуу биз үчүн стратегиялык мааниге ээ. 2009-жылы иш жүзүндө 50 миңден кем эмес жаңы жумуш орунун түзөбүз деген ниетибиз бар", - деди К.Бакиев.
Жаштар саясаты маселесине кайрылып, мамлекет башчысы жаштар өкүлчүлүгүнөн турган жана жаштар укуктарын сүрөгөн партиянын пайда болушуна өбөлгө түзүү керек экендигин айтты. "Өлкө турмушуна жигердүү катышкан, өз этносунун эле эмес, жанаша жашаган башкалардын тарыхын жана маданиятын билген жана урматтаган, өлкө келечеги үчүн иштөөгө даяр Кыргызстан жаранын калыптандыруу - мамлекеттин жана улуттук элитанын максаты мына ушул", - деди К.Бакиев.
Андан соң Президент мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселесине токтолду. "Кыргыз тили коомдун өнүгүшүн жана глобалдык таасирлерди эске алуу менен өнүгүүгө тийиш. Ошол эле учурда экономикалык кызыкчылыктарды эске алуу менен биз көп тилдүүлүккө жана жаштардын глобалдык процесстерге катышуусуна өбөлгө түзүшүбүз керек. Биз аз улуттардын тилдеринин өнүгүшүнө да шарт түзүүгө тийишпиз", - деди К.Бакиев.
Мамлекет башчысы бийлик үчүн элдешкис күрөш идеологиясын бийлик менен жарандык коомдун шериктештик идеологиясына, бийликтин демократтык институттары менен конструктивдүү оппозициянын өз ара карым-катыштарынын алкагында идеялар менен ыкмалардын атаандаштыгына алмаштыруунун зарылдыгын баса белгиледи. "Мен Кыргызстан калкынын ассамблеясы жалпы келечегибизди түптөөгө жигердүү катышып, адилет коом түзүүгө жана күчтүү, көз карандысыз өлкө курууга бүт күч-аракетин жумшайт деп үмүттөнөм", - деди К.Бакиев.
Сөзүнүн соңунда Президент Курманбек Бакиев маданий этникалык борборлордун бир катар өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Курултайда Кыргызстан калкынын ассамблеясынын кеңешинин төрайымынын милдетин аткаруучу Жаңыл Түмөнбаева V курултайдан бери аткарылган иштер жана алдыдагы милдеттер жөнүндө кыскача
баяндама жасады. Андан кийин корей маданий этникалык борборунун мүчөсү, республиканын эмгек сиңирген куруучусу Н.И.Пак, өзбек маданий улуттук борборунун президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Ж.Салохудинов, украиндердин "Берегиня"
коомунун жетекчиси В.Нарозя, дунгандардын маданий-этникалык борборунун жетекчиси Х.С.Маянху, Токмок шаарындагы "Достук үйүнүн" директору Н.Б.Березикова ж.б. чыгып сүйлөшүп, ассамблеянын ишин жакшыртуу боюнча ойлорун, сунуштарын айтышты.
Курултайдын катышуучулары чыгып сөз сүйлөгөндөн кийин делегаттардын Кыргызстандын элине кайрылуусу кабыл алынды.
Курултайдын катышуучуларынын жазуу жүзүндө берген суроолоруна жооп берип жатып, мамлекет башчысы Кыргызстан калкынын ассамблеясынын этникалык уюмдарынын жетекчилерин КРнын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси кылып дайындоо туурасында өтүнүчүн колдой тургандыгын билдирди.
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"
Сүрөттөрү
С.ДОСАЛИЕВдики





Ассамблея мүчөлөрүнө - мамлекеттик сыйлыктар
Президент Курманбек Бакиев "Кыргызстан калкы ассамблеясынын мүчөлөрүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык, республикада улуттар аралык ынтымакты жана биримдикти бекемдөөгө, ошондой эле улуттук маданиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн:
"Даңк" медалы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасындагы корейлердин коомдук бирикмесинин президенти Сан Борис Анатольевич сыйланды;
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:
Березикова Надежда Борисовна - Токмок шаарындагы Достук үйүнүн директору, Токмок шаарынын Этностук өнүктүрүү кеңешинин төрагасынын орун басары, Чүй облусу;
Каримов Султанжан Осмонович - "Иттипак" уйгурлардын коомдук бирикмесинин маданият бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргызстан калкы ассамблеясынын "Достук" ансамблинин солисти;
Лигай Татьяна Георгиевна - "Маннам" элдик өз демилгелүү жамаатынын жетекчиси, Кыргыз Республикасындагы корейлердин коомдук бирикмесинин мүчөсү;
Мейзер Зульфия Сулеймановна - Кыргызстан калкы ассамблеясынын "Достук" ансамблинин солисткасы, Кыргыз Республикасындагы дунгандардын коомдук бирикмесинин мүчөсү;
Мусин Эржан Сейсенович - Бишкек шаарынын мэриясынын маданият Башкармасынын "Семетей" ыр жана бий ансамблинин солисти-вокалисти, Кыргыз Республикасындагы "Отан" казак маданий борбору" коомдук бирикмесинин мүчөсү;
Сабиров Пулат Саидович - Кыргызстан калкы ассамблеясынын Ош облустук бөлүмүнүн төрагасынын орун басары;
Хлыпенко Георгий Николаевич - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин тарых жана адабият теориясы кафедрасынын профессору, Кыргыз Республикасындагы "Берегиня" Украина коому"
коомдук бирикмесинин мүчөсү;
Чолова Айнагүл Торгоевна - Кыргызстан калкы ассамблеясынын маданият жана билим берүү боюнча кеңешчиси;
Шонкорова Гульгана Салимовна - "Туган Тел" татар-башкыр маданий борбору" коомдук бирикмесинин "Туган Тел" радиопрограммасынын жетекчиси.