, 21.04.09 - 4-бет:
  РАСМИЙ МААЛЫМАТТАР

Чөлкөм коопсуздугу көңүл борборунда
Кечээ Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Жамааттык
коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды.
Николай Бордюжа мамлекет башчысына 2009-жылдын 14-июнунда Москвада (Россия) өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммитине даярдыктын жүрүшү туурасында маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, Тез аракеттенүүчү жамааттык күчтөрдүн ишмердүүлүгүнө байланышкан нормативдик-укуктук документтердин топтомун даярдоонун үстүндө кызуу иш жүрүп жатат. Андан тышкары, уюмдун алкагындагы аскерий кызматташууну жөнгө салуу маселелери каралып, баңгизаттардын мыйзамсыз айлануусуна жана башка уюшкан кылмыштуулукка биргелешип каршы туруудагы алака, ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы саясый ишмердүүлүгүн координациялоо активдештирилүүдө.
Жолугушуу учурунда ушул жылдын июль айынын аягында Чолпон-Атада (Кыргызстан) өткөрүлө турган ЖККУнун расмий эмес саммитине байланышкан айрым уюштуруу маселелери талкууга алынды. Ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттерди заманбап курал-жарак, техника менен камсыздоо, "Кант" авиабазасынын авиациясын бекемдөө, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо маселелери туурасында да сөз болду.
А.ЭСЕНОВ,
С.ДОСАЛИЕВ (фото)




"Канал", "Арсенал" кандай аткарылууда, "Легалсыз" эмнеге кармалууда?
Быйыл 14-июнда Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) мамлекет башчыларынын кезектеги саммити болуп өтмөкчү. ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжанын биздин өлкөгө иш сапары негизинен мына ушул иш-чарага карата даярдык маселерине арналган. Бул боюнча Н. Бордюжа жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы А. Мадумаров журналисттерге билдиришти.
ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжа Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров менен жолугушуу өткөрүп, ага УКМКнын төрагасы М. Суталинов, ички иштер министри М. Конгантиев да катышкан. Андан тышкары 14-июнда Москва шаарында өтө турган ЖККУнун жыйынында каралуучу маселелер да талкууланган. Ага чейин копсуздук кеңештеринин катчыларынын Минскиде жыйыны болмокчу. Жолугушууда ЖККУга катышкан мамлекеттердин президенттери тарабынан мурда кабыл алынган чечимдер кандайча ишке ашып жаткандыгы талкууланган. А башкы маселе - Тез аракеттенүүчү жамааттык күчтөрдү (ТАЖК) түзүү тууралуу болгон. Бул жөнүндө басма сөз жыйынында А. Мадумаров баса белгилеп өттү.
Бүгүн Н. Бордюжа менен А. Мадумаров Алай районунун борбору Гүлчөгө барып, ТАЖКнын курамына кирген аскер бөлүгүндө болушмакчы, андан кийин ЖККУга катышкан мамлекеттердин учурда аракетте болуп жаткан "Канал" операциясынын аткарылышы кеңейтилген жыйында талкууланмакчы. Талкууга тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери да катышышат. КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысынын сөзү боюнча, бул операция уюмдагы эң иштиктүү операциялардын бири.
- Менин иш сапарымдын максаты - сессияда талкуулануучу маселелердин даярдыгын көрүү,- деди Н. Бордюжа. - Өзгөчө Кавказдагы окуялардан улам маселе актуалдуу болуп калууда.
А. Мадумаровдун билдирүүсүнө ылайык, бул уюмга кирген өлкөлөрдүн бардыгы менен макулдашылган маселе. Апрель айынын аягында эки иш-чара өткөрүү пландаштырылган. Алгач Тажикстанда Ходжентте ЖККУнун түштүк чектери боюнча, эртеси Ошто "Канал" операциясынын планынын аткарылышы карала турган болгон. Аталган операция наркотиктердин мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү максатында иштелип чыккан. Бул боюнча аткарылган иштер туурасында Наркотиктердин мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча агенттиктин директору Б. Ногойбаев укук коргоо органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлө турган кеңешмеде кеңири баяндама жасамакчы.
Бул проблема учурда өзгөчө курч турат. "Канал" боюнча Кыргызстан бир катар ийгиликтерге жетишкени менен бизге кошуна Ооганстанда жыл сайын сегиз миң тоннага чейин наркотикалык заттар өндүрүлө турганын эстен чыгарууга болбос.
Ал эми Н. Бордюжа бир жыл мурда ЖККУга катышкан мамлекеттердин президенттери бул операция дайыма иштөөчү боло тургандыгын макулдашышканын билдирди. Анын ичинде көп тараптуу жана эки тараптуу келишимдер да бар. Бул уюм наркотикалык заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү менен көрүшүүдө интеграциянын таптакыр жаңы деңгээлине чыккандыгын билдирип турат. Мында маалымат алмашуу, кадрларды даярдоодо кызматташуу, атайын кызматтардын наркомафия түзүмдөрү менен күрөшүндө жабдуулар менен жабдылыш деңгээлин жогорулатуу жана башка актуалдуу маселелер камтылган.
А. Мадумаровдун билдирүүсүндө, ЖККУнун өзүнчө бир аскердик бөлүктөрүн түзүү боюнча демилге уюмга кирген жети мамлекеттин тең мамлекет башчылары тарабынан колдоого алынган. Мында РФ - бир дивизия, Казакстан - бир бригада, КР - эки батальон, башкалар да макулдашууга ылайык күчтөрдү беришмекчи. Түштүк Осетия менен Абхазиядагы былтыркы жайындагы окуялар көрсөткөндөй, уюмга кирген мамлекеттердин куралдуу күчтөрү биргелешип аракеттенишмекчи.
Басма сөз жыйынынын учурунда журна-
листтер Өзбекстан менен Кыргызстандын
ортосунда суу-энергетикалык маселедеги белгилүү бир пикир келишпестиктердин бар экендигин эске салышып, анын ЖККУнун ишине кандай таасир тийгизе тургандыгы боюнча суроо беришти.
Н.Бордюжа Өзбекстан менен Кыргызстандын, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда бул багытта проблемалар бар экендигин айтуу менен бирге алар боюнча олуттуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгиледи. Жакында бардык мамлекеттердин катышуусунда кеңешме өтмөкчү. Башкы катчынын пикиринде, мындай карама-каршылыктар мамлекеттердин ортосундагы мамилелерге олуттуу таасирин тийгизе албайт. ЖККУда бул боюнча иш жүргүзүлүүдө.
Уюмга катышкан өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин бир нече күн мурда Ереванда өткөрүлгөн акыркы кеңешмесинде Өзбекстандын делегациясы болгон жок. Бирок, бул өзбекстандык делегациянын тиешелүү документтерди карап чыгууга жетише алышпай калышканынан улам гана болгон.
"Манас" аэропортунда жайгашкан коалициялык күчтөрдүн авиабазасынын чыгарылышына байланыштуу суроого Н. Бордюжа ал авиабаза Борбордук Азиядагы коопсуздукка түп-тамырынын таасир берди деп эсептебей тургандыгын баса көрсөттү. Убагында авиабаза Ооганстанга эл аралык коалициянын күчтөрү үчүн аскердик жана аскердик эмес жүктөрдү ташуу үчүн түзүлгөн. Азыр аскердик эмес жүктөрдү Россия, Өзбекстан, Тажикстан аркылуу транзиттөө келишимдерине кол коюлду. ЖККУнун бардык мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан да убагында Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууга өз салымдарын кошушту. База турган тогуз жыл аралыгында аскердик операциялар да жүргүзүлгөн, аскердик контингент жүктөр менен да камсыз кылынып турду. Базанын чыгарылышы Борбордук Азиядагы кырдаалга таасирин тийгизе албайт, экинчиден, Кыргызстан эл аралык терроризм менен күрөшүүгө, Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууга өз салымын кошуп келген жана кошо бермекчи.
Ал эми "Канттагы" авиабазада Россия өзүнүн катышуусун күчөтөт, бул боюнча план бар. Ал ТАЖКнын күчтөрүнүн мындан ары кубаттуулугунун күчөтүлүшүнө байланыштуу болууда, анткени ал үчүн тиешелүү авиациялык күчтөр керек.
Н. Бордюжа да, А. Мадумаров да ЖККУ бир уюмга каршы түзүлгөн блок эместигин, ошондуктан ал өз ишин мурдатан түзүлгөн планга ылайык жүргүзөрүн баса көрсөтүштү. Алдыдагы саммитте жыйырмадан ашуун маселелердин арасында аскердик түзүлүштөрдүн курамы, укук коргоо кызматтарынын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, башка эл аралык уюмдар менен мамилелер сыяктуулар бар.
А. Мадумаровдун билдирүүсү боюнча алдыдагы саммитте мурда кабыл алынган чечимдердин кандай аткарылып жатканы боюнча маселе бар. Мында өзгөчө кырдаалдар боюнча да координациялоочу уюм түзүлмөкчү. "Арсенал" программасы боюнча да иштер жетишерлик жасалууда, ошол эле учурда биздин жарандар үчүн өтө маанилүү болгон, миграцияга тиешелүү "Легалсыз" программасы талаптагыдай иштебей турат.
Ал июлдун аягында августтун башында ЖККУнун мамлекет башчыларынын формалдуу эмес саммити Чолпон-Атада өтө тургандыгын да билдирди.
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"




Каттоонун алгачкы жыйынтыктары чыкты
Кечээ Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев КРнын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Орозмат Абдыкалыковду кабыл алды.
Орозмат Абдыкалыков мамлекет башчысына Улуттук статкомдун ишмердүүлүгү, анын ичинде эл каттоо жана турак-жай фондусун каттоодон өткөрүү ишинин алгачкы жыйынтыктары боюнча маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, мамлекеттик деңгээлдеги бул иш-чаранын жүрүшүндө 5 млн. 400 миң каттоо баракчалары толтурулган. Бирок, кээ бир адамдар туруктуу катталган жеринен да, убактылуу жашап жаткан жеринен да катталып калышы мүмкүн болгондуктан, каттоонун акыркы жыйынтыктары ушул жылдын октябрь айынын аягында чыгарылып, 2010-жылдын биринчи жарымында жарыяланмакчы.
Президент Курманбек Бакиев каттоо учурунда алынган маалыматтар статистикалык иштин методологиясынын мыкты эл аралык тажрыйбасын пайдалануу менен өз убагында жана сапаттуу аткарылышы керектигин баса белгиледи.
Өз маалыматыбыз




Эл аралык "Себат" билим берүү мекемесинде
Жаш математиктерди материалдык жана руханий колдоо
Өлкөбүздүн жалпы орто мектептеринин 6-класстардын окуучуларынын арасында бир айга созулган республикалык математикалык олимпиада маарага жетти.
Олимпиада үч этапта өткөн эле. Биринчи этабы 14-мартта республикабыздын ар бир районунда болуп, ага 6580 окуучу катышты. Анда алдыңкы орундарга ээ болгон 200 окуучу 4-апрелде облус борборлорунда, Бишкек жана Ош шаарларында күч сынашышты. Эл аралык "Себат" билим берүү мекемесине караштуу Ч.Айтматов атындагы Бишкек кыргыз-түрк лицейинде өткөн республикалык сынакка жети облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 48 окуучу келди.
Олимпиаданын тапшырмалары 5-6-класстын окуу программаларынын негизинде түзүлгөн. Алар маселелерден жана текст түрүндөгү суроолордон турат. Тапшырмаларды республикалык усулдук комиссия иштеп чыккан. Окуучуларга маселелерди чечүүгө 120 мүнөт убакыт берилди.
Бардык окуучуларга Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин, эл аралык "Себат" билим берүү мекемесинин олимпиадага катышкандыгы үчүн сертификаттары, белектер, мыктылыгы менен айырмалангандарга грамоталар жана дипломдор, мугалимдерге жана мектептерге дипломдор, ыраазычылык барактары тапшырылды.
Биринчи орунду ээлеген Токмок шаарынын № 1 орто мектебинин окуучусу Игорь Половинкинге компьютер, мугалимине 8 миң сом, экинчи орунду ээлеген Бишкектеги № 9 мектептин окуучусу Андрей Гагинге санариптик фотоаппарат, мугалимине 6 миң сом, үчүнчү орунду ээлеген Нарын шаарындагы Чкалов атындагы мектептин окуучусу Нази Маатказиевага МР-4 плейери, мугалимине 4 миң сом сыйлык, балдар окуган мектептерге принтерлер берилди.
Олимпиаданын 3-этабына катышкан окуучулардын жана алардын жетекчи мугалимдеринин жол киреси, тамагы, жатаканасы, белектери жана грамоталары эл аралык "Себат" билим берүү мекемеси тарабынан каржыланды.
СҮРӨТТӨ: эл аралык "Себат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-орунду ээлеген Игорь Половинкинге сыйлык тапшырууда.
Назарбек БАЙЖИГИТОВ,
"Кыргыз Туусу"