, 21.04.09 - 8-9-бет:
  Кутмандуу жерим Сузагым, Кубаттап сени турайын!

Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Тажимамат ШАБОЛОТОВ:
"Алдыда аткарылчу аткарылчу иштер арбын"
Сузак - республикабыздын тарыхында өз орду, өз салмагы бар ири район. Сырткы душмандан эли-жерин коргоп, эрдиги элдик оозеки чыгармаларда даңазаланган Курманбек баатырдай тарыхый инсан, маңдай тери менен атак-даңкка жеткен 11 Социалисттик Эмгектин, Улуу Ата Мекендик согушта кайталангыс эрдиктерди көрсөткөн 3 Советтер Союзунун Баатыры, Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев баш болгон белгилүү мамлекеттик ишмерлер, элибизге аттын кашкасындай белгилүү Барпы Алыкулов, Түмөнбай Байзаков сыяктуу атактуу акындар жана башка көптөгөн окумуштуулар, акын-жазуучулар жана маданий ишмерлер чыккан, көргөндүн көөнүнө толгон, дүйнөдө теңдеши жок эң кооз Кара-Алма сыяктуу жаңгак токою бар касиеттүү аймак. Сузак районунун түзүлгөндүгүнө 90 жыл толуп, сузактыктар бул мааракеге кызуу даярдык көрүшүүдө.
Биздин атайын кабарчыбыз жакында райондун мамлекеттик администрация башчысы - аким Тажимамат Тайгараевич Шаболотовго жолугуп, өткөн жылдын көрсөткүчтөрү, райондун учурдагы экономикалык-социалдык абалы жана алдыда аткарылчу иштер тууралуу пикир алышып кайтты.

Барпы акындын мааракеси өткөрүлөт
- Бизде райондун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн атайын иш чаралар белгиленди. Бул датанын алкагында эл арасында "Барпы апыз" деген сыйлуу атка конгон Барпы акындын 125, белгилүү акын Түмөнбай Байзаковдун 85 жылдык мааракеси да бириктирип өткөрүлмөкчү. Ошондуктан ушул даңктуу мааракенин шарапаты менен айрым чечүүнү талап кылган маселелерди жолго коюп алсак деген максатыбыз бар. Сузакта 240 миңден ашуун калк жашап, ээлеген аянты чоң болсо да дотацияда турган район, ошондуктан бизде да көп жылдан бери топтолуп калган, чечүүнү талап кылган көйгөйлөр бар. Айылдардагы жолдорубуздун, көпүрөлөрүбүздүн абалы оор. Сузакта жер көчкү жүрүүчү, суу жеп кетүүчү кооптуу жайлар көп. Бүгүнкү күндө райондо башталып бүтпөй калган 14 мектептин курулушун аягына чыгаруу милдети турат. Бул жерде айта кете турган нерсе, быйыл стандарттуу спорттук комплекс куралы деген максат койдук. Андан тышкары Эрматов атындагы жатак-лицей мектепти спорттук жатак- мектепке айландырсак деген сунушубузду депутаттарыбыз, жалпы элибиз колдоп чыкты. Азыркы учурда алгачкы аракеттер көрүлө баштады. Айтор, ушул мааракенин шарапаты менен элибиз үчүн өтө зарыл болгон социалдык инфратүзүмдөрдү бүткөрүү максатыбыз бар.
Бул жерде ачыгын айтуу зарыл, көп улуттуу сузактыктардын маанайы жакшы. Райондун жалпы жашоочулары, анын патриот инсандары токсон жылдык торколуу тойду жогорку деңгээлде өткөрүүгө даярданып жатат. Бул багытта 13 айыл округдарында жана 1 шаардык башкарууда, мекеме -уюмдарда жаңы курулуштарды баштоо боюнча сунуштар айтылып, районубуздун экономикалык жактан өсүп-өнүгүүсүн, өткөн тарыхын, маданиятын, көөнөрбөс каада-салтыбызды чагылдырган "Ата-журтум -асыл турагым" деп аталган атайын маданий иш-чаралар өткөрүлүүдө.
24-апрелде Бишкек шаарында опера жана балет театрында Сузак районунун 90 жылдык торколуу тоюн өткөрүүгө арналган марафон өткөрүлмөкчү. Сузактан чыккан атуулдар жана республикабыздын патриот инсандары бул иш-чарага активдүү катышат деген терең ишеним бар.
Район бул даңктуу дата белгиленчү жылга социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү программасынын аткарылышындагы ийгиликтер менен келди. Алардын айрымдарына токтоло кетели.

Айыл чарбасындагы аткарылган алгылыктуу иштер
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Салиевич Бакиев айыл чарбасында жаңы агрардык саясат жүргүзүү керектигин, айыл чарбасы экономикалык стратегиябыздын дагы бир түпкүлүктүү багыты экендигин белгилеген. Мамлекет башчысынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча койгон талабын аткаруу үчүн 2008-жылга 16 342 га күздүк буудайды эгүү болжолдонгон болсо, район боюнча 14 308 га аянтка эгилген. Ошого карабастан түшүмдүүлүк 27,4 центнерди түзүп, район боюнча алганда 39 673 тонна буудай жыйналып алынган. Ал 2007-жылга салыштырмалуу 8722 тонна көп жыйналып алынгандыкты билдирет.
Биздин райондун шартында айыл чарбасы маанилүү тармак. Анткени, элибиздин көпчүлүгү өз тагдырын Жер Энеге байлагандыктан, алардын жашоо-турмушу ушул тармакка өзгөчө көңүл бурат. 2008-жылы райондун айыл чарбасында 3 365 438 миң сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 8 351,5 миң сомдук продукция ашыкча өндүрүлгөн.
2008 -жылы 4340 га аянтка пахта эгилип, пахта аянты 2007-жылга салыштырмалуу 762 га кыскарган. Анын башкы себеби, анын баасынын арзандыгы болуп жатат. Дыйкандардын колун суутуп жаткан бул маселе өкмөттүк деңгээлде чечилүүгө тийиш.
Өткөн жылдын кургакчыл болуп, жаан-чачын аз болгондугу май өсүмдүктөрүнүн, жашылча-жемиштин түшүмүнүн кыскарышына алып келген. Районубуздун элин толук дан менен камсыз кылуу, азык-түлүк маселесин чечүү максатында 2009-жылдын түшүмү үчүн 14 500 га күздүк буудай эгүү тапшырмасы берилген болсо, районубуз боюнча 16 000 гектар аянтка эгилип, азыркы учурда аны кошумча азыктандыруу аяктап калды. Жаздык буудайдын аянты 1120 гектарды түзүп, пландагыдан 120 гектарга ашык эгилди. Жаздык арпа да өткөн жылга салыштырмалуу көп. Азыркы учурда дыйкандарыбыз картошка олтургузуу, дандык жүгөрү, май өсүмдүктөрүн эгүү, кошумча азыктандыруу жумуштарын өз мөөнөтүндө аяктоо аракеттерин көрүп жатышат.
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин буйругу менен жазгы-талаа жумуштарын өз убагында өткөрүү үчүн бардык аймактарга күйүүчү май, жер семирткичтер жеткирилип, биздин районго да 600 тонна күйүүчү май, 93 тонна минералдык жер семирткич бөлүндү.
Айыл чарба жумуштарын кечиктирбей бүткөрүү айыл чарба техникаларынын абалына байланыштуу болгондуктан, райондо бул багытта бир топ аракеттер көрүлүп жатат. 2007-жылга чейин болгону 2 гана техникалык сервис сакталып калган болсо, андан бери Көк-Артта 2 жеке менчик техсервис, Кызыл-Туу жана Атабеков айыл округдарында бирден техникалык сервистери уюштурулган. Бирок, жер айдоочу, үрөн себүүчү, чөп оруучу айыл чарба шаймандардын эскиргендиги байкалып жатат. Башкасын айтпаганда да үрөн тазалоочу техникалардын пайдалануу мөөнөтү эскирип калгандыктан аны жаңылоонун зарылдыгы пайда болду. Айыл чарба министрлигине жер иштетүүгө керектүү айыл чарба шаймандарын бөлүп берүү багытында суроо-талаптар берилди.

Тоскоолдуктарды тоотпой, толгон иштер аткарылууда
Азыркы учурда айыл чарба багытындагы саясат жеке чарбаларды ирилештирүү болгондуктан, бул маселеге айрыкча маани берилип, айылдарга чыкканда чакан дыйкан чарбага караганда ирилешкен кооперативдердин артыкчылыгы чоң экендиги түшүндүрүлүп жатат. Эл менен жолугушуу учурунда дыйкандар өздөрү да жыл өткөн сайын чакан чарбаларда жер иштетүү маданиятынын төмөндөп жаткандыгын, айдоо аянттарынын кыртышы бузулуп баратканын, жерди которуштуруп айдоо эрежеси сакталбай жаткандыгын, жер аянттарында майда арыктардын көбөйгөндүгүнөн сугат суунун тартыштыгы сезилип, чакан аянттарга техниканы колдонуу кыйын болоорун, жеке чарба ээлери үрөн, күйүүчү май, жер семирткич жана техникаларды издеп көп убактысын коротуп убара болуп жаткандыгын айтып жатат. Жакында райондогу ири кооперативдердин, дыйкан чарбаларынын артыкчылыгын көрсөтүү үчүн алардын базасында атайын семинарды уюштурганы турабыз. Ошондой эле кредиттик союздарды түзүү пайдалуу экендигин далилдеген практикалык көрсөтмөлөр да өз жемишин бергени турат.


Сугат суунун кадырын дыйкандан артык ким билет. Алардын өстүргөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тагдыры сугат суусуна түздөн түз көз каранды. Ошондуктан райондук мамлекеттик администрация быйыл ички жана чарбалар аралык каналдарды тазалоого өзгөчө катуу талап коюп жатат. Бул жагдайдан алганда, айыл округдарынын жана адистеринин аракеттери менен 567 км. ички чарбалык каналдардын, арыктардын 550 чакырымы тазаланып бүттү. Бирок, суу чарба башкармалыгы тейлеген 85 км. чарба аралык каналдардын тазаланышы өтө жай жүрүп жатат. Эгерде алар бул ишти создуктурса, анын жетекчилеринин жоопкерчилиги катуу каралат.
Учурдан пайдаланып, белгилеп кетүүчү нерсе, биздин райондун сууну пайдалануучулардын ассосиациясы азыркы учурда жалпы баасы 3 млн. сом болгон тейлөөчү техникаларды сатып алууга мүмкүндүк алуучу долбоордун үстүндө иштеп жатышат. Эгер СПА анын жалпы суммасынын 30 %ын топтоп берсе, калганын долбоор өзү төлөйт. Кудай буйруп, бул техникалар келип калса, СПАнын өзүндө мобилдүү топ түзүлүп, райондун бузулган суу түтүктөрүн эч кимге зарыкпастан эле өзүлөрү оңдоп алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнү турат.
Өткөн жылдын аягында чыгарылган мал санактын жыйынтыгы менен Сузак районунун аймагында ири мүйүздүү малдын саны 70 219, жылкынын саны 11955, жандыктардын саны 191 214 башка жеткен. Бул сандар элдин малы жыл өткөн сайын көбөйүп, жашоо-турмуштун жакшырып бараткандыгынын далили. Аны 21 ветсервис, 3 ветеринардык аптека, эки куут пункту тейлеп жатат. Мал чарба азыктарын өндүрүүдө асыл-тукум жана товардык фермалардын салымы чоң. Райондогу 72 фермердик чарба, анын ичинен 21 ферма асыл-тукум статусу бар фермалар.
Мал чарбасын өнүктүрүүдө жайыт маселеси маанилүү роль ойнойт, ошондуктан аны сарамжалдуу пайдалануу, башка мамлекеттен келчү малдын санын чектөө максатында жакында жайыт комитеттери түзүлүп, карантиндик-көзөмөлдөөчү постторду уюштуруу, жугуштуу ооруулардын алдын алуу боюнча эмдөөнү жүргүзүү колго алынып жатат. Албетте, быйыл кыйынчылык болот. Бирок, бул багыттагы жумуштар кийинки жылдары өз нугуна түшүп, жайытка төлөнүүчү акы жолго салынат.

Ич жылыткан инвестиция
Республикабызда мамлекет башчыбыздын аракети менен инвестиция тартуу саясаты күч алып жатат. Район боюнча алганда өткөн жылы социалдык экономикалык чөйрөнү жакшыртуу жана аны өнүктүрүү багытында тартылган жалпы инвестициянын көлөмү 296152,0 миң сомду түзгөн. Бул көрсөткүч 2007-жылга салыштырмалуу 26 697,0 миң сомго көп тартылгандыгын жана өсүү темпи 110,0 пайызга аткарылгандыгын тастыктап турат. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы кварталында тартылган бардык жалпы инвестициянын көлөмү 56 233 миң сомду түздү, бул сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2910 миң сомго көп тартылып, өсүү темпи 105%га аткарылып, 3 830 жаңы жумуш орундары пайда болду дегенди билдирет.

Өнөр жайы өнүгүү жолунда
Учурдан пайдаланып, райондун өнөр жай тармагы боюнча көрсөткүчтөрү тууралуу айта кетүү зарыл. Бул жагдайдан алганда бизде дурус иштер бар. Райондун стратегиялык өнүгүү программасында өнөр жай тармагы боюнча 13 долбоор каралган болсо, жыл ичинде 12 жаңы ишкананын курулушу аяктап, анда 748 жумушчу орун түзүлгөн. Калкка акы алып кызмат көрсөтүү жана чекене соода жүргүзүүдө 10 долбоор каралган болсо, анын баары ишке ашырылып, кошумча 46 жумушчу орун пайда болду.
Райондун аймагында бышкан кыш чыгаруучу, тери иштетүүчү, байпак чыгаруучу чакан ишканалар бар. Алсак, физикалык көлөмдүн индексин камсыз кылууда "Зирвертекс" пахта заводу 34 079 миң сомдук продукция өндүрүп, 2007-жылга салыштырмалуу 131% көп аткарган. Анын катарына "Абий", "Тилек", жаңы ачылган "Ырыс Керамик", "Фирдавис техстил", "Скатком" "Шор-Булак" ишканаларын кошууга болот. Үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында жогорку ишканалардын чыгарган продукцияларынын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилдеги көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу көбөйдү.
Өнөр жай ишканалары канчалык көп пайдаланууга берилсе, жумуш орундары жана бюджетке чегерилчү салыктын да көлөмү ошончолук көбөйө тургандыгын турмуш тастыктап жатат. Ошондуктан жергиликтүү бийлик келген инвесторлорго бут тоспой, ыңгайлуу шарт түзүүгө милдеттүү. Бизде быйыл май айында жаңы жылына 1,5 миллион чарчы метр гипс-картонду, 83 тонна гипс порошогун чыгаруучу цех пайдаланууга берилгени турат. Ал ишке киришкенде 100дөн ашык жумушчу орун пайда болот. Көмүр кенин пайдалануу боюнча индиялык инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Райондун аймагында өскөн жапайы жер-жемиштерди жана бакча жемиштерин кайра иштетүү боюнча чакан ишканаларды ачуу боюнча максаттар бар.

Курулуш иштеринде бурулуш жыл болду
Капиталдык курулуш тармагында да жетишкендиктер болду. Алсак, 2007-жылы район боюнча капиталдык курулушка 199,9 млн сом жумшалган болсо, 2008-жылы 326 млн. сомдук иштер аткарылган. Салыштырмалуу өсүү темпи 163,1 пайызды түзгөн. Өткөн жылдын 1-январь айына 7 716,9 миң сом салык карызы болсо, 2009-жылдын 1-январь айына 4 536,8 миң сомду түзүп же болбосо 41,2 пайызга кыскартылган. Жол жана коммуникация боюнча бардыгы болуп 20 млн. сомдук каржылоо каралып, баары 43,4 млн сомго аткарылган, тактап айтканда ДЭУ-22 ишканасы аркылуу 7,6, ДЭУ-31 ишканасы аркылуу 9,4, ДЭУ-52 ишканасы аркылуу 13,8 жана айылдык округдар тарабынан 12,6 млн. сомдук жумуштар аткарылган.
Сузак райондук мамлекеттик администрациясы жана мекеме-ишканалар, башкармалыктар, айыл округдарынын башчылары тарабынан райондун аймагында табият кырсыктарынын алдын алуу, кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларга ылайык бир топ жумуштар аткарылды.
Сузак районунда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында кол тийбестик фонд түзүлүп, анда 265 000 сом акча каражаты каралган. Анын белгилүү бөлүгү Маркай, Көк-Жаңгак жолундагы көчкү түшүп калган участокторду тазалоого жумшалды. Мындан тышкары Жаңы-Дыйкан, Жоон-Күнгөй, Тобой кыштактарындагы канал тазаланып, Гаврилов жана Чаңгыр-Ташта дамбалар курулду. Кызыл-Кыя сайынын жээги бекемделип, Ак-Көңнөктөгү жолго жар көчкүдөн сактоо үчүн түтүктөр коюлду.

Билим алуу ийне менен кудук казгандай
Кийинки жылдарда республиканын бардык аймактарында көптөгөн мектептер курулуп жатат. Бул жагдайдан алганда бизде да жылыш бар. Райондо келечек ээлери тарбияланып жаткан мектептердин курулушуна 23,6 млн сом бөлүнүп, Байзаков мектебинде 1,5, Таш-Булак мектебинде 5,5, Атабеков атындагы орто мектепте 3, Токтогул атындагы мектепте 2, Акмечит мектебинде 1, Фуркат мектебинде 1, Ырыс мектебинде 1, Жаны-Дыйкан мектебинде 1, Төрөмаматов атындагы мектепте 4,5 млн. сомдук иштер аткарылып, анын ичинен 2 мектептин (Таш-Булак жана Токтогул орто мектептери) курулушу толугу менен бүткөрүлүп, жаңы окуу жылында тапшырылды. Райондук билим берүү тармагында азыркы учурда 113 жалпы жана башталгыч билим берүүчү мектептер, анын ичинен 1 балдар үйү, 1 жатак лицей, 3 гимназия класстарында 2 812 мугалим 49 800 окуучуга билим тарбия беришүүдө. "Жаш мугалим депозити" программасы менен 2007-жылы 25, ал эми 2008-жылы 10 мугалим иштеп жатат. Өткөн жылы 108 мектеп 5 млн. 71 400 сомго кезектеги ремонттон чыгарылды.
Райондо окуучуларды дене тарбия жагынан өнүктүрүү тарабынан кыйла иштер жүргүзүлүп жатат. Мурда район боюнча 2 гана спорттук мектептер иштесе, акыркы үч жылдын ичинде анын саны 4кө өскөн. Мектептерде спорт иштерин өнүктүрүү үчүн материалдык базаны чыңдоого, спорт залдарды курууга жана спорттук мелдештерди же спартакиадаларды уюштурууга үзгүлтүксүз түрдө көңүл бурулууда. Атап айтсак, Базарбаев, Айбек, Кенжеев, Саты, Ырыс, Юнусов атындагы орто мектептерде, Кызыл-Туу, Сузак спорт мектептеринде спорт залдарды куруу иштери башталып, бүгүнкү күндө Сузак спорт мектебинин, А.Юнусов атындагы орто мектептин спорт залдары бүтүү алдында турат. Ал эми Ырыс, Кенжеев мектептеринин спорт залдары бүткөрүлгөн. Учурда район боюнча 37 мектептин спорт залдары, 106 мектептин спорт аянтчалары иштейт. Февраль-март айларында райондун борборунда мугалимдердин жана окуучулардын арасында спартакиадалар өткөрүлдү. Айыл округдарынын командаларынын катышуусу менен улуттук "Көк-Бөрү", "Оодарыш" оюндары боюнча мелдештер өткөрүлдү. Кийинки учурда биздин райондун спортчулары облустук мелдештерде байгелүү орундарга жетишип жатышат. Алсак, быйыл биздин волейболчуларыбыз 1, футболчулар 3-орунду ээлеп кайтышты. Бишкек шаарында өткөрүлгөн каратэ-до боюнча 2-эл аралык турнирде районубуздун жаш спортсмени Амиракул уулу Жолдубай 1-орунду, 4 спортсменибиз 3-орунду ээлеп кайтышты.
Учурда район боюнча 16 мектеп авариялык абалда. Алардын ичинен 5 мектептин курулуштары жүрүүдө. 2009-жылы 206,4 млн. сомдук 3 442 орундуу 13 мектептин жаңы имараттарынын курулуштары жүргүзүлөт. 192 орундуу Аксай, 192 орундуу С.Атабеков, 192 орундуу Төрөмаматов мектептеринин жаңы имараттарын бүткөрүү пландаштырылды.
Жайкы каникул учурунда колу жука үй-бүлөлөрдүн балдарын эс алдыруу максатында Көк-Жаңгак шаарындагы мурда талкаланып калган "Барчын" балдардын эс алуучу жайын ремонттон өткөргөнү жатабыз. Ага каражат табылды. Айтор, бул багытта аткарылчу жумуштарыбыз алдыда.

Ден соолук чың болсо
иш алга жылат
Саламаттыкты сактоо тармагы боюнча айтсак, Сузак аймактык ооруканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өткөрүлгөн саламаттыкты сактоо боюнча республикалык "Сапат" конкурсуна катышып, республикалык алдыңкы медициналык мекемелердин бири катары "Диплом" менен сыйланды. Аймактык оорукананын кыш мезгилге даярдыгы, тазалыгы, тамак-ашынын сапаттуулугу, оорулууларды сапаттуу тейлөөсү (айрыкча хирургия жана урология бөлүмдөрү) көңүл жылытарлык.
Биз жогоруда белгилегендей, райондун аймагы чоң болгондуктан калкты тейлөөчү медициналык мекемелер жетишпейт. Ошондуктан ФАПтардын санын көбөйтүүгө көңүл бурулуп жатат. Тышкы инвестициянын жардамы жана өзүбүздүн күчүбүз менен Кара-Дарыя айыл округуна караштуу Ак-Мечит, Таш-Булак айыл округуна караштуу Ынтымак, Кыз-Көл айыл округуна караштуу Катыраңкы, Барпы айыл округуна караштуу Токтогул жана Багыш айыл округуна караштуу Тайгараев ФАПна курулуш иштери бүткөрүлүп жатат. Жакында эле Ачы айылында эл менен болгон жолугушуу учурунда ФАПты куруу, анда иштеген медицина кызматкерлеринин штатын ачуу маселесин чечип келдик.

Элдин энергиясын-
пайдалуу нукка
Сөз акырында, "элден өткөн калыс тараза жок" деген макалдын туура экендигин баса белгилеп кетмекчимин. Жолугушууларга барган сайын кары же жаш болобу, көп нерсе салыштыруу менен өлчөнөөрүн, азыркы учурду 2004-жылга салыштырганга болбой тургандыгын, Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркы жогорулагандыгын, мамлекет башчысынын жүргүзгөн ички-тышкы саясатынын жемишин, "Камбар-Ата-2", "Камбар-Ата-1" ГЭСтерин курулушунун маанисин жеткиликтүү далилдер менен бышыктап олтурса, ичиң жылыйт. Элдин "Таза суу" программасы жөнүндө пикири абдан жакшы. Таза сууну камсыздоо боюнча белгиленген женилдиктерди айтып жогору тарапка ыраазылыгын билдиришүүдө. Бул багытта райондо 6 долбоор даяр турат. Быйыл жалпы көлөмү 20 млн. сом болгон Миң-Өрүк жана Орто-Азия долбоору ишке ашканы турат.
Элди аралап, алар менен пикир алышуу аркылуу жашоочулардын өздөрүнүн катышуусу менен бир топ көйгөйлөрдүн чечилишине өбөлгө болду. Тактап айтсак, Ачы, Жаңы-Чек, Кызыл-Туу, Благовещенка айылдарынын жашоочулары менен жолугушуу учурунда электр жарыгын жеткирүү, суу менен камсыздоо маселесин көтөрүп чыгышты. Биз ушул маселелерди айыл округдарынын башчыларынын, тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилеринин жана айылдын жашоочуларынын өздөрүнүн катышуусу менен чечүүнү сунуш кылдык. Көпчүлүктүн башы бириксе көп нерсе бүтөт эмеспи. Мындай практиканы башка айылдарга да жайылтып жатабыз. Эң негизгиси, жетекчилер элди ынандырып, алардын энергиясын пайдалуу нукка бурганга боло тургандыгына ынанышты. Бири-бирибизди колдоп туруу психологиясын өздөштүрүү - башыбызды бириктирүүнүн жана ийгиликтин өбөлгөсү жакшылыктын үрөнү тура.
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,
"Кыргыз Туусу"