Сыйлык - сыймык

Өлкөсүнүн тарыхын өргө тарткан
Жакында биздин жердешибиз, тарых илимдеринин доктору, чыгыш таануучу Акылбек Кылычевге штаб-квартирасы Тегеран шаарында жайгашкан Экономикалык Кызматташтык Уюму "Өз өлкөсүнүн тарых илимине кошкон салымы үчүн" деген сыйлык ыйгарды. Бул тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп, Акылбек Кылычевге кайрылдык.

- Акылбек мырза, сыйлыгыңыз кут болсун! Адегенде бул уюм тууралуу окурмандарга кыскача маалымат бере кетсеңиз?
- 1992-жылга чейин үч мамлекет - Иран, Түркия жана Пакистан мамлекеттери ушул регионалдык уюмду түзүшүп, иш жүргүзүп келишкен. Андан кийин анын курамына Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Өзбекстан мамлекеттери, анан Афганистан кошулуп, жаңы Экономикалык Кызматташтык Уюму түзүлгөн. Ошентип, учурда курамына он мамлекет кирген бул уюмдун жаралган күнү - 1992-жылдын 28-ноябры. Алардын ичинде Кыргызстан дагы өзүнүн мүчөлүк акысын төлөп, экономикалык иштерин жүргүзүп келатат.
2003-жылы Кыргызстанда аталган уюмдун чоң жыйыны өткөн.
Быйыл мамлекет башчылары менен өкмөт башчыларынын жыйыны Тегеран шаарында өттү.
- Ал эми сыйлык тапшыруу аземинде биздин өлкөдөн кимдер болду?
- Биринчи вице-премьер-министр Ө.Бабанов жана тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү барып, катышып келишти.
- Өзүңүздүн кесибиңиз ким? Сыйлыкты кандай эмгегиңиз үчүн ыйгарышты?
- Кесибим боюнча тарыхчымын. Тарыхчы катары Өзбек Республикасынын Чыгыш таануу институтунда илимий тажрыйба алмашуудан өтүп, аспирантурада окуп келгем. Илимий жетекчилеримдин бири - белгилүү публицист, тарыхчы, Прагадагы азыркы "Азаттык" радиосунун Кыргызстан бюросунун жетекчиси Тынчтыкбек Чоротегин. Ошол киши Ташкентке жөнөтүп, убагында илимий жолумду ачкан. Тынчтыкбек агайдын багыты менен тарых илиминин кандидаты болдум. Диссертациямды болсо, Өзбекстан мамлекетинин Чыгыш таануу институтунун кызматкери, тарых илимдеринин доктору Дилярам Юсупованын жетекчилиги менен жактагам. Иштеген ишим тууралуу айтсам, 1998-жылдан 1999-жылга чейин Кыргыз улуттук университетинде окутуучу катары иштегем. 1996-жылдан бери тышкы иштер министрлигине кызмат кылып келем. Азыр убактылуу эс алуудамын.
- Ат арытып барып, Ата Мекениңизге алыстан алып келген сыйлыгыңыз тууралуу?
- Сыйлык жөнүндө айтсам, Экономикалык Кызматташтык Уюму ар бир мамлекетке кат жөнөтүп, конкурс жарыялап турат.
Менин 2004-жылы чыккан "14-15-кылымдагы Теңир-Тоонун жана ага чектешкен аймактардын тарыхы" деген фарс тилиндеги булактардын негизинде жазылган монографиям бар эле. Ошол эмгегимди англис тилине которуп, конкурска жибергем. Уюмдун тандама командасына элүүдөй эмгек келип түшкөн экен. Ошонун ичинен 6 иш тандалып алыныптыр. Алардын ичинде Кыргызстандан мен, Казакстан Республикасынан Чыгыш таануу институтунун директору Меруерт Абусейитова деген эжей, Түркиядан болсо Коюнчи деген профессордун эмгеги, Тажикстандан мурдагы тышкы иштер министри Т.Назаровдун илимий иши тандалып алыныптыр. Менин эмгегим фарс тилиндеги уюмга мүчө болгон мамлекеттердин тарыхына байланыштуу болгондугу үчүн сынчылардын көңүлүн бурса керек.
- Конкурс кандай номинациялар боюнча өтөт?
- Тарых, адабият, искусство, ошондой эле айыл-чарбасы боюнча номинациялары бар экен. Конкурска катышкандардын ар бири өзүнүн илимий багыты боюнча катыша алышты.
- Жана "англисче котордум" дегениңизге караганда, конкурс англис тилинде өтөт окшойт?
- Бул уюмда иш-чаралар негизинен эки тилде - орус жана англис тилдеринде өтөт. А мен бул эки тилде тең жаза берем. Бирок, менин бул эмгегимди англис тилине которгон себебим, ушул эмгегимди жактаарда америкалык бир профессор өзүнүн пикирин жазып берген болчу. Ошого түшүнүктүү болуш үчүн, жооп катары дегеним, эмгегимди англис тилинде улантып жаздым эле. Мени өкүндүргөн нерсе, ошол иш-чарага биздин журналисттердин катышпаганы. Болбосо, башка өлкөлөрдөн журналисттер барып, толук чагылдырып кетишти. Менимче бул кабар биздин маалымат каражаттарына жеткен деле жок. Ал эми Азербайжан, Түркия мамлекеттеринин Президенттери барган үчүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да катышышты. Иран Ислам мамлекетинин башчысы болсо, ошол жерде конокторду тосуп, чогуу болду.
- Бул иш-чара кайсыл күнү өттү?
- 11-мартта, саммит бүтүп жаткан учурга туш келди. Мага Экономикалык Кызматташтык Уюмунун сыйлыгын Түркиянын президенти тапшырды.
Ж.ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"





  Көз караш

Илимий тактык болбосо тарых тантыган жомокко айланат
Академиялык
15 том мифологиядан оолактаса
Кыргызстандын түндүгүндө
азыр ар кандай талаш-тартыштарды туудуруп жаткан Жантай, Ормон хан, Шабдан, Байтик сыяктуу тарыхый инсандар жашап өтүшсө, түштүгүндөгү Нүсүп миңбашы, Шер датка, Алымбек датка, Курманжан датка, Алымкул аталык, Полот хан сыяктуу инсандар да өз доорлорунун эл башкаруучуларынан болушкан. Чындыгында Нүсүп миңбашы менен Алымкул аталыктын дүйнөлүк тарыхка кирип калган Кокон хандыгындагы реалдуу бийликтери ошол убактагы азыркы Кыргызстандын гана эмес, бүткүл Тажикстандын, Өзбекстандын түндүк бөлүгүндөгү аймактарындагы бардык хан, бек жана бий, датка ж.б. деп аталгандарынын бийликтерин бириктирип алгандан да чоң жана таасирдүү болгон. Ормон хан өз жакындарын ээрчитип алып, бугулар менен чабышса, Нүсүп миңбашы 10 миңдеген аскерлерди баштап, Ташкенди баш кылып, көптөгөн шаарларды караткан.
Алымкул аталык орус колонизаторлору менен бетме-бет согушуп жатып курман болгон. Бирок, аларды деле улуттук деңгээлдеги тарыхый баатырлар деп айтуу кыйын. Алар бардык күчтөрүн, мүмкүнчүлүктөрүн кыргыздардын баштарын бириктирип, өз алдынчалыкка жетишүүгө эмес, Кокон хандыгын чыңдап, аны түздөн-түз болбосо да кыйыр түрдө башкарууга жетишүүгө, 90 боолуу өзбектердин, кыпчактардын жана тажиктердин мыкты чыкмалары менен бийлик талашууга жумшашкан. Бирок, ошондой болсо да алар кызмат кылган Кокон хандыгынын дүйнөлүк тарыхта орду, координаттары жана таржымалдары бар. Ал эми андай тарыхтын бир жеринен жок дегенде "Ормон хандыгы" деген эки ооз сөздү таба аласыздарбы? Бир уруунун билерманын жалпы кыргыздын ханына, Байас Турал өз макаласында тарыхый фактыларды келтиргендей, айылдарды өрттөп, жаш балдарына чейин мууздап жүрүп кыргыздарды өздөрүнө баш ийдирген колонизаторлордун катардагы жол көрсөткүчтөрүнүн бирин улуттук баатырга теңеген апыртмалардын деги кимге кереги бар? Тарыхый аргументтештирилген фактылар болбогондон кийин андай жомокторду канча кайталаган менен деле өзүңдөн башка эч кимди ынандыра албайсың.
И.В.Сталиндин кызы Светлана Аллилуева өзүнүн ата-энеси, үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндөгү эскерүүсүн "Все знали и меня, и то, что я была плохой дочерью, и то, что отец мой был плохим отцом, и то, что отец все-таки любил меня, а я любила его" ("Двадцать писем к другу, М., 1990 г., с. 13) деген тең салмактуу, объективдүү киришүү менен баштап, атасынын, үй-бүлө мүчөлөрүнүн жакшы сапаттары менен бирге жаман жактарын, атүгүл Яков менен Василийдин жакалашып мушташкандарын да жашырбай айтат. Ал эми С.Аллилуева апыртса да, жапыртса да, атасы жөнүндөгү мифтерди көбөйтүү үчүн фантазиясы жеткендердин бардыгын кошсо да жарашмак. Биздин тарыхчыларыбыздын, бул темада жазгычтарыбыздын көпчүлүгүнө С.Аллилуеваныкындай жөнөкөй эле объективдүүлүк, калыстык жетишпей жатат.
Ормон хан, Жантай, Нүсүп миңбашы, Алымкул аталык, Курманжан датка, Шабдан, Байтик ж.б. жөнүндө жазганда аларды эпостордун кейипкерлериндей апыртып мактай бербестен, жакшы, прогрессивдүү жактары менен кошо тарыхый кемчиликтерин, жаңылыштыктарын да ачып, так айтуу керек. Ошого жараша кимдин ким экендигин, же ал чын эл баатырыбы, же тарыхтын бурулуш мезгилдеринде көп жолукчу Т.Касымбеков көп айтып жүргөндөй "энесинин тонун сатып пайда тапкан" көп саткындардын, чыккынчылардын бириби, андан окурман өзү жыйынтык чыгарып алат. Азыр аябагандай жараналанып, окурмандардын бүйүрлөрүн кызытып, жаткан академиялык 15 томдукту жазууда биздин тарыхый делген инсандарыбыздын ишкердүүлүктөрүнө карата илимий жактан такталган, тарыхыйлуулук принципке негизделген так мамиле болуусу талап кылынат. Илимий так методологиясыз, объективдүүлүксүз тарыхый делген "эмгектерди" жазуу тантыган көп жомоктордун бирине айланып кете тургандыгын эстен чыгарбообуз керек. Окумуштуу Акылбек Жумана-лиев макаланын башталышында аталган илимий практикалык конференцияда туура белгилегендей, жаңыдан даярдалып, чыгарыла турган 15 томдук академиялык басылманын негизги принциби: а) мезгилди өз учуруна жараша изилдеп, үйрөнүү, б) акыйкаттуулук жана калыстык, в) илимий мамиле гана болушу керек.
Ушул үч принцип бекем сакталса адашпайбыз, жаңылбайбыз.















Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!