, 01.05.09 - 11-бет:
  тарых

Талаштан тактык жаралат
Курманжан датка -
Кытайдын жапалагынан эмес,
муңгуштун жапалагынан
Ачык саясат" гезитинин 2008-
жылдын 19-декабрындагы санынан "Манас ордо" коомдук бирикмесинин президенти Анарбек Усупбаевдин "Кыргыздын сол канатынын кытай уруусунун кызы - Курманжан датка" деген макаласын кунт коюу менен тыкан окуп чыктым. Макаланын мазмунунда Курманжан датканын теги жөнүндө төмөнкүчө айтылган: "...Кытай уруусунан жогор тамга, жогор тамгадан төңгөтөр, төңгөтөрдөн олжо уруусунун улуу журту тараган. Олжо уруусу дагы өз алдынча урууларга - досой, курмушу, жапалак деген үч топко бөлүнөт. Ошол олжодон тараган жапалак уруусунун өкүлдөрү азыр тээ илгерки убактардан бери бардык аймактарда кеңири тарап, жашап келишет.
Тирүүчүлүк жөрөлгөсү боюнча укум-тукум улап, из калтыруу менен алек. Олжо уруусунун Жапалак уулунан тараган уул-кыздардын ичинен Курманжан датка энебиз сымал залкар ханышанын эл үчүн калтырган асыл эмгектери жалпы кыргыздын гана эмес, тектеш түрк тилдүү жалпы улуттун сөз менен айтып жеткире алгыс сыймыгы болду. Кытай уруусунан тараган адамдардан Кемпир шалак деген адамдын Саты, Муса, Акбачак, Турусбек, Токтонай деген укумдары болгон экен. Ушулардын ичинен Турусбектин укум-тукумдары түштүк аймагын мекендейт жана Турусбек Курманжан датканын алтынчы атасы, жотосу. Олжонун Жапалагынан тараган кыргыздар айтылуу Оштун Жапалак айылында жашашат жана башка аймактарга да кеңири тараган".
Окуп чыккан соң оозум обону карап калды. Көпкө дейре ойлондум. Анан архивимден 1970-жылдары санжыра айткан аксакалдардан сурап жазып алгандарымды карап чыктым. Ошолордун ичинен оболу Алай районундагы Корул айылынын тургуну Абдыбап Акматалиевдин айтып бергенин келтирейин. Ал мага 5 саат бою айтып берген. Эми мен анын ичинен Курманжан даткага тийиштүүсүн гана келтирейин. Айтса, Абдубаптын атасында араб тамгасы менен жазылган санжыра болгон. Ал аны өтүгүнүн кончуна салып жүрүп окуган. Бирок, ал кызылдар Мойдунбек корбашыны кармагандан кийин уруксат боюнча калгандары сыяктуу эле үйүнө жөнөп, кеч киргендиктен эки жолдошу менен Ноокаттын чыгыш жагындагы Лаглан деген айылдагы бир адамдын үйүндө түнөшөт. Тилекке каршы, эртең менен ойгонсо, эки жолдошунун бирөө жөнөп кеткен болот, анан кончун караса, санжыра да жок болуп чыгат.
Ал эми Абдыбап 5-класста окуй баштаганда, колхоздун башкармасынын орун басары болуп иштеген атасы кеч киргенден кийин от жагылган мештин жанында кынтая жатып, Абдыбапты мандаш токундуруп отургузуп, ага санжыраны оозеки айта баштайт. Көзү өткөнгө дейре айтат. Ошон үчүн Абдыбап мага эч бир токтолбостон 5 саат бою айтып берген, а мен блокнотко, андан кийин атайын машинка менен форматтык кагазга жазып салганмын. Бир аз чегинип кеттим.
А.Акматалиевдин айтуусу боюнча Акуулдан Наалы эже, Адигине, Тагай төрөлгөн. Дээрлик санжырачылардын баары Наалы эже деп айтышат, а биз Курманжан датканы эне деп жатабыз. Наалы эже бой жеткенде мойнуна жара чыгып, кара далы болуп отуруп калат. Ошол учурда кыргыздын ханы кыпчак уруусунан залим Бурхан-хан көз жумаар алдында Адигине менен Тагайга келип, аларга Көкө жана Байыр деген уулдарын тапшырат. Сөздүн кыскасы, Наалыны Көкөгө эрге беришет. Наалы уул төрөйт. Адигине менен Тагай "эжебизди эр албай, бир топ жыл муңканып жашады, уулунун атын Муңгуш коёлу" деп сүйлөшүшүп, ошентип ат коюшат. А Муңгуштан Моңолдор, Жоош, Тейке, Жапалак, Төлөйкөн төрөлөт.
Айтмакчы, мага айтып берген санжырачылардын көпчүлүгү ушул кыяпта айтышкан. Ал эми 1895-жылдан 1934-жылга чейин карыялардан сурап жазган, бирок тыюу салынгандыктан жарыкка чыкпаган, СССР кыйрагандан кийин гана 1993-жылы басылып чыгарылган Белек Солтоноевдин "Кызыл кыргыз тарыхы" аттуу китебинде Адигине, Тагай, Муңкуш үч бир тууган болгон, а Наалы менен Эсмилу алардын эжелери болушкан. Булардын ичинен Тагайдын балдары жөнүндө гана жазып, калгандарынын балдары жөнүндө эч нерсе айтпаган. Демек, ал өзү жазгандай арка кыргыздарынын карыяларынын айткандары боюнча гана жазган. Анткени, алар Тагайдын балдары жөнүндө билишкен, бирок Адигине менен Муңгуштун балдары жөнүндө билишпеген.
Ошондой эле XVI кылымда Сайфаддин ибн дамулла Шах Аббас Аксикенти жана анын уулу Нурмухаммед жазган "Тарыхтардын жыйнагында" да Ак уулдан Адигине, Тагай жана Муңгуш төрөлгөн деп жазылган. Демек, Муңгуш Наалы эжеден эмес, а анын иниси болуп жатат. Мындан тышкары Турдубай Умар уулунун 1991-жылы Бишкектен чыккан санжырасында Муңгуштан Жапалак, Төлөйкөн, Жагалмай, Коштамга, Кодогочун, Мейне, Жоош, Соколок, Жылкелди, Көкжатык, Сары, Сарай, Эркекашка, Моңол төрөлгөн. Балким, Муңгуштун үч-төрт аялынан ушунча уулдар төрөлгөндүр? Дегинкиси, Жапалак - Муңгуштун уулу. Түштүктөгү орточо уруулардын бири болуп саналат. Жапалактан тараган Арек, Ороке уруктары ушул тапта өздөрүнчө айылдар болуп калган. А бир чакан айылда болжол менен кеминде жүз жана андан көп түтүндөн үй-бүлө жашайт.
Ал эми А.Усупбаев жазган Жапалак Муңгуштун Жапалагына дал келбей турат. Себеби, кытай уруусу жөнүндө Б.Солтоноевде айтылбаган, а Т.Умар уулунун санжырасында Куу (Куба) уулдан Жайыл, андан Каранай, андан Кытай, А.Усупбаевдин жазганы боюнча Жапалак Кытайдын кыбырасы болуп жатат. Демек, Ак уулдан Адигине, Тагай, Муңгуш, ал эми Куу уулдун
Жайыл, Чоңбагыш, Саруу, Басыз, Мундуз. Салыштырып көргөндө Муңгуш менен Жайыл жаштары боюнча тең чамалуу, а Жапалак - Муңгуштун уулу, ал эми А.Усупбаевдин айтуусундагы Жапалак-Кытайдын кыбырасы, а Кытай - Жайылдын небереси, Куу уулдун чебереси, б.а. экөөнүн ортосунда 75 жыл айырма болууда. Ушундан улам логика айтат: Муңгуштун Жапалагы менен Кытайдын Жапалагы - эки башка Жапалак. Экөөнүн жаш курактары таптакыр төп келбейт. Андан калса элибизде, башка элдерде деле окшош, уйкаш же кайталанган аттар толуп жатыры. Ал эми чокойчон Шералы кайсы кылымдын канчанчы жылы Кокондо такка олтурган?
В.М.Плоскихтин "Кыргыздар жана Кокон хандыгы" аттуу 1977-жылы Фрунзедеги "Илим" басмасынан чыккан китебинде Кокон хандыгынын келип чыгышы жана анын биринчи ханы ким болгондугу жөнүндө мындайча жазылган: "1710-жылы миң уруусунан өзбек феодалы Шахрух-бий кожолордон-клерикалдык дервиштик туугандашуу бийликти тартып алып, жаңы хан династиясынын башталышын негиздеген, бул династия Кокон хандыгын 1876-жылга чейин бийлеген. Шахрухтан тартып Кокон хандыгынын бүткүл кийинки башкаруучуларын такка олтургузуу падышачылыктын көчмөндүк салты боюнча ак кийизге көтөрүү менен коштолгон".
(Уландысы бар)




Тарых менен санжыраны ашташтырган кол жазма
Кыргыз жазма санжырасынын да, тарыхынын да башатында Аксикентилик Сайпидин менен анын уулу Нооруз Мухамметтин (Нурмухаммет деп да жазылат) "Мажму атут-таворих" (Тарыхтардын жыйнагы) аттуу ХV кылымдын аягы, ХVI кылымдын башында жазылган кол жазмасы турат. Бул кыргыздын улуу эпосу "Манастын" окуяларын эң алгач жазууга алгандыгы менен да баалуу.

Мында илимий тарых жазуунун аракеттери болгондугун Молдо Сайпидин пиринен бата (уруксат) алгандан кийин "...ааламга белгилүү тарых китептерден, атап айтканда: "Тарих-и жахан кушай", "Касасул амбия", "Тарих-и Мугулия", "Тарих-и зубдатул башардан"алып, кылымдар бойлоп өткөн биларман башчыларын эскерип, Имам Жафар Садыктан Мавлана Аазам Саид Мир Жалилгече баян кылып жаздым" (Сайф ад-дин ибн дамулла Шах Аббас Аксикенти жана анын уулу Нурмухаммед. Тарыхтардын жыйнагы. Б., "Акыл", 1996-ж., 14-15-бб.) - деп ашкере айтып туруп, VIII кылымда жашап өткөн Имам Жафар Садыктан (700-765-жж.) тартып, Молдо Сайпидин атасы Аббас жана өзү кол берген (мюрид болгон) Мавлана Аазам Саид Мир Жалилга - ХV кылымдын экинчи жарымына чейинки тарыхты жазганын айтат. Мында Топон суудан (Нух пайгамбардан) берки адамзаттын тарыхы, ошонун ичинде кыргыздардын Оштун үстүндө Галша (Калча) калмак менен болгон согушуна чейинки тарыхтары, имамдар менен сейиттердин, Чыңгыз хандын, Манастын, Аксак Темирдин тарыхтары да бар. Негизги орунду Гыздардын (кыргыздардын) тарыхы ээлейт.
"Мажму атут-таворих" боюнча Йафастин баласы Кара хан, Кара хандан Өгүз хан, Өгүз хандан Могол хан болот. Могол хандан Гызиддин, Лариддин. Ошол Гызиддиндин үч топту түзгөн балдарынын бири Гыз деп, андан тарагандар гыздар деген эл болот. Кыргыздар ушул гыздарга кырк деген сандын кошулганынан б.а. Рашидилхак баш болуп Хатан тараптан качып келип, Өзгөндөгү Султан Санжардын эли менен эл болуп жашап туруп, кийин уудан улам урушуп кетип, ошондо кырылгандан калган кырк гыз качып чыгып, Кожент тоолоруна кирип кеткенинен улам пайда болгону айтылат. Демек, жаңы эрага (Иса жыл санагына) чейинки 3353-жылкы (Бул дата 2003-жылы жарык көргөн "Насаб-наама" аттуу китептеги "Кыргыз элинин баяны" деген текстте (40-41-беттерде) келтирилген сандарды кубалаштырып эсептегенде келип чыгат) Топон суудан аман калган Нух пайгамбардын небереси Кара хан болсо, чебереси Өгүз хан, кыбырасы Могол хан болот. Ал Могол хандын неберелеринин бири Гыз болгон соң гыз (кыргыз) деген эл биздин эрадан 30-35 кылым мурда эле пайда болгондугун сөз болуп жаткан кол жазма айтып турат. Демек, кыргыз өтө байыркы эл экенинде талаш жок. Кээ бирөөлөр кыргыз мындан 40-50 кылым мурда пайда болгон дегендеринин да жөнү бар. Казактар тарыхынын башатын ушул эсепке таянып чыгарышкан болуу керек. Кыргыз менен казактын тарыхын ошояктан баштаса туура эле болот. Бирок Манастын жашаган доорун ошол жактан издегендерге таң калбай коё албайсың. Ушул маселеде реалдуулукка жакындабасак болбойт. Манасты байыркынын байыркы түпкүрүнө сүйрөп түшүндүрүүгө аракеттенген окумуштуулар менен санжырачыларды уккан же жазгандарын окуган кошуна элдер эмне деп атканын ким билет? Олку көрүнүш экенин 15 томдукту жазган тарыхчылар эстерине алышы керек.
Молдо Сайпидин "Манас" окуяларын, Манастын өзүнүн өмүр жолун ушул "Мажму атут-таворихте" Чыңгыз хандын тарыхы менен Аксак Темирдин тарыхынын ортосуна жайгаштырганы да жөн жерден эместей, кол жазманы биринчи изилдеген тажик окумуштуусу А.Тагиржанов, кыргыздын алгачкы профессионал тарыхчысы Белек Солтоноев, орустун улуу лингвист-окумуштуусу Е.Д.Поливанов жана башкалар да тарыхый инсан Манас Чыңгыз хандын доорунан кийин жашап өткөнүн далилдүү фактылар менен белгилешкен. Бирок, эпоско камтылган байыркы окуялардан улам, ошондой эле улутташтарыбыз тарыхыбызды байыркынын байыркысы катары көрүүнү модага айландырып алгандан улам Манастын жашап өткөн мыйзамдуу мезгили катары ХIII-ХV кылымдардын аралыгын көрсөтсөк алымсынбаштары толук ыктымал. Ошентсе да жомок жылоологон кыял чабытыбыздан жерге түшүп, он беш томдук тарыхыбызды жазган жатканда жападан жалгыз кереметибиз болгон "Манаска" реалдуу таканчыкка таянып туруп, реалдуу Манастын өзүн өз доорунда көрсөтпөсөк, атасы Жакыпты Жакып Алейхиссаламга (жөөт Сулайман пайгамбардын баласына) апарып жабыштырып, дагы кээ бир "билармандардай" кыргыздарды жөөттөр менен кандаш кылып отурсак дүйнөгө дөөпөрөстүгүбүз менен дүң болорубуз турган иш.
Манас дооруна бизден беш кылым жакын жашап өткөн жана диний ишеними терең Молдо Сайпидин азыркы биздин сөз эркиндигине таянып "Ай чапчып" турган айрым санжырачыларыбыздан реалдуулукка алда канча жакын экендигинде талаш жок эмеспи. Бул маселе боюнча "1503-жылы жазылган "Манас" деген китепчемде (Б., "Аят" басмасы, 2003-ж.) анча-мынча токтолгон элем, кийинки кездерде дагы көптөгөн факты-маалыматтар кезигүүдө. Ага кытайлык окумуштуулардын Кытай жазмаларынан алып айткандары (Анвар Байтурдун лекцияларын, Макелек Өмүрбайдын интервьюларын ж.б. эске алып атам), тажик окумуштуусу А.Т.Тагиржановдун "Собрание историй" ("Мажму атут-таворих")" аттуу китебин кайра-кайра окугандан кийинки ой-тыянактар ж.б. мисал боло алат.
Өзүбүздүн классик жазма акыныбыз Тоголок Молдонун "Манастан башталып, кай-кайсы орунда айтылып, кандай ырчы кошуп жамгарганы баяндалат" деген киришме-ырында ("Тоголок Молдонун жыйнагы". Академиянын Кол жазмалар фондусу, Инв. № 1357, 1-20-б.) "Манас" эпосун айткандардын ана-башы катары Ырамандын Ырчы уулу болуп, андан ары тизип калыптандырган Жаныбек хандын тушунда (ХV кылымда) жашап өткөн Токтогул ырчы болгонун көрсөтөт ("Жомок кылган сөз менен Ырамандын Ырчы уул. Жомокчунун башчысы - Баарын тизген Токтогул"). Андан кийин эле Ноорузду атайт (ХIV кылым. "Мурунку келген сөз менен Бура салбай жолунан Нооруз ырчы ырдаптыр. Калганын жазып жамгарып, Барган сайын толуктап, Уккан адам таң калып..."). Андан ары Балыкты ("Баян кылам Балыкты. Орду менен Манасты Улап кетти тарыхты"), Айтикени ("Балыкты жыккан Айтике ... Манасты бу да салдырган, Дүйнөнү бүт алдырган"), Келдибекти ("Келдибек айткан азыктан Бузулган эмес басыктан"), Тыныбекти тизмелеп келип, манасчылардан 31ди атап чыгат. Алардын арасында Чоюке, Сагымбай, Саякбай сыяктуу алптар , ошону менен бирге Ырамандын Ырчы уулунан кийин эпосту Манас өлгөндө айткан кошогу менен кошумчалаган Каныкей болгонун айта кеткен.
(Уландысы бар)