, 01.05.09 - 12-13-бет:
  Кыргыз улуттук университети - билим берүүнүн негизги борбору

Жаңылануу багыты - жалпыбыздын багытыз
А.Э.ЭРГЕШОВ,
Ж.Баласагын атындагы КУУнун биринчи проректору, профессор
Президент К.С.Бакиевдин өлкөбүзгө жана Кыргызстандын элине жаса-ган программалык кайрылуусунда мамлекеттин жана коомдун 2035-жылга чейинки өнүгүүсү, негиз-
ги стратегиялык багыты аныкталган десек болот. Аталган документтеги эң башкы маселе - эффективдүү жана узак мөөнөттүү өзгөрүүлөрдүн механизмдери аркылуу Кыргыз Республикасынын туруктуу жана тепкичтүү өнүгүүсү. Башкы багыттар бул Кайрылууда так, негиздүү көрсөтүлгөн. Мында жаңылануу боюнча негизги тапшырмалар эле каралбастан, ошол эле учурда өлкөнү жаңылоонун жана айтылгандарды аткарууга жетишүүнүн жолдору, механизмдери аныкталган.
Кайрылуудагы өсүп келаткан азыркы муунга билим жана тарбия берүү маселеси өнүгүүнүн эң башкы багыты катары өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин бардык эмгек жамааты, окутуучу-профессорлор курамы үчүн, жалпы эле билим берүү тармагында эмгектенгендер үчүн бул өзгөчө маанилүү жана жооптуу иш. Билим берүү системасында таалим-тарбия иши өзүнчө өнүгүүнүн багыты катары жана толук укуктуу составдык бөлүгү болуп эсептелет. Биз, адистер билим берүүнү, окутууну таалим-тарбия ишинен бөлүп кароого болбосун, бири-бирисиз жашай албасын жакшы билебиз. Тарбиялоо иши биздин бүткүл жашоо-турмушубуздун өзөгүн түзүү менен ал өтө терең,
байыркы баалуулуктарды өз ичине камтыйт. Тарбия берүү жана анын мүмкүнчүлүктөрү аркылуу адамда социализация процесси пайда болуп, ал акырындык менен инсандын турмушунда маанилүү орунга ээ болот жана андагы социалдык сапаттардын, жеке көз караштын, позициянын калыптануусунун башаты катары кызмат аткарат.
Студенттерди тарбиялоодогу инсандык-аныктоочулук мамиле биз үчүн бардык иштерибиздин, келечек пландарыбыздын өзөгүн, маѕңызын түзөрүн унутпоого тийишпиз. Биз, улуттук университеттин жетекчилиги жана окутуучу-профессордук курамы студенттик уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте Президент Курманбек Бакиевдин саясый кайрылуусун талкуулоо, колдоо менен жогортон көрсөтмө күтпөстөн өзүбүздүн тарбиялоо ишибиздеги программалар менен негизги концепцияларга ылайык аны андан ары активдүү улантууну туура көрдүк. Ушундан улам билим берүү жана таалим-тарбия тармагын өнүктүрүүнүн зарылчылыгы негизги документтен көрүнгөндөй ал биздин жандуу иш-аракеттерибиз менен программалык документтерибизден да ачык көрүнүүдө десек болот. Бул багытта бүгүнкү күндө бизде көптөгөн чыгармачылык ийримдер, студиялар, клубдар иштөө менен ар түрдүү конкурстар, олимпиадалар, спорттук мелдештер өткөрүүлүүдө, ошол эле учурда кыргыз элинин улуттук каада-салттарынын, фольклорунун жанданышына жакшы шарттар түзүлүүдө.
Студент жаштар бизде өздөрүнүн талант-жөндөмүн, маданий-эстетикалык ишмердигин жолго коюуда окуу жайдагы ар түрдүү чыгармачылык бирикмелер менен биргеликте иш алып барышууда. Студенттердин турмуш-шартын жакшыртуу багытында университеттин жатаканаларынын ал-абалын мындан да жогорулатуу, ыңѕгайлуу шарт түзүү, "Атлет" Борбору аркылуу спорттук машыгууларды өнүктүрүү ж.б. бир топ иштер бүгүнкү күндө жолго коюлуп, аткарылууда.
Университеттин студенттик жаштары өздөрүнүн күндөлүк түйшүктүү окуу жана үйрөнүү ишмердигинде такай жүргүзүлүүчү таалим - тарбиялык иштер катары атайын кеңѕеш берүү, жол көрсөтүү, акыл айтуу (студенттерге) ж.б. учурлар кээде тажатма түшүнүк катары мүнөздөлүп, өзүнүн жыйынтыгын биз күткөндөй бербей калышы мүмкүн. Биз маселенин ушул жагын эске алуу менен студенттерди активдүү коомдук жумуштарга тартуу менен, аларга ыѕңгайлуу шарттарды түзүү жана ар тараптуу өсүп - өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүктөрдү берүү, аларды университеттин башкаруу жана өзүн-өзү башкаруу иштерине аралаштыруу, жалпы эле алардын кызыкчылыктарын жогоруда көрсөтүп өткөн багыттар
боюнча бирге карап, чечүү аркылуу гана мамлекет менен коомчулук көп жакшы натыйжаларга жетишет деген ишенимдебиз. Биргелешип аракеттенүү жана турмушка болгон чыгармачылык мамилебиз менен гана биз студенттерде жооптуу жарандык позициянын түптөлүшүнө, патриоттук сезиминин ойгонушуна, коомчулуктун, университеттин жалпы иштерине аралашуусуна жана социалдык жактан сергек инсандын калыптанышына чоңѕ жардам берген болобуз.
Азыркы студенттер - бул биздин эртеѕңки саясый, экономикалык, социалдык, рухий элитабыз, ушулар гана өлкөбүздүн эртеѕңки келечегин аныктайт. Ошондуктан биз, улуттук университет, өлкөнүн жаѕңылануусу жөнүндөгү саясый кадамдарды колдоо, аларга таянуу менен бизде билим алып жатышкан жаштарыбыз үчүн чыныгы Альма-Матер катары колубуздан келишинче камкордук көрөбүз демекчибиз.
Б.Т.ТОКТОБАЕВ,
окуу-усулдук иштер боюнча проректор, профессор
Президент К.С.Бакиев жарыя кылган өлкөнү жаңылоо багыты мамлекетибиздин турмушундагы маанилүү окуя болуп калды. Коомубуздун социалдык-экономикалык жагына жаңыча мамилелер талап кылынууда.
Бул жагдайда билим берүүгө өзгөчө жогорку мектепке көңүл буруу актуалдуу болуп отурат. Ушул жагынан Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети активдүү реформа жана жаңылануу жолунда десек болот.
Билим берүү боюнча дүйнөлүк жаңы технологиялар, азыркы учурдун педагогикалык инновациялары, окуу процессинде коррупция менен күрөшүү университетте активдүү жүргүзүлүүдө. Ж.Баласагын атындагы Улуттук университети жакынкы учурда дүйнөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын катарына кошулуусуна шарт түзүлдү. Бул үчүн окуу процессине этаптык-модулдук технологияны өркүндөтүү багытында жигердүү иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.
Модулдук окутуу азыркы заманбап теориялардын өнүгүшүнүн динамикасын өзүнө сиңирүү менен, алардын бөтөнчөлүктөрүн өзүнө синтездеп алды, бул аны түшүнүүгө жана мазмунду тандап алууга карата ар кыл түрдүү мамилелерди окуу процессин уюштуруунун ыкмаларына көбүрөөк ийгиликтүү айкалыштырууга мүмкүндүк берди. Модулдук система окутуунун башка теорияларын жана концепцияларын толук алмаштыра аларын күбөлөп турат.
Модулдук окутуу ыңгайлашуу мүмкүнчүлүгү менен мүнөздөлөт, анын ишке ашырылуусу жекече-дифференцирленген окутууну уюштуруунун
атайын ыкмаларынан көрүнөт. Окуп жаткандардын өз алдынча иштөөлөрүнүн басымдуу абалы жана иштиктүү алака-катыштын жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөр модулдук окутууда жигердүү окутуунун салттуу эмес формалары жана усулдары менен ийгиликтүү жоюштурулат, булар окуп жаткандардын таанып билүү ишмердүүлүгүн жигерлештирүүгө, аларда билүүгө болгон кызыгуучулукту өнүктүрүүгө жана коммуникативдик көндүмдөрдү калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Модулдук окутуунун теориялык анализи анын төмөндөгүдөй өзгөчөлүктөрүн бөлүп көрсөтүүгө мүмкүндүк берди:
- модулдук окутуу дидактикалык системанын жана модулдук программадагы жана да модулдардагы алардын көрсөтмөлүү көз алдыга келтирилишинин ар бир компонентинин милдеттүү иштелишин камсыз кылат;
- модулдук окутуу окутуунун мазмунун так структуралаштырууну, теориялык материалдын ырааттуу берилишин, окуу процессин методикалык материал менен жана окутуу процессин корректирлөөгө мүмкүндүк берүүчү баалоонун системасын жана билимдерди өздөштүрүүнүн көзөмөлүн камсыз кылууну көңүлгө алат;
- модулдук окутуу окутуунун вариативдүүлүгүн, окуу процессин окуп жаткандардын жекече мүмкүнчүлүктөрүнө жана талаптарына адаптациялоо жагын карап көрөт.
Модулдук окутуунун бул айырмалоочу бөтөнчөлүктөрү анын жогорку технологиялуулугун ачыкка чыгарууга мүмкүндүк берет, ал төмөндөгүлөр менен аныкталат:
- окутуунун мазмунун структуралаштыруусу менен;
- дидактикалык системанын бардык элементтеринин (максаттарынын, мазмунун, окуу процессин башкаруу ыкмаларынын) модулдук программа формасында так ырааттуулукта берилиши менен;
- структуралык окуу-методикалык бирдиктеринин вариативдүүлүгү менен. Модулдук окутуунун максаттарын изилдөөчүлөр ар башка түшүнгөнүнө карабай, бир нерсе - модулдук окутуунун башкы максаты - ийкемдүү түзүүчүлүк структураларды мазмуну боюнча кандай болсо, так эле ошондой окутууну уюштуруу.
Университеттин айрым структураларында Баллон процессинин принциптери кеңири колдонулууда: окутуу процессинде кредиттик технологиялар, башка окуу жайлары менен студенттерди алмашуу, студенттердин жыйынтыктоочу билим көзөмөлүн окутуучунун катышуусуз эле өткөрүү ыкмалары кеңири колдонулууда. Азыркы учурда Ж.Баласагын атындагы КУУну өнүктүрүүгө багытталган кыска жана узак мөөнөттүн концепцияларда дистанттык билим берүүнүн негиздери, табигый жана илимий багыттагы факультеттердин лабораториялык ауди-видео китепканалардын фондун кеңейтүү каралган. Университеттин окуу - методикалык кеңеши өздөрү сунуш кыла турган окуу китептерине жана окуу - методикалык колдонмолорго коюлган талапты күчөтүү.
Университеттин Окумуштуулар Кеңешинде жаш окутуучулардын эмгектерин жарыялоого ар тараптан колдоо көрсөтүү чечими кабыл алынды. Окуу жайынын компьютерлер паркын жаңылоого, окуу процессин уюштуруу үчүн чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Университеттин структуралык бөлүктөрүндөгү коррупция көрүнүштөрү тынчсыздандырбай койбойт. Бул тескери көрүнүш менен ректорат жана биздин университеттин коомчулугу тарабынан чечкиндүү чаралар көрүлүүдө. Курамы студенттердин ата-энелеринен, окутуучулук-профессорлук жамаатынын өкүлдөрүнөн, активдүү студенттерден турган коррупцияга каршы комитет түзүлгөн. Кызыктар болгон тараптардын ошондой эле мамлекеттик башкаруу чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен конференциялар өткөрүлүп, университеттин структуралык бөлүктөрүнүн жетекчилери коррупция менен биргелешип күрөшүү боюнча макулдашышты. Мындай терс көрүнүштөр менен күрөшүнүн башка ыкмалары, жолдору да колдонулат.
Университеттин окуу иштеринде улуттук университеттин бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштуруу да олуттуу орунду ээлейт. Рыноктун катуу талап койгон шарттарында ишке даяр жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо жогорку окуу
жайынын эң негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Мисалы, биздин иштин бир аспектисин карап көрөлү - республика үчүн мугалимдерди даярдоо. Айылдык мугалимдердин жетпей жатканы белгиленүүдө, бир эле Чүй облусунда 1000 жакын мугалим жетпейт. Бул проблеманы кантип чечүү керек? Бул проблеманы чечүү максатында Чүй облусунун губернатору (Б.С.Кумаров) жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору (А.А.Бекбалаев) ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду. Ушул келишимге ылайык облустун мектептерине башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоо үчүн алардын келечекте КУУда билим алуу максатында педагогикалык колледж ачуу жагы пландаштырылууда.
Белгилей кетүүчү жагдай бул ишке жергиликтүү айыл өкмөттөрү тартылып, алар өздөрүнүн абитуриенттерин жөнөтүшөт. Университет болсо адистердин зарылдыгына ылайык райондук билим берүү бөлүмдөрү менен келишим түзүп мугалимдерди даярдайт, бул келишим боюнча бүтүрүүчүнүн өз айылына, посёлогуна, өз мектебине кайрылып барышы шарт. Бул колледждин активдүү иштөөсү үчүн Чүй облусундагы бардык райондордун акимдери менен Токмок шаарынын мэриясы жакындан көмөк көрсөтүп, Улуттук университет менен биргелешип иштеп жатышат. Айталы, Токмок шаарынын мэриясы, Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Сокулук, Жайыл, Панфилов райондору конкреттүү ишке киришти десек болот. Тагыраак айтканда, Токмок шаарынын мэриясы менен Жайыл району педагогикалык колледжге келечектеги студенттер үчүн окуу имараты менен жатакана маселелерин чечип беришти. Ал эми аталган райондордогу айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору акимчилик уюштурган адистикке багыт берүү боюнча жыйында болочок студенттердин каржы маселелерине активдүү кол кабыш кылышарын айтышты. Май айынын башталышында болсо Москва, Аламүдүн райондорунун акимчиликтери да колледж үчүн конкреттүү иштерди жүргүзүшмөк. Мына биз 27-апрель, 29-апрель күндөрү Кемин жана Ысык-Ата райондорунда болуп, жалгыз Кемин районунан эле 61 бүтүрүүчүнүн аталган колледжден билим алууларын макулдашып келдик. Ошентип, биз адистерди максаттуу даярдоо маселесин чечкенге аракет кылабыз. Кыргыз улуттук университети жана анын структуралык бөлүмдөрү ишин ушул багытта, иш берүүчү менен ЖОЖдун ортосундагы байланышка бурат.
Алдыда аткара турган иштер көп, эң негизгиси мындай өнүгүү үчүн туура жолду жана багыттарды табуу зарыл. Ушул жагынан Президент К.С.Бакиевдин өлкөнү жаңылоо боюнча жарыялаган багыты жакшы негиз болуп берет. Курамы миңдеген кишиден турган КУУнун жамааты, анын структуралык бөлүктөрү бул багытты турмушка ашырууга бардык күч аракетин жумшайт.
Н.В.БРЕДИХИН,
Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун директору-проректор, профессор
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиевдин өлкөнү жаңылоо, жандандыруу боюнча сунуш кылган багыты эл арасында жакшы пикирлерди пайда кылууда. Бул
маанилүү документке өлкөнүн өнүгүү багыты, анын узак мөөнөттүү өзгөрүүлөрүнүн меха-
низмдери толук мыйзам ченемдүү түрдө аныкталып, ал парламенттин иштиктүү демилгеси жана Кыргыз Өкмөтүнүн программалык ишмердүүлүгү катары түшүндүрүлүүдө.
Президенттин алган багыты коомдук турмуштун ар түрдүү тармагындагы терең кайра түзүүлөргө багыт алган. Ошолордун катарында эң маанилүү багыт болгон билим берүү тармагын өнүктүрүүгө да чоң көңүл бурулган. Ошондуктан белгиленген документтин тийиштүү бөлүмдөрүндөгү "Келечекке болгон багытты аныктоодо эң башкы орун билим берүү жана тарбиялоо жөнүндөгү маселеде турат" деген сөздөрдүн такай коштолуп келиши да жөн жеринен эмес. Билим берүү тармагындагы орчундуу жаңылануулардын жүрүшү сергек ой-жүгүртүүгө, адамга терең билим алууга, өзүн-өзү өркүндөтүүгө, ал эми коомго болсо анын азыркы жана келечектеги талаптарына ылайык жаңы кадрлар менен камсыз кылуу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлмөкчү. Бул негизги документте көрсөтүлгөн билим берүү тармагындагы кайра түзүүлөр биздин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде болуп жаткан өзгөрүүлөр, жаңылануулар менен да үндөшөт жана өтө актуалдуу.
Университеттин эң чоң структуралык бөлүгү болгон интеграциялоо институту иш процессинде дүйнөлүк билим берүү жаатында болуп жаткан баардык жаңы көрүнүштөргө, өзгөрүүлөргө ыкчам реакция жасоого аракет кылат. Биздин институт эл аралык билим берүү проблемаларын интеграциялоо жолу менен билим берүү системасын өнүктүрүү жана аларды биздин өлкөнүн шарттарына ылайыкташтыруу максатында ачылган. Адистерди даярдоо өзгөчөлүгүнө ылайык эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институт (ИИМОП) чет өлкөлүк окуу жайлары менен тыгыз байланышта (Фанциянын Гренобаль университети, Испаниянын Мадрид университети, Япониянын Кокушикан университети, Кытайдын Анышан университети ж.б.). Институттун ишмердүүлүгүнүн негизги багыты билимди экспорттоо. ИИМОПто азыркы учурда Кытай, Иран, Түркия, Афганистан, Түркмөнстан, Казакстан жана Россиядан 300дөн ашык студенттер жана угуучулар окушат.
Институттун окуу процессин уюштуруунун негизги прогрессивдүү деп эсептелген кредит-саат системасы түзөт, бул болсо студенттердин чет өлкөдө билим алуусун улантуусуна ыңгайлуу шарт түзөт. Ишти мындай жүргүзүү бүт дүйнөдө тааныла турган билим берүү жөнүндө документке ээ болуу мүмкүнчүлүгүн берет. Окуу процессинде окутуучунун катышуусуз студенттин билимин баалоо, академиялык тазалык принцибин натыйжалуу жүзөгө ашырууну шарттап, коррупциялык көрүнүштөрдү алдын-алууга жана аларды жок кылууга шарт түзөт.
Билим берүү жана тарбиялоо ишиндеги жогорку сапаттын камсыз кылынышы биздин институттун илимий - педагогикалык жамаатынын эң башкы милдеттеринин бири катары эсептелет жана студенттин өз алдынча билим алуусуна, калыптануусуна, толук жетилүүсүнө эки тараптуу, үзгүлтүксүз процесстин жемиши катары каралат. Бул максатта бүгүнкү күндө биздин институтта студенттик сенат, SIFE командасы, экологиялык ийрим, шайырлар жана тапкычтар (КВН) клубу ийгиликтүү иштөөдө.
ІҮч миңден турган жамаат, профессорлор, доценттер, окутуучулар жана студенттердин курамы, биздин институт толугу менен бул жаңылануу багытындагы Президентибиз К.С.Бакиевдин көз караштарын, көрсөтмөлөрүн колдойбуз жана студенттерди тарбиялоо жана билим берүү процессинде ал айтылгандарды иш жүзүнө ашыруу үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз.
Ү.Б.КУЛТАЕВА,
Мамлекеттик тил боюнча проректор, профессор
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жаңылануу багытында мамлекеттин келечегин аныктоонун бир белгиси катары Кыргызстан "кыргыз тили дүйнөдөгү жаңылыктарды сиңирүү менен байыган жана мамлекеттик тил катары таанылган өлкө" болууга
тийиш экендиги айтылган. Дал ушул багытта биздин Улуттук университетте жасалып жаткан иштер өлкө башчыбыздын идеологиялык саресебине төп келет. Тактап айтканда, университетте ректораттын жаңы курамы түзүлгөндөн баштап расмий жыйындар, кеңешме, Окумуштуулар Кеңеши кыргыз тилинде өтүлө баштады. КРнын "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамын иш жүзүнө ашыруу максатында кыргыз тилин үйрөнүү үчүн бөлүнгөн сааттардын көлөмүн бардык структураларда 340 саатка жеткирүү үчүн Окуу-методикалык кеңеши 2008-жылдын 24-декабрында чечим кабыл алып, анын негизинде окутуучулардын окуу жүгү көбөйдү. Университет боюнча 27 кишиден турган Мамлекеттик тил комиссиясы түзүлүп, анын ар бир мүчөсү өзүнүн иш ордунда кыргыз тилинин мамлекеттик статусун камсыз кылуу багытында үзүрлүү эмгектенип жатышат.
Улуттук университеттеги дагы бир маанилүү жаңылануу жаралды. Ал окуу жайдын алдында "Эне тилим" коомдук фондунун түзүлүшү менен байланыштуу. Премьер-министр И.В.Чудинов баш болгон эр азаматтардын колдоосу менен биздин окуу жайда өткөн "Элдин өмүрү - анын тилинде" аттуу марафонго түшкөн каражат азыр студенттер үчүн биздин окумуштуулар тарабынан жазылган окуу китептерин басмадан чыгарууга жумшалууда. Кудай буйруса, эми биз коомчулуктун колдоосуна ээ болгон өзүбүздүн идеядан жаралган "Эне тилим" фондусу аркылуу студенттердин окуу китептери боюнча жеке илимий фондубузду түзө алабыз. Бул чоң рухий байлык эмеспи.
Аталган интеллектуалдык казына биринчиден, биздин окумуштууларыбызды моралдык жактан колдоого, экинчиден, студенттердин кыргыз тилиндеги билим сапатын көтөрүүгө түздөн-түз жардам берет. Азыркы учурда кыргыз тилин предмет катары окутууга жаңы илимий-практикалык мамиле жасала баштады. Ар бир адистикке карата өзгөчө программаларды иштеп чыгуу маселеси колго алынды. Ошондуктан да бардык структуралык бөлүмдөрдө кыргыз тили кабинетин түзүү багытында кызуу иш жүрүп жатат. Аткарып жаткан бул иштердин баары биздин өлкө башчыбыздын идеологиясын турмушка ашырууда аны менен бирге экендигибиздин далили экендигинде шек жок.
К.М.СМАНАЛИЕВ,
укуктук жана администра-тивдик иштер боюнча проректор, профессор
КУУнун өнүгүшү көпчүлүк учурда профессордук-окутуучулук составды, окуу-көмөкчү жана кызмат көрсөтүү персоналын тандоого, алардын иштеринин квалификациясынын деңгээлине, сапатына байланыштуу болот.Улуттук университеттин кадрдык составын жабдылоо процесси салт боюнча алардын өнүгүү перспективаларын эсепке алуу менен ишке ашат. Бүгүнкү күндө Улуттук университет Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамынын жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун Уставынын талаптарына ылайык кадрларды тандоо системасын жакшыртуу жолу менен бара жатат.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиевдин "Жаңылануу багытына" ылайык университетте кызматтарга дайындоо процедурасын жана кадр тандоо системасын комплекстүү жакшыртуу зарыл. Президент тарабынан функцияларды, полномочиелерин (ыйгаруумдулуктарды) бөлүштүрүүнү жана коомдук көзөмөлдү күчөтүү аркылуу билим берүү жаатында билим берүүнү башкарууну реформалоодо өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды. Бул сунуш ар кандай терс көрүнүштөрдөн , айрыкча коррупция менен натыйжалуу күрөшүүдө жардам берет, анткени натыйжасыз башкаруу, болгон бийлик полномочиелерин (ыйгарымдарынын) бир гана жетекчинин колунда болушу мурунку жетекчиликтин учурунда өтө терс көрүнүштөргө алып келген.
Кызматка коюуда биз талапкерлердин иш билгилик, чынчылдык жана тазалык сыяктуу сапаттарын жетекчиликке алабыз, ушуга байланыштуу кадрларды тандоонун критерийи катары улуттук, диндик, жыныстык, ошондой эле жердешчилик белгилерин карабайбыз. Бул Кыргыз Республикасынын атуулунун конституциялык укугун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Ишке кабыл алууда окумуштуулук даражасы, илимий наамы бар окутуучулар чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Бул КУУдагы бүтүндөй билим берүүнүн сапатын камсыз кылат. Маселен, 2008-2009-окуу жылында 2007-2008-окуу жылына караганда илимдин докторлорунун саны жетиге өскөн.
Азыркы учурда университеттин жамааты тарабынан "Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жөнүндө" Мыйзамынын долбоору иштелип чыгып, КУУнун Окумуштуулар кеңешинде жактырылган. Бул мыйзамдын мааниси улуттук ЖОЖдун статусун, айрыкча анын автономиялуулугун белгилеген Республикадагы алгачкы нормативдик акт болгондугу менен түшүндүрүлөт. Аталган Мыйзамдын долбоору жогорку билимдин жана фундаменталдуу илимий изилдөөлөрдүн биримдигинин негизинде иш алып барган, улуттук билим берүү системасынын лидери катары улуттук университеттин өнүгүшүнө жана чыңдалышына багытталган. Мыйзамдын долбооруна ылайык приоритеттүү маселелер катары Кыргыз Республикасын жогорку квалификациялуу кадрларга болгон муктаждыгын, Ата Мекендик илим, билим берүү, экономика ж.б. конкурентүүлүккө жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп эсептелет. Улуттук университеттин жетекчилиги талап кылынуучу квалификацияларга ылайык кесип, адистиктердин бардык ишмердүүлүктөрүнүн багытында жогорку квалификациялуу адистер менен камсыз кылуу максатында иштерди жүргүзүп, кадрлар менен иштөөнүн методдорун, формаларын жакшыртуунун натыйжалуу чараларын көрүүдө.
И.АТАНТАЕВ,
финансы чарба ишкердиги боюнча проректор, профессор
Президентибиз Курманбек Бакиев аныктап кеткен Жаңылануу багытында, билим берүү тармагындагы муктаждыктарды канааттандыруу - бул билим берүү сапатынын көтөрүлүшү деп билебиз. Албетте, бул маселенин убагында алгылыктуу чечилүүсү, биринчиден, жогорку окуу жайларында квалификациялуу профессор-окутуучулар, окумуштуулардын бийик деңгээлдеги профессионалдык курамын тузүү, экинчиден, жогорку окуу жайында прогрессивдүү материалдык-техникалык, заманбап маалымат-технологиялык жана окуу-методикалык каражаттарды даярдоого байланыштуу эмеспи. Бул иш-чараларды убагында толук кандуу чечүү негизи - финансылык булактарды таап, андан чогулган каражатты айкын, профессионалдык деңгээлде, максаттуу багыттарга оптималдуу чыгымдоодо турат. Айтылган маселени рационалдуу ишке ашыруу иретинде Улуттук университетибизде максаттуу маселелер аныкталууда. Атап айтсак:
- окутуучулар, профессор, илимпоздор курамынын эмгек маянасын жогорулатуу, алардын демилгелүү жоопкерчиликте иштөөсүнө моралдык, материалдык мотивацияларды түзүү жана акыйкаттыкта ыйгаруу механизмин иштеп чыгуу;
- университеттин структуралык бөлүмдөрүнүн (институт, борбор, факультеттер) финансылык каражат табуу системасын көтөрүү демилгесин шарттоо, атаандашуу маселесин байытуу;
- студенттерди, аспиранттарды, докторанттарды окуу, билим алуу, илимий изилдөө багыттарына ар тараптуу көмөк көргөзүү жана заманбап материалдык-техникалык база түзүү.
Көрсөтүлгөн багыттарда жасалып жаткан иштерге, өзгөчө финансылык каражат булактарын (грант, инвестиция) табууда мисал кылып Евразиялык инновациялык институтунун, Конфуция институтунун, Кыргыз-Кытай билим берүү борборунун жана Эл аралык программаларды интеграциялоо институтунун жасап жатышкан мактоого татырлык жумуштарын белгилеп кетсек болот.
А.М.ЖУРАЕВ,
илим жана жаңылануу боюнча проректор, профессор
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети билим берүү бор-бору гана болбой илим-изилдөө борбору катарында да белгилүү. Бүгүнкү күндө университете 439 илимдин докторлору жана кандидаттары, 2 академик жана 9 УИАнын мүчө-корреспонденти эмгектенишет. Университеттин демилгеси менен саясый окуяларга жана белгилүү даталарга арналган илимий-практикалык конференциялар, форумдар өткөрүлүп жатат.
2009-жылдын 10-февралында "Жогорку билим берүү системасындагы коррупцияга каршы күрөшүү: эффективдүү жолдорду издөө" темасында республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Мамлекеттик тил мыйзамына 20 жылдык майрамына арналган илимий-практикалык конференция 20-февралда болуп өттү. Бул жыйындын негизги максаты кыргыз тилинин азыркы абалы жана аны өнүктүрүүнүн жолдорун изилдөө болду.
КМШ өлкөлөрүндө өткөрүлгөн Адабият жылына жана Ч.Айтматовдун 80 жылдык юбилейине арналган эл аралык Форум 25-28 февраль күндөрү Бишкек шаарында өткөрүлдү. Форумдун катышуучуларынын Кыргыз улуттук университетинин жамааты менен болгон жолугушуусунда "Дружба народов" журналынын башкы редактору А.Л.Эбаноидзеге "Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу доктору" наамы ыйгарылды.
Кыргыз улуттук университетинин ректору А.А.Бекбалаев, Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрайымынын милдетин аткаруучу Ж.Түмөн-баева, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри А.И.Мусаев катышкан 12-мартта уюштурулган тегерек стол Кыргызстанда жашаган улуттардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Президентибиз К.С.Бакиевдин Жаңылануу багытында илимди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Биздин университетибизде бул багытта чыныгы фундаменталдык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.
В.Д.АСАНОВ,
эл аралык кызматташтык жана инвестициялар боюнча проректор, профессор
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин дүйнөлүк билим берүү алкагына интеграциялоо максатында көптөгөн чет өлкөлүк университеттер менен билим берүү, илим жаатында эл аралык кызматташтыктын өнүгүшүнө кызыкчылыгы бар.
Эл аралык кызматташтык жана инвестиция департаментинин ишмердүүлүгүнүн негизги максаты эл аралык билим берүү программаларга интеграциялоо жолу менен эл арлык кызматташтыкты ишке ашыруу, КУУнун академиялык жана илимий ишмердүүлүгүн ишке ашыруу үчүн чет өлкөлүк инвестицияларды жана гранттарды тартуу болуп саналат. Департамент чет өлкөлүк министерстволор, ведомстволор, уюмдар жана фирмалар, Кыргызстанда аккредитцияланган эл аралык уюмдардын секретариаттары, чет өлкөлүк элчиликтер жана өкүлчүлүктөр менен бирдиктүү иш-аракеттерди жүзөгө ашырып келүүдө.
КУУнун эл арлык кызматташтыгынын приоритетүү багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
Ё КУУнун билим берүүнүн сапатын жана илимий-билим берүү потенциялын жогорулатууда эл аралык тажрыйбаны колдонуу;
Ё Студенттерди, окутуучуларды жана илимий-педагогикалык кадрларды алмашууларды активдештирүү аркылуу эл аралык байланыштарды кеңейтүү;
Ё билим берүү кызматтарын чет өлкөгө экспорттоо;
Ё КУУда окуу үчүн чет өлкөлүктөрдү тартуу;
Ё Конкреттүү өлкөлөр, аймактар, эл аралык уюмдар менен билим берүү жана илимий-техникалык байланыштарды өнүктүрүү жана алардын негизинде кызматташтыктын эл аралык программаларын жана долбоорлорун калыптандыруу;
Ё Эл аралык билим берүү жана маалыматтык алкактын системасына кирүү.