, 01.05.09 - 14-бет:
  ийгилик

Кыргыз алтыны Кыргызстандын келечегине кызмат кылат
Жаңы макулдашуу боюнча "Кумтөрдөн" Кыргызстанга 3,432 млн. доллар киреше түшөт
Республикабыздын Өкмөтү "Камеко" корпорациясына кирген "Кумтөр Голд Компани", "Кумтөр оперейтинг Компани" жабык акционердик коомдорунун, "Центерра Голд Инк." компаниясынын жетекчилери менен акыркы бир жарым жылдай убакыттан бери жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдү аяктап, ушул жылдын 24-апрелинде Кумтөр алтын кени боюнча жаңы макулдашууга жетишишти. Макулдашуу кечээ Жогорку Кеңеште ратификацияланып, ал боюнча мыйзам долбоору өлкөбүздүн Президенти Курманбек Бакиевдин кароосуна жөнөтүлдү.
Мында, албетте, жаңы макулдашуу мурдагылардан эмнеси менен айырмаланат? Бизге эмнелерди берет? деген мыйзам ченемдүү суроолор пайда болбой койбойт. Ал үчүн адегенде бир аз артка кылчайып, Кумтөр алтын кенин биргелешип иштетүү жөнүндөгү долбоордун ишке ашырылуусуна аз болсо да токтоло кетүүбүз керек.
Кылымдын долбоору кантип кылымдын аферасына айланган?
1992-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү борбордук участкадагы жалпы кору 716,21 тоннага барабар Кумтөр алтын кенин иштетүү жөнүндө канадалык "Камеко" корпорациясы менен Башкы макулдашууга кол коюп, макулдашууну ишке ашыруу үчүн ошол эле жылы биргелешкен "Кумтөр Голд Компани" ишканасы түзүлгөн. Ал эми 1994-жылы республиканын Өкмөтү тарабынан Башкы макулдашуунун акыркы варианты жана долбоордун техникалык экономикалык негиздөөчү документи бекитилип, дүйнөдөгү эң ири он алтын кенине кирген Кумтөрдү өздөштүрүү боюнча инфраструктураларды түзүү, курулуш иштери башталган. Ал убактагы Башкы макулдашууга ылайык Кыргызстандын долбоордогу үлүшү 66,67%, "Кумтөр Голд Компаниники" 33,33% болгон.
Долбоордун түздөн-түз алтын өндүрүүгө киришкенге чейинки чыгымы 452 млн. долларга бааланып, ал максатта "Кумтөр Голд Компани" тарабынан чет өлкөлүк банктардан 392,4 млн. доллар кредит алынган. Макулдашуунун шарттарына ылайык, компания жол, кошумча нарк салыктарынан, жердин ижара акысынан, социалдык жана пенсиялык фондуларга, Ысык-Көл облусун социалдык өнүктүрүү фондусуна чегерүүлөрдөн башка салыктардын, төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн беш жылга бошотулган.
Кумтөр түздөн-түз иштетиле баштагандан тартып, же 1997-2007-жылдардын ичинде андай кендерден кошумча продукция катарында алынчу күмүш, платина, жез сыяктуу ж.б. баалуу металлдардан сырткары 191,05 тонна, же 6142 унций алтын өндүрүлүп сатылды (жалпы өздөштүрүлүп, өндүрүлгөн алтындын көлөмү 2008-жылдын 1-январына карата 261,2 тонна, же 8398 унций, сатылбай тургандары да бар), аны сатуудан "Камеконун" алдындагы компаниялар 2 млрд. 200 млн. 500 миң доллар киреше алышты, андан, ага "Камеконун" 1992-жылдан бери Кыргызстанда жүргүзгөн иштерине салынган салыктарды кошкондо республиканын бюджетине 170 млн. 396,9 миң доллар, же сатылган алтындын ар унцийинен 6,4%дан салык түштү. Ал эми кошумча нарк салыгына, социалдык фондуга, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна, айлана-чөйрөнүн булгангандыгына чегерүүлөрдү, дивиденддик төлөмдөрдү, Кыргызстандын үлүшүндөгү акциялардын бир бөлүгүн сатуудан түшкөндөрдү кошкондо Кыргызстанга 383 млн. 925,8 миң долларлык киреше киргизилди. Же жалпысынан Кумтөрдө өндүрүлүп, сатылган алтындан (жалпы өндүрүлгөн эмес, бул жерде сатылгандары жөнүндө гана) алынган кирешенин долбоор боюнча алгачкы макулдашууда көрсөтүлгөндөй 66,67%дын ордуна жетиден бир бөлүгүндөйү гана республикабызга түштү. Ал эмнеликтен болду?
Мурдагы бийликтин тушунда 1994-жылы түзүлгөн макулдашуу жашыруун жана ачык түрдө бир нече жолу кайра каралып, ар кандай шылтоолор менен Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшү азайып жүрүп отуруп, 2004-жылга карата туптуура 33%га түшүп калган болчу. Аны да көп болуп кетти дешкенби, же анын артында конкреттүү жетекчилердин конкреттүү кызыкчылыктары болгонбу, айтор, республикабыздын Өкмөтү 2003-жылдын 31-декабрында Кумтөр долбоорун реструктуризациялоо жөнүндө токтом чыгарып, анын негизинде Кыргызстандын долбоордогу акцияларынын 17,34%ы "Камекого" 86 млн. долларга сатылып кеткен. Андай чаралардын бардыгы республикабыздын кызыкчылыгына каршы келген афёралардан экендиги жөнүндө өз убагында көп айтылган, жазылган, андай көз караштардын туура экендигин мезгил ырастады. Жогорку Кеңештин вице-спикери Кубанычбек Исабеков жадабай кайталап келаткандай, Кыргызстандын кызыкчылыгын сатып, республикабыздын экономикасына 100 миллиондогон долларлык зыян келтирген андай мамлекеттик чиновниктер азыр сот алдында жооп беришсе туура болмок.

2006-жылдан берки абалды оңдоо боюнча аракеттер
Республиканын геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматтарына ылайык, 2009-жылдын 1-январына карата Кумтөрдөгү алтындын чалгындалып, такталган 716,21 тонна корунун 261,2 тоннасы өздөштүрүлүп алынды, дагы 20 жылдай иштетүүгө боло турган 455,0 тонналык кору калды. Эгерде кенди иштетүү учурунда Макмалдагыдай болуп жердин үстүңкү кыртышына жакын катмарлардан же Түштүк Африкадагы кендердегидей жердин тереңдеги бөлүктөрүнөн алтындын чалгындала элек жаңы тилкелери табылып кала турган болсо, андан да көп убакыттарга созулуп кетүүсү мүмкүн. Бирок, биз үчүн кендин канча убакытка иштетиле тургандыгы эмес, андан республикабызга реалдуу канча киреше түшө тургандыгы маанилүү экендиги шексиз.
2005-жылдагы элдик революциядан бери өлкөбүздүн жаңы бийлиги Кумтөрдөгү мурда жоготулган (мүмкүн тымызындан сатылган) позициябызды ордуна келтирип, салыктарды, төлөмдөрдү кайра карап, долбоордогу үлүштөрүбүздү, алардын негиздеринде республикабызга түшүүчү кирешелерди көбөйтүү боюнча "Камеконун" жетекчилери менен активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди. Сүйлөшүүлөр жеңил болгон жок. Ким эле өзүнүн менчигине өтүп, кирешесин көбөйтүп жатканды башкалар менен бөлүшкүсү келсин.
Биздин Өкмөттүн алдында республикабыздын Кумтөр боюнча кызыкчылыгын толук болбосо да жарым-жартылай болсо да ордуна келтирип, "Камеконун" компаниялары менен пикир келишпестиктерди жөнгө салуунун төмөндөгүдөй үч жолу бар болчу: биринчиси, талаш-тартыштарды эл аралык арбитраждык сот аркылуу чечүү. Ал жолду тандап алсак, эң кеминде беш-алты жылга, мүмкүн андан да көпкө созула турган татаал процесске кирмекпиз. Андан утуп чыгуубуз да кыйын эле. Анткени, макулдашуулардын, келишимдердин бардыгына мурдагы Өкмөт башчыларыбыз кол коюшкан, акцияларды да ыктыярыбыз менен сатканбыз. Экинчиси, улутташтыруу болчу. Мүмкүн, элдик революция ишке ашкандан көп убакыт өтө электе Кумтөрдү улутташтырып жиберсе болмок. Бирок, анда бизге чет элдик бир инвестор келмек эмес. Үчүнчүсү, сүйлөшүүлөр, эки тараптуу компромисттер аркылуу позицияларды жакындатып, акыры эки тарапты тең канааттандырган бир бүтүмгө келүү эле. Биздин бийлик мына ушул үчүнчү жолду тандап алып, 2009-жылдан бери "Камеконун" компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандын позициясын чыңдаган аралыктык консенсустарга жетишип жүрүп отуруп, акырында 2009-жылдын 24-апрелинде азыр биз сөз кылып жаткан макулдашууга кол койду.

Атамбаевдин макулдашуусунун алешемдиктери эмнеде эле?
"Камеконун" компанияларынын жетекчилери менен 2006-жылы Кумтөр алтын кенинен Кыргызстанга алык-салыктардын ж.б. төлөмдөрдүн түшүүсүнүн, акциялардагы республикабыздын үлүштөрүн көбөйтүү боюнча меморандум кабыл алынып, анын негизинде 2007-жылы эки тараптуу макулдашууга кол коюлган. Анда Кыргызстан Кумтөр долбоорунан 2008-жылга чейин бардыгы болуп 383 млн. 926 миң сом киреше алса, мындан ары карьерди иштетүү аяктаганга чейин орто эсеп менен дүң кирешенин салыктарынан 1 млрд. 487 млн. 200 миң, кирешеге жараша салынчу салыктан, социалдык фондуга чегерүүлөрдөн, бажылык ж.б. жыйым төлөмдөрдөн 138 млн. 780 миң , акцияларды сатуудан 880 млн. 119 миң, же бардыгы болуп 2 млрд. 506 млн. 099 миң доллар киреше ала тургандыгы көрсөтүлгөн. Анда "Кумтөр Голдинг Компани", "Кумтөр Оперейтинг Компани" акционердик коомдорунун ишкердүүлүктөрүнүн бардык чөйрөлөрүнө Кыргызстанда колдонулчу салыктардын, төлөмдөрдүн максималдык өлчөмдөрү киргизилген менен бирок андан кыйыр салыктар, жыйымдар, мамлекеттик органдарга төлөмдөр, чарбалык келишимдер боюнча пошлиналар чыгарылып салуусу керек деген пункт кошулуп калгандыктан, Кумтөрдөн алык-салыктардын реалдуу түшүүсү Салык кодексиндеги көрсөтүлгөндөн да азайып кеткен. Алсак, Салык кодексиндеги нормаларга ылайык 2007-жылы Кумтөрдөн 53 млн. 150,3 миң доллар алык-салыктар өндүрүлүүгө тийиш болсо, Макулдашуудагы жаңылыштыктан улам 50 млн. 741,2 миң доллар гана түшүрүлгөн.
2007-жылдагы Макулдашууда Кыргызстандын үлүшүндөгү акциялардын санын 66 174 389 даанага жеткирүү гана каралган болчу. Мындай жаңылыштыкты оңдоп, "Камеконун" компаниялары менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы раундун баштоо үчүн Премьер-министрдин 2008-жылдын 13-мартындагы буйругу менен атайын ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн болчу.

Жаңы Макулдашуунун артыкчылыктары
Н.Танаевдин Өкмөтүнүн 2003-жылдын 31-декабрындагы токтомунан кийин Кыргызстандын Кумтөр долбоорундагы акцияларынын көлөмү кескин азайып, 15,56%га түшүп, жалпы саны 33 869 151 болуп калса, Макулдашуу күчүнө киргенден кийин республикабызга "Камеко" 25 300 000 акциясын акысыз өткөрүп берет. "Центерра" Кыргызстандын пайдасына жаңыдан 18 232 615 акция чыгарат. Ошондо республикабыздын Кумтөр долбоорунун акцияларындагы үлүшү 77 401 766 даанага же 33%га жетет. Эгерде, ал акцияларды бир даанасын 13,3 доллар деген азыркы курс менен бааласак, алардын жалпы акчалай суммасы 1 млрд. 029 млн. 443,5 миң долларды түзөт. Бирок, дүйнөдө азыркыдай финансылык-экономикалык кризистер тереңдеп, көпчүлүк өлкөлөрдүн улуттук валюталары девальвацияга учурай бере турган болсо, алтындын баасы азыркыдан да жогорулоосу, ага жараша ар акциянын баасы эки эсеге чейин, мүмкүн андан да ашык кымбаттоосу да ыктымал.
Макулдашууга ылайык долбоор үчүн жаңы салыктык эреже да киргизилип, аймактык фонду түзүлдү. Концессиялык аянттын көлөмү лицен-зиялык геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн аянтка чейин кеңейтилди. Бул деген "Камекого" алтын өндүрүү менен гана чектелбестен, лицензияланган аянттын чегинде өз алдынча геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эгерде жаңы кен табылса, ал боюнча жаңы келишим түзүлүп, иштетилет.
Жаңы салыктык эрежеге ылайык, 2026-жылга чейин КНСнан, сатылуу, кирешеден алынчу салыктардан ж.б. жыйым төлөмдөрдөн республикабызга орто эсеп менен 306 млн. 180 миң доллар киреше киргизилет. Эгерде, алтындын ар унцийинин баасы 800 доллардан кемибей (азыр 900 доллардай) турса дүң кирешеге салынчу 13%дык салыктан 1 млрд. 487 млн. 200 миң доллар түшүрүлөт. Ысык-Көл фондусуна 114 млн. 400 миң, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетине 457 млн. 600 миң доллар чегерилет. Же жалпысынан Кумтөрдөгү алтындын аныкталып, такталган корун өндүрүп, иштетүүдөн эле Кыргызстанга 3 млрд. 432 млн. доллар киреше киргизилгени жатат. Мындан сырткары Макулдашуу күчүнө кирер замат "Кумтөр Голд Компани" ишканасы Кыргызстанга 22 млн. 442 921 доллар төлөп берип, Өкмөттү 2006-жылдын 7-декабрындагы келишимге ылайык 4,4 млн. долларды төлөөдөн бошотот.
Бир сөз менен жыйынтыктап, ток этерин айтканда 2008-жылга чейин Кыргызстан Кумтөрдөн өндүрүлүп, сатылган алтындан түшкөн кирешенин 6,4 пайызына гана ээ болуп келсе, жаңы макулдашууга ылайык өндүрүлгөн дүң продукциянын баасынын 21 пайызын ала баштайт. Бул деген мурдагыга салыштырганда Кумтөрдөн республикабызга түшүүчү кирешелердин көлөмү үч эседен ашыкка көбөйөт дегенди билдирет.
Республикабыздын Долбоорду ишке ашырууга катышкан жарандарына эмгек акы төлөө бийик тоолордун коэффициенттерин эсепке алуу менен жүргүзүлөт. Республиканын "Центерранын" директорлор кеңешиндеги өкүлдөрү эки адамга көбөйтүлөт. "Кумтөр Голд Компанинин" рекультивациялоонун трасттык фондудагы каражаттары республикабыздын банктарында гана сакталат. Эң негизгиси, "Камеконун" компаниялары эл аралык арбитраж аркылуу Өкмөтүбүзгө койгон дооматтарын алып ташташат. "Камеконун" жогоруда аталган эки компаниясына КРнын Өкмөтүнүн макулдугусуз акцияларды жана активдерди сатууга тыюу салынат.
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"