Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0501_24.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0501_24.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0501_24.htm on line 2


п»ї
  Кыргыз жазуучуларынын турмушунан

Уруш-чаактын тукуму
Үч-төрт жазуучу өз ара сүйлөшүп олтуруп, бири: "Менин атам ырчы эле, ошон үчүн жазуучу болуп калдым",-десе бирөө: "Менин чоң энем жомокчу эле, ошон үчүн жазуучу болуп калдым" - деп, айтор түпкүлүгүндө баарынын тең эле ата-теги өнөрпоз болуп чыга келет. Анда сынчы Каныбек Эдилбаев: "Менин атам айылдагы эң урушчаак киши эле, ошон үчүн сынчы болуп калдым",- деп кыйытыптыр дейт.

Эгер мен...
Совет доорунда партиянын облустук комитетинде иштеген айрым бирөөлөр өзүн кийин эле "кудаа (кудай) эмес, бирок, кудаадан жудаа эмес..." деп эсептеген кездер өтпөдүбү. Ошондо обкомдо иштеп калган бир жолдошу, акын ыраматылык Курбанбай Калдыбаевге кезигип калып, мындай дейт:
- Ээй Курбанбай, сени ырчы дейби? Эгер ырчы болсоң, ушу азыр бир мени мактап ырдачы!,-деген экен.
Анда Кукеңдин жообу:
"Сиңе турган жерге куят сууну да,
Бутай турган кезде бутайт бак-шакты.
Эгерде мен акын болбой ит болсом,
Каап алмакмын сага окшогон акмакты!.."

Көзүңө карап сүйлө...
Рамис акын көкүрөгүм дайым жаш болсун дейби, айтор жаштар менен өлө ирик. Тамашасы да катуу. Бир жолу Алик Акималиев кайрылат: -Раке, сиздин "Эки жөжө" деген китебиңиз чыкты ээ?
- Ооба.
- Менин "Бала мышык" деген китебим чыкты. Ошол эси жогум сиздин "Эки жөжөңүздү" жеп коюп жүрбөсүн, ыя?
Ракең ошол жерден эле Аликти кууп жөнөйт. Бир топ беделдүү жазуучулар ортого түшүп жатып токтотсо, Ракең Аликке карап опурулат дейт: " Ээй бала, көзүңө карап сүйлө. Эки жөжө ким экенин сен билесиңби? Анын бирөө-Маркс болсо, бирөө -Энгельс!"

Ракеңдин көрөгөчтүгү
Бир жаш акын ажатканага койчу кагаз алып келатса Ракең сурайт:
- Муну эмне кыласың?
- Жарыктык десе, керек го?..
- Жок, жакында аныңын кереги тийбей калат,-дейт Ракем. -Көрдүңбү азыр эле жегенге эч нерсе калбай баратат. Жакында биз периштелер сыяктуу эле нур менен тамактанганга өтөбүз.




Азилсиз акын болобу?..
Акын Ашыралы: " Жаш элек шайыр шаттанган" деп ырдагандай ал ажайып курактын өз романтикасы, апсундуу дүйнөсү болот турбайбы. Бир кезде адабият майданына батыл ат салып кирген менин жандай көргөн калемдеш, сырдаштарым Мурзанын, Орозбайдын, Жолондун, Турардын, Амандын, Ишенбайдын, Салижандын, Каныбектин, Кудайбергендин, Табылды менен Курбанаалынын көздөрү өткөнгө кыйла убакыт болуп баратат.
Ырас, акындын өзү менен жакын тааныш, жакшы мамиледе болгондордо азыноолак эске аларлык окуялар калат. Ал эми, Кудайдын куттуу күнү көрүшүп, тамаша менен чер тарап, олтурган жерди азил-зооктун чордонуна айланткан учурлар азыр да көркөм тасмадай көз алдыга тартылат.
Турар Кожомбердиев таланттуу акындыгы менен катар жоро жолдошторунун жосунсуз жоруктарын мазактаган күйдүргү азилдерин жаратып, аны айтып бергенде аябай ырахаттанып күлө турган. Акындын ашкере марттыгын билген бир топ шумпайлар түшкү тамактанууга жөнөгөндө шып этип чыга калышчу. Анын бири: -Туке, гарнир эле аперсең болду,-дейт. Анда адамдын пилиндей болгон залкар көкүрөгүн жагжайтып:-Ата көрү, элдерден дүйнөгө таанылган Гаринчилер чыгат да (бразилиялык футболист), бизден өз курсагын тойгуза албаган гарнирчи чыкканына кантип күйбөйсүң,-деп күлдүрчү.
Дагы бир шарапкор калемдеши кайдан-жайдан пайда боло калып:-Айланайын Туке, каным катып, өлгөнү турам, соопко кала көр-бир эле стакан вино,-дейт. Анда Тукең:-Башка элдерден атагы алыска кеткен Мустай Каримдер чыгат. Атакөрү, бизден болсо чөнтөгүндө бир тыйыны жок Пустой Каримдин чыкканына күйөсүң да!,-деп тамашасына карк болуп дагы күлөт...
Дегиңкиси Турар импровизация дегенди жакшы көрчү. Редакцияда уюштурган шахматтык турнирлер учурунда ар кандай шарждарды жазуу менен Рамис, Жоробек сыяктуу досторунун айтыштарын да уюштуруп жиберчү.
Экспромт, импровизация акындык өнөргө таандык атрибуттардын бири болгондуктан, Тукеңдин өзү да айрым курбалдаштарынын быкыйын чукуган азил ырларды чыгара койчу. Ага чычалашканы менен же таланты, же күчү жагынан бул дөөгө чендешпегендиктен шалпыйып олтурууга аргасыз болушчу. Ошондой куйкум саптуу, курчу-мурчу аралаш азил ырынын бири калпты көзүнө карабай ышкырта турган үч жолдошуна арналган эле. Анын мындай саптары менин эсимде калыптыр:

Боз жоргодой айдаткан,
Боз торгойдой сайраткан.
Кубан, Капар,
Бердигул,
Коё бердик Маймактан.
Үстү-башы чаң баскан,
Үмүт үзбөй таймаштан,
Үчөө келет талбастан.

Такыр баштан май
чыгып,
Майлык менен
аарчынып.
Бердигулду, Капарды,
Улам артка калтырып.
Калп байгеде Кубаның,
Келет жанды карч уруп.

Эркин-Сайы, Жайылы,
Бердигулдун айылы.
Желип-жорткон күлүгүн,
Жердештери тааныды.
Сүрөөн-чууну укканда,
Арбыйт анын арымы.
Келекеге кабыла,
Келди Капар арына.
Жөө Мамыттай күч алды,
Жеткен сымал табына.
"Күлүктөр" мындай кыргызда,
Күндө бербейт чабыла.
Күндө бербейт табыла!

Узак чыгып теңдештен,
Утуу максат мелдештен.
Тыйтыгы куруп калса да,
Тынуу кайда жеңбестен?!
Ак-Сууга араң жетишти,
Алка-шалка тердешкен.

Көргөндө пивокананы,
Үчөөнүн жарк дейт кабагы.
Баш байгени алгандай,
Басып жыгач "сабаны".
Улам банке жаңыртып,
Унутушту мараны...

Азил ырда каармандарга мүнөздүү жосунсуз жорук гана ашкереленбестен, аны жеткирүүнүн сюжеттик тоому да табылган. Бул үчүн кайнакай акындык фантазия керек болчу. Чоң талант ушуга да кайдыгер караган эмес...
Ильгиз Гилязетдинов





Ташка тамга баскан сөздөр
"Делевойду деле гой!"
Жаныбек Өмүралиев
"Уяткарам деп улууну какпа,
Укпайт деп сөздү,
кичүүнү чаппа.
Эки муунга тең,
адамгерчилигиң менен жак да"
Гүлжамила Шакирова
"Алайын десем көмүр кымбат,
албайын десем өмүр кымбат"
Дүйшөн Жапаров
"Күндө туусам күндө жок,
Күндө гезит жеп коёт"
Зайырбек Ажыматов
"Бүркүтү жок асманды
айланышып,
Жортуп учат жорулар
калдайышып"
Жекшенбай Курманов
"Тоого...Дөбө ыкташып,
Маңкайып өзүн тоо сезет"
Муратбек Рысбеков

Күйдүргүлөр
Оозума жетпей...
Дүкөнгө жүдөгөн бирөө кирет, колу калчылдаганын байкаган дүкөнчү сурап калат:
- Колдоруң калтырайт, эмне бу, көп ичет окшойсуң шордуум?..
- Балекеттинби, көп ичейин деп жакшы эле чөйчөктү колума алганда ушу калтырагандын айынан колуман түшүрүп ийип, оозума жетпей төгүлүп калчу болду. Ишенбесеңиз куюп берип көрсөңүз,-деп турат дейт ыктытып коюп.
Итиңиз эле болуп алайынчы?..
Бирөө турмуштан кыйналып,
иши да жок, иш издегенге чыгып баратса, короодо коңшу келин ыйлап олтурат дейт:
- Итим иттей ит болсочу, шампундап жууп койсом тим эле жаш баладай жаркылдап алдымда олтуруп эркелечү эле... Муздаткычта колбаса менен эттерди эми ким жейт... жупжумшак диванында шейшеби менен орду бош турганын көрүп кантип чыдайм, ичим туз куйгандай ачышып жатат...
Муну уккан алиги киши келиндин жанына келип көңүл айтканы бул дейт:
- Көп кейибеңиз, итиңиздин орду бош калбайт, каалайсызбы, сиздин итиңиз мен эле болуп берейинчи, өх-ү-ү,-деп кучактап калыптыр.
Тиш доктурда
Тиш доктурга тиши ооруган
бирөө келет. Тишинин суурулбаса болбой турганын айтканда, сурап калат:
- Бир тишимди суурутсам канча төлөйм?
- 150 сом.
- Заматта эле жулганга ушунча көп акча аласыңбы?
- Заматта болбосо көпкө созуп сууруш деле колдон келет, - дептир.

Эч ким бекер олтурбайт
Экөө жолугуп олтурганда
сүйлөшүп жатышат:
- Биздин үйдө бекер олтурган эч ким жок, баарыбыздын өзүнчө ишибиз бар.
- Кандайча?
- Аялым пианинодо, кызым комузда, балам кыякта ойнойт.
- Өзүңчү, өзүң эмне кыласың?
- Мен диванга жатып алып музыка угам.




Сокурду көргөнү...
Бир жолу Түмөнбай Байзаков чоң кызматтагы бирөөгө барса, ал көрмөксөн болуп тоотпой олтура бериптир. Кечээ эле жакын жүргөн кишинин бүгүн минтип калганына Түкөңүн ачуусу келет. Бир маалда баягы "чоң" башын көтөрүп: "Ии кел, келип калыпсың?.." десе, Түкөң: "Сени сокур болуп калды дегенинен көрөйүн деп келдим эле"-дептир.
Ким келмек эле...
Эл акыны Анатай Өмүрканов бир жолу үйүнөн чыгып баратып кулптабай унутуп кетип баратат экен. Анда жеңем: "Ай, кулптай чыксаң болбойбу"-десе, камырабай: "Ой, сенин тогузунчу кабаттагы үйүңө ким келмек эле",-деп кенебей кете бериптир.
Атантай АКПАРОВ






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
1-май, 2009-ж.:
1-бет
Биргелешкен аракет
Аралды сактап калат
2-бет
Китеп - тарбиячы жана кеңешчи
3-бет
Бул күн бүт жылга ырыскысын чачсын!
4-бет
Кышка даярдык жазда башталды
5-бет
Күндарек
6-бет
Алматы саммити
7-бет
экология
8-бет
Кыргызстан өз кызыкчылыгын коргоду, кошуналарына маселе койду
9-бет
5-май - Конституция күнү
10-бет
Улуулардын нускоосу
Чыңгыз АЙТМАТОВ
Насыят

11-бет
Талаштан тактык жаралат
12-13-бет
Кыргыз улуттук университети - билим берүүнүн негизги борбору
14-бет
Кыргыз алтыны Кыргызстандын келечегине кызмат кылат
15-бет
"Ант берген өкүлдөр институту" бизде абалтан бар
16-бет
Аалам кризисинен Кыргызстан алсырайбы же утуш менен чыгабы?
17-бет
"Жылдын мыкты айыл округу" конкурсуна
18-бет
Жарнама бөлүмүнүн телефону: 62-20-29
19-бет
Биринчи байлык-
Ден соолук

20-бет
Кесиптик билим берүүнүн келечектүү долбоору
21-бет
Жарнама бөлүмүнүн телефону: 62-20-29
22-23-бет
"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунун жыйынтыктары
24-бет
Кыргыз жазуучуларынын турмушунан










??.??