, 07.08.09 - 11-бет: Болжурова берген сынакты Мусаев келип кайта алды
Кыргыз Республикасынын Президенти К.С. БАКИЕВге,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
төрагасы А. С. ТАГАЕВге,

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Досбол НУР уулуна,
Кыргыз Республикасынын коопсуздук кеңешинин
катчысы А.К.МАДУМАРОВго,
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри А.И. МУСАЕВге
КАЙРЫЛУУ

Биз, Кыргыз Республикасынын тарыхчылар коомчулугунун негизин түзгөн тарыхчы-окумуштуулар Президентибиз Курманбек Салиевич Бакиевдин жакында эле жарыялаган Кыргызстандын билим берүү системасын реформалоо концепциясын, ошого удаалаш "Маданият" улуттук долбоорун иштеп чыгуу жөнүндөгү демилгесин чоң кубануу жана шыктануу менен кабыл алдык.
Курманбек Салиевич "Маданият" улуттук долбоорунун "Кыргыздардын мурасы жана келечек" аттуу негизги багытынын бет ачаарында сүйлөгөн сөзүндө мекенибиздин тарыхы, элибиздин мурастары азыркы учурдагы улуттук идеологиянын негизин түзүп, дүйнөдө глобалдаштыруу процесси күчөгөн кезде кыргыздардын элдүүлүгүн, уникалдуу өзгөчөлүктөрүн тастыктап, келечек өнүгүү жолубузду аныктап берерин баса белгиледи.
Эгемендүүлүктүн шартында элибиздин өзүнүн тарыхына болгон кызыгуусу күч алды. Өлкөбүздүн бардык окуу жайларында милдеттүү түрдө окутулуп жаткан Ата Мекен тарыхы сабагы элди, өзгөчө жаштарды патриоттук духта тарбиялоодо маанилүү роль ойноору белгилүү болду. Кылымдарды карыткан тарыхыбыз, ата-бабаларыбыздын терең мазмундуу мурастары улуттук идеологиянын өзөгүн түзөөрү да айкын көрүндү. Президенттин колдоосу менен Кыргызстан тарыхынын он беш томдугу даярдалууда.
2004-2005-окуу жылынан бери өлкөбүздүн бардык жогорку жана кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү КРнын билим берүү министрлигинин 2004-ж. 29-январдагы коллегиясынын чечими жана министрдин ошол жылдын 17-февралдагы буйругу менен Ата Мекен тарыхы боюнча мамлекеттик сынактарды тапшырып келди. Мамлекеттик сынак киргизүүдө дүйнө, өзгөчө КМШ өлкөлөрүнүн өздөрүнүн мекенинин тарыхынын ролун көтөрүү боюнча жүргүзгөн иш тажрыйбалары, алардын окуу жайларында да өз мекенинин тарыхына өзгөчө көңүл бурулуп, окуу жайларын бүтүрүүчүлөр ал боюнча мамлекеттик экзамендерди тапшыраары эске алынган. Ал тургай айрым мамлекеттер атуул болууну каалаган чет элдиктерге мамлекетинин тарыхы, маданияты, улуттук тили боюнча атайын түзүлгөн программалар боюнча сынактардан өтүү талаптарын коюшаары да белгилүү.
Ата Мекен тарыхы боюнча акыркы беш жылда жүргүзүлгөн мамлекеттик сынактар элибиздин тарыхынын маанисин жана аброюн көкөлөтүп, студенттердин бул предметти окуп үйрөнүү жоопкерчилигин бир кыйла жогорулатты. Ал эми КРнын билим берүү жана илим министри А.Мусаевдин 2009-2010-окуу жылынан баштап Ата Мекен тарыхы
боюнча мамлекеттик сынак токтотулсун деген 2009-ж.
6-майындагы №517/1 буйругунан кийин студенттердин бул сабакка болгон кызыгуусу кескин түрдө төмөндөгөнү
быйылкы окуу жылында жүргүзүлгөн мамлекеттик сынактардын жүрүшүндө эле ачык байкалды.
Мамлекеттик экзаменди киргизүү жана өткөрүү иштеринде кемчиликтер да орун алган. Алсак, мамлекеттик стандарт жана ага ылайык түзүлгөн окуу планы боюнча Ата Мекен тарыхын студенттер 1-же 2-курста бир семестр окушат. Мамлекеттик сынакты болсо окуу жайын бүтүрүүчү курстун аягында тапшырышат. Тарыхты окуу менен мамлекеттик сынак ортосундагы 3-4 жылдык ажырым студенттердин мамлекеттик экзамен тапшыруусунда кыйынчылыктарды жаратканы чындык. Бирок Ата Мекен тарыхы боюнча мамлекеттик сынак тапшыруу студенттердин убактысын алып, түйшүгүн күчөтүп, сынак учурунда коррупция кездешүүдө деген шылтоо менен 5 жылдан бери жүрүп аткан мамлекеттик экзаменди жоюп салуу акылга сыйбай турган чечим. Министр А.Мусаевдин бул буйрукту КРнын Жогорку Кеңешинин "Ак Жол" Элдик партиясынын фракциясынын кайрылуусуна жана каалоосуна ылайык чыгардым дегени да ишеним туудурбайт. Бул чечимдин КРнын Президенти К.С.Бакиев сунуш кылган "Маданият" улуттук долбоорунун "Кыргыздардын мурасы жана келечек" аттуу негизги багытын жүзөгө ашыруу ишине кедерги болоору шексиз.
Ата Мекенибиздин тарыхын терең окутуу жана ал боюнча мамлекеттик сынактарды чоң жоопкерчилик менен уюштуруп өткөрүүнү, бул иштеги кемчиликтерди, айрым бир негативдүү көрүнүштөрдү жоюуну Кыргыз Республикасынын тарыхчылар коомчулугу, өздөрүнүн өмүрүн жана ишмердиктерин кыргыз тарыхына арнаган окумуштуулар, окуу жайларындагы тарых кафедраларынын башчылары колго алат. Бул биринчи жагдай.
Экинчиден, эл аралык стандарт, советтик доордогу тажрыйба боюнча мамлекеттик сынак тапшырыла турган сабак окуу планында мурда окутулган тектеш сабактарды жыйынтыктоочу мүнөзгө ээ болушу керек. Мисалы совет доорундагы "Илимий коммунизм" предмети боюнча өткөрүлгөн мамлекеттик сынактар 1-2-курстарда окутулган КПССтин тарыхы, марксисттик-лениндик философия, саясый экономия, атеизм өңдүү партиялык идеологиянын негизин окуткан сабактарды жыйынтыктап жалпылаган мүнөзгө ээ болгон жана бүтүрүүчү курста окутулуп, ал боюнча мамлекеттик сынак өткөрүлчү.
Ата Мекен тарыхы да жалпылоочу мүнөзгө ээ, бирок бул мамлекеттик стандартта такталган эмес. Ал тургай бул предмет боюнча мамлекеттик сынак өткөрүлөөрү КРнын билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлеринин кайдыгерлигинен улам мамлекеттик стандартка киргизилбей келген.
Кыргызстандын Президенти К.С. Бакиевдин Кыргызстандын билим берүү системасын реформалоо концепциясын жана "Маданият" улуттук долбоорун иштеп чыгуу демилгесин жетекчиликке алып, өзгөчө бул долбоордун "Кыргыздардын мурасы жана келечек" аттуу багытын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү пикирди сунуш кылабыз.
Кыргызстандын өнүгүүсү, келечеги үчүн өзгөчө зарыл болгон улуттук идеологияны калыптандыруу, аларды элге, өзгөчө жаштарга жеткирип, сиңирүү үчүн жогорку жана кесиптик билим берүүчү окуу жайларында окутулган Ата Мекен тарыхы сабагын бүтүрүүчү курстарга которуп, аны окутуунун программасын кеңейтип, 1-2-курстарда окуган социалдык-гуманитардык блоктогу (философия, политология, экономикалык теория, культурология, кыргыз тили, этика, укук таануунун негиздери ж.б.) сабактарды жыйынтыктап жана жалпылай турган деңгээлге жеткирүү зарыл. Анткени социалдык-гуманитардык блоктогу ар бир сабактын программалары боюнча студенттерге адамзат коомундагы эл аралык теория жана практика менен катар, сөзсүз түрдө Кыргызстандын, кыргыз элинин өткөн жана азыркы мезгилдеги коомдук турмушунун өнүгүшү жана өзгөчөлүктөрү окутулат.
Бүтүрүүчүлөргө бул жалпылоочу предмет боюнча билим берүү-келечек адистердин коомдук аң-сезимин өстүрүп, улуттук идеологиянын калыптанып өнүгүүсүнө чоң өбөлгө болот. Мындай жалпылоочу мүнөздөгү сабак боюнча мамлекеттик экзамен киргизүү билим берүүнүн укуктук нормаларына да туура келет.
Окумуштуу-педагог тарыхчылар "Ата Мекен тарыхы" боюнча окуу программасын, окуу китептерин, окуу куралдарын тез арада талапка ылайык кеңейтип, толуктап иштеп чыгууга жана бул предметти жогорку деңгээлде окутууга даяр экендигибизди билдиребиз.

КАРАКЕЕВ Курман-Гали Каракеевич, КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиги, тарых ил.док., профессор; Плоских Владимир Михайлович, КРнын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик, тарых ил.док., профессор; Жунушалиев Жеңиш Жунушалиевич, КРнын Улуттук илимдер академиясынын "Тарых жана маданий мурас" институнун директору, КРнын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, тарых ил.док., профессор; Асанканов Аблабек Асанканович, КРнын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, тарых ил.док., профессор; Осмонов Өскөн Жусупбекович, КРнын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, тарых ил.док., профессор; Жуманалиев Акылбек Жуманалиевич, тарых ил.док., профессор; Ибраимов Искендер Ибраимович, тарых ил.док., профессор; Маанаев Эгемберди Жумагулович, тарых ил.док., профессор; Каана Айдаркул, тарых ил.док., профессор; Чыймылова Бүбүкан Деркембаевна, тарых ил.док., профессор; Күчүков Махмуд Мамаевич, тарых ил.док., профессор; Эралиев Закир Эралиевич, тарых ил.док., профессор; Курманов Зайнидин Карпекович, тарых ил.док., профессор; Абытов Байболот Капарович, тарых ил.док., профессор; Сулейманов Кыдык Сулейманович, тарых ил.док., профессор; Батырбаева Шайыргүл Жолдошевна, тарых ил.док., профессор; Чотонов Үсеналы Чотонович, тарых ил.док., профессор; Өмүрбеков Токторбек Наматбекович, тарых ил.док., профессор; Каратаев Олжобай Кубатбекович, тарых ил.док., профессор; Жуманалиев Тынчболот Дадыевич, тарых ил.док., профессор; Жакишев Аскар Умаркулович, тарых ил.док., профессор; Ормушев Асан Сулайманович, Махмуд Кашкари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин ректору, тарых ил.канд., профессор; Жумабаев Бектемир Миталипович, Кыргыз Улуттук университетинин тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы, тарых ил. канд., доцент; Жакыпбеков Жаныбек Жакыпбекович, КУУнун Байыркы жана орто кылымдагы Кыргызстан тарыхы кафедрасынын башчысы тарых ил.канд., профессор; Жоробеков Туратбек Жоробекович, КУУнун Жаңы жана соңку мезгилдеги Кыргызстан тарыхы кафедрасынын башчысы, тарых ил.канд., профессор.
Кыргыз Республикасынын тарыхчылар коомчулугунун байланыш телефондору: 0(312) 59-58-22,
0(312) 64-19-36, 0(312) 63-05-61, 0(772) 21-82-17, 0(772) 84-66-46, 0(555) 77-42-67. 09.07. 2009-ж.
Мындан тышкары редакциябызга 200дөн ашуун окумуштуу педагогдор,
ар кыл кесиптин ээлери кол койгон каттар келүүдө.

Маселе экзаменде эмес, аны качан тапшырууда
Мен биздин көрүнүктүү тарыхчы-окумуштуулардын жоон тобунун кайрылуусундагы негизги жоболорду колдойм. Чыны менен өз тарыхыбызды, басып өткөн жолубузду, ата-бабалар жаратып кеткен руханий дөөлөттөрдү билбей туруп, атуулдук, мекенчилдик сезимдерди тарбиялоо кыйын.
Ыгы келгенде айтып коё турганым билим жана илим министрлиги жаштарга тарбия берүү маселесин жандандыруу багытында бир катар иш-чараларды даярдап жатат.
Айтор, Кыргызстандын тарыхын окутуу керектиги дегеле күмөн туудурбайт.
Ошондуктан, жогорку окуу жайларда ал предмет кандай көлөмдө, кайсы курста окутулуп келсе ошол боюнча, бир сааты да кыскартылбай калтырылган.
Окутуунун сапатын көтөрүү, мазмунун үзгүлтүксүз жакшыртып туруу сабак берген мугалимдердин, окуу жайлардын жетекчилеринин милдети. Демек, бу жаатта дегеле доомат болушу мүмкүн эмес.
Маселенин ток этери эле ушул сабак боюнча экзаменге келип такалып жатат.
Ушул маселеге келгенде кайчы пикирлер бар. Маселе көпчүлүккө - даана, ачык болуш үчүн сөздү ирээти менен чубайын.
Негизинен, жогорку окуу жайларындагы окуу процесси Өкмөттүн атайын токтому менен бекитилген мамлекеттик окуу стандарттарынын негизинде жүргүзүлөт. Аны бузууга эч кимдин акысы жок. Ошого ылайык "Ата Мекен тарыхы" 1-2-курста окутулуп келет.
2004-жылы 17-февралдагы министрликтин буйругу менен бул предмет боюнча бүтүрүүчү курста мамлекеттик экзамен берүү милдеттендирилген.
Маселенин баары, талаш дагы экзаменде эмес, аны качан тапшырууда. Маселен студент "Ата Мекен тарыхын" 1-курста окуса, анан төрт жыл өткөндөн кийин мамлекеттик экзамен тапшырса туура болобу, ушул бир акылга сыябы? Төрт жыл ичинде студент материалдарды унутат да. Өнүккөн өлкөлөрдүн биринде да мындай практика жок. Курсту толук уккандан кийин дароо экзамен берсе, студент экзаменге даярданып жатып, окуганынын баарын эсине биротоло түйүп калат.
Ушундай практикадан улам министрликке бир топ жылдан бери студенттерден, ата-энелерден, айрым депутаттардан кайрылуулар болгон экен. Эч ким бул предметти окуудан баш тартпайт, болгону экзаменди өз учурунда эле тапшыралы деген суроо-талап.
Ошондуктан, биз өз буйругубуз менен болгону бул маселени өз ирээтине салдык деп ойлойм. Атайын жумушчу топ түзүлүп, бул маселени иштеп чыкты.
"Ата-Мекен тарыхы" боюнча мамлекеттик экзамен бул курс окулуп бүткөндөн кийин дароо алынат. Кайрылууда, менимче, бир топ жүйөөлүү, алгылыктуу сунуштар бар. Азыр атайын жумушчу топтор жаңы окуу стандарттарынын үстүндө иштеп жатышат. Ошондо бул сунуштар эске алынат. Сиздерди да ушул иштерге активдүү катышууга чакырат элем.
Президентибиз Курманбек Салиевич, билим берүү системасын активдүү колдоп, аны реформалоо зарылдыгын айтып жатат.
Бул ары оор, ары зарыл ишти аткарууда, урматтуу тарыхчы-окумуштуулар сыртта калбайт деп ишенем.
Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, профессор Абдылда МУСАЕВ