, 07.08.09 - 4-бет:
 "Оймо - 2009"

Курулуштун ыргагы ырааттуу өсүүдө
Кечээ Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов куруучулар күнүнө арналган салтанаттуу чогулушка катышты.
Өкмөт башчысынын айтымында, куруучулар өздөрүнүн майрамын жакшы көрсөткүчтөр менен тосуп алышууда. Дүйнөлүк экономикалык кризистин таасирине байланыштуу өлкөнүн экономикасындагы кээ бир терс көрүнүштөргө карабастан, өлкөбүздүн куруучулары бир катар ийгиликтерге жетише алышты. Мындай көрүнүш курулуш өнөктүгүнүн мүмкүнчүлүгүн жыл сайын кеңейтүүгө, курулуш рыногундагы подряддык жана адистештирилген уюмдардын атаандашууга шыктуулугун жогорулатууга шарт түзүүдө.
Акыркы жылдарда тышкы көмөктөрдүн, республикалык бюджеттин жана калктын каражатынын эсебинен курулушка болгон инвестициянын көлөмү өсүп жатат. Эгерде 2005-жылы ички инвестициянын көлөмү 7,3 млрд. сомду, тышкы инвестицияныкы 3,3 млрд. сомду түзгөн болсо, ал эми 2008-жылдын жыйынтыгы боюнча ички инвестициялар 20,4 млрд. сомго чейинди жана тышкы инвестициялар 8,8 млрд. сомго чейинди түздү. Гидроэлектр станцияларынын курулушуна өздөштүрүлгөн инвестициялардын көлөмү да бир кыйла өсүп, инвестициянын негизги үлүшү подряддык иштерге туура келип, 18 млрд. сомдон ашуунду түздү.
И.Чудинов 2009-жылы сметалык баасы 836,2 млн. сомду түзгөн 40 миң чарчы метр со-циалдык турак жайларды пайдаланууга берүү пландаштырылып жаткандыгын билдирди. Буга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден да каражат бөлүнмөкчү.
Премьер-министр бүгүнкү күндө турак-жай курулушунун улуттук программасын орундатуу боюнча бир катар позицияларды жөнгө салуу боюнча натыйжалуу чаралардын да зарыл экендигин белгилеп, экономикалык кризистен ийгиликтүү чыгуу курулуш тармагына байланыштуу болгондуктан бул проблемаларды чечүүнүн бир кыйла маанилүү экендигин белгиледи.
Өкмөт башчысы өзүнүн сөзүнөн кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшыруусу боюнча курулуш тармагынын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Д.ӨМҮРЖАНОВ


Азия Кубогунун ээси Евгений сыйланды
Чыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин тапшырмасы менен КРнын Мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулу Йокогама шаарында (Япония) өткөн велоспорт боюнча Азия Кубогунун ээси Евгений Ваккерге бир мил-лион сом өлчөмүндө каражатты алууга укук берген сертификатты тапшырды.
Бул каражат КРнын Президентинин Резервдик фондусунан спорт чеберлерин мыкты спорттук жетишкендиктерге шыктантуу үчүн жана аларды колдоого алуу максатында бөлүнгөн. Андан сырткары Е.Ваккерге трек велосипедин сатып алууга материалдык жардам катары, 100 миң сом алууга укук берген дагы бир сертификат берилди. Аны менен бирге Е.Ваккердин башкы машыктыруучусу Эркен Акрамовго да 250 миң сомдун сертификаты тапшырылды. Досбол Нур уулу спортсмен менен анын машыктыруучусуна ден соолук, бакубат жашоо жана ийгиликтерди каалады.
А.АКИМБАЕВА,
С.ДОСАЛИЕВ (фото)

Өнүгүү жолундагы тышкы тоскоолдуктар
"Ала-Арча" жаратылыш пар-кында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабановдун төрагалыгы астында дүйнөлүк финансы-экономикалык кризистин шарттарында Өкмөттүн кризиске каршы чыныгы иш чараларын иштеп чыгуу боюнча семинар өтүп жатат.
Аске салып кетчү нерсе, 2009-жылдын январь-июнунда Кыргыз Республикасында экономикалык өсүүнүн ыргагынын бир нечеге көбөйгөндүгү байкалган. Муну менен бирге ички дүң жыйымдын өсүшүнүн реалдуу ыргагы 100,3%ды, ал эми "Кумтөр" кенинин ишканаларысыз 101,3%ды түздү.
2009-жылдын биринчи жарым жылдыгында экономиканын өнөр жай секторунда кырдаалдын начарлашы экономикалык өсүштүн темпинин төмөндөшүнүн негизги таасир берүүчү факторлорунан болуп калды. Өнөр жайынан башка секторлордо өсүүнүн оң ыргагы байкалды.
Өтүп жаткан бул семинардын алкагында дүйнөлүк финансылык кризистин жана анын жаңы фазаларынын проблемалары, өлкөбүздүн экономикасына анын тийгизген таасири, жаңы кризиске каршы программасынын иштелип чыккан иш чараларынын жана концепциясынын натыйжалуулугу боюнча дискуссия өтүүдө. Ошондой эле сессиянын жүрүшүндө айыл чарба жана агроөнөр жай комплекси секторунун пленардык сессиясы болуп өтүп, анда өлкөнүн эл чарбасынын негизги тармагынын проблемалуу маселелери талкууланды.
Семинардын жүрүшүндө дүйнөлүк финансы кризисинин шарттарында өлкөнүн эл чарбасынын бардык негизги тармактарынын актуалдуу маселелери талкууланып, кризиске каршы накта иш чаралар иштелип чыкты.
Дүйнөлүк финансы кризисинин шарттарында Өкмөттүн накта кризиске каршы иш чараларын иштеп чыгуу боюнча семинар бүгүн өз ишин аяктайт.
Р.ЖЕТИГЕНОВ


Кол өнөрчүлөр
Чолпон-Атага сапар тартышты
Жыл сайын жайдын толуп турган убагында өтүп келе жаткан фестиваль быйыл да өз ишин баштады. Башкача айтканда, кечээ Маданият жана маалымат министрлигинин имаратынын алдында "Оймо - 2009" фестивалынын ачылыш салтанаты болду.

Анда Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия ж.б. өлкөлөрдүн кол өнөрчүлөрү өздөрүнүн баалуу буюмдары менен келип, борборубуздун тургундары үчүн көргөзмө куруп бере алышты. Алар бүгүн кереметтүү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарын көздөй сапар тартышты. Ал жакта 12-августка чейин болушат. Алыстан келген коноктор буюрса фестивалга да катышып, Ысык-Көлгө да түшүп эс алып кетишмекчи. Бул фестивалдын максаты- ар улуттардын ортосундагы өз ара мамилелерди чыңдоо ошондой эле тажрыйба алмашуу. Өзбекстандын Самаркан шаарынан келген Анаева Синопар 4 жылдан бери калбай катышып келерин жана ар жыл сайын ушул мезгилди чыдамсыздык менен күтөөрүн жашырган жок.
Ачылыш аземге ЖКнын депутаттары Галина Куликова, Роза Отунбаева, Кыргызстан калкынын ассамблеясынын төрайымы Жаңыл Түмөнбаева ж.б. келип катышты. Алар өз сөзүндө Кыргызстанга келген меймандарга жана жалпы эле "Оймо - 2009" эл аралык фестивалдын катышуучуларына ийгилик, ак жол
каалашты.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"


Жаңы келишим жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат
Манас" аэропортунда жаңы натыйжалуу өзгөрүүлөр күтүлүүдө. 1- сентябрдан баштап бул жерде SITA AirportConnect Cute долбоору ишке киргизилип, анын натыйжасында жүргүнчүлөрдү тейлөө кызматы өнүгүп, жолоочулар каттоону интернет аркылуу өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Эл аралык "Манас" аэропорту өзүнүн инфратүзүмүн натыйжалуу колдонуу жана жолоочуларга кызмат көрсөтүүнүн шарттарын жаңы тепкичке көтөрүү максатында СИТА компаниясы менен кызматташуу жөнүндө келишим түздү. Бул компания биринчи дүйнөлүк согуштан кийин 1949-жылы түзүлүп, бүгүнкү күнү авиатранспорттун маалыматтык жана телекоммуникациялык тармагында дүйнөдө алдынкы орундарды ээлөөдө.
Жаңы келишим түзүлүп, эми республикабыздын эң маанилүү аэропорту дүйнөлүк стандарттагы техниканы колдоно баштайт. Тактап айтканда, аэропорттун каттоо кызматы башкача системада иштейт. Дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринде колдонулган кызмат көрсөтүүлөр "Манас" аэропортунда өздөштүрүлө баштап, жолоочулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлмөкчү. Алар каттоону интернет, же болбосо каттоо күркөлөрү аркылуу тез убакыттын ичинде өтүп бүтүшөт.
"Манас эл аралык аэропорту" ААКнын инфратүзүмүн жана өндүрүшүн башкаруу боюнча вице-президенти Эрик Акматовдун айтымында, келишимдин шарттары биздин тарап үчүн ыңгайлуу. "SITA AirportConnect Cute долбоорун иштетүү 1 млн. доллар каражатты талап кылат. Биз бул сумманы келишим боюнча 5 жылдын ичинде төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет", - деп билдирди Эрик Акматов.
"Бүгүнкү күнү "Манас" аэропортунда 17ден ашык авиакомпания өзүнүн каттамдарын тейлейт. Эми алардын саны дагы да көбөйүшү мүмкүн" - деп билдирди СИТА компаниясынын өкүлү Илья Буркин. Келерки убакытта СИТАнын долбоору толук кандуу иштей баштаса, эл аралык ташуулар дагы да өздөштүрүлүп, аэропортко кошумча кирешелерди алып келиши ыктымал. Айтор, "Манас" аэропорту СИТА компаниясынын экономикалык стратегиясы үчүн маанилүү объект болуп саналат. Ошого байланыштуу ал өзүнүн өнүгүү жолун келерки 5-10 жылдын аралыгында Кытай, Индия жана КМШ мамлекеттери менен биргеликте Кыргызстанда да көрүүдө.
Кенжебек КАКИШОВ,
"Кыргыз Туусу"

Подразделение службы судебных исполнителей г.Жалал-Абад
объявляет публичные торги на жил. 3х комн. квартиру полезной пл. 58,2 кв.с., жил.пл. 43,4 кв.м., находящийся по адресу г.Жалал-Абад, проспект Манаса, дом №22, кв. №37 принадлежащий Эсеналиеву Эркинбек Дүйшенбековичу. Квартира на 2м этаже 4х этажного дома, не угловая.
Начально стартовая цена 106 000 сом.
Желающие принять участие на торгах вносят 5% от стартовой цены перед началом торга.
Участники выигравшие торги должны в течение пяти дней внести сумму (покупную цену) за вычетом ранее внесенного гарантийного взноса. Торги будут проводится в 15.00 часов 11 сентября 2009 года по месту нахождения имущества.
За справками обращайтесь в ПССИ г.Жалал-Абад,
тел. для справок (03722) 5-19-06.

Подразделение службы судебных исполнителей Кеминского района
объявляет публичные торги на жилой дом расположенный в с.Боролдой ул.Папанина 52 Кеминского района Чуйской области, общая площадь 59.12 кв.м. жилая площадь 37.32 кв.м, расположенный на земельном участке площадью 2120 кв.м. принадлежащий на праве частной собственности Алиеву Джекшенбеку Асыгалиевичу со стартовой стоимостью 72000 сомов. Торги состоятся в 10.00 часов 11 сентября 2009 года по месту нахождения продаваемого имущества. Лица желающие принять участие в торгах, должны внести судебному исполнителю сумму в размере 10% от оценочной стоимости до начала торгов.
Справки по телефону:
2-35-74 судебный исполнитель
А.А.Мамбеталиева.


Подразделение службы судебных исполнителей Кеминского района
объявляет публичные торги на жилой дом расположенный в п.Кемин, ул.Берикбаева 86 Кеминского района Чуйской области, общая площадь 41.0 кв.м. жилая площадь 37.1 кв.м, расположенный на земельном участке площадью 2241 кв.м. принадлежащий на праве частной собственности Алиевой Жылдыз Джекшенбековне со стартовой стоимостью 220000 сомов. Торги сос-тоятся в 12.00 часов 11 сентября 2009 года по месту нахождения продаваемого имущества. Лица желающие принять участие в торгах, должны внести судебному исполнителю сумму в размере 10% от оценочной стоимости до начала торгов.
Справки по телефону:
2-35-74 судебный исполнитель
А.А.Мамбеталиева.